Редакцияот 29.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Эл депутаттарынын VII – чакырылышынын  XXVII – сессиясынын

 

2024-жылдын 29-январы №2

“Айдыӊ-Кѳл” айылдык милиция бѳлүмчѳсүнѳ жаӊы имарат курууга Кара-Коо айылынан жер тилкесин бѳлүп берүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ

    Ысык-Кѳл облусунун ички иштер башкармалыгы, Тоӊ райондук ички иштер бѳлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Ш.Илимгазиевдин кайрылуусу угулуп, талкууланып, Ак-Терек айылдык Кеңеши токтом кылат:                                                                                        

1.  Ак-Терек айыл аймагынын Кара-Коо айылындагы “Айдыӊ-Кѳл” айылдык милиция бѳлүмчѳсүнүн имараты жок болгондугуна байланыштуу, 2024-жылы “Айдыӊ-Кѳл” айылдык милиция бѳлүмчѳсүнүн  жаӊы имаратын курууга Кара-Коо айылынан 0,04 га жер тилкесин бѳлүп  берүүгѳ макулдук берилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А. Калыковго тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж. Сугатчиевага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                                     А.А. Мамбетов

Жооптуу катчы                                                                                  М.Б. Эсеналиева