АК ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын VII – чакырылышынын XXVII – сессиясынын
2024-жылдын 29-январы №3
Жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча сунуштама киргизүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.А.Калыковдун кайрылуусунун негизинде, Ак-Терек айылдык кеӊешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын Ак-Терек айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын “Туюк Жар” участкасынын 287-контурунан 0,15 га жер аянтын “Жайыт жерлерден” башка категорияга, б.а. “Ѳнѳр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо берүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ сунушу угулуп, талкууланып, Ак-Терек айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын “Туюк-Жар” участкасынын 287- контурундагы 0,15 га жер аянты “Жайыт жер” категориясынан “Ѳнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.А. Калыковго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж. Сугатчиевага милдеттендирилсин.
Төрага А.А. Мамбетов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева