АК ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын VII – чакырылышынын XXVII – сессиясынын
2024-жылдын 29-январы №9
Ак-Терек айыл аймагынын 2024-жылга бюджети жана 2025-2026-жылдарга белгиленген болжолу жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын ѳкмѳтүнүн 2024-жылга бюджети жана 2025-2026-жылдарга белгиленген болжолу жѳнүндѳ маселе боюнча Ак-Терек айыл аймагынын ѳкмѳтүнүн финансы-экономикалык бѳлүмдүн башчысы К.Абдыраевдин доклады жана Ак-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. 2024-жылга Ак-Терек айыл аймагынын ѳкмѳтүнүн бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча баардыгы 21604,9 миӊ сом кѳлѳмүндѳ бекитилсин.
Анын ичинен кирешелер №1 тиркемеде кѳрсѳтүлгѳндѳй тѳмѳнкү булактардан түшүүсү каралсын.
№ 1-тиркеме
№ п/п | Кирешелердин түрлѳрү | План 2024-ж |
1 | Салык агенти тѳлѳѳчү киреше салыгы | 8299,0 |
2 | Патенттин негизинде салык | 428,6 |
3 | Кыймылсыз мүлккѳ салык | 29,1 |
4 | Жеке жактардын транспорттук каражаттарына мүлк салыгы | 755,0 |
5 | Жанаша, короо жай жана багбанчылык-огород жер участокторуна мүлк салыгы | 258,0 |
6 | Айыл чарба жерлерине тиешелүү жерлерге мүлк салыгы | 0,0 |
7 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерге мүлк салыгы | 990,0 |
8 | Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйым | 40,0 |
9 | Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы | 552,0 |
10 | Жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жыйым | 500,0 |
11 | Айыл чарабысына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин иштетүү үчүн ижара акысы | 487,6 |
12 | Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын, курулмалардын, жабдуулардын жана техникалардын ижара акысы | 1354,8 |
13 | Теӊѳѳчү трансферттерди | 7144,6 |
14 | Рояльти | 1,0 |
15 | Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат кѳрсѳтүү акысы | 660,0 |
16 | Алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субъекттерден этил спиртин жана алкоголдук продукцияны ѳндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзѳгѳ ашыруу үчүн жыйым | 5,0 |
17 | Калктуу пункттардын таштандысын чыгаруу үчүн жыйым | 100,2 |
| Баары: | 21604,9 |
Ал эми чыгашалар №2 тиркемеге ылайык тѳмѳндѳгүдѳй болуусу белгиленсин:
1. Ак-Терек айыл аймагынын ѳкмѳтүнүн аппаратына 12274,7 миӊ сом
2. Билим берүү бѳлүмүнѳ, мектептерге 556,1 миӊ сом
3. Клубдарга 2918,1 миӊ сом
4. Китепканаларга 2346,2 миӊ сом
5.Турак жай чарбасына 1958,4 миӊ сом
6.Бала бакчага 391,4 миӊ сом
7.Жайыт комитети 500,0 миӊ сом
Атайын каражаттын чыгашасы бала бакчалардын тамак ашына 660,0 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
Баардыгы: 21604,9 миӊ сом
2. 2024-жылга Республикалык бюджеттен алынуучу теӊдештирилүүчү гранттын кѳлѳмү 7144,6 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
Тендештирилүүчү грант айыл аймагынын ѳкмѳтүнүн аппарат кызматкерлеринин жана маданият кызматкерлеринин эмгек акысын тѳлѳѳгѳ, социалдык фондго чегерүүлѳрдү каржылоого жумшалышы бекитилсин.
3. Ак-Терек айыл аймагынын ѳкмѳтүнүн 2025-2026-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжолдуу негизги кѳрсѳткүчтѳрү жактырылсын. 2025-жылга болжолдуу бюджети 23099,4 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ, 2026-жылга бюджеттин болжолдуу долбоору 24487,9 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ каралсын.
4. Жергиликтүү мамлекеттик бийликтин аткаруу органдары бюджеттеги каралган кирешелерди жана чыгымдарды толук аткарууга багытталган иш чараларды ѳз убагында жүргүзүүгѳ милдеттендирилсин.
5. Чыгашалар 2024-жылы бюджеттен каржылоого түшкѳн кирешелердин чегиндеги кѳлѳмүндѳ жүргүзүүлѳрү жана биринчи кезекте эмгек акы тѳлѳѳгѳ, социалдык фондго чегерүүлѳргѳ, коммуналдык чыгымдарга жана сапардык чыгымдарды тѳлѳѳгѳ жумшалышы белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрагасы Э.Т. Үсѳновго милдеттендирилсин.
Төрага А.А. Мамбетов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева