АК ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын VII – чакырылышынын XXVII – сессиясынын
2024-жылдын 29-январы №12
2024-жылдын 1-январына карата Ак-Терек айыл аймагынын атайын эсебинде калган акча каражатын кароо жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын ѳкмѳтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата атайын каражатында калган 45,8 миӊ сом акча каражатын бѳлүштүрүлүшү жѳнүндѳгү маселе боюнча Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.А.Калыковдун доклады угулуп, талкууланып Ак-Терек айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагындагы бала бакчалардын тамак ашы үчүн 2218 беренесине 45,8 миӊ сом акча каражаты каралсын.
2.Токтомду аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономикалык бѳлүмдүн башчысы К.Абдыраевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрагасы Э.Т. Үсѳновго милдеттендирилсин.
Төрага А.А. Мамбетов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева