Редакцияот 26.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын

 

2024-жылдын 26-январы №133

 

“ Алманов Эркинге Чолпон-Ата айыл аймагы –өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө”

      

         Чолпон-Ата айылынын айыл башчысы Жумашаалы уулу Нурболоттун билдирүүсун угуп жана талкуулап , М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 25 -сессиясы

                               

Т О К Т О М К Ы Л А Т;

 

1. Чолпон-Ата айылынын жалпы элдик жыйынынын №2 23-январь 2024-жылдагы токтомунун негизинде Чолпон-Ата айыл аймагы –өкмөтүнун “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө токтому колдоого алынсын. 2.Алманов Эркинге -Чолпон-Ата айылынан көп жылдык үзүрлүү иштерин эске алуу жөнүндөгү Чолпон-Ата айылынын тургундарынын сунушу эске алынып, Чолпон-Ата айыл аймагы –өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

3.”Ардактуу атуул” наамы жалпы жыйналышта,даталуу күндө салтанаттуу тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөну өзүмө калтырамын.

5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

6.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (Д.Турумкулова) тапшырылсын.

7. Бул токтом cholpon-ata-ao.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн

 тартып мыйзамдуу күчүнө кирет

 

 

Төрайым:

 

 

Р.Токтоназарова