Редакцияот 28.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 28-февралы № 85

 

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш жана Көк-Арт айыл аймактарында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Эл аралык аэропорт куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктчасына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 1-декабрындагы корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 27-ноябрындагы № 68 токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш жана Көк-Арт айыл аймактарында жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, жалпы аянты 294,65 га жерлер эл аралык аэропорт куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын). Анын ичинен:

Багыш айыл аймагынын "Ой-Талаа" участогунда:

- төмөнкү контурлардагы жалпы аянты 285,89 га сугат айдоо жерлери: № 42 - 15,96 га сугат айдоо жерлери, № 44 - 24,84 га сугат айдоо жерлери, № 155 - 55,85 га сугат айдоо жерлери, № 157 - 29,42 га сугат айдоо жерлери, № 160 - 30,0 га сугат айдоо жерлери, № 162 - 45,46 га сугат айдоо жерлери, № 163 - 21,60 га сугат айдоо жерлери, № 224 - 3,84 га сугат айдоо жерлери, № 251 - 44,43 га сугат айдоо жерлери, № 254 - 6,51 га сугат айдоо жерлери, № 257 - 0,30 га сугат айдоо жерлери, № 258 - 0,80 га сугат айдоо жерлери, № 1582 - 6,88 га сугат айдоо жерлери;

Көк-Арт айыл аймагынын "67" участогунда:

- № 114 контурдагы 8,76 га сугат айдоо жерлери.

2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

1) жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;

3) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

4) жерлер максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участогун алып коюуну;

5) Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды сактоону.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 01-мартындагы № 17 (3570) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров