М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын
2024-жылдын 26-январы №135
“Көксариев Орозбек Борбиевичке Чолпон-Ата айыл аймагы -өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө”
Мазар-Суу айылынын айыл башчысы Акимов Бердимттын билдирүүсун угуп жана талкуулап , М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 25 -сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т;
1. Мазар-Суу айылынын жалпы элдик жыйынынын №1 17-январь 2024-жылдагы токтомунун негизинде Чолпон-Ата айыл аймагы –өкмөтүнун “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө токтому колдоого алынсын.
2. Көксариев Орозбек Борбиевичке -Чолпон-Ата айылынан көп жылдык үзүрлүү иштерин эске алуу жөнүндөгү Мазар-Суу айылынын тургундарынын сунушу эске алынып, Чолпон-Ата айыл аймагы –өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
3.”Ардактуу атуул” наамы жалпы жыйналышта,даталуу күндө салтанаттуу тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөну өзүмө калтырамын.
5.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (Д.Турумкулова) тапшырылсын.
7. Бул токтом cholpon-ata-ao.gov.kg сайтына жарыяланган күндөнь тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрайым: |
Р.Токтоназарова |