Редакцияот 05.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2024-жылдын 5-марты № 81-т

БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 68-сессиясынын ишине катышуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык:

1. 2024-жылдын 11-мартынан тартып 22-мартына чейин Нью-Йорк шаарында (АКШ) боло турган БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 68-сессиясынын ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү 2024-жылдын 9-мартынан тартып 16-мартына чейин Нью-Йорк шаарына (АКШ) иш сапарга жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын Нью-Йорк шаарына (АКШ) баруусу жана болуусу менен байланышкан уюштуруу маселелерин чечсин.

4. Кыргыз Республикасынын делегациясынын Аялдардын абалы боюнча комиссиянын сессиясынын ишине катышуусу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык 2024-жылга иш сапарга бекитилген бюджеттин каражаттарынын чегинде иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен, ошондой эле бюджеттен тышкары каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров

 

 

 

Тиркеме

2024-жылдын 11-мартынан тартып 22-мартына чейин Нью-Йорк шаарында (АКШ) боло турган БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 68-сессиясынын ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын КУРАМЫ

Баатырова Гүлнара Маришовна

-

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, делегациянын башчысы;

Джаманбаева Джамиля Акматбековна

-

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);

Дуйшеева Жибек Курманбековна

-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Окоева Гульмира Качкыновна

-

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону координациялоо бөлүмүнүн башчысы.