Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 26-февралы № 55
«Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2022-жылдын 5-июлу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«оюн-зоок жайы - оюн-зоок жайларын түзүүгө жана аны карап-күтүүгө. кумар оюндарын уюштурууга берилген лицензиянын негизинде кумар оюндары өткөрүлүүчү жана (же) мелдештин ставкалары кабыл алына турган жай (имарат); казино, тотализатор, букмекердик кеңсе;»;
б) берене мамлекеттик тилде төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«катышуучу - оюн-зоок жай өткөргөн кумар оюндарына түздөн-түз катышкан чет мамлекеттин жараны болуп саналган жеке жак;»;
в) он биринчи абзацта «оюн-зоок жайы» деген сөздөр «казинодо жайгашкан оюн-зоок зонасы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) он үчүнчү абзацта «оюн-зоок орун жайы» деген сөздөр «оюн-зоок зонасы же орун жайы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) он төртүнчү абзацта «оюн-зоок жайы» деген сөздөр «казинодо жайгашкан оюн-зоок зонасы же орун жайы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
е) он бешинчи абзацта «казинонун же оюн автоматтар залынын» деген сөздөр «оюн-зоок жайынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 13-беренеде:
а) 4-бөлүктө «өзүнчө жайында» деген сөздөр «оюн-зоок зонасында» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 7-бөлүктө «жана оюн автоматтары залында» деген сөздөр алып салынсын;
в) 8-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Казино, анын ичиндеги оюн автоматтар залынын оюн-зоок зонасы жана букмекердик кеңсенин жана тотализатордун оюн-зоок зонасы же орун жайы төмөнкүдөй атайын жабдуулар менен жабдылууга тийиш:»;
3) 14-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Оюн автоматтар залынын оюн-зоок зонасында милдеттүү түрдө алтымыштан кем эмес оюн автоматы орнотулушу керек.
Оюн автоматтар залынын оюн-зоок зонасында иштебеген, иштен чыккан оюн автоматтары болбошу керек.
Оюн автоматтар залынын оюн-зоок зонасында орнотулган оюн автоматтары лицензиаттын менчигинде же ижарасында турса болот.».
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 1-мартындагы № 17 (3570) саны менен жарыяланды
Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген лицензиянын негизинде иш жүргүзгөн оюн-зоок иштеринин субъекттери ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып өз иштерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2024-жылдын 25-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |