ЭҢИЛЧЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
Эңилчек айылдык аймагынын айылдык кеӊешинин XVIII чакырылышы
13 сессиясы
2024-жылдын 26-январындагы № 1
Эӊилчек айылдык аймагынын 2024-жылга
бюджетин бекитүү жөнүндө
Эңилчек айылдык аймагынын 2024-жылдын бюджети жөнүндө аталган айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Айпиева Айдай Исмаиловнанын докладын, «Бюджет, финансы жана экономика» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К. Чолпонбаеванын кошумча докладын угуп жана талкуулап, ошондой эле «2024-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнундө» мыйзамын жетекчиликке алып, Эңилчек айылдык аймагынын айылдык Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылга айылдык аймагынын бюджетинин киреше бөлүгү № 1-тиркемеге ылайык 13288,4 миң сом өлчөмундө, анын ичинен салык жана салык эмес кирешелер 8988,2 миңсом жана теңдештирүүчү грант 4300,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу чыгымдардын көлөмү № 2-тиркемеге ылайык 13288,4 миңсом өлчөмүндө бекитилсин, анын ичинен айыл өкмөтүнүн аппаратына 10075,3 миң сом, жарандык коргонууга 108,0 миң сом, экономикалык маселелер 109,9 миӊ сом, Эңилчек айылындагы турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр чыгымдарына 1050,0 миӊ сом, китепканасына 456,6 миң сом, айылдык клубка 558,6 мин сом, маданият иш чаралардын ар кандай чыгымдарына 300,0 миң сом, Эңилчек айылындагы мектептин чыгымдарына 330,0 миңсом, социалдык коргого 300,0 миң сом.
3. Республикалык бюджеттен каржыланып келүүчүтеңдештирүүчү грантты 4300,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Ошондой эле теңдештирүүчү грант айыл өкмөт, айылдык китепкана жана айылдык клуб кызматкерлеринин эмгек акыларын төлөөгө, социалдык фондко чегерүүлөргө жумшалсын.
4. 2025-2026-жылдарга кирешелер боюнча болжолдуу долбоору каралсын. 2025-жылга 9525,1 миӊ сом, 2026-жылга 10312,4 миӊ сом.
5. Эңилчек айылдык аймагынын бюджеттеги каралган кирешелерди жана чыгашаларды толук аткарууга багытталган иш чараларды регулярдуу түрдө ишке ашыруу айыл аймагынын башчысы Б.А. Усубакуновго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөөсү Эӊилчек айылдык аймагынын айылдык кеӊешинин «Бюджет, финансы жана экономика» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К. Чолпонбаевага тапшырылсын.
Төрага А.У.Исмаилова
Эӊилчек айылдык аймагынын
айылдык кеӊешинин
2024-жылдын 26-январындагы
№ 1 Токтомунун № 1 тиркемеси
Эңилчек айыл аймагынын 2024-жылдын
бюджетинин кирешелери
№ | Кирешелер | Миң сом
|
1 | Атуулдардын кирешелеринен алынган салыктар | 4703,0 |
2 | Кыймылсыз мүлкө болгон салыктан чегерүүлор | 31,8 |
3 | Транспорт каражат ээлеринен алынуучу салыктар | 47,0 |
4 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгына чегерүүлөр | 191,8 |
5 | Роялти (олово, вольфрам) | 2342,0 |
6 | Лицензиядан түшүүчү төлөм | 1400,0 |
7 | Жерлерди ижарага берүү акысы | 62,7 |
8 | Жайыт жерлерди ижарага берүү акысы | 109,9 |
9 | Жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган чегерүүлөр | 100,0 |
10 | Теңдештирүү грант | 4300,2 |
| Бардыгы | 13288,4 |
Жооптуу катчы Э.М. Алапаев
Эӊилчек айылдык аймагынын
айылдык кеӊешинин
2024-жылдын 26-январындагы
№ 1 Токтомунун № 2 тиркемеси
Эңилчек айылдык аймагынын 2023-жылдын
бюджетинин чыгашалары
№ | Чыгашалар | Миң сом
|
1 | Айыл өкмөтүнүн аппараты | 10075,3 |
2 | Жарандык коргонуу | 108,0 |
3 | Экономикалык маселелер | 109,9 |
4 | Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр | 1050,0 |
5 | Китепкана | 456,6 |
6 | Клуб | 558,6 |
7 | Маданият иш-чаралардын ар кандай чыгымдары | 300,0 |
8 | Билим берүү (мектептин чыгымдары) | 330,0 |
9 | Социалдык коргоо | 300,0 |
| Бардыгы | 13288,4 |
Жооптуу катчы Э.М. Алапаев