Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 213, 2025-жылдын 15-июлундагы № 415, 2026-жылдын 26-апрелиндеги № 294 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Агенттик) жер ресурстары жана жер укук мамилелери, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, кадастрдык баалоо, геодезия жана картография, жер ресурстары боюнча толук кандуу геомаалыматтык системаны түзүү, топографиялык-геодезиялык, картографиялык жана жерге жайгаштыруу иштерин аткаруу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Агенттик Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын укук улантуучусу болуп саналат.
3. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Агенттиктин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик";
- расмий тилде: "Государственное агентство по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
Агенттиктин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Жер агенттиги";
- расмий тилде: "Земагентство".
5. Агенттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, обочолонгон мүлкү бар, республикалык бюджеттин каражаттарынын, акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн атайын эсептерде топтолгон каражаттардын, гранттардын, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен каржыланат.
Агенттиктин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, өз алдынча балансы, казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдерде белгиленген үлгүдөгү штамптары, бланктары жана башка атрибуттары болот.
6. Агенттиктин бирдиктүү системасына борбордук аппарат, Агенттиктин филиалдары, филиалдары бар "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси, "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы кирет.
7. Агенттиктин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44.
2-глава. Максаты
8. Агенттиктин ишинин максаты жер ресурстарын жана жер укуктук мамилелерин башкаруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, жерге жайгаштыруу, жер кадастры, топография, геодезия, картография боюнча натыйжалуу кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле жер жана кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүүгө көмөктөшүү болуп саналат.
3-глава. Милдеттери
9. Агенттиктин милдеттери:
- жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жер кадастры, топография, геодезия жана картография боюнча бирдиктүү мамлекеттик системанын иштешин камсыз кылуу;
- кыймылсыз мүлккө катталган укуктарды мамлекеттик коргоону камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфраструктурасын түзүү жана өнүктүрүү;
- бардык кызыкдар жактарды кыймылсыз мүлк жана ага болгон укуктар жөнүндө маалыматтар менен белгиленген тартипте камсыз кылуу;
- ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдар тарабынан топографиялык-геодезиялык жана картографиялык иштердин талаптагыдай аткарылышына мамлекеттик геодезиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;
- Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринин базасында Кыймылсыз мүлк боюнча мамлекеттик геомаалыматтык системаны түзүү жана актуалдаштыруу;
- өз компетенциясынын чегинде Мамлекеттик жер кадастрын түзүү жана жүргүзүү;
- кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоо системасын институттук өнүктүрүүнү камсыз кылуу.
4-глава. Функциялары
10. Агенттик төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты иштеп чыгуу боюнча функциялар:
- жер ресурстарын жана жер укуктук мамилелерин башкаруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо, жерге жайгаштыруу боюнча кызматтарды натыйжалуу көрсөтүү, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жер кадастры, кыймылсыз мүлктү кадастрдык баалоо, топография, геодезия жана картография, жер жана кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүүгө көмөктөшүү, жоготуулардын ордун толтуруу ченемдерин өркүндөтүү, мамлекеттик жерлерди пайдалануу тартиби жана жерлерди бир категориядан экинчисине которуу (трансформациялоо) боюнча мамлекеттик саясат маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- жер участокторун берүү, жерлерди бир категориядан экинчисине же айыл чарба жерлеринин бир түрүнөн экинчисине которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун жерге жайгаштыруу материалдары менен белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизүү;
2) жөнгө салуу боюнча функциялар:
- топографиялык-геодезиялык, картографиялык, аэро- жана космофотосүрөткө тартуу материалдарын борборлоштуруп эсепке алууну, сактоону жана берүүнү жүзөгө ашыруу;
- республиканын, облустардын, шаарлардын жана райондордун мамлекеттик чек араларынын, ошондой эле башка административдик-аймактык жана географиялык элементтердин басылып чыгуучу карталарында туура графикалык жазууну камсыз кылуу;
- республиканын аймагында геодезиялык пункттарды эсепке алуу жана алардын сакталышын камсыз кылуу;
- географиялык аталыштардын каталогун жүргүзүү, чыгарылган карталарда аларды туура жазууну камсыз кылуу;
- жерге жайгаштыруу картографиялык материалдарын белгиленген эрежелерге ылайык системалаштыруу жана сактоо;
- административдик аймактардын же алардын бир бөлүгүнүн чегинде жерлердин бардык категорияларына инвентаризация жүргүзүү;
3) координациялоо боюнча функциялар:
- каттоо органдары тиешелүү чечимдерди жана кабарлоолорду алган учурда камакка алуулардын жана тыюу салуулардын эсебин жүргүзүүнү жана алып салууну камсыздоо;
- кыймылсыз мүлк боюнча Бирдиктүү маалыматтык жана геомаалыматтык системаларды түзүүнү жана жүргүзүүнү камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын жер фондунун абалы жана пайдаланылышы жөнүндө жер отчетун түзүү менен жерлерди сандык жана сапаттык эсепке алуу бөлүгүндө жер кадастрын жүргүзүү;
- "Kyrg-06" координаттарынын бирдиктүү мамлекеттик системасын киргизүү жана өнүктүрүү;
- кадастрдык сүрөткө тартуунун жаңы технологияларын киргизүү жана өнүктүрүү;
- туруктуу жана убактылуу базалык GPS/GNSS станцияларынын тармагын өнүктүрүү;
- "KyrPos" туруктуу GPS/GNSS станцияларынын тармагын башкаруу борборунун ишин камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфраструктурасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө катышуу, геопорталды жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн жерлерди бөлүүдө жана которууда айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын жана алынбай калган пайданы эсептөөнүн методикасын иштеп чыгуу;
- жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо-изилдөө иштеринин комплексин камсыз кылуу;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер участокторун берүү, жерлерди бир категориядан башкасына которуу жөнүндө жерге жайгаштыруу материалдарын жана чечимдеринин долбоорлорун белгиленген тартипте даярдоого көмөк көрсөтүү;
- мейкиндиктик, каттоо жана кадастрдык маалыматтар базасын жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын чектеш мамлекеттер менен мамлекеттик чек ара тилкесин делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча комиссиялардын ишине белгиленген тартипте катышуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануу үчүн фундаменталдык жана атайын геодезиялык тармактарда координаттардын жана бийиктиктердин илимий негизделген системаларын белгилөө, жер кыртышынын жылышына байкоо жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында зарыл болгон масштабдардагы координаттардын жана топографиялык сүрөткө тартуулардын бирдиктүү системасында геодезиялык, астрономиялык жана гравиметриялык иштерди камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын метрология жана стандартташтыруу боюнча мыйзамдарына ылайык өзүнүн компетенциясынын чегинде геодезиялык өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу, геодезиялык өлчөөлөрдүн каражаттарын сыноо жана текшерүү;
- ар кандай багыттагы карталарды түзүү жана басып чыгаруу;
- кыймылсыз мүлк объекттерине дарек ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү;
- аймактын шаар куруу, экологиялык жана экономикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жер ресурстарын пайдалануунун жана коргоонун республикалык, региондук программаларын жана болжолдорун иштеп чыгууга катышуу;
- кыймылсыз мүлктү кадастрдык баалоону жүзөгө ашыруу;
- кыймылсыз мүлктүн салык салынуучу базасы боюнча реестрди түзүүнү камсыздоо;
- айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун эсебин жүргүзүү;
- жерлерди бир категориядан башкасына которуу (трансформациялоо) боюнча жерге жайгаштыруу материалдарын түзүү;
4) кызмат көрсөтүү боюнча функциялар:
- кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруу;
- кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө катталган укуктар жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте берүү;
- кадастрдык, жерге жайгаштыруу иштерин жүргүзүү, кыймылсыз мүлк объекттерин түзүү, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүргүзүү;
- укук белгилөөчү документтердин негизинде жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө, берүү;
- жер участокторун натуралай (жеринде) бөлүү, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринен тышкары юридикалык жана жеке жактардын жер пайдаланууларынын чек араларын белгилөө жана бекитүү;
- укук ээлеринин арыздарынын негизинде кыймылсыз мүлк бирдиктерин түзүү, бөлүү жана бириктирүү;
- кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүү жана техникалык паспорт берүү;
- катталган кыймылсыз мүлк бирдиктери жөнүндө маалыматтарды берүү;
- мамлекеттик жана атайын багыттагы геодезиялык, топографиялык жана картографиялык жумуштарды аткаруу;
- кыртыштык, агрохимиялык, геоботаникалык жана башка изилдөө иштерин, кыртышты жана өсүмдүктөрдүн үлгүлөрүн талдоону жүргүзүү;
- жер ресурстарын пайдалануунун абалынын кадастрдык, тематикалык карталарын жана атластарын түзүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык башка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү;
5) колдоо функциялары:
- кыймылсыз мүлктүн рыноктук наркына таасирин тийгизүүчү факторлорду изилдөө жана талдоо;
- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык уюмдар жана институттар менен өз ара аракеттенүү жана тажрыйба алмашуу;
- адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо үчүн окутууну уюштуруу;
- өз компетенциясынын чегинде маалыматтык ресурстарды, маалыматтык системалардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды иштеп чыгууга жана өнүктүрүүгө катышуу;
- жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография чөйрөсүндө сервистерди, программалык камсыздоону жана автоматташтырылган маалыматтык системаларды иштеп чыгуу;
- кыймылсыз мүлктү кадастрдык баалоону киргизүү боюнча ишке катышуу;
- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик реестрлерин түзүү жана тейлөө;
- кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча конкурстарды жана аукциондук тооруктарды өткөрүүгө белгиленген тартипте катышуу;
- кыймылсыз мүлк боюнча талаштарды өз компетенциясынын чегинде чечүүгө катышуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 213, 2025-жылдын 15-июлундагы № 415 токтомдорунун редакциясына ылайык)
5-глава. Укуктары
11. Агенттик жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- башка юридикалык жана жеке жактар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- чарбалык келишимдерди түзүүгө жана бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана башка укуктарды жана милдеттерди алууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болуп чыгууга;
- Агенттиктин кызматкерлерине консультация берүү, окутуу үчүн келишимдердин негизинде башка адистерди тартууга;
- Агенттиктин кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө, квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо курстарына катышуу үчүн жиберүүгө;
- Агенттиктин компетенциясынын чегинде тышкы экономикалык ишти жүргүзүүгө;
- белгиленген тартипте акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
- кыймылсыз мүлккө укуктун келип чыгуу/токтотуу процессине катышкан мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүгө;
- каттоо жана кадастрдык иштерди жүргүзүү үчүн министрликтерден, мамлекеттик комитеттен, административдик ведомстволордон, жергиликтүү бийлик органдарынан, юридикалык жана жеке жактардан кыймылсыз мүлк, жер ресурстары, инструменталдык жана аэрофото тартуулардын жыйынтыктары жөнүндө зарыл маалыматтарды, пландык-картографиялык материалдарды, метеорологиялык маалыматтарды, суу жер кадастрынын маалыматтарын жана башка документтерди белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик монополияга каршы орган менен макулдашуу боюнча Агенттиктин мекемелери жана филиалдары аткаруучу иштерге бааларды аныктоого жана бекитүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
- филиалдарды түзүүгө, кайра уюштурууга жана жоюуга.
12. Агенттик төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өз милдеттерин аткарууга;
- тиешелүү органдарга отчетторду өз убагында берүүгө, салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө;
- Агенттиктин милдеттерин жана функцияларын натыйжалуу аткарууну камсыз кылууга;
- Агенттиктин кызматкерлерине коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга.
Агенттик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого каршы келбеген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болууга укуктуу.
13. Агенттиктин кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде Агенттикте ишин токтоткондон кийин сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды сыр кылып сактоого милдеттүү.
6-глава. Ишти уюштуруу
14. Агенттикти Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.
15. Агенттиктин директору Агенттикке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн, ошондой эле коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 294 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Агенттикте директордун биринчи орун басарынын жана орун басарынын кызмат орундары каралган.
Директордун орун басарлары директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, түздөн-түз директорго баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Агенттиктин ишин уюштурат.
Директордун орун басарлары жүктөлгөн функциялык милдеттерин аткаруу үчүн, ошондой эле өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы директордун сунушусуз эле директордун орун басарларын бошотууга укуктуу.
Директор жок болгон учурда анын милдеттерин директордун биринчи орун басары, ал эми ал жок болгон учурда директордун орун басары аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 294 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Агенттиктин директорунан, директорунун орун басарларынан тышкары, Агенттиктин борбордук аппаратынын жана филиалдарынын кызматкерлери мамлекеттик кызматчы болуп саналбайт. Агенттиктин кызматкерлерине алардын укуктук статусу менен шартталган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн белгиленген чектөөлөр, тыюу салуулар жана милдеттер жайылтылат.
Агенттиктин директорун жана анын орун басарларын, борбордук аппаратынын жана филиалдарынын кызматкерлерин күтүү Агенттиктин атайын эсебинде топтолуучу каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.
18. Агенттиктин директору:
- Агенттиктин ишине жалпы жетекчилик кылат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет мамлекеттердин ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен мамилелерде Агенттиктин атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана белгиленген тартипте Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдерге, макулдашууларга жана протоколдорго кол коёт;
- Агенттиктин системасынын кызматкерлери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон ишти уюштуруу боюнча буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
- Агенттиктин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана филиалдары жөнүндө жоболорду бекитет;
- Агенттиктин борбордук аппаратынын, ишканаларынын, мекемелеринин жана филиалдарынын кызматкерлерине карата сыйлыктардын түрлөрүн жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
- Агенттиктин борбордук аппаратынын жана филиалдарынын түзүмүн, штаттык расписаниесин, кирешелер жана чыгашалар сметасын учурдагы финансылык жылга каралган каражаттардын чегинде бекитет;
- Агенттиктин ведомстволук мекемесинин түзүмүн, штаттык расписаниесин бекитет;
- Агенттиктин кирешелердин жана чыгашалардын сметасына ылайык Агенттиктин борбордук аппаратынын жана филиалдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарын, тарифтик ставкаларын жана эмгек акы төлөө шарттарын бекитет;
- Агенттиктин атынан ишеним каттарды берет, Агенттиктин мүлкүн жана каражаттарын тескейт, бүтүмдөрдү түзөт;
- Агенттиктин ишканасына, мекемесине жана филиалдарына тапшырмаларды берет, алардын аткарылышын контролдойт;
- эгерде мыйзамдарда чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби белгиленбесе, Агенттиктин ишканаларынын, мекемелеринин жана филиалдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- Агенттиктин директорунун орун басарынын сунушу боюнча Агенттиктин директору бекиткен кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык Агенттиктин борбордук аппаратынын, мекемелеринин жана филиалдарынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Агенттиктин борбордук аппаратынын, ишканаларынын, мекемелеринин жана филиалдарынын кызматкерлерин ротациялоо жүргүзүү (которуу) тартибин бекитет;
- Агенттиктин борбордук аппаратынын, ишканаларынын, мекемелеринин жана филиалдарынын кызматкерлерин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтөт;
- бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Агенттиктин атайын эсебинин каражаттарынын кирешелеринин жана чыгашаларынын сметасын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Агенттиктин ведомстволук мекемесинин жетекчисин, анын орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө белгиленген тартипте сунуш жиберет;
- башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
19. Агенттиктин директорунун орун басарлары алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз алдынча чечим кабыл алат.
20. Агенттикте коллегия түзүлөт, анын курамына Агенттиктин директору, директордун орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү, ошондой эле Агенттиктин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана эксперттик коомдоштуктун өкүлдөрү кирет. Коллегия жөнүндө жобону жана коллегиянын жеке курамын Агенттиктин директору бекитет.
7-глава. Эсепке алуу жана отчеттуулук
21. Агенттик өз ишинин натыйжаларынын бухгалтердик эсебин жүргүзөт жана белгиленген тартипте статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
8-глава. Мүлкү
22. Агенттик оперативдүү башкаруу укугуна негизделген.
23. Агенттиктин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат, аны ажыратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
24. Агенттиктин мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы өз алдынча баланста чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
25. Каражаттарды сарптоо директор бекиткен кирешелердин жана чыгашалардын сметаларынын негизинде, ошондой эле жамааттык келишимдин шарттарына ылайык учурдагы финансылык жылга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
9-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
26. Агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
27. Агенттиктин ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.