М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын
2024-жылдын 7-февраль №138
Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылдары боюнча атайын эсеп мамлекеттик дирекциясынын байкоочу кеңештин мүчөсүн шайлоо жөнүндө
М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 26-сессиясы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылдары боюнча атайын эсеп мамлекеттик дирекциясынын байкоочу кеңештин мүчөсүн шайлоонун жыйынтыгын карап талкулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 26-сессиясына катышкан депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаты Абдыгулов Туратбек Алыкулович Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылдары боюнча атайын эсеп мамлекеттик дирекциясынын байкоочу кеңештин мүчөсү болуп шайлансын.
2.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
3.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (Д.Турумкулова) тапшырылсын.
4.Бул токтом cholpon-ata-ao.gov.kg сайтында жарыяланган күндөн тартып юридикалык күчүнө кирет.
Төрайым: |
Р.Токтоназарова |