Редакцияот 27.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРКЫРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Каркыра айылдык кеӊешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 27-февралындагы № 94

 

Жердин багытын которууга макулдук берүү жөнүндө

 

    Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)  жөнүндө” Мыйзамына ылайык Каркыра айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап чыгып Каркыра айылдык кеңеши  токтом кылат:

 

1.Каркыра айыл аймагына караштуу № 3 контурунан 1,20 га жана  № 9 контурунан  2,30 га   жалпы аянты  3,5 га  кайрак айдоо жерлери  КР УКМК Мамлекеттик чек ара кызматына  “Каркыра”  өткөрмө пунктун куруу үчүн өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.

 

2.Бул токтомду бекитип берүү жагы Түп райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комисияга жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                                                            К.Б.Мукаев