Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-ноябры № 627
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 155 "№ 99 Кесиптик лицейи" мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жарандардын башталгыч кесиптик билим алууга укугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 155 "№ 99 Кесиптик лицейи" мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 "Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жободо:
- 2-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Жобонун талаптары өзгөчө статуска ээ, акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди өз алдынча түзүү жана бекитүү укугу берилген башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынан тышкары, Кыргыз Республикасында билим берүү ишин жүзөгө ашырган бардык мамлекеттик билим берүү уюмдарынын (мекемелеринин) аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-майындагы № 300 "Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин кызматкерлеринин штаттык саны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленет деп белгиленсин.".
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |