Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-ноябры № 627
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 155 "№ 99 Кесиптик лицейи" мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
Жарандардын башталгыч кесиптик билим алууга укугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 155 "№ 99 Кесиптик лицейи" мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 "Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жободо:
- 2-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Жобонун талаптары өзгөчө статуска ээ, акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди өз алдынча түзүү жана бекитүү укугу берилген башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынан тышкары, Кыргыз Республикасында билим берүү ишин жүзөгө ашырган бардык мамлекеттик билим берүү уюмдарынын (мекемелеринин) аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-майындагы № 300 "Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин кызматкерлеринин штаттык саны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленет деп белгиленсин.".
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- тиркеменин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин мугалиминин ставкасына эселөө коэффициенти тиешелүү билими бар мугалимдин ставкасына эселөө коэффициентинен 100%га жогору белгиленет.";
2) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
- тиркеменин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинде иштеген өндүрүштүк окутуу устаттарынын тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенти тиешелүү билим деңгээлине ээ болгон өндүрүштүк окутуу устаттарынын тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициентинен 100%га жогору белгиленет.";
3) жогоруда аталган токтомдун 10-тиркемесинде:
- тиркеменин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин директордун жана директорунун орун басарларынын тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенти баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын директорлорунун жана орун басарларынын тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициентинен 100%га жогору белгиленет.";
4) жогоруда аталган токтомдун 15-тиркемесинде:
- тиркеменин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Ушул тиркеменин 1-18-пункттарында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин кызматкерлеринин тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенти баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициентинен 100%га жогору белгиленет.";
5) жогоруда аталган токтомдун 19-тиркемесинде:
- тиркеменин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин техникалык тейлөөчү персоналынын тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенти ушул тиркемеде аныкталган тарифтик ставкага (маянага) эселөө коэффициентинен 100%га жогору белгиленет.";
6) жогоруда аталган токтомдун 20-тиркемесинде:
- тиркеменин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин кенже тейлөөчү персоналынын тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенти ушул тиркемеде аныкталган тарифтик ставкага (маянага) эселөө коэффициентинен 100%га жогору белгиленет.".
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирүүчү ушул токтомдун 4-пунктунун ченемдеринен тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-ноябры № 627
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 155 "№ 99 Кесиптик лицейи" мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жарандардын башталгыч кесиптик билим алууга укугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 155 "№ 99 Кесиптик лицейи" мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 "Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жободо:
- 2-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Жобонун талаптары өзгөчө статуска ээ, акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди өз алдынча түзүү жана бекитүү укугу берилген башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынан тышкары, Кыргыз Республикасында билим берүү ишин жүзөгө ашырган бардык мамлекеттик билим берүү уюмдарынын (мекемелеринин) аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-майындагы № 300 "Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин кызматкерлеринин штаттык саны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленет деп белгиленсин.".
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.