Редакцияот 26.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЭҢИЛЧЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

 Эңилчек айылдык аймагынын айылдык кеӊешинин XVIII чакырылышы 13 сессиясы

 

2024-жылдын   26-январындагы   № 2

 

2024-жылдын 01-январына карата Эӊилчек айылдык  аймагынын жергиликтүү бюджетинде  колдонулбай калган акча каражатынын калдыгын  бөлүштүрүү жонүндө

 

Эңилчек айылдык аймагынын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жɵнүндɵ Эӊилчек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Айпиева Айдай Исмаиловнанын отчетун угуп жана талкуулап жана  “Кыргыз Республикасынын бюджети жɵнүндɵ” мыйзамын жетекчиликке алып Эӊилчек айылдык аймагынын айылдык кеӊеши

                                           

                                             ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.               2023-жылдын 01-январына карата колдонулбай калган 10439,6 миӊ сом акча каражаты Эӊилчек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратынын 3111 “Имараттар жана курулуштар” статьясына каралсын жана ашкана муниципалдык имараттын капиталдык оӊдоого жана Эӊилчек айылынын Кыдыр-Аке көчөсүнө тосмолорду курууга чыгышталсын.

2.               Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөөсүЭӊилчек айылдык аймагынын айылдык кеӊешинин «Бюджет, финансы жана экономика» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы .К.Чолпонбаевага   тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                   А.У. Исмаилова