Редакцияот 07.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын

 

2024-жылдын 7-февраль №139

 

Афган согушунун ардагердерине Чолпон-Ата айыл аймагы –өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө”

       

Чолпон-Ата айыл өкмөтүнун башчысы Ө.Жаманкуловдун билдирүүсун угуп жана талкуулап , М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 26 -сессиясы

                                                ТОКТОМ КЫЛАТ.

 

1. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Жаманкуловдун Жалал-Абад областынын Токтогул районунун Афган согушунун ардагерлер коомунун өтүнүч катын колдоп берүү жөнундөгү билдирүүсү колдоого алынсын.

2. Авган согушунун аяктаганынын 35 жыл толгондугуна байланыштуу, алаамат согушка катышкан ,жаш муундун Мекен алдындагы атуулдук сезимин ойготуп ,таалим-тарбия берүүгө үлгү болуп , Афганистандагы жарандык согушта өзүнун интернационалдык милдетин аткарып келген төмөндөгү жоокерлерибизге Чолпон-Ата айыл аймагы –өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.  

Мадышов Анаркул Жусупбаевичке-Афган согушунун ардагери Бабаназаров Дүйшөналы Токтомамбетовичке-Афган согушунун ардагери Ташыбеков Бозжигит Аттокуровичке-Афган согушунун ардагери

3. ”Ардактуу атуул” наамы жалпы жыйналышта,даталуу күндө салтанаттуу тапшырылсын.

4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

5.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (Д.Турумкулова) тапшырылсын.

6.Бул токтом cholpon-ata-ao.gov.kg сайтында жарыяланган күндөн тартып юридикалык күчүнө кирет.

 

 

Төрайым:

 

 

Р.Токтоназарова