Редакцияот 07.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын

 

2024-жылдын 7-февраль №140

 

Чолпон-Ата айыл аймагындагы “Кыргызмамжердолборлоо” изилдеп келип, кунарсыз жайыт болуп көрсөтүлгөн жайыт жерлерден 75га жерди “Жайыт жерлеринен “”Бак дарактар” жерлерине трансфрмациялоого уруксат берүү жөнүндө.

  

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 26-сессиясы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Жаманкуловдун Чолпон-Ата айыл аймагында , кунарсыз жайыт болуп көрсөтүлгөн жайыт жерлерден 75га жерди “Жайыт жерлеринен “”Бак дарактар” жерлерине трансфрмациялоого уруксат берүү жөнүндө билдируусун угуп жана талкуулап

                                           

ТОКТОМ КЫЛАТ.

 

1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Чолпон-Ата айыл аймагында “Кыргызмамжердолборлоо” изилдеп келип, картографиялык материалдарда кунарсыз жайыттарды аныктагандан кийин кунарсыз жайыт болуп көрсөтүлгөн жайыт жерлерден 75га жерди “Жайыт жерлеринен “”Бак дарактар” жерлерине трансфрмациялоого уруксат берүү жөнүндөгү Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Жаманкуловдун билдирүүсү эске алынсын.

2.Ошондой эле билдирүүдө көрсөтүлгөндөй Мазар-Суу айылынан 20га.Чолпон-Ата айылынан 15га,Кушчу-Суу айылынан 15га,Ак-Тектир айылынан 25га кунарсыз жайыттар, “Жайыт жерлеринен “”Бак дарактар “ жерлерине трансформациялоого уруксат берилсин.

3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин жер маселелери боюнча комитетине милдеттендирилсин.

4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

5.Бул токтом cholpon-ata-ao.gov.kg сайтында жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

 

Төрайым:

 

 

Р.Токтоназарова