Редакцияот 09.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Орток айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI- чакырылыштагы кезектүү 26 - сессиясы

2023-жылдын 9-февралы № 3

Орток аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө

Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Орток айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

 

1.  Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата калдык акча каражатынын көлөмү 1294672 сомго бекитилсин.

 

2. Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттары 1294672 сом. Эки-Нарын айылынын фудбол аянтчасына өздүк салым үчүн 200,0 миң сом, “Оорук-Там Келечеги” бала бакчага өздүк салым үчүн 100,0 сом төмөндөгүдөй статьяларга, жумшалсын.

 

№

Статья

Мазмуну

сумма

1

3111

Курулмаларды капиталдык оңдоо

300,0

Баары

300,0

 

3. Акча каражаттарын которуп берүү жагы Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э.Айсаевага тапшырылсын.

4.  Токтомду Ortok. naryn-region.kg веб сайтына жайгаштыруу Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Асанкожоевге милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Субанбеков