КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 1-марты № 64
2023-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган «Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу» долбоору үчүн экономикалык өнүктүрүү максатында Кызматташуу фондунан насыя боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну жана 2023-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган «Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу» боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кореянын Экспорттук-импорттук банкынын (EDCF атынан Өкмөттүк агенттик) ортосундагы Насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене
2023-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган «Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу» долбоору үчүн экономикалык өнүктүрүү максатында Кызматташуу фондунан насыя боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну жана 2023-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган «Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу» боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кореянын Экспорттук-импорттук банкынын (EDCF атынан Өкмөттүк агенттик) ортосундагы Насыялык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Экономикалык өнүктүрүү максатында кызматташуу фондуна (EDCF) кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 5-мартындагы № 18 (3571) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |