Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын

1-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 25-январы № 2

 

“Покровка айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө”

 

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдындагы бюджет комитетинде алдын ала талкууга алынган Покровка айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы сунуш кылынган бюджеттин аткарылышы жөнүндө жана 2024-жылга бюджетинин долбоорун карап чыгып, Покровка айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысы К.Б.Жунусбаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун (жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндөгү маалыматтын бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышы жана бюджеттен тышкары фонддордун пайдаланышы жөнүндө маалыматты угуу) жетекчиликке алып Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Покровка айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетинин аткарылышы: киреше бөлүгү - атайын каражат менен кошулганда 47008,6 миң сомго анын ичинде атайын каражат (ата-энелер төлөмү), 2602,7 мин сом жана чыгаша бөлүгү 37170,7 мин сом, атайын каражат 2591,1 мин сом жалпысы болуп 37170,7 мин сом.

2. Покровка айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетинин кирешелер боюнча 45347,2 миң сом жана чыгашалар боюнча 45347,2 миң сом өлчөмүндө бекитилет. Анын ичинен теңдөөчү грант жок, жайыт жерлеринен түшүүчү каражат 496,8 мин сом (тиркеме тиркелет), жана атайын каражат (ата-энелер төлөмү, КР билим берүү жана илим министрлигинин 05.06.2023-ж. №15 буйругунун негизинде жылына бир жолу ата-энелерден алынуучу төлөм фонду жана жаңы кабыл алынган балдардын салымы алынбай бир гана ата-энелерден тамак-аш үчүн 800сом гана алынат, тиркеме тиркелет) 2360,0 миң сом, 2023-жылдын 30-декабырында өткөн КБФнун жерине болгон аукциондо-1871,6 сом түздү, жалпысы кошулганда 45347,2 сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Покровка айылдык аймагынын айыл өкмөтүндө жайгашкан мекеме-уюмдардын жыл ичинде каржылоо чыгымдарын зарыл болгон учурда бир статьядан экинчи статьяга өзгөртүү киргизүү, көзөмөлдөө жагын Покровка айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жунусбаевге, разделден разделге жылдыруу айылдык кеңештин макулдугу менен уруксат берилсин.

4. Биринчи кезекте каржылоону корголгон статьяларга жүргүзүлсүн (айлык акы, социалдык фонд, тамак-аш жана коммуналдык чыгым көмүрго).

5. Айыл өкмөтүнө керек болгон учурларда резервдик фонддон-1,8% ал сумма773,8мин сом, ар кандай чыгымдар статьясынан, разделине жараша накталай акча каражатын алууга мыйзам чегинде уруксат берилсин (Афган окуясынын катышуучуларына, Чернобыль, Баткен апаатынын катышуучуларына, 8-март аялдардын эл аралык майрамына, баатыр энелерге, Нооруз майрамына, 7-апрель революция күнүнө, 1-май, 9-май жеңиш күнүнө,Энелер күнүнө, 1-июнь балдарды коргоо күнүнө, Эгемендүүлүк күнүнө, карылар күнүнө, майыптарга жана социалдык муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү, айыл аймагындагы өтүлүүчү ар кандай спорт оюндарына , жакыр жана аз камсыз үй-бүлөлөргө ж.б.ларга).

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дуйшебаевке, аткаруу жагын каржы - экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жунусбаевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов