Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 1-марты № 65
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
27-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Мамлекеттик алымды кайра кайтаруу сот актысынын негизинде ал мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып бир жыл өткөнгө чейин анын бюджетке эсепке киргизилген жери боюнча казыналык органдар тарабынан жүргүзүлөт.».
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 5-мартындагы № 18 (3571) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2024-жылдын 25-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |