ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын
1-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 25-январы № 5
“ Покровка айылдык аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетинин 2023-жылга аткарылышы жана 2024-жылга бюджетин бекитүү”
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдындагы бюджет комитетинде алдын ала талкууга алынган Жайыт комитетинин 2023-жылдагы сунуш кылынган бюджеттин аткарылышы жөнүндө жана 2024-жылга бюджетинин долбоорун карап чыгып, Жайыт комитетинин төрагасы К.Баетовдун баяндамасын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун (жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндөгү маалыматтын бекитүү) аткарылышын жетекчиликке алып Покровка айыл аймагынын айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айыл өкмөтүнүн алдында “Жайыт” комитетинин төрагасы К.Баетовдун жылдык отчетун канааттандыралык деп табылсын.
2. Покровка айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин 2023-жылга карата бюджетинин аткарылышы киреше бөлүгү -496,8 мин сомго жана чыгаша бөлүгү
496,8 мин сомду түзөт. Калдык 01.01.2024 жылга -132,3 мин.сом.
3. Покровка айыл аймагына караштуу жайыттарды пайдалануу үчүн малчылардан алынуучу тарифтер 2024 жыл учун төмөндөгүдөй бекитилсин:
Туяк башына – кой-эчки 15 сом*17745=266,2 мин сом
Кара мал – уй,бука– 75 сом*842=63,1 мин сом
Жылкы- 75 сом*900=67,5 мин сом
Кой эчкилерди кралинге чомулдуруу -50,0 мин сом
Трактор иштөө кызматына-50,0 мин сом
Жалпы – 496,8 мин сом.
1. Покровка айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнө статья (14152200) түшкөн акча каражатын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин расчеттук эсебине 3/2 (учтон экиси) бөлүгүн которулуп берилсин.
2. Жайыт комитетинин 2024-жылга карата киреше бөлүгү – 496,8 мин сом жана чыгаша бөлүгү -496,8 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Дыйкан-фермер чарбалар жана жеке чарбалар менен келишим түзүү жана төлөмдөрдү өндүрүү жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Баетовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дуйшобаевке, аткаруу жагын каржы - экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жунусбаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |