ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын
1-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 25-январы № 7
Ардактуу атуул наамын ыйгаруу жөнүндө
Покровка орто мектебинин кыргыз тили сабагынын мугалими Абдыкадырова Анвар Тураровнага жана география сабагынын мугалими Мырзаева Айгул Ашымовнага, окуучуларды тарбиялоо жана билим берүү иштеринде көп жылдык синирген эмгеги үчүн Покровка айыл аймагынын ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндөгү Покровка орто мектебинин жалпы жааматынын кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка орто мектебинин кыргыз тили сабагынын мугалими Абдыкадырова Анвар Тураровнага жана география сабагынын мугалими Мырзаева Айгул Ашымовнага, “Покровка айыл аймагынын ардактуу атуулу”наамы ыйларылсын.
2. Покровка айыл өкмөтүнүн КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) “Ардактуу атуул” жазуу лентасы, төш белгиси жана күбөлүгүн даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |