Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын

1-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 25-январы № 8

 

Покровка айылына жашыл футбол талаасын куруу жөнүндө

 

Покровка айылынын М.Кояшев көчөсүнүн батыш жагындагы административдик имарат, күрөш залынын жанына кичи футбол талаасын куруу жөнүндөгү Покровка айылдык кеңешинин депутаты Т.Джапаркуловдун кайрылуусун карап, талкуулап айылдык кеңеш;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Покровка айылынын М.Кояшев көчөсүнүн батыш жагындагы административдик имарат, күрөш залынын жанына кичи футбол талаасын куруу жөнүндөгү Покровка айылдык кеңешинин депутаты Т.Джапаркуловдун кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Покровка айылынын тургундары спорт менен машыгып, ден-соолугун чыңдоого шарт түзүү максатында кичи футбол талаасын курууга (газон) жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 500 000сом акча каражаты бөлүнсүн.

3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов