Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын

1-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 25-январы № 12

 

Салыктардын зоналдык коэффициенти жөнүндө

 

Мамлекеттик салык кызматынын Манас району боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 2-декабырындагы №056/22/3496 сандуу катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык, 2022-жылдын 18-январь айындагы №4 салык Кодексинин 3 беренесинин, 3 пунктунун негизинде жер жана мүлк салыктарын зоналдык коэффициенти жөнүндө талкуулап айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 18-январь айындагы №4 салык Кодексинин 3-пунктунун 3-беренесине ылайык, Жер жана мүлк салыгынын зоналдык коэффициенти өзгөртүүсүз калтырылсын.

2. Токтомдун аткарылышын Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Айыл чарба жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов