Редакцияот 03.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

30-чакырылышынын 11-сессиясы

2023-жылдын 3-марты № 30-11-3

Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорттук байланыштар, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу

 

Мамашалиев Кубанычбек Осмонбековичтин кайрылуусу боюнча Чүйоблусу Кемин району Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Жылтыр участкасында жайгашкан №1795 контур 2,2 га жер тилкесин "Айыл чарба багытындагы жерлер" (көп жылдык өсүмдүктөр үчүн жерлердин түрү) категориясынан, "Өнөр жай, транспорттук байланыштар, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" (логистикалык  борбор комплексин куруу) категориясына которууга макулдук берүү боюнча Кара-Булак айылдык кенеши карап чыгып, талкуулап төмөндөгүчө

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жылтыр участкасында жайгашкан Мамашалиев Кубанычбек Осмонбековичке таандык №1795 контур аянты 2,2 га жеручастогу тилкесин "Айыл чарба багытындагы жерлер" (көп жылдык өсүмдүктөр үчүн жерлердин түрү) категориясынан, "Өнөр жай, транспорттук байланыштар, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" (курулуш үчүн жерлердин түрү)категориясына которуугамакулдукберилсин.

2. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына Жылтыр участкасында жайгашкан Мамашалиев Кубанычбек Осмонбековичке таандык №1795 контураянты 2,2 га жер тилкеси "Айыл чарба багытындагы жерлер" (көп жылдык өсүмдүктөр үчүн жерлердин түрү) категориясынан, "Өнөр жай, транспорттук байланыштар, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" (курулуш үчүн жерлердин түрү) категориясына которуу боюнча Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын чечимин чыгаруу боюнча кайрылуу жасалсын.

3. Токтомду аткаруу жагы Кара-Булак айыл өкөмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. М. Кулболдиев