Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын

1-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 25-январы № 14

 

Кара-Арча айылына бала-бакча куруу жөнүндө

Талас өнүктүрүү фондусунан Кара-Арча айылына 40 орундуу бала-бакча куруу долбоорун киргизүү жөнүндөгү Кара-Арча айылынын айыл башчысы К.Суюмбаевдин кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Арча айылынын айыл башчысы К.Суюмбаевдин кайрылуусу канааттардырылсын.

2. Талас өнүктүрүү фондусунан Кара-Арча айылына 40 орундуу бала-бакча куруу долбоорун киргизүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 600 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

3. КЭБнүн башчысына (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов