Редакцияот 19.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 19-февралы № 17

 

Зыяндуулукту берүү жөнүндө

 

Кең-Арал айыл аймагынын китепкана башчысы А.Анарбаеванын китептердин чаңынын зыяндуулугу боюнча төлөнүүчү пайызды кошуп берүү тууралуу кайрылуусун карап, талкуулап Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын 3-сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча санитардык эпидемиологиялык департаментинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы иштөө зонасындагы абанын ченин жана чаңын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен китепканачынын эмгек акысына 25% өлчөмүндө үстөк белгиленсин.

2.Токтомдун талаптарын аткаруу жагы айыл өкмөтүнүнүн башчысы Ч.Алымкуловго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төраганын орун басары

 

Н.Сулайманкулова