Редакцияот 01.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXV-сессиясы

 

2024-жылдын 1-марты № 50

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынан жер аянтын трансформациялоого

макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” № 145-мыйзамына ылайык, Кара-Булак айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер (транспорт, курулуш, айыл чарба, өнөр жай) боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 28-февралындагы отурумунун корутундусунун негизинде, Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылынын тургуну Алматов Максатбек Абабакировичке таандык болгон 0,15 га жеке менчик жер аянтына ашкана куруу максатында,  Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылынын Ак-Таш № 26 көчөсүндө жайгашкан 0,15 га, идентификационный № 8-01-02-1002-2854 жеке менчик жер аянтын “Калктуу конуштар жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо)  макулдук берилсин.

2.     Керектүү болгон юридикалык документтерин жасап берүү жагы, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Баткен филиалынан суралсын.

3.     Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

4.     Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5.     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Кара-Булак айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер (транспорт, курулуш, айыл чарба, өнөр жай) боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.

 

 

Төрага

К.Шакиров