Редакцияот 01.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXV-сессиясы

 

2024-жылдын 1-марты № 51

Кара-Булак айыл аймагынын Туура-Таш участкасынын аты жок көчөлөрүнө ысым ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” № 67 Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобону жетекчилике алып, Бужум айылынын Туура-Таш участкасынын жашоочуларынын элдик жыйынынын 2024-жылдын 8-январындагы протоколун карап чыгып, Кара-Булак айылдык кеңешинин Регламент, депутаттык этика, мандат жана мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын2024-жылдын 28-февралындагы отурумунун корутундусунун негизинде, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат: 

 

  1. Кара-Булак айыл аймагынын Туура-Таш участкасында Туура-таш тоосунун түштүк тарабындагы биринчи көчөгө Ынтымак көчөсү деп атоого макулдук берилсин.

 

  1. Кара-Булак айыл аймагынын Туура-Таш участкасында Туура-Таш тоосунун түштүк тарабындагы экинчи көчөгө Алдашов Мамашарип Мамасейитовичтин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

 

  1. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Кара-Булак айылдык кеңешинин Регламент, депутаттык этика, мандат жана мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

К.Шакиров