Редакцияот 23.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

 

2024-жылдын 23-январы № 11-3

Ача-Кайынды айылындагы  ичүүчү таза суусунун тарифтик баасын

бекитип берүү жөнүндө

                                                                                        

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн 2023-жылдын 21-декабрындагы №01-13/51 сандуу “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасы тарабынан ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын (тарифтерин) белгилөө (макулдашуу) жөнүндөгү буйругуна ылайык “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директору  К. Кулуевдин сунушун  угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

                          

2024-жылдан баштап Ача-Кайынды айылынын жашоочулары үчүн ичүүчү таза суунун тарифтик баасынын прейскуранты 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;

 

Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директору К. Кулуевге тапшырылсын.

 

 

Ат-Башы

айыл аймагынын

айылдык кеӊешинин төрагасынын

орун басары

 

 

Э. Толубаев

 

 

 

  

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

                                                                Кеңешинин депутаттарынын 23-январь

                                                                  2024-жылдагы кезектеги XI сессиясынын

                                           №11-3 токтомуна 1-тиркеме

   

 

Ача-Кайынды айылынын жашоочулары үчүн ичүүчү таза суунун тарифтик баасынын прейскуранты

 

                                                                                      

№

Керектөөчүлөрдүн аталышы

Пайдаланган суу үчүн

Баасы

1(бир) ай үчүн

1

Суу өлчөгүчү бар жашоочулар үчүн

1 куб сууга

30  сом

2

Суу өлчөгүчү жок жашоочулар үчүн

Бир түтүнгө 2,5 куб

1 куб сууга 30 сом

 

 

 

 

 

“Көрктүү аймак” муниципалдык

ишканасынын директору                                                                              К. Кулуев