Редакцияот 01.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXV-сессиясы

 

2024-жылдын 1-марты № 52

Коомдук тартипти сактоонун жана жол коопсуздугунун алдын алуунун абалы жөнүндө

 

Баткен РИИБнүн Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы милициянын улук участкалык тескөөчүсү милициянын капитаны Ж.Карабаевдин 2023-жылга карата аткарылган иштери боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Баткен РИИБнүн милициянын участкалык тескөөчүлөрүнүн Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы коомдук тартипти сактоонун жана жол коопсуздугунун алдын алуу боюнча 2023-жылга карата аткарылган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

 

  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

К.Шакиров