Редакцияот 01.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXV-сессиясы

 

2024-жылдын 1-марты № 54

Кара-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 28-сессиясынын 2020- жылдын 27-ноябрында кабыл алынган “ Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында трансформация болуучу жерлерге курулуучу социалдык обьектердин курулушун бюджетке киргизүү” жөнүндөгү № 17 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 26-февралындагы № 201, № 202 сандуу каттарынын негизинде, айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер (транспорт, курулуш, айыл чарба, өнөр жай) боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 28-февралындагы отурумунун корутундусуна ылайык, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Кара-Булак айыл аймагынын чегиндеги Бужум айылында жайгашкан Ынтымак участкасынан контур № 902,896,897 жана Андрей участкасынан контур № 909, 324 жайгашкан “ Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) көрсөтүлгөн 120 га жер аянтынын 2019-жылдын 4-апрелиндеги түзүлгөн келечек программасы бекитилсин.

2.    Кара-Булак айыл аймагынын чегиндеги Кара-Булак айылында жайгашкан № 2740 контурдагы 60,0 га жер “ Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) көрсөтүлгөн жер аянтынын 2020-жылдын 5-ноябрындагы түзүлгөн келечек программасы бекитилсин.

3.    Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Кара-Булак айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер (транспорт, курулуш, айыл чарба, өнөр жай) боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.

 

 

Төрага

К.Шакиров