Редакцияот 01.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXV-сессиясы

 

2024-жылдын 1-марты № 55

Кара-Булак айылдык кеңешинин “Кара-Булак айыл өкмөтүнүн алдында жер комиссиясынын курамын бекитүү” жөнүндөгү 09.03.2023-жылдагы № 20 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-мартындагы № 221 сандуу чыгыш катынын негизинде, айылдык кенештин 2023-жылдын 9-мартындагы № 20 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилсин:

 

1. Жайнаков Абдалим- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы.

2. Назаров Абдраим- коомчулуктан, комиссиянын төрагасынын орун басары.

3. Мисиралиев Алтынбек- айыл өкмөтүнүн башчысы, комиссиянын мүчөсү.

4. Дубанаева Назгүл - Кара-Булак айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү.

5. Шакиров Максатбек- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.

6. Орозов Кудайберди- коомчулуктан, комиссиянын мүчөсү.

7. Аскарова Нурила- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.

8. Аппазов Сайдимар - Баткен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси байкоочу катары (макулдашуу менен).

 

  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Ушул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагын   өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

К.Шакиров