Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 12-январы № 10
Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 7-августундагы № 163 , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети болуп Кыргыз Республикасынын аймагында калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин, коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик кепилдиктерди жана иш-чараларды ишке ашырууну, анын ичинде жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алууну камсыз кылууга байланыштуу келип чыгуучу мамилелер саналат.
2. Ушул Мыйзам:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын жана жарандардын ортосундагы коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салат;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга ушул Мыйзамда жана саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарда каралган тартипте жана шарттарда колдонулат.
3. Ушул Мыйзамдын ишке ашырылышына саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш.
2-берене. Коомдун саламаттыгын сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
1. Коомдун саламаттыгын сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
2. Жалпы таанылган принциптер жана эл аралык укук ченемдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат.
3-берене. Ушул Мыйзамдын негизги максаттары жана милдеттери
1. Ушул Мыйзамдын негизги максаты болуп саламаттык сактоого жана коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ден соолукка жагымдуу айлана-чөйрөгө адамдын конституциялык укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу саналат.
2. Саламаттык сактоого жана коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ден соолукка жагымдуу айлана-чөйрөгө адамдын конституциялык укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу максатында ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) калктын саламаттыгын чыңдоо;
2) Кыргыз Республикасынын жарандарынын сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу;
3) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу;
4) коомдун саламаттыгын сактоо кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүктү жогорулатуу;
5) жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу;
6) коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарын өнүктүрүү.
4-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар пайдаланылат:
1) адаптация - организмдин функциялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүсүн, анын иш жөндөмдүүлүгүн жана тышкы таасирлерге каршы туруунун жогорулоосун чагылдыруучу тышкы чөйрөнүн өзгөрүлмө шарттарына тирүү организмдин ыңгайлашуу процесстери;
2) адаптациялык жөндөмдүүлүк - мүмкүн болуучу зыянды азайтуу, жагымдуу мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу же кесепеттерди жоюу максатында климаттын өзгөрүшүнө (климаттын өзгөрүп турушун, экстремалдык кубулуштарды кошуп алганда) карата системанын ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгү;
3) коомдун саламаттыгын сактоо кызмат көрсөтүүлөрүн алууда анонимдүүлүк - кызмат көрсөтүүнү инсандыгын ырастоочу документтерди көрсөтпөстөн жана адамдын жеке маалыматтарын кабарлабастан же болбосо кодду пайдалануу менен алуу;
4) бактерия бөлүп чыгаруучу - айлана-чөйрөгө оору козгоочу бактерияларды бөлүп чыгаруучу адам же жаныбар;
5) бактерия алып жүрүүчү - организминде өзү байкабаган, жугуштуу оору козгоочу бактериялары бар адам же жаныбар;
6) вакцина (иммунобиологиялык дары препараты) - активдүү же пассивдүү иммунитетти калыптандыруу же иммунитеттин болушун диагностикалоо же аллергендик заттарга иммунологиялык жооптун өзгөчө алынган өзгөрүүсүн диагностикалоо (иштеп чыгуу) үчүн арналган дары препараты;
7) вакцинациялоо (иммунизациялоо) - жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында активдүү иммунитетти (кабыл албоо) түзүү методу;
8) вирус бөлүп чыгаруучу - айлана-чөйрөгө жугуштуу ооруларды козгоочу вирустарды бөлүп чыгаруучу адам же жаныбар;
9) адамга зыяндуу таасир этүү - адам өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч же болбосо келечек муундун өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жаратуучу жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун таасир этүүсү;
10) мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл - калктын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо максатында калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу боюнча иш;
11) басмырлоо - медициналык-санитардык жардам алууда жынысынын, расасынын, тилинин, саламаттыгынын абалынын, майыптуулугунун, этностук таандыктыгынын, диний ишениминин, курагынын, саясий же башка ынанымдарынын, билиминин, тегинин, мүлктүк же башка абалынын белгилерине, ошондой эле башка жагдайларга негизделген ар кандай айырмалоо, өзгөчөлөө, чектөө, ажыратуу жана артыкчылык берүү;
12) коомдун саламаттыгын сактоонун аралыктан кызмат көрсөтүүлөрү - ден соолукту чыңдоо, оорулардын алдын алуу, ооруларды аныктоо жана диагностикалоо, алардын таркап кетүүсүн азайтуу, изилдөөлөрдү жүргүзүү жана баа берүү максатында, медициналык кызматкерлердин ич ара, юридикалык жана/же жеке жактар жана/же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен аралыктан өз ара аракеттенүүсүн, аталган жактарды идентификациялоону, ошондой эле алар жасоочу иш-аракеттерди документтөөнү санариптик технологиялар, мобилдүү түзүлүштөр аркылуу камсыз кылуучу коомдун саламаттыгын сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
13) АИВ боюнча тестке чейинки кеңеш берүү - АИВ боюнча тестирлөөдөн өтүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн психикалык-социалдык кеңеш берүү;
14) адамдын ден соолугу - оорулардын же дене бойлук кемтиктердин жоктугу гана эмес, адамдын толугу менен физикалык, психикалык жана социалдык жактан бакубат абалы;
15) туура тамактануу - адамдын өсүшүн, өнүгүшүн жана жашоо-турмушун камсыз кылуучу, анын ден соолугун чыңдоого жана оорулардын алдын алууга, мезгилсиз өлүмдүн алдын алууга өбөлгө түзүүчү тамак-аш;
16) сергек жашоо мүнөзү - оорулардын алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо, ошондой эле адамдын ден соолугуна тышкы факторлордун зыяндуу таасирин азайтуу (туура эмес тамактануу, алкоголь, тамеки, психикалык активдүү заттар ж.б.) жана мезгилсиз өлүмдүн алдын алуу максатындагы адамдын жашоо мүнөзү;
17) зоологиялык-эпидемиологиялык мейкиндикке мониторинг жүргүзүү - жугуштуу оорулардын табигый очокторунун активдүүлүгүн аныктоочу факторлорго байкоо жүргүзүү;
18) иммунопрофилактика (жугуштуу оорулардын өзгөчө алдын алуу) - вакцинациялоонун (иммунизациялоонун) жардамы менен белгилүү бир жугуштуу ооруга карата адамдын организминде иммунитетти (кабыл албоо) пайда кылуу жолу аркылуу жугуштуу оорулардын алдын алуу методу;
19) жугуштуу оору боюнча индекстик учур (индекстик бейтап) - ар кандай курактагы адам жүргөн конкреттүү бир жерде же аны менен байланышта болгон адамдарга карата иликтөө жүргүзүлүп жаткан башка адамдарга жугузуу тобокелдиги бар башка салыштырмалуу шарттарда ал адамдагы жугуштуу оорунун алгачкы аныкталган жаңы же кайталанган учуру;
20) тамак-аш азыктарын йоддоо (фортификациялоо) - йод жетишсиздиги ооруларынын жалпы алдын алуу үчүн тамак-аш азыктарын йод менен байытуу процесси;
21) медициналык жардам көрсөтүү менен байланышкан инфекция - менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарына бейтап медициналык жардам алуу үчүн кайрылган учурда болбогон жана инкубациялык мезгилинде болбогон, бирок ооруканадан чыккандан кийин билинген, ага медициналык жардам көрсөтүү процессинде жуккан, анын ичинде ошондой эле медициналык кызматкердин ушул саламаттык сактоо уюмунда иштөөсүнөн улам жугузуп алган жугуштуу оорулар;
22) инфекциялык контроль - эпидемиологиялык диагностиканын маалыматтарына негизделген жана саламаттык сактоо уюмдарында жугуштуу оорулардын келип чыгышынын жана таркап кетүүсүнын алдын алууга багытталган иш-чаралардын системасы;
23) Алдын ала эмдөөлөрдүн календары - саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү жана жарандарга алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүү мөөнөтүн жана тартибин белгилөөчү документ;
24) калктын негизги топтору - ар кандай эпидемиологиялык шарттарда жугуштуу оору жугузуп алуу тобокелдиги жогору жана/же инфекциясы оор топтор;
25) байланышта болгон адамдар - жугуштуу оору козгогучту бөлүп чыгаруучу же контаминацияланган материал менен байланышы бар/байланышта болгон адамдар;
26) медициналык текшерүүдөгү купуялуулук - жугуштуу же жугуштуу эмес оору боюнча адамдын текшерүүдөн, байкоодон өтүү фактысы тууралуу маалымат жашыруун сакталуусу кепилденүүчү медициналык текшерүү жана байкоо;
27) АИВден жабыр тарткан адамдар - жакын туугандарынын АИВ жугузуп алгандыгына байланыштуу моралдык жана мүлктүк жактан зыян тарткан адамдар;
28) Эл аралык медициналык-санитардык эрежелер (мындан ары - ЭМСЭ) - улуттук, региондук жана эл аралык деңгээлде медициналык-санитардык коопсуздукту күчөтүү максатында коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү эрежелерди белгилөөчү эл аралык документ;
29) коомдун саламаттыгы - демографиялык көрсөткүчтөрү, дене бойдун өнүгүү мүнөздөмөлөрү, оорулар жана майыптуулук менен баа берилүүчү географиялык, социалдык же болбосо башка белгилер боюнча калктын же белгилүү бир топтун жана коомдоштуктун саламаттыгы;
30) коомдун саламаттыгын сактоо - бардык кызыкдар тараптардын уюмдашкан күч-аракеттери, калкка, мамлекеттик жана жеке менчик уюмдарга, коомдоштуктарга жана жеке жактарга маалымат берүү аркылуу калктын саламаттыгын сактоого, оорулардын алдын алууга, адам өмүрүн узартууга жана ден соолугун чыңдоого багытталган иш-чаралардын системасы;
31) чектөө иш-чаралары (карантин) - жугуштуу оорулардын таркап кетүүсүнын, массалык уулануулардын жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, кийин аны жоюу менен эпидемиялык очокту чектөөнү камсыз кылууга багытталган жана чарбалык же башка иштин өзгөчө режимин, калктын, транспорт каражаттарынын, жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбарлардын кыймылын чектөөнү караштыруучу убактылуу уюштуруу, режимдик-чектөөчү, административдик-чарбалык, санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын системасы;
32) өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар - оорулардын тез таркап кетүүсүна жана көп сандаган адамдардын жугуштуу оору жугузуусуна, оорунун оор өтүшүнө, өлүмгө учуроонун жогорку пайызына байланыштуу өзгөчө эпидемиологиялык кооптуулук жаратуучу жана коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө эл аралык мааниге ээ болгон бир кыйла кооптуулук жаратууга өбөлгө түзүүчү окуялардын тизмегине кирүүчү жугуштуу оорулардын тобу;
33) саламаттыкка тийгизген таасирге баа берүү - калктын саламаттыгынын абалы, саламаттык сактоону өнүктүрүү жана бүтүндөй социалдык-экономикалык өнүктүрүү, белгилүү бир саясатты же программаны, же конкреттүү кызматтардын же уюмдардын ишин жүргүзүү көз карашынан алганда түздөн-түз жана кыйыр кесепеттерге комплекстүү баа берүү;
34) адамдын ден соолугуна болгон тобокелдикке баа берүү - белгилүү бир шарттарда адамдын жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун адамдардын конкреттүү тобуна таасир тийгизүүсүнүн натыйжасында өөрчүп кетүүгө жөндөмдүү зыяндуу натыйжалардын сандык жана сапаттык мүнөздөмөсү, айлана-чөйрөнүн (абанын, суунун, тамак-аш азыктарынын) булганышынын жагымсыз кесепеттерин божомолдоо;
35) иммунизациялоодон кийинки кыйыр таасир (мындан ары - ИККТ) - Алдын ала эмдөөлөрдүн календарына киргизилген алдын ала эмдөөдөн, ошондой эле иммунизациялоодон кийин келип чыккан, медициналык көз караштан алганда, ар кандай жагымсыз көрүнүш менен туюндурулган эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөдөн келип чыгуучу вакцинадан кийинки оорунун өтүшүп кетүүсү;
36) популяциялык иммунитет (жамааттык иммунитет) - калктын иммунитетинин өнүгүүсүнүн негизинде, же болбосо вакцинациялоонун, же болбосо мурда жугуштуу оору менен ооругандыгынын натыйжасында келип чыгуучу жугуштуу оорудан кыйыр коргонуу;
37) бирдиктүү саламаттык принциби - адамдын ден соолугунун, жаныбарлардын саламаттыгынын жана айлана-чөйрөнүн ортосундагы өз ара байланыш, ошондой эле калктын саламаттыгын камсыз кылуу үчүн секторлор аралык координациялоо каралуучу ыкма;
38) табигый очоктуу жугуштуу оорулар - козгогучтары айрым аймактарда - табигый очоктордо, жаныбарлардын, кемирүүчүлөрдүн, канаттуулардын, кан соргуч муунак буттуулардын (ар кандай жугуштуу оорулардын резервуарларында) организминде жайгашкан, узак мезгилге чейин сакталуучу (жаныбарлардан адамга жугуучу) жугуштуу оорулар, мында табигый очоктун эпидемиологиялык таасири козгогучтун циркуляциясынын тездигине жана калктын экосистема менен байланышуу даражасына жараша болот;
39) оорулардын алдын алуу - оорулардын келип чыгуу жана таркап кетүү ыктымалдыгынын алдын алууга же азайтууга, же болбосо анын агымын токтотууга, рецидивди жана өтүшүп кетүүнү болтурбоого багытталган иш-чаралар;
40) профилактикалык дарылоо - ооруну жугузуу же күчөтүү коркунучуна кабылган адамдарда дары-дармектердин жардамы менен оорунун өөрчүшүн же күчөшүн алдын алуу методу;
41) профилактикалык иш-чаралар - климаттын, экологиянын өзгөрүшүнүн, жол-транспорт кырсыктарын кошуп алганда, жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун калкка тийгизген терс таасирин жоюуга же азайтууга, оорулардын, массалык уулануулардын, өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышынын жана таркап кетүүсүнын алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуга багытталган уюштуруучулук, административдик, инженердик-техникалык, медициналык-санитардык, ветеринардык, адаптациялык жана башка чаралар;
42) алдын ала эмдөөлөр - жугуштуу ооруларды өзгөчө кабылдабай тургандай болуусу үчүн адамдын организмине медициналык иммунобиологиялык препараттарды киргизүү;
43) психикалык-социалдык кеңеш берүү - психикалык-эмоционалдык стрессти жеңүүгө жана жугуштуу оору боюнча чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк берүүчү текшерилип жаткан адам менен колдоо көрсөтүп жаткан адамдын ортосундагы купуя диалог;
44) психикалык активдүү зат - өзүнө Кыргыз Республикасында контролго алынууга тийиш болгон баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун улуттук тизмелериндеги заттарды камтыган, борбордук нерв системасынын иштешине таасир этүүчү, ал тургай аң-сезимди өзгөрткөнгө чейин, психикалык ал-абалдын өзгөрүшүнө алып келүүчү зат;
45) психикалык саламаттык - мында адам өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруучу, турмуштук оорчулуктарга жана стресске натыйжалуу туруштук берүүчү, түшүнүү менен жемиштүү иш жүргүзүүчү жана социумду өнүктүрүүгө өзүнүн салымын кошуучу психологиялык жана социалдык бейпилдик абалы;
46) мажбурлап күбөлөндүрүү - жугуштуу ооруларды жугузуп алгандыгын адамдын макулдугусуз, сот же тергөө органдарынын чечими боюнча жүргүзүлүүчү медициналык текшерүү;
47) АИВ боюнча тесттен кийинки кеңеш берүү - АИВ боюнча тесттин жыйынтыктарын талкуулоо максатында психикалык-социалдык кеңеш берүү;
48) кургак учуктун болжолдонгон учуру - адамдын кургак учукка чалдыгуусунун симптомдору же белгилери (жөтөл, арыктоо, түнкүсүн тердөө жана дене табынын жогорулашы);
49) тузду таратуучулар - менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан тузду ташып келинүүчү же сатуучу юридикалык жана жеке жактар;
50) санитардык-карантиндик контроль - адамдын ден соолугу үчүн потенциалдуу кооптуу продукцияны (товарларды) ташып келүүнү, жугуштуу жана массалык жугуштуу эмес ооруларды (ууланууларды) ташып келүүнү, келип чыгышын жана таркап кетүүсүн болтурбоо максатында мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында, мамлекеттер аралык өткөрүүчү темир жол станцияларында же кошулган станцияларда адамдарга, транспорт каражаттарына жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) алынган продукцияга (товарларга) карата мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн (контролдун) түрү;
51) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги - жашоо чөйрөнүн факторлорунун адамга зыяндуу таасири болбогон жана анын турмуш-тиричилигинин жагымдуу шарттары камсыз кылынган адамдын жашоо чөйрөсүнүн, калктын саламаттыгынын абалы;
52) санитардык-эпидемиологиялык кырдаал - белгилүү бир аймакта белгилүү бир убакта калктын ооруп калуу деңгээли жана жашоо чөйрөсүнүн абалы;
53) алдын ала эмдөө сертификаты - адамдын алдын ала эмдөөлөрү катталган документ;
54) коомдун саламаттыгын сактоо кызматы - иши сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга жана жарандардын ден соолугун чыңдоого, калктын саламаттыгынын абалына мониторинг жүргүзүүгө, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алууга, санитардык-эпидемиологиялык бейпилдикке жана коомдун саламаттыгын сактоо боюнча кызмат көрсөтүүгө багытталган, менчигинин түрүнө карабастан коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарынын системасы;
55) социалдык-гигиеналык мониторинг - калктын саламаттыгынын абалына жана жашоо чөйрөсүнө байкоо жүргүзүүнүн, аларды талдоонун, ден соолук үчүн тобокелдиктерге баа берүүнүн жана божомолдоонун, ошондой эле калктын саламаттыгынын абалы менен жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун, анын ичинде өзгөчө кырдаалдарда, эпидемияларда, таасиринин ортосундагы себеп-натыйжалык байланыштарды аныктоонун мамлекеттик системасы;
56) социалдык аралык сактоо - адамдардын ортосундагы физикалык аралыкты алыстатуу аркылуу жугуштуу ооруларды токтотууга же таркап кетүүсүн басаңдатууга жана жакындан байланышуу санын азайтууга, адамдардын топтолуусун болтурбоого багытталган медикаментоздук эмес мүнөздөгү санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын комплекси;
57) социалдык мобилизация - жалпы максатка жетүү үчүн коомдун бардык негизги секторлору чогуу иштөөчү, пландаштырылган процесс;
58) ооруга байланыштуу стигматизация - белгилүү бир адам же жалпы мүнөздөмөлөрү бар адамдардын тобу менен белгилүү бир оору боюнча терс ассоциациясынын келип чыгышы, ушундай адамдарга карата бир тараптуулуктун, стереотиптердин, басмырлоонун жана сегрегациянын таркап кетүүсү жана/же алардын ооруга чалдыгуусуна байланыштуу өздөрүнүн статусун жоготуусу менен туюндурулат;
59) ден соолукту чыңдоо - адамдарга жана жамааттарга социалдык, экономикалык, экологиялык жана башка факторлордун, ошондой эле жашоо чөйрөнүн жана жашоо мүнөзүнүн ден соолукка тийгизген таасирин түшүнүүгө жана ден соолукту жакшыртуу максатында аларды контролдоону күчөтүүгө мүмкүндүк берүүчү процесс;
60) калктын аялуу топтору - оор турмуштук кырдаалга дуушар болгон жана/же эпидемиологиялык ыңгайсыз райондо жашаган жана/же тобокелдик тобуна кирген ооруга чалдыккан адамдардын топтору;
61) коомдун саламаттыгын сактоо кызматтарын көрсөтүү - жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптарын аткаруу боюнча алардын компетенциясынын алкагында жүзөгө ашырылуучу жана алардын укуктарын ишке ашырууга, мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандырууга же болбосо ушул Мыйзамды аткаруунун натыйжасында келип чыгуучу милдеттерди аткарууга багытталган коомдун саламаттыгын сактоо кызматтарынын ишинин натыйжасы;
62) ден соолук жана оорулардын келип чыгышы үчүн тобокелдик факторлору - оорунун пайда болуу ыктымалдыгын арттыруучу же адамдын саламаттыгынын абалына жагымсыз таасир тийгизүүгө алып келүүчү факторлор;
63) кант диабети боюнча тобокелдик факторлору - кант диабети боюнча оорлошкон тукум куучулук, ашыкча салмак, гипертониялык оору, салмагы 4,5 кг жогору болгон балдардын төрөлүшү;
64) калктын максаттуу топтору - оорунун келип чыгуусунун жана анын өөрчүшүнүн, өтүшүп кетишинин жана майыптуулукка, эрте өлүмгө алып келүүчү кесепеттеринин тобокелдиги жогору болгон адамдардын топтору;
65) ден соолуктун санарип паспорту - адамдын саламаттыгынын абалы жана ага көрсөтүлүүчү медициналык жардам жөнүндө санариптик саламаттык сактоо субъекттери тарабынан электрондук булактардан өмүр бою калыптандырылуучу, жеке жакка, ошондой эле саламаттык сактоо кызматкерлерине жеткиликтүү болгон коргоого алынган түзүмдөштүрүлгөн жеке медициналык маалыматтарды Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте топтоо;
66) эпидемиялык очок - жугуштуу ооруну айланасындагыларга жугузуу кооптуулугунун чегинде чектеш аймагы менен жугуштуу ооруну козгогучтун булагы чыккан жер;
67) профилактика - ден соолукту сактоого жана чыңдоого, оорулардын келип чыгышынын жана (же) таралышынын алдын алууга, аларды эрте табууга, алардын келип чыгышынын жана өөрчүшүнүн себептерин жана шарттарын аныктоого, ошондой эле адамдын ден соолугуна зыяндуу таасирлерди четтетүүгө багытталган иш-чаралардын комплекси.
5-берене. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары
Кыргыз Республикасында коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) саламаттык сактоонун алдын алууга багытталгандыгы жана калктын сергек жашоо мүнөзүнө берилүүсүн калыптандыруу;
2) коомдун саламаттыгын сактоо кызмат көрсөтүүлөрүнүн калыстыгынын жана жеткиликтүүлүгүнүн негизинде адамдардын ден соолугун коргоо жана чыңдоо үчүн шарттарды түзүү;
3) бүтүндөй калктын жашоо сапатын жана социалдык бейпилдик деңгээлин жогорулатуучу фактор катары психикалык жана физикалык ден соолукту чыңдоо;
4) ден соолукту коргоо жана чыңдоо чөйрөсүндө калктын керектөөлөрүнө ылайык коомдун саламаттыгын сактоону өнүктүрүү, коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарынын иштөөсү үчүн бирдей шарттарды түзүү;
5) оорулардын алдын алуу, ден соолукту коргоо жана чыңдоо маселелери боюнча объективдүү жана анык маалымат менен жарандарды камсыз кылуу;
6) бирдиктүү ден соолук принцибинин негизинде коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ишти координациялоо;
7) калктын активдүү катышуусу менен калктын саламаттыгын коргоо жана чыңдоо маселелерин чечүүдө коомдук жана башка уюмдардын кызматташтыгы жана өз ара аракеттенүүсү;
8) жарандардын сапаттуу, натыйжалуу, коопсуз дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга тартипке салынган жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
9) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чегинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке жактардын калктын саламаттыгынын абалы жана коомдун саламаттыгын сактоо боюнча көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты үчүн жоопкерчилиги;
10) өзүнүн жана башка адамдардын ден соолугун коргоо жана чыңдоо үчүн адамдын жана жарандын жоопкерчилиги;
11) калктын саламаттыгын коргоодо жана чыңдоодо юридикалык жана жеке жактардын экономикалык кызыкчылыгы;
12) профилактикалык иш-чаралардын илимий негиздүүлүгү;
13) коомдун саламаттыгын сактоону өнүктүрүү, ден соолукту чыңдоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын таркап кетүүсүн жана алардын кесепеттерин азайтууну башкаруу боюнча мамлекеттик, максаттуу жана региондук программаларды кабыл алуу;
14) эмгек мыйзамына жана пенсиялык жана социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык каралган тартипте жана шарттарда өзгөчө эмгек шарттарында (зыяндуу жана кооптуу эмгек шарттары) иштегендиги үчүн жеңилдиктерди жана компенсацияларды белгилөө;
15) эмгек мыйзамдарында жана саламаттык сактоо, социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте жана шарттарда жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларды кесиптик ооруларга киргизүү;
16) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө маалыматтык технологияларды ишке киргизүү жана өнүктүрүү;
17) адамдын саламаттыгынын абалы жана ага көрсөтүлүүчү медициналык жардам жөнүндө санариптик саламаттык сактоо субъекттери тарабынан электрондук булактардан өмүр бою түзүлүүчү, жеке жакка, ошондой эле саламаттык сактоо кызматкерлерине жеткиликтүү болгон түзүмдөштүрүлгөн жеке медициналык маалыматтарды коргоо;
18) менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарынын окуу программаларына ден соолукту чыңдоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу маселелери боюнча тематикалык бөлүмдөрдү киргизүү;
19) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө эл аралык кызматташуу.
6-берене. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү негизги принциптер
Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү негизги принциптер:
1) адамдын ден соолугун өмүр бою чыңдоо жана сактоо;
2) жарандардын коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү укуктарын сактоо жана ушул укуктар менен байланышкан мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу;
3) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө басмырлоого жана стигматизациялоого жол бербөө;
4) коомдун саламаттыгын сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө бирдей жеткиликтүүлүктү жана алардын сапаттуулугун камсыз кылуу;
5) коомдун саламаттыгын сактоо боюнча кызматтарды көрсөтүүдө баш тартууга жол берилбестик;
6) жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуунун артыкчылыгы;
7) дарыгерлик сырды сактоо;
8) коомдун саламаттыгын сактоо системасынын ачык-айкындуулугу, натыйжалуулугу жана отчеттуулугу.
2-глава. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары
7-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында коомдун саламаттыгын сактоо, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жана мамлекеттик кепилдиктерди ишке ашыруу;
2) Кыргыз Республикасынын жарандарынын коомдун саламаттыгын сактоо, коомдун саламаттыгын сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнү жогорулатуу чөйрөсүндө ден соолукту коргоого конституциялык укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу;
3) коомдун саламаттыгын сактоону өнүктүрүү, ден соолукту чыңдоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын таркап кетүүсүн жана алардын кесепеттерин азайтууну башкаруу боюнча улуттук, мамлекеттик, максаттуу программаларды кабыл алуу, каржылоо жана ишке ашырылышын контролдоо;
4) Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасын (мындан ары - МКП) кабыл алуу жана аны ишке ашырууну контролдоо;
5) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;
6) ЭМСЭни ишке ашырууда аткаруу бийлик органдарынын функцияларын аныктоо;
7) мамлекеттик коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарын башкаруу жана каржылоо принциптерин аныктоо;
8) коомдун саламаттыгын сактоону өнүктүрүү, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо;
9) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө маалыматтык технологияларды өнүктүрүү боюнча чараларды көрүү, каржылоо жана аларды ишке ашырууну контролдоо;
10) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылууга, жарандарга өзгөчө кырдаалдардагы, өзгөчө абалдагы жагдай жана көрүлүүчү чаралар жөнүндө маалымдоого багытталган чараларды ишке ашыруу;
11) Кыргыз Республикасынын аймагын жугуштуу оорулардын кирүүсүнөн жана алардын таркап кетүүсүнан санитардык коргоону камсыз кылуу жана анын жүзөгө ашыруу тартибин аныктоо;
12) ушул Мыйзамга жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга ылайык калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин, Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу оорулардын таркап кетүүсүн жана эпидемиологиялык кырдаалдын татаалдашына таасир этүү системасын камсыз кылууга мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартибин аныктоо;
13) турак жайларда жеке ишкерлер тарабынан көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуу шарттарынын коопсуздугу боюнча минималдуу санитардык талаптарды аныктоо;
14) Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу эмес оорулардын таралышына мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартибин аныктоо;
15) адамдын саламаттыгынын абалы жана ага көрсөтүлүүчү медициналык жардам жөнүндө санариптик саламаттык сактоо субъекттери тарабынан электрондук булактардан өмүр бою түзүлүүчү, жеке жакка, ошондой эле саламаттык сактоо кызматкерлерине жеткиликтүү болгон түзүмдөштүрүлгөн жеке медициналык маалыматтарды топтоо тартибин аныктоо;
16) калктын сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга көмөктөшүү;
17) келишимдин негизинде коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөр тартибин жана шарттарын аныктоо;
18) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүүдө климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу маселелерин эсепке алуу;
19) донордук кан менен акысыз камсыз кылууну уюштуруу.
8-берене. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары
1. "Коомдун саламаттыгын сактоо" багыты боюнча саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) коомдун саламаттыгын сактоону өнүктүрүү, оорулардын алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын таркап кетүүсүн жана алардын кесепеттерин азайтууну башкаруу боюнча мамлекеттик, максаттуу жана региондук программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
2) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды аткаруу боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын ишин координациялоо;
3) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
4) медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, коопсуздугун башкаруу системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
5) республиканын аймагына жугуштуу оорулардын кирүүсүнөн жана алардын таркап кетүүсүнан санитардык коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүүнү координациялоо;
6) санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнү жана жугуштуу оорулардын чыгышын, тамак-аштан ууланууларды өз убагында токтотуу жана жоюу боюнча эпидемияга каршы, профилактикалык иш-чараларды уюштурууну координациялоо;
7) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө;
8) коомдун саламаттыгын сактоо жана техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарынын аткарылышын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө (контролдоо);
9) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан маселелерди чечүүдө жана өзгөчө абал мезгилинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүгө катышуу;
10) тынч жана согуш мезгилинде коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү чараларды уюштуруу боюнча мобилизациялык даярдыкты жүзөгө ашыруу;
11) саламаттык сактоо чөйрөсүндө жарандык коргонууну ишке ашыруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
12) жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген чет өлкөлүк жактардын ишин координациялоо;
13) калк арасында жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын таркап кетүү деңгээлине, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугуна байкоо жүргүзүү, баа берүү жана божомолдоо;
14) Министрлер Кабинетинин кароосуна коомдун саламаттыгын сактоону өнүктүрүү, ден соолукту чыңдоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын таркап кетүүсүн жана алардын кесепеттерин азайтууну башкаруу боюнча сунуштарды киргизүү;
15) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө медициналык кадрларды даярдоо;
16) мамлекеттик коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарынын ишин координациялоо жана мониторинг жүргүзүү;
17) коомдун саламаттыгын сактоо боюнча кызмат көрсөтүү стандарттарын аныктоо;
18) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү иш-чараларга мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;
19) коомдун саламаттыгын сактоо системасын андан ары өнүктүрүүнү жана жакшыртууну камсыз кылуу;
20) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө эл аралык укуктун ченемдерине, эл аралык укук колдонуу тажрыйбасына талдоо жүргүзүү;
21) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө илимди жана жаңы технологияларды өнүктүрүүгө талдоо жүргүзүү;
22) Кыргыз Республикасынын жарандарында оорулардын алдын алуу, ошондой эле сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу.
2. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ЭМСЭ боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук координатору болуп саналат.
3. ЭМСЭ боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук координатору (мындан ары - Улуттук координатор) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте оорулардын эл аралык таркап кетүүсүна жол бербөө, алардан сактануу, аларга каршы күрөшүү жана коомдун саламаттыгын сактоо деңгээлинде жооптуу чараларды көрүү боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишин координациялайт жана ЭМСЭ маселелери боюнча эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер менен өз ара аракеттенет.
4. Улуттук координатордун жооптуу адамы кызмат орду боюнча Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы болуп саналат, анын Улуттук координатордун жооптуу адамы катары ыйгарым укуктары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
9-берене. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
1. Тиешелүү аймакта коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылуу;
2) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүдө коомдун саламаттыгын сактоону өнүктүрүү, оорулардын алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын таркап кетүүсүн жана алардын кесепеттерин азайтууну башкаруу боюнча мамлекеттик, максаттуу жана региондук программаларды ишке ашырууну камсыз кылуу;
3) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын макулдашылган ишин жана алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
4) мезгил-мезгили менен медициналык кароолорду жана алдын алуу иш-чараларын өткөрүү маселелери боюнча менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, жергиликтүү коомчулуктун саламаттык сактоо уюмдары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
5) (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6) коомдун саламаттыгын сактоонун жана калк үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн инфратүзүмдүк жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн инженердик, коммуналдык жана телекоммуникациялык инфратүзүмдү түзүү жана өнүктүрүү;
7) мамлекеттик коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарына акысыз негизде муниципалдык менчикти берүү;
8) сергек жашоо мүнөзүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана калк арасында оорулардын тобокелдик факторлорун азайтуу, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, жугуштуу оорулардын өзгөчө кооптуу түрлөрү жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
9) алгачкы медициналык-санитардык жардамды, санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чараларды жана вакцинациялоону уюштуруу маселелери боюнча калк арасында маалыматтык жана түшүндүрүү иштерин өткөрүү;
10) ыкчам биргелешкен чечимдерди кабыл алуу үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга учурдагы кырдаал жөнүндө маалымдоо;
11) коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
2. Тиешелүү аймакта коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүнү жана өнүктүрүүнү уюштуруу;
2) тиешелүү аймакта сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, калкты санитардык-гигиеналык агартуу боюнча иш-чараларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
3) санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чаралардын өз учурунда өткөрүлүшүн камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;
4) карантиндик-чектөө чараларынын өз учурунда өткөрүлүшүн камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;

6) (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Тиешелүү аймактын жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ара аракеттенүүдө ден соолукту чыңдоо, сергек жашоо мүнөзүн өнүктүрүү, ошондой эле коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө ден соолук үчүн жагымдуу айлана-чөйрөнү түзүү боюнча адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн инженердик, коммуналдык, телекоммуникациялык инфратүзүмдү жана шарттарды түзөт жана өнүктүрөт.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү ишке ашыруучу кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында коомдун саламаттыгын сактоо кызматынын ишин координациялайт;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында чектөөчү иш-чараларды (карантинди) киргизүү (жокко чыгаруу) жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
3) эпидемиялар, массалык, топтук уулануулар жана радиациялык авариялар келип чыккан учурда жана башка ушул сыяктуу учурларда алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүү жана башка чараларды көрүү зарылдыгы жөнүндө негизделген сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
4) өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында Кыргыз Республикасынын аймагында коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү иш-чараларды координациялоону жана алардын ишке ашырылышына контролдоону жүзөгө ашырат.
2. Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарынын статусуна ээ. Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачынын кызмат ордун жогорку медициналык билими, коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарда 7 жылдан кем эмес иш стажы бар, анын ичинде жетектөөчү кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес иштеген адам ээлей алат.
3. Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы жана административдик-аймактык бирдиктердин башкы мамлекеттик санитардык врачтары Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында аткарууга милдеттүү болгон токтомдорду белгиленген тартипте чыгарат жана төмөнкүдөй маселелер боюнча алардын аткарылышын контролдоону камсыз кылат:
1) тиешелүү административдик-аймактык бирдиктерде (өзүнчө объекттерде) чектөөчү иш-чараларды, анын ичинде карантинди киргизүү;
2) санитардык-эпидемиологиялык экспертизаларды, иликтөөлөрдү, текшерүүлөрдү, изилдөөлөрдү, сыноолорду жүргүзүү;
3) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү техникалык регламенттерди, ченемдик укуктук актыларды бузулуулар жоюлганга чейин адам өмүрүнө коркунуч жаралганда, жугуштуу оорулар жана массалык уулануулар келип чыкканда жана таркап кеткенде объекттин же анын бир бөлүгүнүн ишин токтото туруу;
4) техникалык регламенттердин талаптарына жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдер менен эрежелердин талаптарына шайкеш келбеген, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө алынууга тийиш болгон продукцияны (товарларды) алып коюу;
5) техникалык регламенттердин талаптарына жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдер менен эрежелердин талаптарына шайкеш келбеген, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө алынууга тийиш болгон продукцияны (товарларды) өндүрүүгө, жүгүртүүгө жана сатууга тыюу салуу;
6) адам өмүрүнө жана ден соолугуна кооптуу деп таанылган учурда биологиялык жана химиялык заттардын бардык түрлөрүн өндүрүүгө, колдонууга тыюу салуу;
7) мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) алынуучу ташып келинген продукцияны, товарларды санитардык-эпидемиологиялык кароодон өткөрүү.
4. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) алынуучу, белгиленген талаптарга шайкеш келбеген продукцияны, чийки затты ташып келүүгө (импорттоого), ташып чыгууга (экспорттоого) тыюу салуу маселеси боюнча токтом Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы тарабынан кабыл алынат.
5. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү ишке ашыруучу кызмат адамдары ушул Мыйзамдын жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарын жетекчиликке алат.
6. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жүзөгө ашырылуучу иш үчүн, алар кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү үчүн жеке жоопкерчилик алышат.
7. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү ишке ашыруучу кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте көзөмөлдөө объекттерине күбөлүктөрүн жана белгиленген үлгүдөгү жолдомосун көрсөтүп, ал эми өзгөчө кырдаалдарда, аварияларда же адам өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жаралган учурларда - белгиленген үлгүдөгү жолдомосун көрсөтпөстөн тоскоолсуз кирүүгө жана текшерүүгө;
2) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу маселелери боюнча документтештирилген маалымат алууга;
3) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан уюмдардан, жарандардан эпидемияга каршы иш-чараларды жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдер менен эрежелерди милдеттүү түрдө аткарышын талап кылууга;
4) санитардык-эпидемиологиялык иликтөөлөрдү жүргүзүүгө;
5) продукцияларды, чийки заттарды, жумушчу аймактын абасын, сууну, топуракты изилдөө үчүн сынамдарды белгиленген тартипте тандап алууну жүргүзүүгө, жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун санитардык эрежелерге шайкештигин аныктоо максатында ушундай факторлорду өлчөөнү жүргүзүүгө;
6) адам өмүрүнө коркунуч жаралганда, жугуштуу оорулар жана массалык уулануу келип чыкканда жана таркап кеткенде объекттин же анын бир бөлүгүнүн ишин техникалык регламенттердин, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын бузуулары жоюлганга чейин токтото турууга;
7) техникалык регламенттердин жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдер менен эрежелердин талаптарына шайкеш келбеген продукцияны жана азык-түлүк чийки затын алып коюу боюнча чечимдерди кабыл алууга;
8) белгиленген талаптарга шайкеш келбеген, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн контролуна алынган продукцияны ташып келүүгө (импорттоого), ташып чыгууга (экспорттоого) тыюу салууга;
9) санитардык-эпидемиологиялык ченемдер менен эрежелердин жана техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбеген продукцияны жана азык-түлүк чийки затын, товарларды өндүрүүгө, жүгүртүүгө жана сатууга тыюу салууга;
10) адам өмүрүнө жана ден соолугуна кооптуу деп таанылган учурда биологиялык жана химиялык заттардын бардык түрлөрүн өндүрүүгө, колдонууга тыюу салууга;
11) коомдун саламаттыгын сактоо жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкеш келбестик табылган учурда колдонулушун токтото туруу (токтотуу), продукциянын техникалык регламенттерге шайкештигин ырастоочу документтерди жараксыз деп таануу жөнүндө жазма буйруктарды берүүгө;
12) аткаруучу жумушунун же өндүрүштүн өзгөчөлүгүнө байланыштуу жугуштуу ооруларды козгогучтарды алып жүрүүчү жана жугуштуу оорулардын таркап кетүү булагы болушу ыктымал болгон адамдарды, ошондой эле медициналык текшерүүдөн же күбөлөндүрүүдөн өтпөгөн адамдарды иштен убактылуу четтетүү боюнча жазма буйруктарды берүүгө;
13) ташып келинүүчү продукцияны, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн контролуна алынган товарларды санитардык-эпидемиологиялык текшерүү жүргүзүүгө;
14) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын бузулгандыгы жөнүндө протокол түзүүгө жана аларды четтетүү жөнүндө санитардык жазма буйруктарды берүүгө;
15) санитардык-эпидемиологиялык бейпилдикти камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу табылган учурда айып түрүндө жаза колдонуу жөнүндө чараларды белгиленген тартипте көрүүгө, укук коргоо жана сот органдарына кайрылууга.
11-берене. Коомдун саламаттыгын сактоо кызматы
1. Менчигинин түрүнө карабастан коомдун саламаттыгын сактоо уюмдары санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чараларды, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алууну камсыз кылышат жана өткөрүшөт, сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга жана калктын саламаттыгын чыңдоого, жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун адамга зыяндуу таасиринин алдын алууга, коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө калкты гигиеналык жактан тарбиялоого жана агартууга көмөк көрсөтүшөт.
2. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнү жана контролдоону Кыргыз Республикасынын калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ишке ашырат.
3. Мамлекеттик коомдун саламаттыгын сактоо уюмдары Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачына отчет берүүчү шаарлардын жана райондордун мамлекеттик коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарын камтыган бирдиктүү системасын туюндурат.
4. Мамлекеттик коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарынын түзүмү жана иши саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат, буга анын ведомстволук бөлүмдөрү кирбейт, аларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу Министрлер Кабинетинин чечими менен ишке ашырылат.
5. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү медициналык кызматкерлерге ден соолукту коргоо жөнүндө мыйзамда каралган укуктар жана милдеттер жайылтылат.
12-берене. Коомдун саламаттыгын сактоо адистерин даярдоо
Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү адистерди даярдоо жана аларды даярдоонун сапатын башкаруу Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте ишке ашырылат.
3-глава. Жеке жана юридикалык жактардын коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери
13-берене. Адамдын жана жарандын коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү жалпы укуктары жана милдеттери
1. Ар бир адам төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ооруга байланыштуу адамдын кадыр-баркын кемсинтүүнү болтурбоочу сый-урматтуу жана гумандуу мамиледе болууга;
2) факторлору адамга зыяндуу таасирин тийгизбеген жагымдуу жашоо чөйрөсүнө;
3) врачты, менчигинин түрүнө карабастан коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарын эркин тандоого;
4) укуктары, учурдагы оорусунун мүнөзү жана коомдун саламаттыгын сактоо боюнча көрсөтүлүүчү кызматтар тууралуу маалыматтарды алууга;
5) оорулары жана алдын алуу чаралары жөнүндө анык маалыматтарды алууга;
6) санитардык-эпидемиологиялык кырдаал, жашоо чөйрөсүнүн абалы, продукциялардын сапаты жана коопсуздугу жөнүндө маалымат алууга;
7) калктын саламаттыгын коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү техникалык регламенттердин талаптарын аткарууга коомдук контролдоо жүргүзүүгө;
8) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарына калктын саламаттыгын коргоону жана чыңдоону камсыз кылуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
9) башка жарандар, жеке жана юридикалык жактар тарабынан коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуусунан улам, ошондой эле алдын алуу иш-чараларын аткарууда ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыянды жарандык мыйзамга ылайык толук көлөмүндө ордун толтуруп алууга;
10) объекттердин канааттандырбаган абалы, продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты маселелери боюнча коомдун саламаттыгын сактоо кызматынын уюмдарына арыздар (даттануулар) менен кайрылууга;
11) сергек жашоо мүнөзү, өмүр бою ден соолугун чыңдоо жана оорулардын алдын алуу жөнүндө маалыматтарды алууга.
2. Ар бир адам төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Мыйзамдын, саламаттык сактоо жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткарууга;
2) өзүнүн ден соолугуна, ошондой эле өз балдарынын ден соолугуна, аларга гигиеналык тарбия берүүгө жана окутууга кам көрүүгө;
3) башка жарандардын ден соолукту коргоого жана ден соолук үчүн жагымдуу жашоо чөйрөсүнө болгон укуктарын бузууга алып келүүчү иш-аракеттерди жасабоого;
4) коомдун саламаттыгын сактоо маселелери боюнча медициналык кызматкердин сунуштамаларын аткарууга.
14-берене. Иммунопрофилактиканы ишке ашырууда жарандардын укуктары жана милдеттери
1. Жарандар иммунопрофилактиканы ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) медициналык кызматкерлерден алдын ала эмдөөлөрдүн зарылдыгы, алардан баш тартуунун кесепеттери, мүмкүн болгон ИККТ жөнүндө толук жана объективдүү маалыматтарды алууга;
2) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында МКПга ылайык Алдын ала эмдөөлөрдүн календарына киргизилген акысыз алдын ала эмдөөлөрдү алууга;
3) менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында Алдын ала эмдөөлөрдүн календарына киргизилбеген акы төлөнүүчү алдын ала эмдөөлөрдү алууга;
4) МКПга ылайык жугуштуу оорулардын келип чыгуу жана таркап кетүү коркунучу болгондо, эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөрдү алууга;
5) акысыз медициналык кароодон өтүүгө, зарыл болгондо мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында алдын ала эмдөөлөрдүн алдында медициналык жактан текшерилүүгө;
6) ИККТ келип чыкканда саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдарында акысыз дарыланууга;
7) ИККТ келип чыкканда социалдык коргонууга;
8) эгерде башка ченемдик актыларда башкача каралбаса, алдын ала эмдөөлөрдөн баш тартууга.
2. Аткарылышы жугуштуу оорулар менен ооруп калуунун жогорку тобокелдиги менен байланышкан жана алдын ала эмдөөлөрдү милдеттүү жүргүзүүнү талап кылган жумуштардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Иммунопрофилактиканы жүзөгө ашыруучу медициналык кызматкерлерге саламаттык сактоону коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган укуктар жана милдеттер жайылтылат. Медициналык кызматкерлер эки күндүк мөөнөттө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү аймактык бөлүмүнө ата-энелердин жана аларды алмаштыруучу адамдардын Алдын ала эмдөөлөрдүн календарында каралган алдын алуучу эмдөөлөрдү баланын алуусунан атайылап баш тарткандыгы, ошондой эле ата-энелердин жана аларды алмаштыруучу адамдардын Алдын ала эмдөөлөрдүн календарында каралган алдын алуучу эмдөөлөрдү баланын алуусунан баш тарткандыгынын натыйжасында баланын ден соолугуна зыян келген учурлар жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдоого милдеттүү.
4. Иммунопрофилактиканы жүзөгө ашырууда жарандар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) медициналык кызматкерлердин эскертүүлөрүн жана сунуштамаларын аткарууга;
2) милдеттүү же сунушталган вакцинациялоого карата медициналык кызматкерлердин эскертүүлөрүн жана сунуштамаларын аткарууга;
3) алдын ала эмдөөлөрдөн баш тартууну жазуу жүзүндө ырастоого.
5. Алдын ала эмдөөлөрдөн баш тартуунун кесепеттерин көрсөтүү менен медициналык документтерге, анын ичинде электрондук форматта жазуу менен таризделет жана алдын ала эмдөөлөрдөн баш тарткан адам жана медициналык кызматкер тарабынан кол коюлат. Мындай баш тартууга кол коюудан баш тарткан учурда бул жөнүндө медициналык документтерге, анын ичинде электрондук форматта тиешелүү жазуу жүргүзүлөт жана медициналык кызматкер тарабынан кол коюлат.
6. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү балдарды коргоо боюнча чечимдерди кийин кабыл алуу үчүн ата-энелердин жана аларды алмаштыруучу адамдардын Алдын ала эмдөөлөрдүн календарында каралган алдын алуучу эмдөөлөрдү баланын алуусунан атайылап баш тартуу учурларын белгиленген тартипте балдар иштери боюнча комиссиялардын кароосуна киргизет.
7. Алдын ала эмдөөлөрдүн календарында каралган алдын алуучу эмдөөлөрдү баланын алуусунан атайылап баш тарткан ата-энелер жана аларды алмаштыруучу адамдар, баланын ден соолугуна зыян келтирилгенде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
8. Ата-энелер жана аларды алмаштыруучу адамдар Алдын ала эмдөөлөрдүн календарында каралган алдын алуучу эмдөөлөрдү баланын алуусунан атайылап баш тартканда, ошондой эле ата-энелер жана аларды алмаштыруучу адамдар алдын алуучу эмдөөлөрдү баланын алуусунан баш тарткандыгына байланыштуу баланын ден соолугуна зыян келгендиги табылган учурларда, медициналык кызматкерлер жоопкерчилик тартпайт.
15-берене. Адамдардын кургак учуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери
1. Кургак учук менен ооруган адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өздөрүнүн укуктары жана алардын ооруларынын мүнөзү жана дарылоонун колдонулуучу методдору жөнүндө маалыматтарды алууга;
2) алгачкы медициналык-санитардык жана адистештирилген медициналык жардамдын мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында МКПга ылайык дарыланууга;
3) кургак учукка каршы уюмга чакырууда же кеңешүүгө жөнөтүүдө - республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен акысыз (барыш-келиши) жол жүрүүгө;
4) кургак учук оорусунун кесепетинен эмгекке жарамдуулугун убактылуу жоготкондо - эмгек мыйзамдарына ылайык майыптык тобу аныкталганга чейинки же болбосо клиникалык айыкканга чейинки мөөнөткө иштеген ордунун жана ээлеген кызматынын сакталышына;
5) МКПга ылайык акысыз милдеттүү лабораториялык-диагностикалык текшерилип турууга;
6) ушул Мыйзамга ылайык кургак учук менен ооругандар жашаган жерлерде эпидемияга каршы иш-чараларга;
7) эгерде расмий түрдө жумушсуз болуп саналса, жумуш издөө мезгилине, анын ичинде эмгекке убактылуу жарамсыздык мезгилине калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жумушсуздук боюнча жөлөкпулга.
2. Профилактикалык дарыланып жаткан балдар мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында билим берүү программалары боюнча окууга укуктуу.
3. Кургак учук менен ооругандар менен байланышта болгон адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) айланасындагыларга кургак учук жугузуу тобокелдиги бар адамдарды аныктоо үчүн акысыз милдеттүү лабораториялык-диагностикалык текшерүүлөргө, ошондой эле саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу мезгилде медициналык жактан текшерилип турууга;
2) кургак учук менен ооругандар жашаган жерлерде алдын алуучу иш-чараларга.
4. Кургак учук менен ооруган адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) иш жүзүндө жашап жаткан жери боюнча саламаттык сактоо уюмдарында каттоого турууга;
2) турмуш-тиричиликте жана өндүрүштө жүрүм-туруму боюнча медициналык кызматкердин сунуштамаларын аткарууга;
3) медициналык кызматкердин чакыруусу боюнча саламаттык сактоо уюмуна келүүгө;
4) айланасындагы адамдарга кургак учук жугузуудан сактанууга, алар иш жүзүндө жашаган жерлерде эпидемияга каршы жана профилактикалоо иш-чараларын, ден соолукту чыңдоо боюнча чараларды жүргүзүүгө тоскоолдук кылбоого;
5) жашаган жерин алмаштырганда он күндүк мөөнөттө иш жүзүндө жашап жаткан жери боюнча саламаттык сактоо уюмдарында каттоого турууга.
5. Кургак учук менен ооруган адам менен байланышта болгон адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:

2) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу профилактикалык дарылануудан өтүүгө;
3) медициналык кызматкердин чакыруусу боюнча саламаттык сактоо уюмуна келүүгө.
16-берене. Жеке жактардын АИВ алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын жарандарына, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган же убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга төмөнкү укуктар берилет:
1) ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан коомдун саламаттыгын сактоо кызматынын уюмдарында АИВ боюнча ыктыярдуу, купуя, анонимдүү медициналык текшерилүүгө;
2) 14 жашка толгондон кийин мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугусуз АИВ боюнча ыктыярдуу жана купуя медициналык текшерилүүгө;
3) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте мамлекеттик же расмий тилде, ошол эле учурда чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам менен болгон учурда - зарыл болгондо башка тилде тестке чейинки жана тесттен кийинки психикалык-социалдык кеңеш алууга;
4) ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында АИВ менен байланыштуу ыктыярдуу, купуя медициналык байкоого;
5) профилактикалык программаларга катышууга жана профилактикалык каражаттарды, анын ичинде медициналык багыттагы буюмдарды алууга жана профилактикалык дарыланууга;
6) АИВ менен байланыштуу профилактика, диагностика чөйрөсүндө адистештирилген, квалификациялык медициналык жардам алууга;
7) АИВ жана профилактика чаралары жөнүндө анык маалыматтын кепилденген минимумун алууга.
2. АИВ менен жашаган адамдардын (АЖА) укуктары жана милдеттери:
1) АЖА төмөнкүлөргө укуктуу:
а) квалификациялык юридикалык жардам жана психикалык-социалдык кеңеш алууга;
б) сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын ишке ашырууга;
в) Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген атайын тизмекте белгиленген адистиктер боюнча жана кызмат орундарындагы ишти кошпогондо, тандап алган кесиби боюнча кесиптик билимге, квалификациясын өзгөртүүгө жана иштөөгө;
г) саламаттык сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө бирдей жеткиликтүүлүккө;
д) өлкөнүн ичинде тоскоолдуксуз жүрүүгө жана сыртка чыгууга;
2) АЖАнын милдеттери:
а) АЖА АИВнин башка адамдарга берилишин, анын ичинде АИВнин энеден балага берилишин алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү;
б) жашы жете элек, аракетке жөндөмсүз АЖАнын мыйзамдуу өкүлдөрү эпидемияга каршы, профилактикалык иш-чараларды сактоого, жашы жете элек, аракетке жөндөмсүз АЖА адистештирилген, квалификациялуу медициналык жардам алууда аларды тиешелүү түрдө багууну камсыз кылууга милдеттүү.
3. Дары каражаттарын сыноо, илимий изилдөө же окуу процесси, сүрөткө тартуу, видео же киного тартуу үчүн объект катары АЖАны тартуу алардын же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт.
4. АЖА бүткүл социалдык-экономикалык, саясий, жеке укуктарга жана эркиндиктерге толук ээ болушат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясында, жарандык, эмгек мыйзамдарында жана социалдык коргоо, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда бекитилген милдеттерге ээ.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган же убактылуу жүргөн жарандар, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарга ылайык милдеттерди аткарат.
17-берене. Юридикалык жактардын коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери
1. Юридикалык жактар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) санитардык-эпидемиологиялык кырдаал, жашоо чөйрөсүнүн абалы жөнүндө жана коомдун саламаттыгын сактоо маселелерин жөнгө салуучу актылар тууралуу маалымат алууга;
2) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
3) жарандар, башка жеке жана юридикалык жактар тарабынан санитардык мыйзамдарды бузуунун кесепетинен мүлкүнө келтирилген зыяндын, ошондой эле профилактикалык иш-чараларды аткарууда келтирилген зыяндын ордун толук көлөмдө толтуртууга.
2. Юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Мыйзамдын талаптарын, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актыларды аткарууга;
2) аткарылып жаткан жумуштардын, продукциялардын жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын адамдын ден соолугу үчүн коопсуздугун камсыз кылууга, өндүрүштүк контроль жүргүзүүгө;
3) продукциялардын жаңы түрлөрүнүн чыгышын, сапатын жана аларды жасоонун технологиясынын адамдын ден соолугу үчүн коопсуздугун ырастоочу документтерди белгиленген тартипте берүүгө;
4) калктын саламаттыгына коркунуч келтирүүчү авариялык жагдайлар, өндүрүштүн токтошу, технологиялык процесстердин бузулушу, экстремалдык жаратылыштык-климаттык кырдаалдар жөнүндө калкка, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдун саламаттыгын сактоо органдарына жана уюмдарына өз убагында маалымдоого;
5) иш-аракеттери тамак-аш азыктарын жана ичүүчү сууну чыгаруу, сактоо, ташуу жана сатуу, балдарды тарбиялоо жана окутуу, калкты коммуналдык жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө менен байланышкан кызматкерлердин медициналык кароодон өтүшүн жана аларды гигиеналык окутууну камсыз кылууга;
6) өзүнүн ишин жүзөгө ашырууда санитардык ченемдердин жана эрежелердин сакталышын, профилактикалык (санитардык) иш-чаралардын жүргүзүлүшүн контролдоого.
4-глава. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө мамлекеттин кепилдиктери
§ 1. Иммунопрофилактика чөйрөсүндө мамлекеттин кепилдиктери
18-берене. Иммунопрофилактика чөйрөсүндө мамлекеттик саясат
1. Иммунопрофилактика чөйрөсүндө мамлекеттик саясат жугуштуу оорулардын алдын алууга, таркап кетүүсүн чектөөгө жана жоюуга багытталган.
2. Иммунопрофилактика чөйрөсүндө мамлекет төмөндөгүлөргө кепилдик берет:
1) жарандар үчүн алдын ала эмдөөлөрдүн жеткиликтүүлүгүнө;
2) Алдын ала эмдөөлөрдүн календарына киргизилген алдын ала эмдөөлөрдү жана МКПга ылайык мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөрдү акысыз жүргүзүүгө;
3) ИККТда жарандарды социалдык жактан коргоого;
4) иммунопрофилактиканы ишке ашыруу үчүн мыйзамда белгиленген тартипте сертификатталган натыйжалуу вакциналарды колдонууга;
5) вакциналардын сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун мамлекеттик контролдоого;
6) иммунопрофилактика жана жаңы вакциналарды иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү илимий изилдөөлөрдү колдоого;
7) медициналык кызматкерлерди даярдоонун мамлекеттик билим берүү стандарттарына иммунопрофилактика маселелерин киргизүүгө;
8) статистикалык байкоо жүргүзүү системасын өркүндөтүүгө;
9) иммунопрофилактика чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык саясатты камсыз кылууга;
10) эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө.
3. Иммунопрофилактика чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну Министрлер Кабинети, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана жер-жерлерде аткаруу бийлигинин органдары камсыз кылат.
19-берене. ИККТ келип чыкканда жарандарды социалдык коргоо
1. ИККТ келип чыкканда жарандар эксперттик комиссиянын корутундусуна ылайык эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча мамлекеттик жөлөкпулдарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка жөлөкпулдарды алууга укуктуу.
2. Эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпулдар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарынан төлөнөт.
§ 2. Кургак учуктун алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттин кепилдиктери
20-берене. Кургак учуктун алдын алуу боюнча мамлекеттик саясат
1. Мамлекет төмөндөгүлөргө кепилдик берет:
1) кургак учукту өзгөчө иммунопрофилактикалоо;
2) кургак учук менен ооругандар менен байланышта болгон адамдарды медициналык текшерүү;
3) менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында амбулатордук жана стационардык шарттарда консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү;
4) профилактикалык дарылоо;
5) кургак учук менен ооруган адамдын ден соолугу жөнүндө маалымат берүү;
6) кургак учук менен ооруунун кесепетинен майыптык алган адамдарды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын жана кепилдиктерин коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
7) кургак учук менен ооруунун кесепетинен майыптык алган адамдарды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын жана кепилдиктерин коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо аркылуу уюмдарга ишке орноштуруу;
8) саламаттык сактоо уюмдарындагы, реабилитациялык борборлордогу же ден соолугу боюнча үй шартында жүргөн кургак учук менен ооруган балдарга мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү программалары боюнча окуу укугу.
2. Кургак учукка каршы профилактикалык жардам МКПга ылайык алгачкы медициналык-санитардык, кургак учукка каршы стационардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле коомдун саламаттыгын сактоо кызматынын уюмдары жана менчигинин түрүнө карабастан башка саламаттык сактоо уюмдары тарабынан төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:
1) Алдын ала эмдөөлөрдүн календарына ылайык кургак учукту өзгөчө иммунопрофилактикалоону жүргүзүү;
2) кургак учук менен ооруган адам менен байланышта болгон адамдарды медициналык текшерүү;
3) кургак учук менен ооруган адамдарга менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын амбулатордук жана стационардык шарттарында консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү;
4) кургак учук менен ооруган адамдарды профилактикалык дарылоо жана аларга МКПга ылайык акысыз дары-дармектик жардам көрсөтүү;
5) кургак учук менен болжолдуу ооруган адамдарга диагностикалык кызматтарды көрсөтүү.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кургак учуктун алдын алуу жана сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, калкка жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык тармактар аркылуу кургак учук жөнүндө маалымдоо, кургак учук жөнүндө калкка билим берүү үчүн иш-чараларды жүргүзүү, эмгекке жарамсыздарга, аз камсыз болгондорго жана калктын башка аялуу топторуна кирген кургак учук менен ооругандарга социалдык жардам көрсөтүү аркылуу кургак учуктун таркап кетүүсүн алдын алууга активдүү катышат.
21-берене. Кургак учук менен ооруну кесиптик ооруларга кошуу
Кургак учукка каршы жардам көрсөтүүчү медициналык жана башка кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аткарууда кургак учукту жугузуп алуусу кесиптик оорулардын категориясына кирет.
22-берене. Эмгек чөйрөсүндөгү жеңилдиктер
1. Кургак учукка каршы адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүчү медициналык жана башка кызматкерлер узактыгы 14 календардык күн болгон кошумча өргүү алууга, кызматтык маянасынын 30 пайызы өлчөмүндө эмгек акысына кошумча төлөм алууга укуктуу.
2. Өлкөдө же өзүнчө региондо кургак учук боюнча эпидемиологиялык өзгөчө кырдаал мезгилине Министрлер Кабинети, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан адамдардын кургак учук менен ооруп калган учурларын өз убагында аныктагандыгы үчүн медициналык кызматкерлерди материалдык сыйлоо чаралары колдонулат.
§ 3. АИВнин алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттин кепилдиктери
23-берене. АИВнин алдын алуу боюнча мамлекеттик саясат
1. Мамлекет тарабынан төмөнкүлөргө кепилдик берилет:
1) АИВнин алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды жүргүзүүгө;
2) калкка АИВ маселелери боюнча үзгүлтүксүз анык маалыматтарды, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу берип турууга;
3) билим берүү уюмдарынын окуу программаларына АИВ маселелери боюнча тематикалык бөлүмдөрдү киргизүүгө;
4) медициналык кызматтарды көрсөтүүдө инфекциялык контролдоо чараларын камсыз кылууга;
5) мамлекеттик жана расмий тилдерде тестке чейинки жана тесттен кийинки психикалык-социалдык кеңеш берүү менен АИВ боюнча медициналык текшерүүгө жеткиликтүүлүккө;
6) акысыз анонимдүү медициналык текшерүүгө;
7) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу калктын негизги, максаттуу жана аялуу топторунун арасында АИВ боюнча акысыз медициналык текшерүүгө;
8) АИВ боюнча медициналык текшерүү жана күбөлөндүрүү фактысы жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтардын купуялуулугуна;
9) МКПга ылайык саламаттык сактоо уюмдарында АЖАны профилактикалык дарылоонун бардык түрлөрүнө акысыз жана жеңилдетилген шарттарда жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга;
10) социалдык коргоо жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык АЖАны жана АИВден жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан коргоого;
11) саламаттык сактоонун мамлекеттик же муниципалдык уюмдарында медициналык жардам көрсөтүүдө АИВни жугузуп алган 18 жашка толгон адамдарга, ошондой эле балдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө белгиленген тартипте акчалай компенсация төлөп берүүгө;
12) АИВни жугузуп алуу тобокелдигине ээ медициналык персоналды жана башка адистерди эмгектин коопсуз шарттары жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылууга;
13) АИВ маселелери боюнча чараларды ишке ашыруу үчүн адистерди даярдоого;
14) АИВ маселелери боюнча илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө;
15) АИВ маселелерин чечүүгө багытталган коомдук жана кайрымдуулук иштерине көмөк көрсөтүүгө;
16) эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, АИВ боюнча эл аралык программалардын алкагындагы үзгүлтүксүз маалымат жана тажрыйба менен алмашууга;
17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик социалдык заказ аркылуу ден соолукту чыңдоо жана АИВнин алдын алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алууда анонимдүүлүккө;
18) АИВ боюнча жүзөгө ашырылып жаткан иш-чаралардын ачык-айкындыгын камсыз кылууга;
19) саламаттык сактоонун мамлекеттик же муниципалдык уюмдарында медициналык жардам көрсөтүү менен байланыштуу АИВни жугузуп алган күнгө карата 18 жашка толо элек адамдарга баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу үчүн бөлүнүүчү билим берүү гранттары (кабыл алуу квоталары) берилет.
2. АИВ маселелери боюнча, анын ичинде АИВ маселелери боюнча мамлекеттик, максаттуу жана региондук программаларга катышуу чараларын жүзөгө ашырууга менчигинин түрүнө карабастан уюмдар, анын ичинде эл аралык уюмдар, ошондой эле белгиленген тартипте түзүлгөн келишимдердин негизинде жеке адамдар жана чет өлкөлүк жарандар катыша алышат.
3. АЖАга төмөнкүлөргө жол берилбейт:
1) Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тизмек менен белгиленген кесиптик иштин айрым түрлөрүнөн тышкары, АИВ боюнча байланыштуу эмгек келишимин түзүүдөн баш тартууга же болбосо аны токтотууга;
2) менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында жана саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүлөрдү алуудан баш тартууга.
24-берене. АИВге чалдыккан балдарды социалдык коргоо
1. АИВ диагнозу коюлган 18 жашка чейинки курактагы балдар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар деп таанылат.
2. АИВге чалдыккан балдарга катталган учурдан тартып, ал эми АИВге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга төрөлгөндөн тартып 18 айга толгонго чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик жөлөкпул белгиленет.
3. АИВге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар бир жашка чыкканга чейин республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен эне сүтүн алмаштыруучу азыктар менен камсыз кылынат.
4. АИВге чалдыккан 18 жаштан ашкан адамдар медициналык-социалдык эксперттик комиссиядан жалпы негиздерде текшерүүдөн өтөт.
5. АИВге чалдыккан, менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында, реабилитациялык борборлордо же ден соолугуна байланыштуу үй шартында жүргөн балдар белгиленген билим берүү стандарттарына жана программаларына ылайык орто билим берүү мектебинин жана баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча окууга укуктуу.
6. АИВге чалдыккан балдарды менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарына жана санаториялык-ден соолукту чыңдоо мекемелерине кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.
25-берене. АЖАны жана АИВден жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо
1. АИВ жугузган күнгө карата 18 жашка толгон адамдарга, ошондой эле 18 жашка толо элек балдардын ата-энелерине (ата-энелерин алмаштыруучу адамдарга) мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жардам көрсөтүүдө АИВ жуккан учурда бир жолку акчалай компенсация төлөнөт. Бир жолку акчалай компенсацияны төлөө тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Бир жолку акчалай компенсациянын өлчөмү 1000 эсептик көрсөткүчтөн төмөн болушу мүмкүн эмес.
2. Майыптык белгиленген АЖА адамдарга майыптык боюнча пенсия, ал эми пенсия менен камсыз кылууга укугу жок болгондо, социалдык коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык социалдык жөлөкпул дайындалат.
3. 14 жашка чейинки АЖА балдардын ата-энелеринин бири же болбосо аны иш жүзүндө багып жаткан адам эмгек мыйзамдарында, социалдык коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпул төлөө менен стационарларда бирге болууга укуктуу.
26-берене. АИВни кесиптик ооруларга кошуу
1. Медициналык, фармацевттик, социалдык же башка кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аткарууда АИВни жугузуп алуусу кесиптик оорулардын категориясына кирет.
2. Аталган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдө жеңилдиктер берилет жана бир жолку мамлекеттик жөлөкпул төлөнөт.
3. Менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары медициналык кызматкерлерди медициналык кызматтарды көрсөтүүдө зарыл болгон коргоо каражаттары менен камсыз кылууга жана АИВни жугузууну аныктоо максатында аларды системалуу түрдө текшерип турууга милдеттүү.
4. Менчигинин түрүнө карабастан иш берүүчүлөр өз кызматкерлерин АИВ жөнүндө маалыматтар жана зарыл болгондо жумуш ордунда коргонуу чаралары менен камсыз кылууга милдеттүү.
27-берене. Эмгек жаатындагы жеңилдиктер
АЖАга медициналык, социалдык жана башка жардам көрсөтүп, АИВни лабораториялык диагностикалоо, оору жуккан материалдарды пайдалануу менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн, диагностикалоо үчүн биологиялык препараттарды өндүргөн, ошондой эле дарылаган жана алдын алган кызматкерлерге эмгек акысына кошумча акы белгиленет, Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Өндүрүштөрдүн, иштердин, кесиптердин жана кызмат орундарынын тизмегине ылайык ар жылы кошумча өргүүгө чыгууга укук берилет.
5-глава. Калктын саламаттыгын чыңдоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу
§ 1. Калктын саламаттыгын чыңдоо жана ооруларды профилактикалоону жүргүзүү
28-берене. Сергек жашоо мүнөзү
1. Адамдардын, жергиликтүү жамааттардын жашоо мүнөзүнүн жагымдуу өзгөрүүлөрүнө, ден соолукту сактоого, чыңдоого жана тобокелдик факторлорунун таасирин азайтууга өбөлгө түзүүчү жагымдуу чөйрөнү түзүүгө умтулуусун калыптандыруу жана колдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) сергек жашоо мүнөзүн сактоонун жүйөлөрүн, шарттарын түзүүнү, тийиштүү билгичтиктерди жана көндүмдөрдү иштеп чыгууну, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнү;
2) ден соолукту чыңдоо жана сергек жашоо мүнөзүнүн көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча программаларды билим берүү системасына киргизүүнү;
3) калктын саламаттыгын чыңдоо боюнча программаларды ишке ашырууга катышууну;
4) психикалык саламаттыкты чыңдоону жана психикалык саламаттыкка, психикалык жактан ооругандарга карата коомдун терс мамилесин өзгөртүүнү.
2. Сергек жашоо мүнөзүн киргизүү жана ден соолукту чыңдоо боюнча иш-чаралар менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат, коомдун саламаттыгын сактоо кызматы тарабынан координацияланат.
3. Профилактикалык жана ден соолукту чыңдоо боюнча иш-чаралар калктын бардык топторуна карата өмүр бою жүргүзүлөт жана жыныс курактык, психологиялык жана социалдык аспекттерди эске алат.
29-берене. Социалдык мобилизациялоо жана маалыматтык камсыз кылуу
Калктын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо маселелери боюнча социалдык мобилизациялоо Кыргыз Республикасынын калкынын арасында сергек жашоо мүнөзү маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана билимдерди сиңирүү жана жугуштуу, жугуштуу эмес оорулардын тобокелдик факторлорун кыскартуу максатында жүргүзүлөт.
30-берене. Калктын саламаттыгын сактоого жана чыңдоого жергиликтүү жамааттардын, коомдук уюмдардын катышуусу
Жергиликтүү жамааттар, менчигинин түрүнө карабастан коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү уюмдар, медициналык, ветеринардык, фармацевтикалык, кесиптик бирликтер, экологиялык жана башка коомдук бирикмелер өздөрүнүн уставдарына жана башка уюштуруу документтерине ылайык калктын саламаттыгын сактоо, чыңдоо жана коопсуз жашоо чөйрөсү маселелерин чечүүгө катыша алат.
31-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүү
Телерадиокомпаниялар, басма жана электрондук басылмалар ден соолукту сактоо жана чыңдоо проблемаларын келишимдердин негизинде чагылдырат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык программаларды, роликтерди жана ар кандай материалдарды жайгаштыруу үчүн эфирдик убакыт берет.
32-берене. Скринингдик изилдөөлөр
1. Скринингдик изилдөөлөр ооруларды эрте стадияларында аныктоо жана оорулардын, оорулардын келип чыгышына түрткү болгон тобокелдик факторлорунун өрчүшүнүн алдын алуу, калктын саламаттыгын калыптандыруу жана чыңдоо максатында калктын негизги жана максаттуу топтору арасында жүргүзүлөт.
2. Скринингдик изилденүүгө тийиш болгон адамдардын максаттуу жана негизги топтору Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу скринингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү тартибинде, көлөмдө жана мезгилде скринингдик изилдөөлөрдөн өтүүгө тийиш.
3. Жүргүзүлгөн скринингдик изилдөөлөрдүн жыйынтыктары ушул изилдөөлөрдү жүргүзгөн, менчигинин түрүнө карабастан, саламаттык сактоо уюмдары тарабынан саламаттыктын санарип паспортуна жана медициналык маалымат системасына киргизилет.
4. Иш берүүчүлөр МКПнын жана/же кызматкерлерди кошумча колдоо чараларынын алкагында ушул кароодон өтүүгө тийиш болгон адамдардын скринингдик изилдөөдөн өтүүсү үчүн шарттарды түзөт, ошондой эле эмгек мыйзамдарына ылайык жумуш ордун (кызмат ордун), орточо эмгек акысын сактоо менен жумуш мезгилинде текшерүүдөн өтүүсү үчүн кызматкерлерди иштен тоскоолдуксуз коё берет.
5. Скринингдик изилдөөлөрдүн өз убагында болушу жана сапаты саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан контролдонот.
33-берене. Динамикалык байкоо
1. Динамикалык байкоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте МКПнын алкагында алгачкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде өнөкөт оорулары бар бейтаптарга жүргүзүлөт.
2. Динамикалык байкоого алынууга жаткан өнөкөт оорулардын тизмеги саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
3. Жумушу зыяндуу шарттар жана кызматкерлердин ден соолугуна залал келтирүү мүмкүндүгү менен байланышкан, өзүнүн ишин саламаттык сактоо уюмдарында жүргүзгөн медициналык, фармацевтикалык жана башка кызматкерлер аталган уюмдун каражаттарынын эсебинен динамикалык байкоодон өтүүгө укуктуу.
34-берене. Билим берүү системасында оорулардын алдын алуу
1. Билим берүү системасында оорулардын алдын алуу балдардын жана жаштардын саламаттыгын чыңдоого, алардын ден соолугун сактоого жана балдар менен жаштардын саламаттыгына динамикалык байкоо жүргүзүүгө, алардын арасында башка профилактикалык иш-чараларын жүргүзүүгө багытталган.
2. Балдардын жана жаштардын саламаттыгын сактоо жана ооруларын алдын алуу боюнча иш-чараларга төмөнкүлөр камтылат:
1) менчигинин түрүнө карабастан түздөн-түз билим берүү уюмдарында жана билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке адамдарда (жеке ишкерлерде), анын ичинде адистердин көчмө бригадаларын тартуу менен скринингдик изилдөөлөрдү, милдеттүү профилактикалык медициналык кароолорду жүргүзүү;
2) окуу мезгилинде жана каникул убагында ден соолукту чыңдоо иш-чараларын уюштуруу;
3) билим берүү уюмдарында жана билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке адамдарда (жеке ишкерлерде) ден соолукту чыңдоого, сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга, оорулардын алдын алууга, туура тамактануу принциптерин киргизүүгө жана сактоого, репродуктивдик ден соолукту коргоого багытталган ден соолукту сактоочу технологияларды киргизүү;
4) психикалык саламаттыкты сактоо, тамеки буюмдарын, психикалык-активдүү заттарды медициналык эмес колдонуу, ошондой эле кумар оюндарына патологиялык берилип кетүү менен пайда болгон суицид жүрүм-турумунун жана көз карандылыктын алдын алуу;
5) балдарды жана жаштарды профилактикалык кароолордун жыйынтыгы боюнча тереңдетилген медициналык текшерүүгө жөнөтүү;
6) Алдын ала эмдөөлөрдүн календарына ылайык вакцинациялоо;
7) балдардын жана жаштардын арасында оорулардын алдын алуу, сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоо жана калыптандыруу боюнча окутуу семинарларын, тренингдерди жана лекцияларды уюштуруу жана өткөрүү;
8) билим берүү жана маалыматтык-түшүндүрүү программаларын жана иш-чараларды жүргүзүү менен балдардын жана жаштардын ден соолугун коргоого менчигинин түрүнө карабастан ата-энелерди жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин жана билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке жактардан (жеке ишкерлерден) тартуу;
9) санитардык эрежелердин жана инфекциялык контролдун талаптарын сактоо;
10) медициналык тез жардам көрсөтүүчү медициналык кызматкерлер келгенге чейин шашылыш абалда алгачкы жардам көрсөтүү.
3. Профилактикалык медициналык жардамды уюштуруу МКПнын алкагында баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат, алардын тейлөө аймагында билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү билим берүү уюмдары жана жеке жактар (жеке ишкерлер) жайгашкан.
4. Профилактикалык медициналык жардамдын ишин уюштуруу саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу тартипте билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү жана коомдун саламаттыгын сактоонун мамлекеттик уюмдары менен биргеликте жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылат.
§ 2. Иммунопрофилактика
35-берене. Иммунопрофилактикалоо чөйрөсүндөгү иштин уюштуруучулук негиздери
1. Кыргыз Республикасында иммунопрофилактикалоо саламаттык сактоо уюмдары, анын ичинде коомдун саламаттыгын сактоонун мамлекеттик уюмдары тарабынан жүргүзүлөт.
2. Коргоо, чек ара кызматы, улуттук коопсуздук, ички иштер, жаза аткаруу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын системаларында жана башка аскердик түзүлүштөрдө иммунопрофилактикалоо ведомстволук медициналык кызмат тарабынан ишке ашырылат.
36-берене. Алдын ала эмдөөлөрдүн календары
Алдын ала эмдөөлөрдүн календары башкарылуучу жугуштуу ооруларга каршы пландуу алдын ала эмдөөлөрдү камтыйт. Пландуу алдын ала эмдөөлөр Алдын ала эмдөөлөрдүн календарында белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына жасалат.
37-берене. Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөр
1. Жугуштуу оорулардын келип чыгуу жана таркап кетүү коркунучу болгондо, жарандарга эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөр жүргүзүлөт.
2. Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүү жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачы, облустардын, шаарлардын жана райондордун башкы мамлекеттик санитардык врачтары, ал эми Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, ички иштер, жаза аткаруу, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын уюмдарында - тийиштүү медициналык-санитардык кызматтын башчылары кабыл алат.
3. Кан аркылуу берилүүчү вирустук гепатиттерге каршы эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөр жарандарга Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жасалат.
38-берене. Алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүүгө талаптар
1. Алдын ала эмдөөлөр жарандарга менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында жасалат.
2. Алдын ала эмдөөлөрдүн календарынын алкагында жана эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөр жарандарга мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында жасалат.
3. Алдын ала эмдөөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жарандардын, жашы жете электердин жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган жарандардын ата-энелеринин же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен жүргүзүлөт.
4. Алдын ала эмдөөлөр медициналык терс көрсөткүчтөргө ээ болбогон жарандарга жасалат.
5. Алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөтү, тартиби, каттоо жана ага карата талаптар, ошондой эле медициналык документтердин жана алдын ала эмдөөлөрдүн сертификатынын формалары саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
39-берене. Вакциналарга талаптар
1. Иммунопрофилактика үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган ата мекендик жана чет өлкөлүк вакциналар пайдаланылат.
2. Иммунопрофилактика үчүн пайдаланылуучу вакциналар милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш.
3. Иммунопрофилактика үчүн арналган вакциналарды дарыкана уюмдарында сатууга тыюу салынат.
40-берене. Вакциналарды сактоо жана ташып келүү
1. Вакциналарды сактоо жана ташып келүү санитардык эрежелердин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Вакциналарды сактоону жана ташып келүүнү контролдоо коомдун саламаттыгын сактоонун мамлекеттик уюмдары тарабынан жүргүзүлөт.
41-берене. Вакциналарды мамлекеттик контролдоо
Иммунопрофилактика үчүн пайдаланылуучу вакциналардын сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун мамлекеттик контролдоону Министрлер Кабинети тарабынан вакциналарды контролдоого ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
42-берене. Вакциналар менен камсыз кылуу
1. Пландуу алдын ала эмдөөлөрдүн календарына киргизилген алдын ала эмдөөлөрдү жана эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарын вакциналар менен камсыз кылуу коомдун саламаттыгын сактоонун мамлекеттик уюму аркылуу саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
2. Вакциналар менен өз убагында камсыз кылуу жана Пландуу алдын ала эмдөөлөрдүн календарына киргизилген алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жылдык керектөөдөн 6 айдан кем эмес көлөмдө вакциналардын мамлекеттик резервдик запасы түзүлөт.
3. Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча эмдөөлөрдү жүргүзүүгө каражаттарды түзүү жана чыгымдоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
43-берене. Иммунопрофилактика чөйрөсүндөгү мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүү
1. Алдын ала эмдөөлөр, ИККТ, алдын ала эмдөөлөрдөн баш тартуу учурлары жөнүндө маалыматтар мамлекеттик статистикалык эсепке алынууга тийиш.
2. Алдын ала эмдөөлөр, ИККТ, алдын ала эмдөөдөн баш тартуу учурлары жөнүндө маалыматтар медициналык документтерде жана алдын ала эмдөөлөрдүн сертификаттарында катталууга тийиш.
§ 3. Жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу
44-берене. Жугуштуу эмес оорулардын жана жаракаттардын алдын алуу
Калк арасында жугуштуу эмес оорулардын жана жаракаттардын алдын алууну төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:
1) ден соолук үчүн жана оорулардын келип чыгышы үчүн тобокелдиктин жүрүм-турумдук факторлорунун алдын алуу жана сергек жашоо мүнөзүн, туура тамактанууну пропагандалоо жолу аркылуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле оорулардын алдын алуу маселелери боюнча окутуу программаларын киргизүү менен жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калкка маалымат берүү;
2) алгачкы медициналык-санитардык жардамдын жана коомдун саламаттыгын сактоонун адистери тарабынан калк арасында жугуштуу эмес оорулар менен оорунун, жаракат алуунун абалына, ден соолук үчүн тобокелдик факторлоруна жана ооруларды азайтуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу менен алардын келип чыгышына мониторинг жүргүзүү жана талдоо;
3) калктын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо боюнча координацияланган көп секторлуу иш-чараларды жүргүзүү;
4) жугуштуу эмес ооруларды, кокустан болгон кырсыктарды жана жаракаттарды профилактикалоо боюнча мамлекеттик, улуттук, максаттуу жана башка программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
5) скринингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү, калктын эрте кайрылуусуна дем берүү, калкты профилактикалык, анын ичинде милдеттүү, медициналык кароодон өткөрүү аркылуу жугуштуу эмес өнөкөт оорулары бар адамдарды аныктоо;
6) өнөкөт оорулары бар адамдарга динамикалык байкоо жүргүзүү жана өз убагында дарылоо, анын ичинде МКПга ылайык Кыргыз Республикасынын айрым категориядагы жарандарын амбулатордук дарылык камсыз кылуу;
7) Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу эмес оорулардын таралышына эпидемиологиялык көзөмөлдү жана ооруга чалдыгуунун, майыптуулуктун жана өлүмгө учуроонун көрсөткүчтөрүнүн өсүшүнө таасир этүү системасын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашыруу.
45-берене. Психикалык активдүү заттарга көз карандылыктын алдын алуу
1. Психикалык активдүү заттарды колдонуу менен пайда болгон психиканын бузулушун кесепеттеринин алдын алуу өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ден соолукту сактоого жана аны чыңдоого, социалдык бейпилдикке болгон далалатка өбөлгө түзүүчү турмуштук көндүмдөрдү калыптандыруу;
2) психикалык активдүү заттарды колдонуунун кесепеттери жөнүндө маалымдоого илимий-негизделген методдорду жана ыкмаларды түзүү;
3) кризистик кырдаалдарда жаштарды колдоо системасын уюштуруу;
4) психикалык активдүү заттарды колдонуу менен пайда болгон бузулуулары бар адамдардын арасында кесепеттерди азайтууга багытталган зыянды төмөндөтүү боюнча программаларды кошуп алганда алдын алуучу программаларга жетүүнү камсыз кылуу;
5) психикалык активдүү заттардын зыяны, ошондой эле аларды колдонуунун медициналык-социалдык-укуктук аспекттери жөнүндө маалымдуулукту арттыруу жана билимдерди сиңдирүү берүү калыптандыруу;
6) баңги каражаттарын, психикалык активдүү заттарды жана алардын аналогдорун жарнамалоого, анын ичинде иштеп чыгуу, даярдоо жана пайдалануу ыкмалары, методдору, аларды сатып алуу, өндүрүү жана таратуу жайлары жөнүндө маалыматтарга тыюу салуу;
7) жарандарга Министрлер Кабинети аныктаган тартипте кан аркылуу берилүүчү вирустук гепатиттерге каршы эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөрдү жасоо;
8) АИВнин, кан аркылуу берилүүчү вирустук гепатиттердин алдын алуу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу.
2. Психикалык активдүү заттарды колдонуу менен психикасы бузулган жана алардын кесепеттери тийген адамдарга алдын алуу жана психикалык-социалдык жардам берүү төмөнкүлөр тарабынан камсыз кылынат:
1) менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары;
2) жаза аткаруу системасынын медициналык-санитардык кызматтары;
3) коммерциялык эмес уюмдар.
46-берене. Онкологиялык шишиктердин алдын алуу
Онкологиялык шишиктердин алдын алуу төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:
1) ден соолук үчүн тобокелдүү жумушка кирүүдө милдеттүү профилактикалык медициналык текшерүүлөрдү жүргүзүү;
2) онкологиялык патологияга шектенүүнү (онкологиялык этияттануу) жараткан симптомдорду болтурбоо үчүн балдарга жана чоң курактагы калктын максаттуу топторундагы адамдарга өз убагында динамикалык байкоо жүргүзүү;
3) онкологиялык оорулардын келип чыгуу тобокелдиги факторлору жөнүндө калк арасында санитардык-агартуу иштерин жүргүзүү;
4) онкологиялык шишиктердин өөрчүшү менен күчөп кетүүсү мүмкүн болгон ооруларды өз убагында дарылоо;
5) рактын таркап кеткен түрлөрүн эрте диагностикалоо жана скринингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү;
6) профилактикалык вакцинациялоо жүргүзүү.
47-берене. Кант диабетин алдын алуу
1. Кант диабетинин алдын алуунун баштапкы объекттери болуп кант диабети тобокелдиги факторлору бар Кыргыз Республикасынын бардык жарандары эсептелет.
2. Калк арасында кант диабетин алдын алуу төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:
1) Министрлер Кабинети аныктаган тартипте эрте диагностикалоо жана скринингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү;
2) калктын максаттуу топторунун арасында милдеттүү профилактикалык медициналык текшерүүлөрдү жүргүзүү;
3) кант диабетине шектенүүнү жараткан симптомдорду болтурбоо үчүн балдарга жана чоң курактагы калктын максаттуу топторундагы адамдарга өз убагында динамикалык байкоо жүргүзүү;
4) калк арасында кант диабети тобокелдиги факторлору жана анын алдын алуу, туура тамактануу, ден соолукту чыңдоо жөнүндө санитардык-агартуу, маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
48-берене. Жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу
1. Жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу жүрөк-кан тамыр ооруларынын келип чыгышынын жана таркап кетүүсүнын алдын алуу жана аларды эрте аныктоону камсыз кылуу, сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу жана айлана-чөйрөнүн терс таасирлеринен коргоо үчүн шарттарды түзүү, сергек жашоо мүнөзүнө шыктандыруу, жүрөк-кан тамыр ооруларынын келип чыгуу тобокелдиги факторлорунун таасирин азайтуу максатында ишке ашырылат.
2. Жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу төмөнкү жолдор менен жүзөгө ашырылат:
1) тобокелдик факторлору жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу жөнүндө, сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу жана айлана-чөйрөнүн терс таасиринен коргоо, жүрөк-кан тамыр ооруларынын келип чыгышына тобокелдик факторлорунун таасирин азайтуу боюнча чаралар жөнүндө калк арасында санитардык-агартуу, маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
2) сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, калктын саламаттыгын чыңдоо жана айлана-чөйрөнүн терс таасиринен коргоо, калк арасында жүрөк-кан тамыр ооруларынын келип чыгышына тобокелдик факторлорунун таасирин азайтуу үчүн инженердик, коммуналдык жана телекоммуникациялык инфратүзүмдү түзүү жана өнүктүрүү;
3) МКПнын алкагында баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптарга саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте динамикалык байкоо жүргүзүү;
4) эрте диагностикалоону жана скринингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү;
5) калктын максаттуу топторунун арасында милдеттүү профилактикалык медициналык кароолорду жүргүзүү;
6) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саламаттык сактоо уюмдарынын, билим берүү уюмдарынын жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жеке жактардын (жеке ишкерлердин), жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосунда сергек жашоо мүнөзүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана калк арасында жүрөк-кан тамыр ооруларынын тобокелдик факторлорун минималдаштыруу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү.
§ 4. Кургак учуктун алдын алуу
49-берене. Кургак учукка каршы иш-чаралар жана аларды жүргүзүү принциптери
1. Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы иш-чаралар (санитардык-ден соолукту чыңдоо, эпидемияга каршы, алдын алуу, диагностикалык) ушул Мыйзамда, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде жана аларда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
2. Кургак учуктун алдын алуу Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган бардык жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн акысыз, жалпыга жеткиликтүүлүк жана бирдей мүмкүнчүлүктөр принциптеринде жүзөгө ашырылат.
3. Кургак учуктун алдын алуу төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жаңы төрөлгөндөрдү кургак учукка каршы вакцинациялоону - ал милдеттүү болуп саналат жана ушул Мыйзамга ылайык Алдын ала эмдөөлөрдүн календарында белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүлөт;
2) МКПга ылайык жүргүзүлүүчү профилактикалык дарылоо;
3) кургак учук менен ооругандар менен байланышта болгон адамдарды медициналык текшерүү;
4) тобокелдик тобундагы адамдарга жүргүзүлүүчү кургак учукту диагностикалоо.
4. Кургак учуктун таркап кетүү коркунучун жараткан адамдарга тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жумуштарда иштөөгө жол берилбейт. Көрсөтүлгөн тизмекке кирүүчү жумушта медициналык текшерүүдөн өтпөгөн адамдардын иштөөсүнө тыюу салынат.
5. Кургак учук менен ооругандар менен байланышта болгон адамдар жана/же тобокелдик тобундагы адамдар кургак учукту диагностикалоо максатында саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтөт.
6. Айланасындагыларга кургак учукту жугузуу тобокелдигин жараткан адамдарды аныктоо үчүн акысыз милдеттүү лабораториялык изилдөөлөр, ошондой эле саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу мезгилдүүлүк менен кургак учуктун микобактерияларынын болушуна медициналык текшерүү жүргүзүлөт.
7. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарына медициналык кызмат көрсөтүү үчүн кайрылган чет өлкөлүк жарандарга кургак учукту диагностикалоо максатында медициналык текшерүү саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.
50-берене. Каттоо жана эсепке алуу
1. Кургак учуктун бардык индекстик учурлары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте санариптик технологиялардын негизинде милдеттүү мамлекеттик катталууга жана эсепке алынууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана жаза аткаруу системасынын медициналык кызматтарынын кызматкерлери тергөө изоляторлорунда кармалган же эркиндигинен ажыратуу жайларында жүргөн адамдардын иш жүзүндө жашаган жери боюнча саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдарына жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарына төмөнкүлөр тууралуу маалымдоого милдеттүү:
1) кургак учук менен ооруп калган ар бир алгачкы табылган учур жөнүндө;
2) жазык-түзөтүү системасынан бошотулуп жаткан, кургак учук менен ооруп калган адамдар жөнүндө;
3) кургак учуктан каза болгон адамдар жөнүндө.
3. Жаза аткаруу системасынын администрациясы бошотуу жөнүндө маалымкаттарда жазасын өтөп бүткөн адамдардын кургак учук менен ооруй тургандыгы жөнүндө белги коюуга милдеттүү.
§ 5. АИВнин алдын алуу
51-берене. АИВ боюнча, кан аркылуу берилүүчү вирустук гепатиттерге медициналык текшерүүнүн жана күбөлөндүрүүнүн түрлөрү жана аларды жүргүзүү тартиби
1. Кыргыз Республикасында ыктыярдуу, милдеттүү медициналык текшерүү каралат, аларды жүргүзүү тартиби саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
2. Ыктыярдуу медициналык текшерүү маалымдалган, баамдап түшүнгөн, текшерилүүчү адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн оозеки макулдугунун негизинде анонимдүү жана купуя жүргүзүлөт.
3. Милдеттүү медициналык текшерүү купуя жүргүзүлөт. Төмөнкүлөр АИВ боюнча милдеттүү түрдөгү медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш:
1) кандын, биологиялык суюктуктардын, органдардын жана ткандардын донорлору;
2) кесиптик иши АИВ боюнча милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүүнү караган адамдар. Милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш болгон адистиктердин жана кызмат орундардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
3) чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Министрлер Кабинети аныктаган тартипте.
4. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаса, иш берүүчүлөр кызматкерлерден АИВ боюнча текшерүүдөн өткөндүгү жөнүндө расмий медициналык корутундуну берүүнү талап кылууга укуксуз.
5. Министрлер Кабинети тарабынан табылган учурларды кошпогондо, АИВ боюнча купуя медициналык текшерүүдөн өтүү фактысы жана анын жыйынтыктары ачыкка чыгарылбайт жана текшерилип жаткан адамдын жазуу жүзүндөгү алдын ала макулдугусуз үчүнчү тарапка берилбейт.
6. Мажбурлап медициналык күбөлөндүрүүнү кошпогондо, текшерилип жаткан адам медициналык текшерүүнүн каалаган стадиясында андан өтүүдөн баш тартууга укуктуу.
7. 14 жашка чейинки курактагы балдарды жана мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарды медициналык текшерүү алардын ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча же жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлүшү мүмкүн, алар медициналык текшерүүнү жүргүзүүгө катышат.
8. 18 жашка чейинки курактагы балдарга психикалык-социалдык кеңеш берүү ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрдүн катышуусунда жүргүзүлөт, алар баланын макулдугу менен чакырылат, зарыл болгондо психолог катышат.
9. Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын талаптары боюнча аларда АИВнин бар же жок экендиги жөнүндө АИВ боюнча медициналык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча расмий медициналык корутундуну берүү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдары тарабынан жүргүзүлөт.
10. Кыргыз Республикасынын аймагында дипломатиялык кол тийбестиктен жана артыкчылыктардан пайдалануучу дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлери кайрылганда АИВ боюнча текшериле алат.
11. АИВ боюнча медициналык текшерүү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте, ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, коомдун саламаттыгын сактоо кызматынын уюмдарында жүргүзүлөт.
12. Оору же АЖАны медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу дарыгерлик сырды түзөт.
13. Төмөнкүлөр кан аркылуу берилүүчү вирустук гепатиттерге милдеттүү медициналык текшерилүүгө тийиш:

2) кесиптик иши кан аркылуу берилүүчү вирустук гепатиттерге милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүүнү караган адамдар. Милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш болгон адистиктердин жана кызматтардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
3) чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар.
52-берене. АИВни мажбурлап күбөлөндүрүү
1. АИВни мажбурлап күбөлөндүрүү жашыруун, адамдын макулдугусуз, кылмыш иши боюнча тергөөчүнүн өтүнүчүнүн негизинде, соттун чечими менен жүргүзүлөт.
2. АИВни мажбурлап күбөлөндүрүү мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүргүзүлөт.
3. Мажбурлап күбөлөндүрүүдөн өтүү фактысы жана анын жыйынтыктары мыйзамдарга ылайык корголуучу купуя мүнөзгө ээ.
53-берене. Каттоо жана эсепке алуу
1. АИВнин бардык учурлары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте санариптик технологиялардын негизинде милдеттүү түрдө мамлекеттик катталууга жана эсепке алынууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана жаза аткаруу системасынын медициналык кызматтарынын кызматкерлери тергөө изоляторлорунда кармалган же эркиндигинен ажыратуу жерлеринде жүргөн адамдардын иш жүзүндө жашаган жери боюнча мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарына төмөнкүлөр жөнүндө маалымдоого милдеттүү:
1) АИВнин ар бир табылган учуру;
2) кылмыш-түзөтүү системасынан бошотулуучу АЖА;
3) АЖАнын каза болгон учурлары.
§ 6. Ветеринардык-санитардык жана эпизоотияга каршы иш-чараларды өткөрүү
54-берене. адамдарга жаныбарлардан жугуучу ооруларга каршы ветеринардык-санитардык жана эпизоотияга каршы иш-чаралар
1. Адамдарга жаныбарлардан жугуучу ооруларга каршы ветеринардык-санитардык чаралар жана эпизоотияга каршы иш-чаралар ветеринария жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Калктуу конушта ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык өзгөчө кооптуу оорулардан өлгөн жаныбарлардын тарптарын, ошондой эле алардын этин жана башка продуктуларды жок кылуу/утилдештирүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан атайын орун жабдылат.
3. Ветеринардык-санитардык талаптарды, ченемдерди жана эрежелерди бузгандыгы үчүн жаныбарлардын жана ветеринардык көзөмөлдөө жана контролдоо объекттеринин ээлери Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
6-глава. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөл
55-берене. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөл
Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөл өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын, санитардык-эпидемияга каршы (алдын алуу) иш-чаралардын, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын жазма буйруктарынын жана токтомдорунун аткарылышын контролдоо;
2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында санитардык-карантиндик контролдоо;
3) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү бузууларга бөгөт коюу чаралары, коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу фактылары жөнүндө жазма буйруктарды берүү жана токтом чыгаруу, ошондой эле аларды жасаган адамдарды жоопкерчиликке тартуу;
4) калктын саламаттыгынын, жашоо чөйрөсүнүн абалын, санитардык-эпидемиологиялык жагдайды контролдоо;
5) жугуштуу оорулардын жана массалык жугуштуу оорулардын (уулануулардын) келип чыгышынын жана таркап кетүүсүнын себептерин аныктоого жана шарттарын табууга багытталган санитардык-эпидемиологиялык иликтөөлөрдү жүргүзүү;
6) санитардык-эпидемияга каршы (алдын алуу) иш-чараларды өткөрүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу;
7) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин мамлекеттик деңгээлде камсыз кылуу чөйрөсүндө статистикалык байкоо жүргүзүү, мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүү максатында жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун зыяндуу таасирине байланыштуу жугуштуу ооруларды, кесиптик ооруларды, жугуштуу эмес ооруларды, массалык ууланууларды мамлекеттик эсепке алуу.
56-берене. Өнөр жай жана турмуш-тиричилик багытындагы продукциянын жана аны өндүрүү технологиясынын коопсуздугу
Өндүрүүдө, ташууда, сактоодо, колдонууда жана утилдештирүүдө өнөр жай жана турмуш-тиричилик багытындагы продукция адамга жана жашоо чөйрөсүнө зыяндуу таасир тийгизбеши керек. Калкка өнөр жай жана турмуш-тиричилик багытындагы продукцияларды сатууга Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине жана ченемдик укуктук актыларына ылайык адамдын ден соолугу үчүн анын коопсуздугун ырастоочу документтер болгондо жол берилет.
57-берене. Тамак-аш азыктарынын жана калктын тамактануусунун коопсуздугу
1. Кыргыз Республикасынын аймагында тамак-аш азыктарын, тамак-аш кошулмаларын, азык-түлүк чийки заттарын жана алар менен байланышта болгон материалдарды жана буюмдарды өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана алып келүү адамдын ден соолугуна зыяндуу таасир тийгизбеши керек жана Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине жана ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүгө тийиш.
2. Менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактардын коомдук тамактанууну уюштуруусу адамдардын ден соолугу үчүн коопсуз болууга жана Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине жана ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүгө тийиш.
3. Мектепке чейинки жана башка билим берүү уюмдарында, дарылоо-профилактикалык уюмдарында, ден соолукту чыңдоо уюмдарында жана социалдык коргоо уюмдарында тамактанууну уюштурууда, аскер кызматчылары үчүн тамак-аш менен камсыздаманын ченемдерин белгилөөдө, ошондой эле тергөө изоляторлорунда жүргөн же түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдар үчүн тамак-аштын ченемдерин белгилөөдө адамдын ушул контингент үчүн иштелип чыккан жана бекитилген тамактануусунун илимий негизделген, сунушталган физиологиялык ченемдери сакталууга тийиш.
58-берене. Ичүүчү суунун жана суу объекттеринин коопсуздугу
1. Ичүүчү суу коопсуз болууга жана Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине жана мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.
2. Суу объекттери эпидемиологиялык, радиациялык жана физикалык-химиялык жагынан коопсуз болууга жана Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине жана ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүгө тийиш.
59-берене. Адамдын ден соолугу үчүн потенциалдуу кооптуу заттарга жана факторлорго карата талаптар
1. Адамдын ден соолугу үчүн потенциалдуу кооптуу физикалык, химиялык, биологиялык заттарды, радиоактивдүү заттарды камтыган чийки заттарды жана материалдарды, ошондой эле иондоштуруучу нурлануу булактарын өндүрүүгө, ташууга, сатып алууга, сактоого, сатууга жана пайдаланууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жол берилет.
2. Сымап камтылган медициналык буюмдар менен иштөө жана колдонуу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
60-берене. Аба чөйрөсүнүн коопсуздугу
1. Өндүрүштүк орун жайлардын жана өнөр жай аянттарынын, турак жай жана коомдук имараттардын жумушчу зоналарынын, адам туруктуу же убактылуу болгон жерлердеги аба чөйрөсү адамга зыяндуу таасир тийгизбөөгө жана Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине жана ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүгө тийиш.
2. Калктуу конуштардагы атмосфералык абанын, адам туруктуу же убактылуу болуучу жерлердеги абанын булганышын болтурбоо жана азайтуу боюнча чаралар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген ыйгарым укуктарга ылайык жүзөгө ашырылат.
61-берене. Жер кыртышынын коопсуздугу, калдыктарды чогултуу жана утилдештирүү
1. Калктуу конуштардын, өнөр жай аянттарынын жана айыл чарба жерлеринин жер кыртышы адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө жагымсыз таасир тийгизбөөгө жана Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине жана ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүгө тийиш.
2. Калктуу конуштардын, курорттордун жана рекреациялык зоналардын аймактарын карап-күтүү, ошондой эле өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын чогултуу, ташуу жана утилдештирүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен жөнгө салынат.
3. Медициналык калдыктарды колдонуу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
62-берене. Өндүрүштүк, коомдук, турак жайларды, имараттарды, курулмаларды, жабдууларды жана транспортту эксплуатациялоонун коопсуздугу
Өндүрүштүк, коомдук, турак жайларды, имараттарды, курулмаларды, жабдууларды жана транспортту эксплуатациялоодо Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине жана ченемдик укуктук актыларына ылайык адам үчүн коопсуз эмгек, турмуш-тиричилик жана эс алуу шарттары камсыз кылынууга тийиш.
63-берене. Эмгек шарттарынын коопсуздугу
1. Өндүрүштүк орун жайлардын санитардык-техникалык жана гигиеналык абалы, жумуш орундарын жабдуу, эмгек процессин уюштуруу адамдын ден соолугуна зыяндуу таасир тийгизбөөгө тийиш жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү эмгек мыйзамдарына жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга ылайык келүүгө тийиш.
2. Иондоштуруучу нурлануу булактары, физикалык, химиялык жана биологиялык факторлор менен иштөөдө эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан уюмдардагы жумуш берүүчүгө жүктөлөт.
64-берене. Билим берүү уюмдарындагы шарттардын коопсуздугу
1. Уюштуруу-укуктук формасына карабастан, мектепке чейинки жана башка билим берүү уюмдары жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жеке жактар (жеке ишкерлер) балдардын болуусунун, аларды окутуунун коопсуз шарттарын, ошондой эле алардын тамактануусун уюштурууну жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруудагы балдардын болуу шарттарынын коопсуздугу боюнча минималдуу санитардык талаптарга, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык камсыз кылууга тийиш.
2. Балдардын болуусуна, окуусуна коопсуз шарттарды камсыз кылуу жана тамактануусунун уюштуруу жоопкерчилиги билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
65-берене. Милдеттүү профилактикалык медициналык кароолор
1. Жугуштуу жана кесиптик оорулардын келип чыгышынын жана таркап кетүүсүнын алдын алуу максатында жумушу тамак-аш азыктарын жана ичүүчү сууну өндүрүү, сактоо, ташуу жана сатуу, балдарды тарбиялоо жана окутуу, калкты коммуналдык жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө менен байланышкан жана ден соолугу үчүн зыяндуу эмгек шарттары бар жумуштарда иштеген кызматкерлер (ишке кирүүдө) алдын ала жана мезгил-мезгили менен профилактикалык милдеттүү медициналык кароодон Министрлер Кабинети бекиткен тартипке ылайык өтүүгө милдеттүү.
2. Милдеттүү профилактикалык медициналык кароодон өтүүгө тийиш болгон кесиптердин тизмеги, текшерүүлөрдүн көлөмү жана милдеттүү медициналык кароодон өткөрүү, эсепке алуу, отчет берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Кызматкерлердин милдеттүү медициналык кароодон өз убагында өтүүсү жана алардын ишке кирүүсү үчүн жоопкерчилик жумуш берүүчүлөргө жүктөлөт. Милдеттүү медициналык кароолор жумуш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен же тараптардын макулдашуусу боюнча жүргүзүлөт. Жумуш берүүчүлөр кызматкерлердин медициналык кароодон өтүүсү үчүн шарттарды түзөт, ошондой эле жумуш убактысынын мезгилинде жумуш ордун (кызмат ордун), эмгек акысын сактоо менен кызматкерлерди тоскоолдуксуз коё берүүгө милдеттүү.
4. Балдарды жана эрезеге жеткен калктын максаттуу топторун үзгүлтүксүз милдеттүү түрдө профилактикалык медициналык кароодон өткөрүү, динамикалык байкоо жүргүзүү жана ден соолугун чыңдоо менен, оорулардын келип чыгышынын алдын алууга жана аларды эртелеп диагностикалоого багытталган медициналык жана башка иш-чаралардын комплексин камтыйт. Балдарды жана эрезеге жеткен калктын негизги, максаттуу топторун үзгүлтүксүз милдеттүү түрдө профилактикалык медициналык кароодон өткөрүү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Милдеттүү профилактикалык медициналык кароодон өтүүгө тийиш болгон эрезеге жеткен калктын максаттуу жана негизги топтору, ошондой эле аларды жүргүзүү тартиби жана мезгилдүүлүгү, лабораториялык жана функциялык изилдөөлөрдүн көлөмү, медициналык каршы көрсөтүүлөр Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Милдеттүү профилактикалык медициналык кароолордун өз убагында болушу, өткөрүү жана өтүү сапаты Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы тарабынан контролдонот.
66-берене. Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди эске алуу менен калктын саламаттыгынын коопсуздугун камсыз кылуу
1. ЭМСЭни колдонуу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ЭМСЭни колдонуу маселелери боюнча ишин координациялоо Министрлер Кабинети аныктаган тартипте Улуттук координатор тарабынан жүзөгө ашырылат.
67-берене. Эпидемияга каршы иш-чараларды уюштуруу
Жугуштуу оорулардын келип чыгышынын алдын алуу жана анын таркап кетүүсүна жол бербөө төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагын жугуштуу оорулардын киришинен жана таркап кетүүсүнан санитардык коргоо боюнча иш-чаралар;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу оорулардын таркап кетүүсүна эпидемиологиялык көзөмөлдү жана эпидемиологиялык кырдаалдын татаалдануусуна жооп кайтаруу системасынын ишин Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашыруу;
3) жугуштуу оорулар менен ооругандарга карата көрүлүүчү чаралар;
4) эмдөөлөрдүн календары боюнча милдеттүү алдын ала эмдөөлөрдү жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча эпидемиологиялык кырдаал болжолдонгондой начарлап кеткенде эмдөөлөрдү жүргүзүү;
5) менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында инфекциялык контролдоо чараларын уюштуруу жана жүргүзүү;
6) жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик же региондук максаттуу программаларды жана илимий, илимий-техникалык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
7) адам жана жаныбарлар үчүн жалпы ооруларга каршы күрөшүүнүн профилактикалык чараларын жана бирдиктүү көзөмөлдү жүргүзүүдө саламаттык сактоо жана ветеринардык кызматтардын өз ара аракеттенүүсү;
8) табигый-очоктук жана өзгөчө кооптуу оорулардын таркап кетүүсүн болтурбоого багытталган иш-чаралар: туруктуу зоологиялык-эпидемиологиялык мейкиндиктик мониторинг жүргүзүү, жугуштуу оорулардын табигый очокторунун сыртка чыгуусунун алдын алуу, өзгөчө кырдаалдарды жаратууга жөндөмдүү өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулардын очокторун чектөө жана жоюу - боюнча чараларды көрүү;
9) жугуштуу оорулардын таркап кетүүсүн токтотууну, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин чектөөнү жана жоюуну камсыз кылуучу зарыл болгон чектөө-карантиндик чараларды көрүү;
10) жугуштуу оорулардын алдын алууга жарандарды социалдык мобилизациялоо.
68-берене. Аймакты жугуштуу оорулардын киришинен жана таркап кетүүсүнан санитардык коргоо
1. Аймакты санитардык коргоо калктын саламаттыгы үчүн коркунуч жараткан жугуштуу оорулардын киришинин жана таркап кетүүсүнын алдын алууга багытталган жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылган жугуштуу (өзгөчө кооптуу) оорулардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында санитардык-карантиндик контролдоо киргизилет.
4. Кооптуу жүктөрдү жана товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу атайын жабдылган жана ушул максаттар үчүн арналган өткөрүү пункттарында ишке ашырылат. Мындай өткөрүү пункттарынын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоону жүзөгө ашыруунун тартиби жана шарттары Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
69-берене. Санитардык-эпидемиологиялык экспертизалар, иликтөөлөр, текшерүүлөр, изилдөөлөр, сыноолор, инфекциялык контролдоо
1. Санитардык-эпидемиологиялык экспертизалар, иликтөөлөр, текшерүүлөр, изилдөөлөр, сыноолор мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү (контролду) жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары тарабынан төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
1) адамга жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун зыяндуу таасирин белгилөө жана болтурбоо;
2) жугуштуу оорулардын жана массалык жугуштуу эмес оорулардын (уулануулардын) келип чыгышынын жана таркап кетүүсүнын себептерин жана шарттарын белгилөө жана мындай оорулардын (уулануулардын) келип чыгышынын жана таркап кетүүсүнын кесепеттерине баа берүү.
2. Санитардык-эпидемиологиялык экспертизаларды, иликтөөлөрдү, текшерүүлөрдү, изилдөөлөрдү, сыноолорду өткөрүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында инфекциялык контролдоо чараларын өткөрүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
70-берене. Жугуштуу оорулар менен ооруган адамдарга карата чаралар
1. Жугуштуу оорулардын жана массалык уулануулардын бардык учурлары аныкталган жери боюнча менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан милдеттүү түрдө катталууга, Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипке ылайык санариптик технологиялардын негизинде мамлекеттик эсепке алынууга жана алар боюнча отчет берилүүгө тийиш.
2. Эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүүчү жугуштуу оорулардын тизмеги, иликтөө жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Жугуштуу оорулар менен ооругандар, мындай ооруларга шектүү адамдар жана алар менен байланышта болгон адамдар, ошондой эле жугуштуу оорулардын козгогучтарын алып жүрүүчү болуп саналган адамдар, эгерде алар айланасындагылар үчүн өзгөчө кооптуулукту жаратса, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык милдеттүү түрдө ооруканага жаткырылууга жана/же обочолонууга тийиш.
4. Кургак учуктун микобактериясы биринчи жолу табылган адамдарга карата, аларды кургак учукка каршы уюмда каттоодон тышкары, жугуштуу оору менен ооругандар катары санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарына Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте чукул билдирүү берилет. Ар бир өлүм учуру болгондо да, каза болгон адам тирүүсүндө кургак учук менен ооругандыгы, бирок каттоодо турбагандыгы өлүктү союуда аныкталганда, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарына чукул билдирүү берилет.
5. Коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, чек ара кызматы органдарынын медициналык кызматтарынын кызматкерлери, аларда кургак учук табылган учурда, жугуштуу оору жуккан адамдын жашаган жери боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарына маалымдоого милдеттүү.
71-берене. Чектөө иш-чаралары (карантин)
1. Жугуштуу оорулардын келип чыгуу жана таркап кетүү коркунучу болгондо, убактылуу чектөө иш-чаралары (карантин) киргизилет.
2. Чектөө иш-чараларын (карантинди) киргизүү жана жүзөгө ашыруу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Убактылуу чектөө иш-чараларын (карантинди) киргизүүдө төмөнкүлөр каралат:
1) куралдуу коргоону (курчоону) белгилөө менен эпидемиялык очокту, калктуу конуштарды жана карантиндин бардык зоналарын толук обочолоо;
2) калктын кирип-чыгышын жана карантин зонасынан мүлктү алып чыгууну катуу контролдоо;
3) автомобиль транспортунун жугуштуу очок аркылуу өтүүсүнө жана темир жол транспортунун транзиттик өтүүсүндө белгиленген жерлерден тышкары токтотулушуна тыюу салуу;
4) обсерваторлорду түзүү жана очокто болгон жана карантиндик зонанын чегинен чыгып жаткан адамдарды обсервациялоо боюнча иш-чараларды өткөрүү;
5) жугуштуу оору менен ооругандарды эрте аныктоо, аларды обочолоо жана атайын бөлүнгөн саламаттык сактоо уюмдарына жаткыруу;
6) калктын айрым топторунун ортосундагы байланышты чектөө жана жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу тартиби;
7) калк үчүн чектөө иш-чараларынын (карантиндин) мезгилинде иш-аракеттердин, шаардык транспорттун, соода тармагынын жана коомдук тамактануу ишканаларынын, экономикалык жана өндүрүштүк иш объекттеринин иштөө режимин алардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуучу түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга жараша белгилөө;
8) мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн (контролдун) карамагындагы, эпидемия очогунда турган саламаттык сактоо уюмдарынын эпидемияга каршы иш режимин белгилөө;
9) тышкы чөйрөнүн объекттерин, чыгарылуучу өнөр жай продукциясын зыянсыздандыруу жана калкты санитардык тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
10) тамак-аш өнөр жайынын бардык объекттерин чыгарылуучу продукциянын зыянсыздыгына кепилдик берүүчү иштин атайын технологиялык режимине өткөрүү;
11) чукул жана өзгөчө профилактиканы жүргүзүү;
12) калктын, ишканалардын, министрликтердин жана ведомстволордун карантиндин белгиленген эрежелерин так аткарышын контролдоо;
13) калк арасында санитардык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
14) адамдардын жана транспорттун жүргөн негизги жолдорунда оору жуккан очоктун периметри боюнча күзөт постторун коюу, күзөт постторунун ортосунда күнү-түнү кайгуулга чыгуу, карантин киргизилген айрым калктуу конуштардын ортосунда калктын кыймылын катуу контролдоону жүзөгө ашыруу, чектөөчү белгилерди, көрсөткүчтөрдү орнотуу жана айыл ичиндеги жолдорго, чыйыр жолдорго ж.б. постторду коюу жолу менен карантиндик аймакты күнү-түнү куралдуу кайтаруу (курчоо);
15) тамак-аш өнөр жайынын, саламаттык сактоо системасынын ж.б. иштөөсүн камсыз кылуучу адамдарды жана транспорт каражаттарын кошпогондо, карантиндик зонадагы карантинге алынган калктуу конуштардын ортосунда жана ичинде калктын жана транспорттун жүрүшүнө тыюу салуу;
16) массалык иш-чараларды (митингдерди, чогулуштарды ж.б.) өткөрүүгө тыюу салуу;
17) базарларды жабуу;
18) чарбалык же башка иштин өзгөчө режимин, калктын, транспорт каражаттарынын, жүктөрдүн, товарлардын жана азык-түлүк чийки заттарынын кыймылын чектөөнү караган башка чектөө иш-чаралары.
72-берене. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алууну мамлекеттик контролдоо
1. Калктын йоддун жетишсиздигинен болуучу ооруларга чалдыгуусунун абалын мамлекеттик контролдоо, Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун коргоо жана интеллектуалдык потенциалын сактоо максатында йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жана жоюу, ошондой эле йоддолгон тузду колдонууда калктын ооруга чалдыгуу тобокелдигинин даражасына баа берүү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагына тамак-аш тузун ташып келүүгө мамлекеттик контролду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүзөгө ашырат.
3. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлүүчү иш-чаралар төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында йоддолгон тузду өндүрүүгө, ташып келүүгө, сатууга жана керектөөгө карата талаптарды камсыз кылуу, сактоо үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жактардын, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан юридикалык жактардын жоопкерчилиги;
2) йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардан жапа чеккен адамдардын менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында квалификациялуу медициналык жардам алуусунун жалпы жеткиликтүүлүгү;
3) республиканын бүткүл аймагында 5 жылда бир жолудан кем эмес йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын оордугуна баа берүүгө үзгүлтүксүз биологиялык мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу;
4) туздун зыяндуу таасиринен ден соолугун жоготкон учурда жарандардын укуктарын коргоо жана тузду өндүрүүчүлөр жана таратуучулар тарабынан ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу;
5) йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын келип чыгуу тобокелдиги жогору болгон ыңгайсыз региондогу адамдарды топтук алдын алуу максатында органикалык эмес йод камтылган препараттарды жана республикалык бюджеттин каражаттарынан тузда йоддун болушун аныктоо үчүн экспресс-тесттерди сатып алууну максаттуу каржылоону камсыз кылуу.
4. Тамак-аш жана тоют муктаждыктары үчүн арналган туз йоддолууга тийиш. Тамак-аш жана тоют тузундагы эркин йоддун сапаты, коопсуздугу, камтылышы, йоддоо методдору жана эркин йоддун камтылышын контролдоо белгиленген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.
5. Йоддолгон тузду өндүрүү, йод менен байытуу, йоддон ажыратуу, сактоо жана сатуу белгиленген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.
6. Кыргыз Республикасынын аймагында коопсуздугу жана йоддолгону бышыкталбаган тамак-аш жана тоют тузун ташып келүүгө, өндүрүүгө жана жүгүртүүгө жол берилбейт.
7. Йоддолгон тузду жарнамалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
8. Йоддолгон тузду өндүрүүнү, берүүнү, сатууну жана жарнамалоону жүзөгө ашыруучу жеке жактар, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан юридикалык жактар керектөөчүлөргө йоддолгон туздун сапатын жана коопсуздугун, анын санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайыктуулугун кепилдөөгө тийиш. Сактоо мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш тузун сатууга жол берилбейт.
9. Мамлекеттик бийлик органдарынын кызмат адамдары өз компетенциясынын чегинде йоддолгон туздун сапатына жана коопсуздугуна мамлекеттик контроль жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын жарандары жана коомдук бирикмелер йоддолгон туздун сапатына жана коопсуздугуна коомдук контроль жүргүзүүгө укуктуу.
73-берене. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү чаралар
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал киргизилгенде Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачы өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын аймагында бардык жеке жана юридикалык жактар милдеттүү түрдө сактоого жана аткарууга тийиш болгон актыларды чыгарууга, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана контролдоо чараларын көрүүгө укуктуу.
2. Оорулардын эл аралык таркап кетүүсүнын алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү, коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө ыкчам чараларды көрүү максатында ЭМСЭ Министрлер Кабинети тарабынан регламенттелген тартипте жана шарттарда колдонулат.
74-берене. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги
Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:
1) санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга жана анын өзгөрүү болжолуна ылайык оорулардын алдын алуу;
2) санитардык-эпидемияларга каршы (профилактикалык) иш-чараларды аткаруу;
3) Министрлер Кабинети бекиткен турак жайларда жеке ишкерлер тарабынан көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн уюштурууда техникалык регламенттердин, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана гигиеналык ченемдердин, балдардын болуу шарттарынын коопсуздугу боюнча минималдуу санитардык талаптардын жеке, юридикалык жана кызмат адамдарынын сактоосун контролдоо;
4) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылууга мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл;
5) документтердин, имараттардын, курулмалардын, орун жайлардын, жабдуулардын, транспорт каражаттарынын, курчап турган жана өндүрүштүк чөйрө объекттеринин белгиленген тартипте кабыл алынган техникалык регламенттерге, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) алынууга тийиш болгон товарларга карата санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарга шайкештиги же шайкеш эместиги боюнча санитардык-эпидемиологиялык экспертиза;
6) адам үчүн потенциалдуу кооптуу химиялык жана биологиялык заттарды, продукциянын айрым түрлөрүн, радиоактивдүү заттарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына биринчи жолу ташып келинген продукциянын айрым түрлөрүн мамлекеттик каттоо;
7) санитардык-гигиеналык мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу;
8) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу чөйрөсүндө илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
9) жугуштуу оорулардын, массалык уулануулардын жана жугуштуу эмес оорулардын келип чыгышы, жашоо чөйрөсүнүн абалы жана жүргүзүлүп жаткан профилактикалык, санитардык-эпидемияга каршы иш-чаралар жөнүндө калкка өз убагында маалымдоо;
10) адам өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу жугуштуу оорулардын, эпидемиялардын, авариялардын кесепеттеринин, табигый кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдардын, катастрофалардын чыгышын жоюу үчүн эпидфонддун резервдерин түзүү;
11) калкты гигиеналык окутуу, тарбиялоо жана сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоо боюнча иштерди жүргүзүү;
12) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартуу.
7-глава. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө каржылоо
75-берене. Коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарын каржылоо булактары
1. Коомдук саламаттык сактоо мамлекеттик уюмдарын каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык бюджеттин каражаттары;
2) жергиликтүү бюджеттин каражаттары;
3) ыктыярдуу төгүмдөр - юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде чет өлкөлүктөрдүн өз алдынча чегерүүлөрү;
4) эл аралык уюмдардан, донор-өлкөлөрдөн алынган гранттар, кредиттер;
5) мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар;
6) кошумча төлөм каражаттары;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттар.
2. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштөөчү, коомдун саламаттыгын сактоо кызматтарын көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын эсептериндеги пайдаланылбаган каражаттардын калдыгы кезектеги бюджеттик жылдын башталышындагы калдык катары кезектеги бюджеттик жылга которулат.
3. Коомдун саламаттыгын сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын бюджетин түзүү мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан, атайын каражаттардан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржылоонун болжолдонгон көлөмдөрүн эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
4. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштөөчү саламаттык сактоо уюмдарынын бюджетин түзүү базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасында жарандарды базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу боюнча аткаруу органынын бюджетинин каражаттарынан каржылоо боюнча болжолдонгон көрсөткүчтөрдү жана медициналык-санитардык жардамдын көлөмүн эске алуу менен медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү боюнча каржылоо ченемдеринин негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
5. Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын ишинен алынган каражаттар коомдун саламаттыгын сактоо кызматтарын көрсөтүүгө, аталган уюмдарды карап-күтүүгө жана өнүктүрүүгө багытталат.
6. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштөөчү, коомдун саламаттыгын сактоо кызматтарын көрсөтүүчү мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары сарптоолордун түзүмүн жана чыгашалардын сметасын өз алдынча пландайт жана бекитет, көрсөтүлгөн медициналык-санитардык жардам үчүн каражаттардын болжолдонгон түшүүлөрүнө жараша чыгашалардын бекитилген сметасына, түзүмүнө жана штаттык санына учурдагы өзгөртүүлөрдү киргизет.
7. Кургак учуктун алдын алуу, диагностикалоо, дарылоо жана реабилитациялоо боюнча илимий изилдөөлөрдү каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан жүргүзүлөт жана калкты кургак учуктан коргоого багытталган каражаттардын көлөмүнөн 1 пайыздан кем эмес өлчөмдө белгиленет. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кургак учуктун алдын алуу, диагностикалоо, дарылоо жана реабилитациялоо боюнча илимий изилдөөлөрдү келишимдик шарттарда каржылашы мүмкүн.
8. Кургак учукка каршы жардамды кошумча каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
1) менчиктин жана баш ийүүнүн бардык формасындагы уюмдар менен кургак учукка каршы жардамды биргелешип көрсөтүү боюнча келишимдердин натыйжасында алынган каражаттардын;
2) кургак учукка каршы жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюму тарабынан кургак учук боюнча эпидемияга каршы режимди бузууга күнөөлүү ишканалардын жана жарандардын доо талаптарын канааттандыруунун натыйжасында алынган материалдык компенсациянын.
9. Кургак учукка каршы жардамды каржылоого багытталган каражаттар биринчи кезекте атайын диагностикалык иш-чараларды жүргүзүү, кургак учукка каршы препараттарды толук көлөмдө сатып алуу, биоматериалдарды ташуу системасы жана ооругандарды тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн пайдаланылат. Кургак учукка каршы жардамды каржылоого багытталган каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик социалдык заказ аркылуу кургак учук менен ооругандарды коштоп жүрүү үчүн да пайдаланылат.
10. Пландуу алдын ала эмдөөлөр үчүн вакциналарды берүү республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөр үчүн вакциналарды берүү республикалык, жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын жана бюджеттен тышкаркы каржылоо булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
11. Иммунопрофилактикалоого, жугуштуу оорулардын эпидемияларын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алууга жана жоюуга багытталган каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген булактардан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
12. Сергек жашоо мүнөзүн киргизүү жана ден соолукту чыңдоо боюнча иш-чараларды ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик социалдык заказ пайдаланылышы мүмкүн.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
76-берене. Коомдук саламаттык сактоону каржылоонун негизги принциптери
Коомдук саламаттык сактоону каржылоонун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) коомдук саламаттык сактоонун көрсөтүлгөн кызматтарын мамлекеттик бюджеттен каржылоо;
2) мамлекеттик, максаттуу жана региондук (вертикалдуу жана горизонталдуу интеграцияланган) программалардын негизинде бюджетти түзүү;
3) бюджеттерди түзүүнүн жана аткаруунун натыйжалуулугунун жана майнаптуулугунун принциби каражаттардын минималдуу көлөмүн тартуу менен алдыдагы мезгилге каралган максаттарга жетүү же тескөөдөгү бюджеттик каражаттарды пайдалануу менен максималдуу натыйжаларга жетүү зарылчылыгына жараша жүзөгө ашыруу;
4) бюджеттик мыйзамдарды бузгандыгы үчүн бюджеттик процесстин катышуучуларынын жоопкерчилигинин принциби бюджеттик процесстин ар бир катышуучусунун өз иши, финансылык маалыматтын аныктыгы жана бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы үчүн жоопкерчилигин кароо;
5) атайын эсептердеги каражаттар боюнча кирешелердин сметасын түзүүнүн жана аткаруунун, саламаттык сактоо уюмдарынын сметаларынын чыгымдык милдеттенмелерин жүзөгө ашыруунун, бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана отчеттуулукту түзүүнүн бирдиктүү тартиби;
6) эл аралык донорлордон жана башка түрдөгү булактардан саламаттык сактоо секторуна түшүүчү бардык ресурстарды бирдиктүү казыналык эсепке чегерүү жана бюджеттин бардык чыгымдарын бирдиктүү казыналык эсептен жүзөгө ашыруу.

77-берене. Саламаттык сактоо системасынын каражаттарын пайдалануу
Саламаттык сактоо системасынын каражаттары төмөнкүлөргө колдонулат:
1) калкка коомдун саламаттыгын сактоо кызматтарын көрсөтүүгө;
2) коомдун саламаттыгын өнүктүрүү, оорулардын алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын таркап кетүүсүн башкаруу жана кесепеттерин азайтуу боюнча мамлекеттик, максаттуу жана региондук программаларга;
3) коомдук мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жана карап-күтүүгө;
4) коомдук мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын, анын ичинде чет өлкөлөрдө, кадрларын даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга;
5) коомдун саламаттыгын сактоону өнүктүрүү, калктын саламаттыгын чыңдоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын таркап кетүүсүн жана кесепеттерин азайтууну башкаруу максатында медициналык жана фармацевтикалык илимди өнүктүрүүгө жана алардын жетишкендиктерин киргизүүгө;
6) жугуштуу оорулардын эпидемияларын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринин алдын алууга жана жоюуга;
7) профилактикалык жана диагностикалык иш-чараларды өткөрүүгө;
8) коомдун саламаттыгын сактоонун артыкчылыктуу жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана илимий потенциалдын квалификациясын жогорулатууга;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка чыгашаларга.
78-берене. Атайын казыналык эсептердин каражаттарын түзүү
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
79-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары тарабынан коомдун саламаттыгын сактоо кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоо
Бирдиктүү төлөөчү системасында иштебеген мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү коомдун саламаттыгын сактоо кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоо уюштуруучу (менчик ээси) тарабынан мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, жеке булактардын, эл аралык уюмдардан, донор өлкөлөрдөн алынган гранттардын же мыйзам тарабынан тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
80-берене. Бирдиктүү төлөөчү системасында мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү коомдун саламаттыгын сактоо кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоо
Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү коомдун саламаттыгын сактоо кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоо Бирдиктүү төлөөчүнүн бюджетинин каражаттарынын эсебинен медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүүгө түзүлгөн келишимдердин негизинде Бирдиктүү төлөөчү тарабынан жүзөгө ашырылат.
81-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында баа түзүү
Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында баа түзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу менен бирдиктүү методика боюнча саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
8-глава. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташуу
82-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташуусу
1. Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер менен кызматташуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана ченемдеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Эл аралык кызматташуунун алкагында саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан түзүлгөн макулдашуулар эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ушул Мыйзамдын жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жарандардын коопсуз айлана-чөйрөгө, ден соолугун сактоого жана чыңдоого болгон укуктарын чектөөгө тийиш эмес.
3. Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер менен оорулардын эл аралык таркап кетүүсүнын алдын алуу, алардан сактануу, аларга каршы күрөшүү жана коомдун саламаттыгын сактоо деңгээлинде жооп кайтаруу чараларын көрүү маселелери боюнча кызматташуусу ЭМСЭге ылайык Улуттук координатор аркылуу жүзөгө ашырылат.
9-глава. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу үчүн жоопкерчилик
83-берене. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу үчүн жоопкерчилик
1. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
2. Менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында инфекциялык контролдоо чараларын уюштуруу жана өткөрүү үчүн жоопкерчиликти уюмдун жетекчиси жана уюштуруучу (менчик ээси) тартат.
84-берене. Иммунопрофилактика чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу үчүн жоопкерчилик
1. Алдын ала эмдөөлөрдүн жоктугу төмөнкүлөргө алып келет:
1) ЭМСЭге же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык конкреттүү алдын ала эмдөөлөрдү талап кылган өлкөлөргө жарандардын чыгуусуна тыюу салуу;
2) билим берүү уюмдарына жана ден соолукту чыңдоо мекемелерине жарандарды кабыл алуудан убактылуу баш тартуу, массалык жугуштуу оорулар келип чыккан учурда же эпидемия коркунучу болгондо, билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке ишкерлердин кызмат көрсөтүүлөрүн алууга убактылуу чектөө;
3) тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген жугуштуу оорулар менен ооруп калуу тобокелдигине байланышы бар жумуштарга жарандарды кабыл алуудан баш тартуу же андай жумуштардан жарандарды четтетүү;
4) жарандарды ишке кабыл алуудан баш тартуу же аткаруу жугуштуу оорулардын, анын ичинде кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн жана калк менен иштөөнүн жогорку тобокелдигине байланышы бар жумуштардан жарандарды четтетүү.
2. Жашы жете элек баланын оорусунун өөчүрүшүнө алып келген алдын ала эмдөөдөн баш тарткандыгы үчүн жоопкерчиликти ата-энеси же анын мыйзамдуу өкүлдөрү тартат.
85-берене. АИВ чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу үчүн жоопкерчилик
1. Өзүндө АИВ инфекциясы бар экендигин билген адам тарабынан башка адамды (же бир нече адамды) АИВни жугузуу коркунучуна дуушар кылуу же жугузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кылмыш жоопкерчилигине алып келет.
2. Буга күнөөлүү адам АИВ инфекциясы жуккан адамга (же бир нече адамга) медициналык жана социалдык жардам көрсөтүүгө байланышкан чыгышалардын ордун толтурат.
10-глава. Корутунду жоболор
86-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 18-майындагы № 65 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 315-ст.);
2) "Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 18-февралындагы № 40 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 265-ст.);
3) "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 26-июнундагы № 56 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 6, 191-ст.);
4) "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 14-мартындагы № 51 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 7, 492-ст.);
5) "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июнундагы № 77 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 9, 635-ст.);
6) "Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июлундагы № 113 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 10, 759-ст.);
7) "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 30-июлундагы № 118 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 11, 869-ст.);
8) "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 13-августундагы № 149 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 11, 900-ст.);
9) "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 31-июлундагы № 138 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2006-жылдын 8-августу, № 58);
10) "Коомдун саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 248 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 758-ст.);
11) "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 16 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 4, 252-ст.);
12) "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 44 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 539-ст.);
13) "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 19-июлундагы № 112 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1015-ст.);
14) "Коомдун саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 16-майындагы № 72 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 5, 501-ст.);
15) "Коомдун саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-декабрындагы № 171 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 11, 993-ст.);
16) "Жарандардын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 52 Мыйзамынын 2 жана 3-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 4, 303-ст.);
17) "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-июнундагы № 94 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 6, 543-ст.);
18) "Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын 4 жана 7-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 817-ст.);
19) "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 4-майындагы № 74 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 5, 392-ст.);
20) "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 5-июлундагы № 119 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 721-ст.);
21) "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 26-февралындагы № 31 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 2, 76-ст.);
22) "Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамынын 11-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 3, 147-ст.);
23) "Коомдун саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 53 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 4, 195-ст.);
24) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коомдун саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 7-майындагы № 52 Мыйзамынын 1-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2020-жылдын 8-майы, № 36);
25) "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 17-августундагы № 136 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2020-жылдын 21-августу, № 66);
26) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 119 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 24-сентябры, № 99);
27) "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында мамлекеттик контроль маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 163 Мыйзамынын 2-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 11-августу, № 64).
3. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамга каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
4. Ушул Мыйзам күчүнө кирген датага карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
2) ушул Мыйзамга ылайык келтирүү каралган мыйзамдардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |
|
|
2023-жылдын 22-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 12-январы № 10
Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 7-августундагы № 163 , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети болуп Кыргыз Республикасынын аймагында калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин, коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик кепилдиктерди жана иш-чараларды ишке ашырууну, анын ичинде жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алууну камсыз кылууга байланыштуу келип чыгуучу мамилелер саналат.
2. Ушул Мыйзам:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын жана жарандардын ортосундагы коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салат;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга ушул Мыйзамда жана саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарда каралган тартипте жана шарттарда колдонулат.
3. Ушул Мыйзамдын ишке ашырылышына саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш.
2-берене. Коомдун саламаттыгын сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
1. Коомдун саламаттыгын сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
2. Жалпы таанылган принциптер жана эл аралык укук ченемдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат.
3-берене. Ушул Мыйзамдын негизги максаттары жана милдеттери
1. Ушул Мыйзамдын негизги максаты болуп саламаттык сактоого жана коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ден соолукка жагымдуу айлана-чөйрөгө адамдын конституциялык укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу саналат.
2. Саламаттык сактоого жана коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ден соолукка жагымдуу айлана-чөйрөгө адамдын конституциялык укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу максатында ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) калктын саламаттыгын чыңдоо;
2) Кыргыз Республикасынын жарандарынын сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу;
3) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу;
4) коомдун саламаттыгын сактоо кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүктү жогорулатуу;
5) жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу;
6) коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарын өнүктүрүү.
4-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар пайдаланылат:
1) адаптация - организмдин функциялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүсүн, анын иш жөндөмдүүлүгүн жана тышкы таасирлерге каршы туруунун жогорулоосун чагылдыруучу тышкы чөйрөнүн өзгөрүлмө шарттарына тирүү организмдин ыңгайлашуу процесстери;
2) адаптациялык жөндөмдүүлүк - мүмкүн болуучу зыянды азайтуу, жагымдуу мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу же кесепеттерди жоюу максатында климаттын өзгөрүшүнө (климаттын өзгөрүп турушун, экстремалдык кубулуштарды кошуп алганда) карата системанын ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгү;
3) коомдун саламаттыгын сактоо кызмат көрсөтүүлөрүн алууда анонимдүүлүк - кызмат көрсөтүүнү инсандыгын ырастоочу документтерди көрсөтпөстөн жана адамдын жеке маалыматтарын кабарлабастан же болбосо кодду пайдалануу менен алуу;
4) бактерия бөлүп чыгаруучу - айлана-чөйрөгө оору козгоочу бактерияларды бөлүп чыгаруучу адам же жаныбар;
5) бактерия алып жүрүүчү - организминде өзү байкабаган, жугуштуу оору козгоочу бактериялары бар адам же жаныбар;
6) вакцина (иммунобиологиялык дары препараты) - активдүү же пассивдүү иммунитетти калыптандыруу же иммунитеттин болушун диагностикалоо же аллергендик заттарга иммунологиялык жооптун өзгөчө алынган өзгөрүүсүн диагностикалоо (иштеп чыгуу) үчүн арналган дары препараты;
7) вакцинациялоо (иммунизациялоо) - жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында активдүү иммунитетти (кабыл албоо) түзүү методу;
8) вирус бөлүп чыгаруучу - айлана-чөйрөгө жугуштуу ооруларды козгоочу вирустарды бөлүп чыгаруучу адам же жаныбар;
9) адамга зыяндуу таасир этүү - адам өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч же болбосо келечек муундун өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жаратуучу жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун таасир этүүсү;
10) мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл - калктын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо максатында калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу боюнча иш;
11) басмырлоо - медициналык-санитардык жардам алууда жынысынын, расасынын, тилинин, саламаттыгынын абалынын, майыптуулугунун, этностук таандыктыгынын, диний ишениминин, курагынын, саясий же башка ынанымдарынын, билиминин, тегинин, мүлктүк же башка абалынын белгилерине, ошондой эле башка жагдайларга негизделген ар кандай айырмалоо, өзгөчөлөө, чектөө, ажыратуу жана артыкчылык берүү;
12) коомдун саламаттыгын сактоонун аралыктан кызмат көрсөтүүлөрү - ден соолукту чыңдоо, оорулардын алдын алуу, ооруларды аныктоо жана диагностикалоо, алардын таркап кетүүсүн азайтуу, изилдөөлөрдү жүргүзүү жана баа берүү максатында, медициналык кызматкерлердин ич ара, юридикалык жана/же жеке жактар жана/же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен аралыктан өз ара аракеттенүүсүн, аталган жактарды идентификациялоону, ошондой эле алар жасоочу иш-аракеттерди документтөөнү санариптик технологиялар, мобилдүү түзүлүштөр аркылуу камсыз кылуучу коомдун саламаттыгын сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
13) АИВ боюнча тестке чейинки кеңеш берүү - АИВ боюнча тестирлөөдөн өтүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн психикалык-социалдык кеңеш берүү;
14) адамдын ден соолугу - оорулардын же дене бойлук кемтиктердин жоктугу гана эмес, адамдын толугу менен физикалык, психикалык жана социалдык жактан бакубат абалы;
15) туура тамактануу - адамдын өсүшүн, өнүгүшүн жана жашоо-турмушун камсыз кылуучу, анын ден соолугун чыңдоого жана оорулардын алдын алууга, мезгилсиз өлүмдүн алдын алууга өбөлгө түзүүчү тамак-аш;
16) сергек жашоо мүнөзү - оорулардын алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо, ошондой эле адамдын ден соолугуна тышкы факторлордун зыяндуу таасирин азайтуу (туура эмес тамактануу, алкоголь, тамеки, психикалык активдүү заттар ж.б.) жана мезгилсиз өлүмдүн алдын алуу максатындагы адамдын жашоо мүнөзү;
17) зоологиялык-эпидемиологиялык мейкиндикке мониторинг жүргүзүү - жугуштуу оорулардын табигый очокторунун активдүүлүгүн аныктоочу факторлорго байкоо жүргүзүү;
18) иммунопрофилактика (жугуштуу оорулардын өзгөчө алдын алуу) - вакцинациялоонун (иммунизациялоонун) жардамы менен белгилүү бир жугуштуу ооруга карата адамдын организминде иммунитетти (кабыл албоо) пайда кылуу жолу аркылуу жугуштуу оорулардын алдын алуу методу;
19) жугуштуу оору боюнча индекстик учур (индекстик бейтап) - ар кандай курактагы адам жүргөн конкреттүү бир жерде же аны менен байланышта болгон адамдарга карата иликтөө жүргүзүлүп жаткан башка адамдарга жугузуу тобокелдиги бар башка салыштырмалуу шарттарда ал адамдагы жугуштуу оорунун алгачкы аныкталган жаңы же кайталанган учуру;
20) тамак-аш азыктарын йоддоо (фортификациялоо) - йод жетишсиздиги ооруларынын жалпы алдын алуу үчүн тамак-аш азыктарын йод менен байытуу процесси;
21) медициналык жардам көрсөтүү менен байланышкан инфекция - менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарына бейтап медициналык жардам алуу үчүн кайрылган учурда болбогон жана инкубациялык мезгилинде болбогон, бирок ооруканадан чыккандан кийин билинген, ага медициналык жардам көрсөтүү процессинде жуккан, анын ичинде ошондой эле медициналык кызматкердин ушул саламаттык сактоо уюмунда иштөөсүнөн улам жугузуп алган жугуштуу оорулар;
22) инфекциялык контроль - эпидемиологиялык диагностиканын маалыматтарына негизделген жана саламаттык сактоо уюмдарында жугуштуу оорулардын келип чыгышынын жана таркап кетүүсүнын алдын алууга багытталган иш-чаралардын системасы;
23) Алдын ала эмдөөлөрдүн календары - саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү жана жарандарга алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүү мөөнөтүн жана тартибин белгилөөчү документ;
24) калктын негизги топтору - ар кандай эпидемиологиялык шарттарда жугуштуу оору жугузуп алуу тобокелдиги жогору жана/же инфекциясы оор топтор;
25) байланышта болгон адамдар - жугуштуу оору козгогучту бөлүп чыгаруучу же контаминацияланган материал менен байланышы бар/байланышта болгон адамдар;
26) медициналык текшерүүдөгү купуялуулук - жугуштуу же жугуштуу эмес оору боюнча адамдын текшерүүдөн, байкоодон өтүү фактысы тууралуу маалымат жашыруун сакталуусу кепилденүүчү медициналык текшерүү жана байкоо;
27) АИВден жабыр тарткан адамдар - жакын туугандарынын АИВ жугузуп алгандыгына байланыштуу моралдык жана мүлктүк жактан зыян тарткан адамдар;
28) Эл аралык медициналык-санитардык эрежелер (мындан ары - ЭМСЭ) - улуттук, региондук жана эл аралык деңгээлде медициналык-санитардык коопсуздукту күчөтүү максатында коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү эрежелерди белгилөөчү эл аралык документ;
29) коомдун саламаттыгы - демографиялык көрсөткүчтөрү, дене бойдун өнүгүү мүнөздөмөлөрү, оорулар жана майыптуулук менен баа берилүүчү географиялык, социалдык же болбосо башка белгилер боюнча калктын же белгилүү бир топтун жана коомдоштуктун саламаттыгы;
30) коомдун саламаттыгын сактоо - бардык кызыкдар тараптардын уюмдашкан күч-аракеттери, калкка, мамлекеттик жана жеке менчик уюмдарга, коомдоштуктарга жана жеке жактарга маалымат берүү аркылуу калктын саламаттыгын сактоого, оорулардын алдын алууга, адам өмүрүн узартууга жана ден соолугун чыңдоого багытталган иш-чаралардын системасы;
31) чектөө иш-чаралары (карантин) - жугуштуу оорулардын таркап кетүүсүнын, массалык уулануулардын жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, кийин аны жоюу менен эпидемиялык очокту чектөөнү камсыз кылууга багытталган жана чарбалык же башка иштин өзгөчө режимин, калктын, транспорт каражаттарынын, жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбарлардын кыймылын чектөөнү караштыруучу убактылуу уюштуруу, режимдик-чектөөчү, административдик-чарбалык, санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын системасы;
32) өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар - оорулардын тез таркап кетүүсүна жана көп сандаган адамдардын жугуштуу оору жугузуусуна, оорунун оор өтүшүнө, өлүмгө учуроонун жогорку пайызына байланыштуу өзгөчө эпидемиологиялык кооптуулук жаратуучу жана коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө эл аралык мааниге ээ болгон бир кыйла кооптуулук жаратууга өбөлгө түзүүчү окуялардын тизмегине кирүүчү жугуштуу оорулардын тобу;
33) саламаттыкка тийгизген таасирге баа берүү - калктын саламаттыгынын абалы, саламаттык сактоону өнүктүрүү жана бүтүндөй социалдык-экономикалык өнүктүрүү, белгилүү бир саясатты же программаны, же конкреттүү кызматтардын же уюмдардын ишин жүргүзүү көз карашынан алганда түздөн-түз жана кыйыр кесепеттерге комплекстүү баа берүү;
34) адамдын ден соолугуна болгон тобокелдикке баа берүү - белгилүү бир шарттарда адамдын жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун адамдардын конкреттүү тобуна таасир тийгизүүсүнүн натыйжасында өөрчүп кетүүгө жөндөмдүү зыяндуу натыйжалардын сандык жана сапаттык мүнөздөмөсү, айлана-чөйрөнүн (абанын, суунун, тамак-аш азыктарынын) булганышынын жагымсыз кесепеттерин божомолдоо;
35) иммунизациялоодон кийинки кыйыр таасир (мындан ары - ИККТ) - Алдын ала эмдөөлөрдүн календарына киргизилген алдын ала эмдөөдөн, ошондой эле иммунизациялоодон кийин келип чыккан, медициналык көз караштан алганда, ар кандай жагымсыз көрүнүш менен туюндурулган эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөдөн келип чыгуучу вакцинадан кийинки оорунун өтүшүп кетүүсү;
36) популяциялык иммунитет (жамааттык иммунитет) - калктын иммунитетинин өнүгүүсүнүн негизинде, же болбосо вакцинациялоонун, же болбосо мурда жугуштуу оору менен ооругандыгынын натыйжасында келип чыгуучу жугуштуу оорудан кыйыр коргонуу;
37) бирдиктүү саламаттык принциби - адамдын ден соолугунун, жаныбарлардын саламаттыгынын жана айлана-чөйрөнүн ортосундагы өз ара байланыш, ошондой эле калктын саламаттыгын камсыз кылуу үчүн секторлор аралык координациялоо каралуучу ыкма;
38) табигый очоктуу жугуштуу оорулар - козгогучтары айрым аймактарда - табигый очоктордо, жаныбарлардын, кемирүүчүлөрдүн, канаттуулардын, кан соргуч муунак буттуулардын (ар кандай жугуштуу оорулардын резервуарларында) организминде жайгашкан, узак мезгилге чейин сакталуучу (жаныбарлардан адамга жугуучу) жугуштуу оорулар, мында табигый очоктун эпидемиологиялык таасири козгогучтун циркуляциясынын тездигине жана калктын экосистема менен байланышуу даражасына жараша болот;
39) оорулардын алдын алуу - оорулардын келип чыгуу жана таркап кетүү ыктымалдыгынын алдын алууга же азайтууга, же болбосо анын агымын токтотууга, рецидивди жана өтүшүп кетүүнү болтурбоого багытталган иш-чаралар;
40) профилактикалык дарылоо - ооруну жугузуу же күчөтүү коркунучуна кабылган адамдарда дары-дармектердин жардамы менен оорунун өөрчүшүн же күчөшүн алдын алуу методу;
41) профилактикалык иш-чаралар - климаттын, экологиянын өзгөрүшүнүн, жол-транспорт кырсыктарын кошуп алганда, жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун калкка тийгизген терс таасирин жоюуга же азайтууга, оорулардын, массалык уулануулардын, өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышынын жана таркап кетүүсүнын алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуга багытталган уюштуруучулук, административдик, инженердик-техникалык, медициналык-санитардык, ветеринардык, адаптациялык жана башка чаралар;
42) алдын ала эмдөөлөр - жугуштуу ооруларды өзгөчө кабылдабай тургандай болуусу үчүн адамдын организмине медициналык иммунобиологиялык препараттарды киргизүү;
43) психикалык-социалдык кеңеш берүү - психикалык-эмоционалдык стрессти жеңүүгө жана жугуштуу оору боюнча чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк берүүчү текшерилип жаткан адам менен колдоо көрсөтүп жаткан адамдын ортосундагы купуя диалог;
44) психикалык активдүү зат - өзүнө Кыргыз Республикасында контролго алынууга тийиш болгон баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун улуттук тизмелериндеги заттарды камтыган, борбордук нерв системасынын иштешине таасир этүүчү, ал тургай аң-сезимди өзгөрткөнгө чейин, психикалык ал-абалдын өзгөрүшүнө алып келүүчү зат;
45) психикалык саламаттык - мында адам өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруучу, турмуштук оорчулуктарга жана стресске натыйжалуу туруштук берүүчү, түшүнүү менен жемиштүү иш жүргүзүүчү жана социумду өнүктүрүүгө өзүнүн салымын кошуучу психологиялык жана социалдык бейпилдик абалы;
46) мажбурлап күбөлөндүрүү - жугуштуу ооруларды жугузуп алгандыгын адамдын макулдугусуз, сот же тергөө органдарынын чечими боюнча жүргүзүлүүчү медициналык текшерүү;
47) АИВ боюнча тесттен кийинки кеңеш берүү - АИВ боюнча тесттин жыйынтыктарын талкуулоо максатында психикалык-социалдык кеңеш берүү;
48) кургак учуктун болжолдонгон учуру - адамдын кургак учукка чалдыгуусунун симптомдору же белгилери (жөтөл, арыктоо, түнкүсүн тердөө жана дене табынын жогорулашы);
49) тузду таратуучулар - менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан тузду ташып келинүүчү же сатуучу юридикалык жана жеке жактар;
50) санитардык-карантиндик контроль - адамдын ден соолугу үчүн потенциалдуу кооптуу продукцияны (товарларды) ташып келүүнү, жугуштуу жана массалык жугуштуу эмес ооруларды (ууланууларды) ташып келүүнү, келип чыгышын жана таркап кетүүсүн болтурбоо максатында мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында, мамлекеттер аралык өткөрүүчү темир жол станцияларында же кошулган станцияларда адамдарга, транспорт каражаттарына жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) алынган продукцияга (товарларга) карата мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн (контролдун) түрү;
51) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги - жашоо чөйрөнүн факторлорунун адамга зыяндуу таасири болбогон жана анын турмуш-тиричилигинин жагымдуу шарттары камсыз кылынган адамдын жашоо чөйрөсүнүн, калктын саламаттыгынын абалы;
52) санитардык-эпидемиологиялык кырдаал - белгилүү бир аймакта белгилүү бир убакта калктын ооруп калуу деңгээли жана жашоо чөйрөсүнүн абалы;
53) алдын ала эмдөө сертификаты - адамдын алдын ала эмдөөлөрү катталган документ;
54) коомдун саламаттыгын сактоо кызматы - иши сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга жана жарандардын ден соолугун чыңдоого, калктын саламаттыгынын абалына мониторинг жүргүзүүгө, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алууга, санитардык-эпидемиологиялык бейпилдикке жана коомдун саламаттыгын сактоо боюнча кызмат көрсөтүүгө багытталган, менчигинин түрүнө карабастан коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарынын системасы;
55) социалдык-гигиеналык мониторинг - калктын саламаттыгынын абалына жана жашоо чөйрөсүнө байкоо жүргүзүүнүн, аларды талдоонун, ден соолук үчүн тобокелдиктерге баа берүүнүн жана божомолдоонун, ошондой эле калктын саламаттыгынын абалы менен жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун, анын ичинде өзгөчө кырдаалдарда, эпидемияларда, таасиринин ортосундагы себеп-натыйжалык байланыштарды аныктоонун мамлекеттик системасы;
56) социалдык аралык сактоо - адамдардын ортосундагы физикалык аралыкты алыстатуу аркылуу жугуштуу ооруларды токтотууга же таркап кетүүсүн басаңдатууга жана жакындан байланышуу санын азайтууга, адамдардын топтолуусун болтурбоого багытталган медикаментоздук эмес мүнөздөгү санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын комплекси;
57) социалдык мобилизация - жалпы максатка жетүү үчүн коомдун бардык негизги секторлору чогуу иштөөчү, пландаштырылган процесс;
58) ооруга байланыштуу стигматизация - белгилүү бир адам же жалпы мүнөздөмөлөрү бар адамдардын тобу менен белгилүү бир оору боюнча терс ассоциациясынын келип чыгышы, ушундай адамдарга карата бир тараптуулуктун, стереотиптердин, басмырлоонун жана сегрегациянын таркап кетүүсү жана/же алардын ооруга чалдыгуусуна байланыштуу өздөрүнүн статусун жоготуусу менен туюндурулат;
59) ден соолукту чыңдоо - адамдарга жана жамааттарга социалдык, экономикалык, экологиялык жана башка факторлордун, ошондой эле жашоо чөйрөнүн жана жашоо мүнөзүнүн ден соолукка тийгизген таасирин түшүнүүгө жана ден соолукту жакшыртуу максатында аларды контролдоону күчөтүүгө мүмкүндүк берүүчү процесс;
60) калктын аялуу топтору - оор турмуштук кырдаалга дуушар болгон жана/же эпидемиологиялык ыңгайсыз райондо жашаган жана/же тобокелдик тобуна кирген ооруга чалдыккан адамдардын топтору;
61) коомдун саламаттыгын сактоо кызматтарын көрсөтүү - жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптарын аткаруу боюнча алардын компетенциясынын алкагында жүзөгө ашырылуучу жана алардын укуктарын ишке ашырууга, мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандырууга же болбосо ушул Мыйзамды аткаруунун натыйжасында келип чыгуучу милдеттерди аткарууга багытталган коомдун саламаттыгын сактоо кызматтарынын ишинин натыйжасы;
62) ден соолук жана оорулардын келип чыгышы үчүн тобокелдик факторлору - оорунун пайда болуу ыктымалдыгын арттыруучу же адамдын саламаттыгынын абалына жагымсыз таасир тийгизүүгө алып келүүчү факторлор;
63) кант диабети боюнча тобокелдик факторлору - кант диабети боюнча оорлошкон тукум куучулук, ашыкча салмак, гипертониялык оору, салмагы 4,5 кг жогору болгон балдардын төрөлүшү;
64) калктын максаттуу топтору - оорунун келип чыгуусунун жана анын өөрчүшүнүн, өтүшүп кетишинин жана майыптуулукка, эрте өлүмгө алып келүүчү кесепеттеринин тобокелдиги жогору болгон адамдардын топтору;
65) ден соолуктун санарип паспорту - адамдын саламаттыгынын абалы жана ага көрсөтүлүүчү медициналык жардам жөнүндө санариптик саламаттык сактоо субъекттери тарабынан электрондук булактардан өмүр бою калыптандырылуучу, жеке жакка, ошондой эле саламаттык сактоо кызматкерлерине жеткиликтүү болгон коргоого алынган түзүмдөштүрүлгөн жеке медициналык маалыматтарды Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте топтоо;
66) эпидемиялык очок - жугуштуу ооруну айланасындагыларга жугузуу кооптуулугунун чегинде чектеш аймагы менен жугуштуу ооруну козгогучтун булагы чыккан жер;
67) профилактика - ден соолукту сактоого жана чыңдоого, оорулардын келип чыгышынын жана (же) таралышынын алдын алууга, аларды эрте табууга, алардын келип чыгышынын жана өөрчүшүнүн себептерин жана шарттарын аныктоого, ошондой эле адамдын ден соолугуна зыяндуу таасирлерди четтетүүгө багытталган иш-чаралардын комплекси.
5-берене. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары
Кыргыз Республикасында коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) саламаттык сактоонун алдын алууга багытталгандыгы жана калктын сергек жашоо мүнөзүнө берилүүсүн калыптандыруу;
2) коомдун саламаттыгын сактоо кызмат көрсөтүүлөрүнүн калыстыгынын жана жеткиликтүүлүгүнүн негизинде адамдардын ден соолугун коргоо жана чыңдоо үчүн шарттарды түзүү;
3) бүтүндөй калктын жашоо сапатын жана социалдык бейпилдик деңгээлин жогорулатуучу фактор катары психикалык жана физикалык ден соолукту чыңдоо;
4) ден соолукту коргоо жана чыңдоо чөйрөсүндө калктын керектөөлөрүнө ылайык коомдун саламаттыгын сактоону өнүктүрүү, коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарынын иштөөсү үчүн бирдей шарттарды түзүү;
5) оорулардын алдын алуу, ден соолукту коргоо жана чыңдоо маселелери боюнча объективдүү жана анык маалымат менен жарандарды камсыз кылуу;
6) бирдиктүү ден соолук принцибинин негизинде коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ишти координациялоо;
7) калктын активдүү катышуусу менен калктын саламаттыгын коргоо жана чыңдоо маселелерин чечүүдө коомдук жана башка уюмдардын кызматташтыгы жана өз ара аракеттенүүсү;
8) жарандардын сапаттуу, натыйжалуу, коопсуз дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга тартипке салынган жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
9) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чегинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке жактардын калктын саламаттыгынын абалы жана коомдун саламаттыгын сактоо боюнча көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты үчүн жоопкерчилиги;
10) өзүнүн жана башка адамдардын ден соолугун коргоо жана чыңдоо үчүн адамдын жана жарандын жоопкерчилиги;
11) калктын саламаттыгын коргоодо жана чыңдоодо юридикалык жана жеке жактардын экономикалык кызыкчылыгы;
12) профилактикалык иш-чаралардын илимий негиздүүлүгү;
13) коомдун саламаттыгын сактоону өнүктүрүү, ден соолукту чыңдоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын таркап кетүүсүн жана алардын кесепеттерин азайтууну башкаруу боюнча мамлекеттик, максаттуу жана региондук программаларды кабыл алуу;
14) эмгек мыйзамына жана пенсиялык жана социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык каралган тартипте жана шарттарда өзгөчө эмгек шарттарында (зыяндуу жана кооптуу эмгек шарттары) иштегендиги үчүн жеңилдиктерди жана компенсацияларды белгилөө;
15) эмгек мыйзамдарында жана саламаттык сактоо, социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте жана шарттарда жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларды кесиптик ооруларга киргизүү;
16) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө маалыматтык технологияларды ишке киргизүү жана өнүктүрүү;
17) адамдын саламаттыгынын абалы жана ага көрсөтүлүүчү медициналык жардам жөнүндө санариптик саламаттык сактоо субъекттери тарабынан электрондук булактардан өмүр бою түзүлүүчү, жеке жакка, ошондой эле саламаттык сактоо кызматкерлерине жеткиликтүү болгон түзүмдөштүрүлгөн жеке медициналык маалыматтарды коргоо;
18) менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарынын окуу программаларына ден соолукту чыңдоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу маселелери боюнча тематикалык бөлүмдөрдү киргизүү;
19) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө эл аралык кызматташуу.
6-берене. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү негизги принциптер
Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү негизги принциптер:
1) адамдын ден соолугун өмүр бою чыңдоо жана сактоо;
2) жарандардын коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү укуктарын сактоо жана ушул укуктар менен байланышкан мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу;
3) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө басмырлоого жана стигматизациялоого жол бербөө;
4) коомдун саламаттыгын сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө бирдей жеткиликтүүлүктү жана алардын сапаттуулугун камсыз кылуу;
5) коомдун саламаттыгын сактоо боюнча кызматтарды көрсөтүүдө баш тартууга жол берилбестик;
6) жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуунун артыкчылыгы;
7) дарыгерлик сырды сактоо;
8) коомдун саламаттыгын сактоо системасынын ачык-айкындуулугу, натыйжалуулугу жана отчеттуулугу.
2-глава. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары
7-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында коомдун саламаттыгын сактоо, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жана мамлекеттик кепилдиктерди ишке ашыруу;
2) Кыргыз Республикасынын жарандарынын коомдун саламаттыгын сактоо, коомдун саламаттыгын сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнү жогорулатуу чөйрөсүндө ден соолукту коргоого конституциялык укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу;
3) коомдун саламаттыгын сактоону өнүктүрүү, ден соолукту чыңдоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын таркап кетүүсүн жана алардын кесепеттерин азайтууну башкаруу боюнча улуттук, мамлекеттик, максаттуу программаларды кабыл алуу, каржылоо жана ишке ашырылышын контролдоо;
4) Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасын (мындан ары - МКП) кабыл алуу жана аны ишке ашырууну контролдоо;
5) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;
6) ЭМСЭни ишке ашырууда аткаруу бийлик органдарынын функцияларын аныктоо;
7) мамлекеттик коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарын башкаруу жана каржылоо принциптерин аныктоо;
8) коомдун саламаттыгын сактоону өнүктүрүү, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо;
9) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө маалыматтык технологияларды өнүктүрүү боюнча чараларды көрүү, каржылоо жана аларды ишке ашырууну контролдоо;
10) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылууга, жарандарга өзгөчө кырдаалдардагы, өзгөчө абалдагы жагдай жана көрүлүүчү чаралар жөнүндө маалымдоого багытталган чараларды ишке ашыруу;
11) Кыргыз Республикасынын аймагын жугуштуу оорулардын кирүүсүнөн жана алардын таркап кетүүсүнан санитардык коргоону камсыз кылуу жана анын жүзөгө ашыруу тартибин аныктоо;
12) ушул Мыйзамга, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге, ошондой эле жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн уюштурууда балдардын болуу шарттарынын коопсуздугу боюнча санитардык талаптарга (мындан ары - минималдуу санитардык талаптар) ылайык калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылууга, Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу оорулардын таркап кетүүсүнүн алдын алууга мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү тартибин жана эпидемиологиялык кырдаалдын татаалдашына таасир этүү системасын аныктоо;
13) (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
14) Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу эмес оорулардын таралышына мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартибин аныктоо;
15) адамдын саламаттыгынын абалы жана ага көрсөтүлүүчү медициналык жардам жөнүндө санариптик саламаттык сактоо субъекттери тарабынан электрондук булактардан өмүр бою түзүлүүчү, жеке жакка, ошондой эле саламаттык сактоо кызматкерлерине жеткиликтүү болгон түзүмдөштүрүлгөн жеке медициналык маалыматтарды топтоо тартибин аныктоо;
16) калктын сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга көмөктөшүү;
17) келишимдин негизинде коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөр тартибин жана шарттарын аныктоо;
18) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүүдө климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу маселелерин эсепке алуу;
19) донордук кан менен акысыз камсыз кылууну уюштуруу.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары
1. "Коомдун саламаттыгын сактоо" багыты боюнча саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) коомдун саламаттыгын сактоону өнүктүрүү, оорулардын алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын таркап кетүүсүн жана алардын кесепеттерин азайтууну башкаруу боюнча мамлекеттик, максаттуу жана региондук программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
2) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды аткаруу боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын ишин координациялоо;
21) Министрлер Кабинети аныктаган тартипте санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди бекитүү;
22) Министрлер Кабинети аныктаган тартипте минималдуу санитардык талаптарды бекитүү;
3) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
4) медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, коопсуздугун башкаруу системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
5) республиканын аймагына жугуштуу оорулардын кирүүсүнөн жана алардын таркап кетүүсүнан санитардык коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүүнү координациялоо;
6) санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнү жана жугуштуу оорулардын чыгышын, тамак-аштан ууланууларды өз убагында токтотуу жана жоюу боюнча эпидемияга каршы, профилактикалык иш-чараларды уюштурууну координациялоо;
7) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө;
8) техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарын, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин, минималдуу санитардык талаптардын аткарылышына мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө (контролдоо);
9) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан маселелерди чечүүдө жана өзгөчө абал мезгилинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүгө катышуу;
10) тынч жана согуш мезгилинде коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү чараларды уюштуруу боюнча мобилизациялык даярдыкты жүзөгө ашыруу;
11) саламаттык сактоо чөйрөсүндө жарандык коргонууну ишке ашыруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
12) жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген чет өлкөлүк жактардын ишин координациялоо;
13) калк арасында жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын таркап кетүү деңгээлине, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугуна байкоо жүргүзүү, баа берүү жана божомолдоо;
14) Министрлер Кабинетинин кароосуна коомдун саламаттыгын сактоону өнүктүрүү, ден соолукту чыңдоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын таркап кетүүсүн жана алардын кесепеттерин азайтууну башкаруу боюнча сунуштарды киргизүү;
15) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө медициналык кадрларды даярдоо;
16) мамлекеттик коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарынын ишин координациялоо жана мониторинг жүргүзүү;
17) коомдун саламаттыгын сактоо боюнча кызмат көрсөтүү стандарттарын аныктоо;
18) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү иш-чараларга мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;
19) коомдун саламаттыгын сактоо системасын андан ары өнүктүрүүнү жана жакшыртууну камсыз кылуу;
20) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө эл аралык укуктун ченемдерине, эл аралык укук колдонуу тажрыйбасына талдоо жүргүзүү;
21) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө илимди жана жаңы технологияларды өнүктүрүүгө талдоо жүргүзүү;
22) Кыргыз Республикасынын жарандарында оорулардын алдын алуу, ошондой эле сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу.
2. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ЭМСЭ боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук координатору болуп саналат.
3. ЭМСЭ боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук координатору (мындан ары - Улуттук координатор) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте оорулардын эл аралык таркап кетүүсүна жол бербөө, алардан сактануу, аларга каршы күрөшүү жана коомдун саламаттыгын сактоо деңгээлинде жооптуу чараларды көрүү боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишин координациялайт жана ЭМСЭ маселелери боюнча эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер менен өз ара аракеттенет.
4. Улуттук координатордун жооптуу адамы кызмат орду боюнча Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы болуп саналат, анын Улуттук координатордун жооптуу адамы катары ыйгарым укуктары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
1. Тиешелүү аймакта коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылуу;
2) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүдө коомдун саламаттыгын сактоону өнүктүрүү, оорулардын алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын таркап кетүүсүн жана алардын кесепеттерин азайтууну башкаруу боюнча мамлекеттик, максаттуу жана региондук программаларды ишке ашырууну камсыз кылуу;
3) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын макулдашылган ишин жана алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
4) мезгил-мезгили менен медициналык кароолорду жана алдын алуу иш-чараларын өткөрүү маселелери боюнча менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, жергиликтүү коомчулуктун саламаттык сактоо уюмдары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
5) (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6) коомдун саламаттыгын сактоонун жана калк үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн инфратүзүмдүк жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн инженердик, коммуналдык жана телекоммуникациялык инфратүзүмдү түзүү жана өнүктүрүү;
7) мамлекеттик коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарына акысыз негизде муниципалдык менчикти берүү;
8) сергек жашоо мүнөзүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана калк арасында оорулардын тобокелдик факторлорун азайтуу, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, жугуштуу оорулардын өзгөчө кооптуу түрлөрү жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
9) алгачкы медициналык-санитардык жардамды, санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чараларды жана вакцинациялоону уюштуруу маселелери боюнча калк арасында маалыматтык жана түшүндүрүү иштерин өткөрүү;
10) ыкчам биргелешкен чечимдерди кабыл алуу үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга учурдагы кырдаал жөнүндө маалымдоо;
11) коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
2. Тиешелүү аймакта коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүнү жана өнүктүрүүнү уюштуруу;
2) тиешелүү аймакта сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, калкты санитардык-гигиеналык агартуу боюнча иш-чараларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
3) санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чаралардын өз учурунда өткөрүлүшүн камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;
4) карантиндик-чектөө чараларынын өз учурунда өткөрүлүшүн камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;
5) (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6) (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Тиешелүү аймактын жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ара аракеттенүүдө ден соолукту чыңдоо, сергек жашоо мүнөзүн өнүктүрүү, ошондой эле коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө ден соолук үчүн жагымдуу айлана-чөйрөнү түзүү боюнча адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн инженердик, коммуналдык, телекоммуникациялык инфратүзүмдү жана шарттарды түзөт жана өнүктүрөт.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү ишке ашыруучу кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында коомдун саламаттыгын сактоо кызматынын ишин координациялайт;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында чектөөчү иш-чараларды (карантинди) киргизүү (жокко чыгаруу) жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
3) эпидемиялар, массалык, топтук уулануулар жана радиациялык авариялар келип чыккан учурда жана башка ушул сыяктуу учурларда алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүү жана башка чараларды көрүү зарылдыгы жөнүндө негизделген сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
4) өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында Кыргыз Республикасынын аймагында коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү иш-чараларды координациялоону жана алардын ишке ашырылышына контролдоону жүзөгө ашырат.
2. Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарынын статусуна ээ. Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачынын кызмат ордун жогорку медициналык билими, коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарда 7 жылдан кем эмес иш стажы бар, анын ичинде жетектөөчү кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес иштеген адам ээлей алат.
3. Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы жана административдик-аймактык бирдиктердин башкы мамлекеттик санитардык врачтары Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында аткарууга милдеттүү болгон токтомдорду белгиленген тартипте чыгарат жана төмөнкүдөй маселелер боюнча алардын аткарылышын контролдоону камсыз кылат:
1) тиешелүү административдик-аймактык бирдиктерде (өзүнчө объекттерде) чектөөчү иш-чараларды, анын ичинде карантинди киргизүү;
2) санитардык-эпидемиологиялык экспертизаларды, иликтөөлөрдү, текшерүүлөрдү, изилдөөлөрдү, сыноолорду жүргүзүү;
3) адам өмүрүнө, жугуштуу оорулардын жана массалык уулануулардын келип чыгуусуна жана таркап кетүүсүнө коркунуч жаралганда техникалык регламенттерди, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди, минималдуу санитардык талаптарды бузуулар четтетилгенге чейин объекттин же анын бөлүгүнүн ишин токтото туруу;
4) техникалык регламенттердин талаптарына жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдер менен эрежелердин талаптарына шайкеш келбеген, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө алынууга тийиш болгон продукцияны (товарларды) алып коюу;
5) техникалык регламенттердин талаптарына жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдер менен эрежелердин талаптарына шайкеш келбеген, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө алынууга тийиш болгон продукцияны (товарларды) өндүрүүгө, жүгүртүүгө жана сатууга тыюу салуу;
6) адам өмүрүнө жана ден соолугуна кооптуу деп таанылган учурда биологиялык жана химиялык заттардын бардык түрлөрүн өндүрүүгө, колдонууга тыюу салуу;
7) мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) алынуучу ташып келинген продукцияны, товарларды санитардык-эпидемиологиялык кароодон өткөрүү.
4. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) алынуучу, белгиленген талаптарга шайкеш келбеген продукцияны, чийки затты ташып келүүгө (импорттоого), ташып чыгууга (экспорттоого) тыюу салуу маселеси боюнча токтом Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы тарабынан кабыл алынат.
5. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү ишке ашыруучу кызмат адамдары ушул Мыйзамдын жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди, минималдуу санитардык талаптарды жетекчиликке алат.
6. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жүзөгө ашырылуучу иш үчүн, алар кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү үчүн жеке жоопкерчилик алышат.
7. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү ишке ашыруучу кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте көзөмөлдөө объекттерине күбөлүктөрүн жана белгиленген үлгүдөгү жолдомосун көрсөтүп, ал эми өзгөчө кырдаалдарда, аварияларда же адам өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жаралган учурларда - белгиленген үлгүдөгү жолдомосун көрсөтпөстөн тоскоолсуз кирүүгө жана текшерүүгө;
2) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу маселелери боюнча документтештирилген маалымат алууга;
3) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан уюмдардан, жарандардан эпидемияга каршы иш-чараларды жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдер менен эрежелерди милдеттүү түрдө аткарышын талап кылууга;
4) санитардык-эпидемиологиялык иликтөөлөрдү жүргүзүүгө;
5) продукцияларды, чийки заттарды, жумушчу аймактын абасын, сууну, топуракты изилдөө үчүн сынамдарды белгиленген тартипте тандап алууну жүргүзүүгө, жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун санитардык эрежелерге шайкештигин аныктоо максатында ушундай факторлорду өлчөөнү жүргүзүүгө;
6) адам өмүрүнө коркунуч жаралганда, жугуштуу оорулар жана массалык уулануу келип чыкканда жана таркап кеткенде объекттин же анын бир бөлүгүнүн ишин техникалык регламенттердин, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин, минималдуу санитардык талаптардын бузуулары жоюлганга чейин токтото турууга;
7) техникалык регламенттердин жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдер менен эрежелердин талаптарына шайкеш келбеген продукцияны жана азык-түлүк чийки затын алып коюу боюнча чечимдерди кабыл алууга;
8) белгиленген талаптарга шайкеш келбеген, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн контролуна алынган продукцияны ташып келүүгө (импорттоого), ташып чыгууга (экспорттоого) тыюу салууга;
9) санитардык-эпидемиологиялык ченемдер менен эрежелердин жана техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбеген продукцияны жана азык-түлүк чийки затын, товарларды өндүрүүгө, жүгүртүүгө жана сатууга тыюу салууга;
10) адам өмүрүнө жана ден соолугуна кооптуу деп таанылган учурда биологиялык жана химиялык заттардын бардык түрлөрүн өндүрүүгө, колдонууга тыюу салууга;
11) техникалык регламенттердин, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин, минималдуу санитардык талаптарына шайкеш келбестик табылган учурда колдонулушун токтото туруу (токтотуу), продукциянын техникалык регламенттерге шайкештигин ырастоочу документтерди жараксыз деп таануу жөнүндө жазма буйруктарды берүүгө;
12) аткаруучу жумушунун же өндүрүштүн өзгөчөлүгүнө байланыштуу жугуштуу ооруларды козгогучтарды алып жүрүүчү жана жугуштуу оорулардын таркап кетүү булагы болушу ыктымал болгон адамдарды, ошондой эле медициналык текшерүүдөн же күбөлөндүрүүдөн өтпөгөн адамдарды иштен убактылуу четтетүү боюнча жазма буйруктарды берүүгө;
13) ташып келинүүчү продукцияны, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн контролуна алынган товарларды санитардык-эпидемиологиялык текшерүү жүргүзүүгө;
14) санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин, минималдуу санитардык талаптардын бузулгандыгы жөнүндө протокол түзүүгө жана аларды четтетүү жөнүндө санитардык жазма буйруктарды берүүгө;
15) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди, минималдуу санитардык талаптарды бузуу табылган учурда айып түрүндө жаза колдонуу жөнүндө чараларды белгиленген тартипте көрүүгө, укук коргоо жана сот органдарына кайрылууга.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Коомдун саламаттыгын сактоо кызматы
1. Менчигинин түрүнө карабастан коомдун саламаттыгын сактоо уюмдары санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чараларды, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алууну камсыз кылышат жана өткөрүшөт, сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга жана калктын саламаттыгын чыңдоого, жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун адамга зыяндуу таасиринин алдын алууга, коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө калкты гигиеналык жактан тарбиялоого жана агартууга көмөк көрсөтүшөт.
2. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнү жана контролдоону Кыргыз Республикасынын калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ишке ашырат.
3. Мамлекеттик коомдун саламаттыгын сактоо уюмдары Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачына отчет берүүчү шаарлардын жана райондордун мамлекеттик коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарын камтыган бирдиктүү системасын туюндурат.
4. Мамлекеттик коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарынын түзүмү жана иши саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат, буга анын ведомстволук бөлүмдөрү кирбейт, аларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу Министрлер Кабинетинин чечими менен ишке ашырылат.
5. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү медициналык кызматкерлерге ден соолукту коргоо жөнүндө мыйзамда каралган укуктар жана милдеттер жайылтылат.
12-берене. Коомдун саламаттыгын сактоо адистерин даярдоо
Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү адистерди даярдоо жана аларды даярдоонун сапатын башкаруу Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте ишке ашырылат.
3-глава. Жеке жана юридикалык жактардын коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери
13-берене. Адамдын жана жарандын коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү жалпы укуктары жана милдеттери
1. Ар бир адам төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ооруга байланыштуу адамдын кадыр-баркын кемсинтүүнү болтурбоочу сый-урматтуу жана гумандуу мамиледе болууга;
2) факторлору адамга зыяндуу таасирин тийгизбеген жагымдуу жашоо чөйрөсүнө;
3) врачты, менчигинин түрүнө карабастан коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарын эркин тандоого;
4) укуктары, учурдагы оорусунун мүнөзү жана коомдун саламаттыгын сактоо боюнча көрсөтүлүүчү кызматтар тууралуу маалыматтарды алууга;
5) оорулары жана алдын алуу чаралары жөнүндө анык маалыматтарды алууга;
6) санитардык-эпидемиологиялык кырдаал, жашоо чөйрөсүнүн абалы, продукциялардын сапаты жана коопсуздугу жөнүндө маалымат алууга;
7) калктын саламаттыгын коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү техникалык регламенттердин талаптарын аткарууга коомдук контролдоо жүргүзүүгө;
8) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарына калктын саламаттыгын коргоону жана чыңдоону камсыз кылуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
9) башка жарандар, жеке жана юридикалык жактар тарабынан коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуусунан улам, ошондой эле алдын алуу иш-чараларын аткарууда ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыянды жарандык мыйзамга ылайык толук көлөмүндө ордун толтуруп алууга;
10) объекттердин канааттандырбаган абалы, продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты маселелери боюнча коомдун саламаттыгын сактоо кызматынын уюмдарына арыздар (даттануулар) менен кайрылууга;
11) сергек жашоо мүнөзү, өмүр бою ден соолугун чыңдоо жана оорулардын алдын алуу жөнүндө маалыматтарды алууга.
2. Ар бир адам төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Мыйзамдын, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарын, минималдуу санитардык талаптарды аткарууга;
2) өзүнүн ден соолугуна, ошондой эле өз балдарынын ден соолугуна, аларга гигиеналык тарбия берүүгө жана окутууга кам көрүүгө;
3) башка жарандардын ден соолукту коргоого жана ден соолук үчүн жагымдуу жашоо чөйрөсүнө болгон укуктарын бузууга алып келүүчү иш-аракеттерди жасабоого;
4) коомдун саламаттыгын сактоо маселелери боюнча медициналык кызматкердин сунуштамаларын аткарууга.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-берене. Иммунопрофилактиканы ишке ашырууда жарандардын укуктары жана милдеттери
1. Жарандар иммунопрофилактиканы ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) медициналык кызматкерлерден алдын ала эмдөөлөрдүн зарылдыгы, алардан баш тартуунун кесепеттери, мүмкүн болгон ИККТ жөнүндө толук жана объективдүү маалыматтарды алууга;
2) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында МКПга ылайык Алдын ала эмдөөлөрдүн календарына киргизилген акысыз алдын ала эмдөөлөрдү алууга;
3) менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында Алдын ала эмдөөлөрдүн календарына киргизилбеген акы төлөнүүчү алдын ала эмдөөлөрдү алууга;
4) МКПга ылайык жугуштуу оорулардын келип чыгуу жана таркап кетүү коркунучу болгондо, эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөрдү алууга;
5) акысыз медициналык кароодон өтүүгө, зарыл болгондо мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында алдын ала эмдөөлөрдүн алдында медициналык жактан текшерилүүгө;
6) ИККТ келип чыкканда саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдарында акысыз дарыланууга;
7) ИККТ келип чыкканда социалдык коргонууга;
8) эгерде башка ченемдик актыларда башкача каралбаса, алдын ала эмдөөлөрдөн баш тартууга.
2. Аткарылышы жугуштуу оорулар менен ооруп калуунун жогорку тобокелдиги менен байланышкан жана алдын ала эмдөөлөрдү милдеттүү жүргүзүүнү талап кылган жумуштардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Иммунопрофилактиканы жүзөгө ашыруучу медициналык кызматкерлерге саламаттык сактоону коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган укуктар жана милдеттер жайылтылат. Медициналык кызматкерлер эки күндүк мөөнөттө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү аймактык бөлүмүнө ата-энелердин жана аларды алмаштыруучу адамдардын Алдын ала эмдөөлөрдүн календарында каралган алдын алуучу эмдөөлөрдү баланын алуусунан атайылап баш тарткандыгы, ошондой эле ата-энелердин жана аларды алмаштыруучу адамдардын Алдын ала эмдөөлөрдүн календарында каралган алдын алуучу эмдөөлөрдү баланын алуусунан баш тарткандыгынын натыйжасында баланын ден соолугуна зыян келген учурлар жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдоого милдеттүү.
4. Иммунопрофилактиканы жүзөгө ашырууда жарандар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) медициналык кызматкерлердин эскертүүлөрүн жана сунуштамаларын аткарууга;
2) милдеттүү же сунушталган вакцинациялоого карата медициналык кызматкерлердин эскертүүлөрүн жана сунуштамаларын аткарууга;
3) алдын ала эмдөөлөрдөн баш тартууну жазуу жүзүндө ырастоого.
5. Алдын ала эмдөөлөрдөн баш тартуунун кесепеттерин көрсөтүү менен медициналык документтерге, анын ичинде электрондук форматта жазуу менен таризделет жана алдын ала эмдөөлөрдөн баш тарткан адам жана медициналык кызматкер тарабынан кол коюлат. Мындай баш тартууга кол коюудан баш тарткан учурда бул жөнүндө медициналык документтерге, анын ичинде электрондук форматта тиешелүү жазуу жүргүзүлөт жана медициналык кызматкер тарабынан кол коюлат.
6. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү балдарды коргоо боюнча чечимдерди кийин кабыл алуу үчүн ата-энелердин жана аларды алмаштыруучу адамдардын Алдын ала эмдөөлөрдүн календарында каралган алдын алуучу эмдөөлөрдү баланын алуусунан атайылап баш тартуу учурларын белгиленген тартипте балдар иштери боюнча комиссиялардын кароосуна киргизет.
7. Алдын ала эмдөөлөрдүн календарында каралган алдын алуучу эмдөөлөрдү баланын алуусунан атайылап баш тарткан ата-энелер жана аларды алмаштыруучу адамдар, баланын ден соолугуна зыян келтирилгенде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
8. Ата-энелер жана аларды алмаштыруучу адамдар Алдын ала эмдөөлөрдүн календарында каралган алдын алуучу эмдөөлөрдү баланын алуусунан атайылап баш тартканда, ошондой эле ата-энелер жана аларды алмаштыруучу адамдар алдын алуучу эмдөөлөрдү баланын алуусунан баш тарткандыгына байланыштуу баланын ден соолугуна зыян келгендиги табылган учурларда, медициналык кызматкерлер жоопкерчилик тартпайт.
15-берене. Адамдардын кургак учуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери
1. Кургак учук менен ооруган адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өздөрүнүн укуктары жана алардын ооруларынын мүнөзү жана дарылоонун колдонулуучу методдору жөнүндө маалыматтарды алууга;
2) алгачкы медициналык-санитардык жана адистештирилген медициналык жардамдын мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында МКПга ылайык дарыланууга;
3) кургак учукка каршы уюмга чакырууда же кеңешүүгө жөнөтүүдө - республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен акысыз (барыш-келиши) жол жүрүүгө;
4) кургак учук оорусунун кесепетинен эмгекке жарамдуулугун убактылуу жоготкондо - эмгек мыйзамдарына ылайык майыптык тобу аныкталганга чейинки же болбосо клиникалык айыкканга чейинки мөөнөткө иштеген ордунун жана ээлеген кызматынын сакталышына;
5) МКПга ылайык акысыз милдеттүү лабораториялык-диагностикалык текшерилип турууга;
6) ушул Мыйзамга ылайык кургак учук менен ооругандар жашаган жерлерде эпидемияга каршы иш-чараларга;
7) эгерде расмий түрдө жумушсуз болуп саналса, жумуш издөө мезгилине, анын ичинде эмгекке убактылуу жарамсыздык мезгилине калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жумушсуздук боюнча жөлөкпулга.
2. Профилактикалык дарыланып жаткан балдар мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында билим берүү программалары боюнча окууга укуктуу.
3. Кургак учук менен ооругандар менен байланышта болгон адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) айланасындагыларга кургак учук жугузуу тобокелдиги бар адамдарды аныктоо үчүн акысыз милдеттүү лабораториялык-диагностикалык текшерүүлөргө, ошондой эле саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу мезгилде медициналык жактан текшерилип турууга;
2) кургак учук менен ооругандар жашаган жерлерде алдын алуучу иш-чараларга.
4. Кургак учук менен ооруган адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) иш жүзүндө жашап жаткан жери боюнча саламаттык сактоо уюмдарында каттоого турууга;
2) турмуш-тиричиликте жана өндүрүштө жүрүм-туруму боюнча медициналык кызматкердин сунуштамаларын аткарууга;
3) медициналык кызматкердин чакыруусу боюнча саламаттык сактоо уюмуна келүүгө;
4) айланасындагы адамдарга кургак учук жугузуудан сактанууга, алар иш жүзүндө жашаган жерлерде эпидемияга каршы жана профилактикалоо иш-чараларын, ден соолукту чыңдоо боюнча чараларды жүргүзүүгө тоскоолдук кылбоого;
5) жашаган жерин алмаштырганда он күндүк мөөнөттө иш жүзүндө жашап жаткан жери боюнча саламаттык сактоо уюмдарында каттоого турууга.
5. Кургак учук менен ооруган адам менен байланышта болгон адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) айланасындагыларга кургак учук жугузуу тобокелдиги бар адамдарды аныктоо үчүн акысыз милдеттүү лабораториялык-диагностикалык текшерүүлөргө, ошондой эле саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу мезгилде медициналык жактан текшерилип турууга;
2) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу профилактикалык дарылануудан өтүүгө;
3) медициналык кызматкердин чакыруусу боюнча саламаттык сактоо уюмуна келүүгө.
16-берене. Жеке жактардын АИВ алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын жарандарына, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган же убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга төмөнкү укуктар берилет:
1) ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан коомдун саламаттыгын сактоо кызматынын уюмдарында АИВ боюнча ыктыярдуу, купуя, анонимдүү медициналык текшерилүүгө;
2) 14 жашка толгондон кийин мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугусуз АИВ боюнча ыктыярдуу жана купуя медициналык текшерилүүгө;
3) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте мамлекеттик же расмий тилде, ошол эле учурда чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам менен болгон учурда - зарыл болгондо башка тилде тестке чейинки жана тесттен кийинки психикалык-социалдык кеңеш алууга;
4) ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында АИВ менен байланыштуу ыктыярдуу, купуя медициналык байкоого;
5) профилактикалык программаларга катышууга жана профилактикалык каражаттарды, анын ичинде медициналык багыттагы буюмдарды алууга жана профилактикалык дарыланууга;
6) АИВ менен байланыштуу профилактика, диагностика чөйрөсүндө адистештирилген, квалификациялык медициналык жардам алууга;
7) АИВ жана профилактика чаралары жөнүндө анык маалыматтын кепилденген минимумун алууга.
2. АИВ менен жашаган адамдардын (АЖА) укуктары жана милдеттери:
1) АЖА төмөнкүлөргө укуктуу:
а) квалификациялык юридикалык жардам жана психикалык-социалдык кеңеш алууга;
б) сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын ишке ашырууга;
в) Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген атайын тизмекте белгиленген адистиктер боюнча жана кызмат орундарындагы ишти кошпогондо, тандап алган кесиби боюнча кесиптик билимге, квалификациясын өзгөртүүгө жана иштөөгө;
г) саламаттык сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө бирдей жеткиликтүүлүккө;
д) өлкөнүн ичинде тоскоолдуксуз жүрүүгө жана сыртка чыгууга;
2) АЖАнын милдеттери:
а) АЖА АИВнин башка адамдарга берилишин, анын ичинде АИВнин энеден балага берилишин алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү;
б) жашы жете элек, аракетке жөндөмсүз АЖАнын мыйзамдуу өкүлдөрү эпидемияга каршы, профилактикалык иш-чараларды сактоого, жашы жете элек, аракетке жөндөмсүз АЖА адистештирилген, квалификациялуу медициналык жардам алууда аларды тиешелүү түрдө багууну камсыз кылууга милдеттүү.
3. Дары каражаттарын сыноо, илимий изилдөө же окуу процесси, сүрөткө тартуу, видео же киного тартуу үчүн объект катары АЖАны тартуу алардын же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт.
4. АЖА бүткүл социалдык-экономикалык, саясий, жеке укуктарга жана эркиндиктерге толук ээ болушат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясында, жарандык, эмгек мыйзамдарында жана социалдык коргоо, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда бекитилген милдеттерге ээ.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган же убактылуу жүргөн жарандар, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарга ылайык милдеттерди аткарат.
17-берене. Юридикалык жактардын коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери
1. Юридикалык жактар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) санитардык-эпидемиологиялык кырдаал, жашоо чөйрөсүнүн абалы жөнүндө жана коомдун саламаттыгын сактоо маселелерин жөнгө салуучу актылар тууралуу маалымат алууга;
2) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
3) жарандар, башка жеке жана юридикалык жактар тарабынан санитардык мыйзамдарды бузуунун кесепетинен мүлкүнө келтирилген зыяндын, ошондой эле профилактикалык иш-чараларды аткарууда келтирилген зыяндын ордун толук көлөмдө толтуртууга.
2. Юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Мыйзамдын талаптарын, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актыларды аткарууга;
2) аткарылып жаткан жумуштардын, продукциялардын жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын адамдын ден соолугу үчүн коопсуздугун камсыз кылууга, өндүрүштүк контроль жүргүзүүгө;
3) продукциялардын жаңы түрлөрүнүн чыгышын, сапатын жана аларды жасоонун технологиясынын адамдын ден соолугу үчүн коопсуздугун ырастоочу документтерди белгиленген тартипте берүүгө;
4) калктын саламаттыгына коркунуч келтирүүчү авариялык жагдайлар, өндүрүштүн токтошу, технологиялык процесстердин бузулушу, экстремалдык жаратылыштык-климаттык кырдаалдар жөнүндө калкка, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдун саламаттыгын сактоо органдарына жана уюмдарына өз убагында маалымдоого;
5) иш-аракеттери тамак-аш азыктарын жана ичүүчү сууну чыгаруу, сактоо, ташуу жана сатуу, балдарды тарбиялоо жана окутуу, калкты коммуналдык жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө менен байланышкан кызматкерлердин медициналык кароодон өтүшүн жана аларды гигиеналык окутууну камсыз кылууга;
6) өзүнүн ишин жүзөгө ашырууда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин, минималдуу санитардык талаптардын сакталышын, профилактикалык (санитардык) иш-чаралардын жүргүзүлүшүн контролдоого.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-глава. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө мамлекеттин кепилдиктери
§ 1. Иммунопрофилактика чөйрөсүндө мамлекеттин кепилдиктери
18-берене. Иммунопрофилактика чөйрөсүндө мамлекеттик саясат
1. Иммунопрофилактика чөйрөсүндө мамлекеттик саясат жугуштуу оорулардын алдын алууга, таркап кетүүсүн чектөөгө жана жоюуга багытталган.
2. Иммунопрофилактика чөйрөсүндө мамлекет төмөндөгүлөргө кепилдик берет:
1) жарандар үчүн алдын ала эмдөөлөрдүн жеткиликтүүлүгүнө;
2) Алдын ала эмдөөлөрдүн календарына киргизилген алдын ала эмдөөлөрдү жана МКПга ылайык мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөрдү акысыз жүргүзүүгө;
3) ИККТда жарандарды социалдык жактан коргоого;
4) иммунопрофилактиканы ишке ашыруу үчүн мыйзамда белгиленген тартипте сертификатталган натыйжалуу вакциналарды колдонууга;
5) вакциналардын сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун мамлекеттик контролдоого;
6) иммунопрофилактика жана жаңы вакциналарды иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү илимий изилдөөлөрдү колдоого;
7) медициналык кызматкерлерди даярдоонун мамлекеттик билим берүү стандарттарына иммунопрофилактика маселелерин киргизүүгө;
8) статистикалык байкоо жүргүзүү системасын өркүндөтүүгө;
9) иммунопрофилактика чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык саясатты камсыз кылууга;
10) эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө.
3. Иммунопрофилактика чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну Министрлер Кабинети, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана жер-жерлерде аткаруу бийлигинин органдары камсыз кылат.
19-берене. ИККТ келип чыкканда жарандарды социалдык коргоо
1. ИККТ келип чыкканда жарандар эксперттик комиссиянын корутундусуна ылайык эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча мамлекеттик жөлөкпулдарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка жөлөкпулдарды алууга укуктуу.
2. Эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпулдар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарынан төлөнөт.
§ 2. Кургак учуктун алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттин кепилдиктери
20-берене. Кургак учуктун алдын алуу боюнча мамлекеттик саясат
1. Мамлекет төмөндөгүлөргө кепилдик берет:
1) кургак учукту өзгөчө иммунопрофилактикалоо;
2) кургак учук менен ооругандар менен байланышта болгон адамдарды медициналык текшерүү;
3) менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында амбулатордук жана стационардык шарттарда консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү;
4) профилактикалык дарылоо;
5) кургак учук менен ооруган адамдын ден соолугу жөнүндө маалымат берүү;
6) кургак учук менен ооруунун кесепетинен майыптык алган адамдарды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын жана кепилдиктерин коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
7) кургак учук менен ооруунун кесепетинен майыптык алган адамдарды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын жана кепилдиктерин коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо аркылуу уюмдарга ишке орноштуруу;
8) саламаттык сактоо уюмдарындагы, реабилитациялык борборлордогу же ден соолугу боюнча үй шартында жүргөн кургак учук менен ооруган балдарга мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү программалары боюнча окуу укугу.
2. Кургак учукка каршы профилактикалык жардам МКПга ылайык алгачкы медициналык-санитардык, кургак учукка каршы стационардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле коомдун саламаттыгын сактоо кызматынын уюмдары жана менчигинин түрүнө карабастан башка саламаттык сактоо уюмдары тарабынан төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:
1) Алдын ала эмдөөлөрдүн календарына ылайык кургак учукту өзгөчө иммунопрофилактикалоону жүргүзүү;
2) кургак учук менен ооруган адам менен байланышта болгон адамдарды медициналык текшерүү;
3) кургак учук менен ооруган адамдарга менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын амбулатордук жана стационардык шарттарында консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү;
4) кургак учук менен ооруган адамдарды профилактикалык дарылоо жана аларга МКПга ылайык акысыз дары-дармектик жардам көрсөтүү;
5) кургак учук менен болжолдуу ооруган адамдарга диагностикалык кызматтарды көрсөтүү.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кургак учуктун алдын алуу жана сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, калкка жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык тармактар аркылуу кургак учук жөнүндө маалымдоо, кургак учук жөнүндө калкка билим берүү үчүн иш-чараларды жүргүзүү, эмгекке жарамсыздарга, аз камсыз болгондорго жана калктын башка аялуу топторуна кирген кургак учук менен ооругандарга социалдык жардам көрсөтүү аркылуу кургак учуктун таркап кетүүсүн алдын алууга активдүү катышат.
21-берене. Кургак учук менен ооруну кесиптик ооруларга кошуу
Кургак учукка каршы жардам көрсөтүүчү медициналык жана башка кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аткарууда кургак учукту жугузуп алуусу кесиптик оорулардын категориясына кирет.
22-берене. Эмгек чөйрөсүндөгү жеңилдиктер
1. Кургак учукка каршы адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүчү медициналык жана башка кызматкерлер узактыгы 14 календардык күн болгон кошумча өргүү алууга, кызматтык маянасынын 30 пайызы өлчөмүндө эмгек акысына кошумча төлөм алууга укуктуу.
2. Өлкөдө же өзүнчө региондо кургак учук боюнча эпидемиологиялык өзгөчө кырдаал мезгилине Министрлер Кабинети, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан адамдардын кургак учук менен ооруп калган учурларын өз убагында аныктагандыгы үчүн медициналык кызматкерлерди материалдык сыйлоо чаралары колдонулат.
§ 3. АИВнин алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттин кепилдиктери
23-берене. АИВнин алдын алуу боюнча мамлекеттик саясат
1. Мамлекет тарабынан төмөнкүлөргө кепилдик берилет:
1) АИВнин алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды жүргүзүүгө;
2) калкка АИВ маселелери боюнча үзгүлтүксүз анык маалыматтарды, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу берип турууга;
3) билим берүү уюмдарынын окуу программаларына АИВ маселелери боюнча тематикалык бөлүмдөрдү киргизүүгө;
4) медициналык кызматтарды көрсөтүүдө инфекциялык контролдоо чараларын камсыз кылууга;
5) мамлекеттик жана расмий тилдерде тестке чейинки жана тесттен кийинки психикалык-социалдык кеңеш берүү менен АИВ боюнча медициналык текшерүүгө жеткиликтүүлүккө;
6) акысыз анонимдүү медициналык текшерүүгө;
7) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу калктын негизги, максаттуу жана аялуу топторунун арасында АИВ боюнча акысыз медициналык текшерүүгө;
8) АИВ боюнча медициналык текшерүү жана күбөлөндүрүү фактысы жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтардын купуялуулугуна;
9) МКПга ылайык саламаттык сактоо уюмдарында АЖАны профилактикалык дарылоонун бардык түрлөрүнө акысыз жана жеңилдетилген шарттарда жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга;
10) социалдык коргоо жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык АЖАны жана АИВден жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан коргоого;
11) саламаттык сактоонун мамлекеттик же муниципалдык уюмдарында медициналык жардам көрсөтүүдө АИВни жугузуп алган 18 жашка толгон адамдарга, ошондой эле балдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө белгиленген тартипте акчалай компенсация төлөп берүүгө;
12) АИВни жугузуп алуу тобокелдигине ээ медициналык персоналды жана башка адистерди эмгектин коопсуз шарттары жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылууга;
13) АИВ маселелери боюнча чараларды ишке ашыруу үчүн адистерди даярдоого;
14) АИВ маселелери боюнча илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө;
15) АИВ маселелерин чечүүгө багытталган коомдук жана кайрымдуулук иштерине көмөк көрсөтүүгө;
16) эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, АИВ боюнча эл аралык программалардын алкагындагы үзгүлтүксүз маалымат жана тажрыйба менен алмашууга;
17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик социалдык заказ аркылуу ден соолукту чыңдоо жана АИВнин алдын алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алууда анонимдүүлүккө;
18) АИВ боюнча жүзөгө ашырылып жаткан иш-чаралардын ачык-айкындыгын камсыз кылууга;
19) саламаттык сактоонун мамлекеттик же муниципалдык уюмдарында медициналык жардам көрсөтүү менен байланыштуу АИВни жугузуп алган күнгө карата 18 жашка толо элек адамдарга баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу үчүн бөлүнүүчү билим берүү гранттары (кабыл алуу квоталары) берилет.
2. АИВ маселелери боюнча, анын ичинде АИВ маселелери боюнча мамлекеттик, максаттуу жана региондук программаларга катышуу чараларын жүзөгө ашырууга менчигинин түрүнө карабастан уюмдар, анын ичинде эл аралык уюмдар, ошондой эле белгиленген тартипте түзүлгөн келишимдердин негизинде жеке адамдар жана чет өлкөлүк жарандар катыша алышат.
3. АЖАга төмөнкүлөргө жол берилбейт:
1) Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тизмек менен белгиленген кесиптик иштин айрым түрлөрүнөн тышкары, АИВ боюнча байланыштуу эмгек келишимин түзүүдөн баш тартууга же болбосо аны токтотууга;
2) менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында жана саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүлөрдү алуудан баш тартууга.
24-берене. АИВге чалдыккан балдарды социалдык коргоо
1. АИВ диагнозу коюлган 18 жашка чейинки курактагы балдар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар деп таанылат.
2. АИВге чалдыккан балдарга катталган учурдан тартып, ал эми АИВге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга төрөлгөндөн тартып 18 айга толгонго чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик жөлөкпул белгиленет.
3. АИВге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар бир жашка чыкканга чейин республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен эне сүтүн алмаштыруучу азыктар менен камсыз кылынат.
4. АИВге чалдыккан 18 жаштан ашкан адамдар медициналык-социалдык эксперттик комиссиядан жалпы негиздерде текшерүүдөн өтөт.
5. АИВге чалдыккан, менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында, реабилитациялык борборлордо же ден соолугуна байланыштуу үй шартында жүргөн балдар белгиленген билим берүү стандарттарына жана программаларына ылайык орто билим берүү мектебинин жана баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча окууга укуктуу.
6. АИВге чалдыккан балдарды менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарына жана санаториялык-ден соолукту чыңдоо мекемелерине кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.
25-берене. АЖАны жана АИВден жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо
1. АИВ жугузган күнгө карата 18 жашка толгон адамдарга, ошондой эле 18 жашка толо элек балдардын ата-энелерине (ата-энелерин алмаштыруучу адамдарга) мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жардам көрсөтүүдө АИВ жуккан учурда бир жолку акчалай компенсация төлөнөт. Бир жолку акчалай компенсацияны төлөө тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Бир жолку акчалай компенсациянын өлчөмү 1000 эсептик көрсөткүчтөн төмөн болушу мүмкүн эмес.
2. Майыптык белгиленген АЖА адамдарга майыптык боюнча пенсия, ал эми пенсия менен камсыз кылууга укугу жок болгондо, социалдык коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык социалдык жөлөкпул дайындалат.
3. 14 жашка чейинки АЖА балдардын ата-энелеринин бири же болбосо аны иш жүзүндө багып жаткан адам эмгек мыйзамдарында, социалдык коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпул төлөө менен стационарларда бирге болууга укуктуу.
26-берене. АИВни кесиптик ооруларга кошуу
1. Медициналык, фармацевттик, социалдык же башка кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аткарууда АИВни жугузуп алуусу кесиптик оорулардын категориясына кирет.
2. Аталган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдө жеңилдиктер берилет жана бир жолку мамлекеттик жөлөкпул төлөнөт.
3. Менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары медициналык кызматкерлерди медициналык кызматтарды көрсөтүүдө зарыл болгон коргоо каражаттары менен камсыз кылууга жана АИВни жугузууну аныктоо максатында аларды системалуу түрдө текшерип турууга милдеттүү.
4. Менчигинин түрүнө карабастан иш берүүчүлөр өз кызматкерлерин АИВ жөнүндө маалыматтар жана зарыл болгондо жумуш ордунда коргонуу чаралары менен камсыз кылууга милдеттүү.
27-берене. Эмгек жаатындагы жеңилдиктер
АЖАга медициналык, социалдык жана башка жардам көрсөтүп, АИВни лабораториялык диагностикалоо, оору жуккан материалдарды пайдалануу менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн, диагностикалоо үчүн биологиялык препараттарды өндүргөн, ошондой эле дарылаган жана алдын алган кызматкерлерге эмгек акысына кошумча акы белгиленет, Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Өндүрүштөрдүн, иштердин, кесиптердин жана кызмат орундарынын тизмегине ылайык ар жылы кошумча өргүүгө чыгууга укук берилет.
5-глава. Калктын саламаттыгын чыңдоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу
§ 1. Калктын саламаттыгын чыңдоо жана ооруларды профилактикалоону жүргүзүү
28-берене. Сергек жашоо мүнөзү
1. Адамдардын, жергиликтүү жамааттардын жашоо мүнөзүнүн жагымдуу өзгөрүүлөрүнө, ден соолукту сактоого, чыңдоого жана тобокелдик факторлорунун таасирин азайтууга өбөлгө түзүүчү жагымдуу чөйрөнү түзүүгө умтулуусун калыптандыруу жана колдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) сергек жашоо мүнөзүн сактоонун жүйөлөрүн, шарттарын түзүүнү, тийиштүү билгичтиктерди жана көндүмдөрдү иштеп чыгууну, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнү;
2) ден соолукту чыңдоо жана сергек жашоо мүнөзүнүн көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча программаларды билим берүү системасына киргизүүнү;
3) калктын саламаттыгын чыңдоо боюнча программаларды ишке ашырууга катышууну;
4) психикалык саламаттыкты чыңдоону жана психикалык саламаттыкка, психикалык жактан ооругандарга карата коомдун терс мамилесин өзгөртүүнү.
2. Сергек жашоо мүнөзүн киргизүү жана ден соолукту чыңдоо боюнча иш-чаралар менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат, коомдун саламаттыгын сактоо кызматы тарабынан координацияланат.
3. Профилактикалык жана ден соолукту чыңдоо боюнча иш-чаралар калктын бардык топторуна карата өмүр бою жүргүзүлөт жана жыныс курактык, психологиялык жана социалдык аспекттерди эске алат.
29-берене. Социалдык мобилизациялоо жана маалыматтык камсыз кылуу
Калктын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо маселелери боюнча социалдык мобилизациялоо Кыргыз Республикасынын калкынын арасында сергек жашоо мүнөзү маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана билимдерди сиңирүү жана жугуштуу, жугуштуу эмес оорулардын тобокелдик факторлорун кыскартуу максатында жүргүзүлөт.
30-берене. Калктын саламаттыгын сактоого жана чыңдоого жергиликтүү жамааттардын, коомдук уюмдардын катышуусу
Жергиликтүү жамааттар, менчигинин түрүнө карабастан коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү уюмдар, медициналык, ветеринардык, фармацевтикалык, кесиптик бирликтер, экологиялык жана башка коомдук бирикмелер өздөрүнүн уставдарына жана башка уюштуруу документтерине ылайык калктын саламаттыгын сактоо, чыңдоо жана коопсуз жашоо чөйрөсү маселелерин чечүүгө катыша алат.
31-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүү
Телерадиокомпаниялар, басма жана электрондук басылмалар ден соолукту сактоо жана чыңдоо проблемаларын келишимдердин негизинде чагылдырат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык программаларды, роликтерди жана ар кандай материалдарды жайгаштыруу үчүн эфирдик убакыт берет.
32-берене. Скринингдик изилдөөлөр
1. Скринингдик изилдөөлөр ооруларды эрте стадияларында аныктоо жана оорулардын, оорулардын келип чыгышына түрткү болгон тобокелдик факторлорунун өрчүшүнүн алдын алуу, калктын саламаттыгын калыптандыруу жана чыңдоо максатында калктын негизги жана максаттуу топтору арасында жүргүзүлөт.
2. Скринингдик изилденүүгө тийиш болгон адамдардын максаттуу жана негизги топтору Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу скринингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү тартибинде, көлөмдө жана мезгилде скринингдик изилдөөлөрдөн өтүүгө тийиш.
3. Жүргүзүлгөн скринингдик изилдөөлөрдүн жыйынтыктары ушул изилдөөлөрдү жүргүзгөн, менчигинин түрүнө карабастан, саламаттык сактоо уюмдары тарабынан саламаттыктын санарип паспортуна жана медициналык маалымат системасына киргизилет.
4. Иш берүүчүлөр МКПнын жана/же кызматкерлерди кошумча колдоо чараларынын алкагында ушул кароодон өтүүгө тийиш болгон адамдардын скринингдик изилдөөдөн өтүүсү үчүн шарттарды түзөт, ошондой эле эмгек мыйзамдарына ылайык жумуш ордун (кызмат ордун), орточо эмгек акысын сактоо менен жумуш мезгилинде текшерүүдөн өтүүсү үчүн кызматкерлерди иштен тоскоолдуксуз коё берет.
5. Скринингдик изилдөөлөрдүн өз убагында болушу жана сапаты саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан контролдонот.
33-берене. Динамикалык байкоо
1. Динамикалык байкоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте МКПнын алкагында алгачкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде өнөкөт оорулары бар бейтаптарга жүргүзүлөт.
2. Динамикалык байкоого алынууга жаткан өнөкөт оорулардын тизмеги саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
3. Жумушу зыяндуу шарттар жана кызматкерлердин ден соолугуна залал келтирүү мүмкүндүгү менен байланышкан, өзүнүн ишин саламаттык сактоо уюмдарында жүргүзгөн медициналык, фармацевтикалык жана башка кызматкерлер аталган уюмдун каражаттарынын эсебинен динамикалык байкоодон өтүүгө укуктуу.
34-берене. Билим берүү системасында оорулардын алдын алуу
1. Билим берүү системасында оорулардын алдын алуу балдардын жана жаштардын саламаттыгын чыңдоого, алардын ден соолугун сактоого жана балдар менен жаштардын саламаттыгына динамикалык байкоо жүргүзүүгө, алардын арасында башка профилактикалык иш-чараларын жүргүзүүгө багытталган.
2. Балдардын жана жаштардын саламаттыгын сактоо жана ооруларын алдын алуу боюнча иш-чараларга төмөнкүлөр камтылат:
1) менчигинин түрүнө карабастан түздөн-түз билим берүү уюмдарында жана билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке адамдарда (жеке ишкерлерде), анын ичинде адистердин көчмө бригадаларын тартуу менен скринингдик изилдөөлөрдү, милдеттүү профилактикалык медициналык кароолорду жүргүзүү;
2) окуу мезгилинде жана каникул убагында ден соолукту чыңдоо иш-чараларын уюштуруу;
3) билим берүү уюмдарында жана билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке адамдарда (жеке ишкерлерде) ден соолукту чыңдоого, сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга, оорулардын алдын алууга, туура тамактануу принциптерин киргизүүгө жана сактоого, репродуктивдик ден соолукту коргоого багытталган ден соолукту сактоочу технологияларды киргизүү;
4) психикалык саламаттыкты сактоо, тамеки буюмдарын, психикалык-активдүү заттарды медициналык эмес колдонуу, ошондой эле кумар оюндарына патологиялык берилип кетүү менен пайда болгон суицид жүрүм-турумунун жана көз карандылыктын алдын алуу;
5) балдарды жана жаштарды профилактикалык кароолордун жыйынтыгы боюнча тереңдетилген медициналык текшерүүгө жөнөтүү;
6) Алдын ала эмдөөлөрдүн календарына ылайык вакцинациялоо;
7) балдардын жана жаштардын арасында оорулардын алдын алуу, сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоо жана калыптандыруу боюнча окутуу семинарларын, тренингдерди жана лекцияларды уюштуруу жана өткөрүү;
8) билим берүү жана маалыматтык-түшүндүрүү программаларын жана иш-чараларды жүргүзүү менен балдардын жана жаштардын ден соолугун коргоого менчигинин түрүнө карабастан ата-энелерди жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин жана билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке жактардан (жеке ишкерлерден) тартуу;
9) санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин, минималдуу санитардык талаптардын жана инфекциялык контролдун талаптарын сактоо;
10) медициналык тез жардам көрсөтүүчү медициналык кызматкерлер келгенге чейин шашылыш абалда алгачкы жардам көрсөтүү.
3. Профилактикалык медициналык жардамды уюштуруу МКПнын алкагында баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат, алардын тейлөө аймагында билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү билим берүү уюмдары жана жеке жактар (жеке ишкерлер) жайгашкан.
4. Профилактикалык медициналык жардамдын ишин уюштуруу саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу тартипте билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү жана коомдун саламаттыгын сактоонун мамлекеттик уюмдары менен биргеликте жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылат.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
§ 2. Иммунопрофилактика
35-берене. Иммунопрофилактикалоо чөйрөсүндөгү иштин уюштуруучулук негиздери
1. Кыргыз Республикасында иммунопрофилактикалоо саламаттык сактоо уюмдары, анын ичинде коомдун саламаттыгын сактоонун мамлекеттик уюмдары тарабынан жүргүзүлөт.
2. Коргоо, чек ара кызматы, улуттук коопсуздук, ички иштер, жаза аткаруу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын системаларында жана башка аскердик түзүлүштөрдө иммунопрофилактикалоо ведомстволук медициналык кызмат тарабынан ишке ашырылат.
36-берене. Алдын ала эмдөөлөрдүн календары
Алдын ала эмдөөлөрдүн календары башкарылуучу жугуштуу ооруларга каршы пландуу алдын ала эмдөөлөрдү камтыйт. Пландуу алдын ала эмдөөлөр Алдын ала эмдөөлөрдүн календарында белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына жасалат.
37-берене. Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөр
1. Жугуштуу оорулардын келип чыгуу жана таркап кетүү коркунучу болгондо, жарандарга эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөр жүргүзүлөт.
2. Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүү жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачы, облустардын, шаарлардын жана райондордун башкы мамлекеттик санитардык врачтары, ал эми Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, ички иштер, жаза аткаруу, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын уюмдарында - тийиштүү медициналык-санитардык кызматтын башчылары кабыл алат.
3. Кан аркылуу берилүүчү вирустук гепатиттерге каршы эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөр жарандарга Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жасалат.
38-берене. Алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүүгө талаптар
1. Алдын ала эмдөөлөр жарандарга менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында жасалат.
2. Алдын ала эмдөөлөрдүн календарынын алкагында жана эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөр жарандарга мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында жасалат.
Жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарында алдын ала эмдөөлөр ушул берененин 5-бөлүгүндө аныкталган тартипте Алдын ала эмдөө календарынын алкагында жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Алдын ала эмдөөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жарандардын, жашы жете электердин жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган жарандардын ата-энелеринин же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен жүргүзүлөт.
4. Алдын ала эмдөөлөр медициналык терс көрсөткүчтөргө ээ болбогон жарандарга жасалат.
5. Алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөтү, тартиби, каттоо жана ага карата талаптар, ошондой эле медициналык документтердин жана алдын ала эмдөөлөрдүн сертификатынын формалары саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
39-берене. Вакциналарга талаптар
1. Иммунопрофилактика үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган ата мекендик жана чет өлкөлүк вакциналар пайдаланылат.
2. Иммунопрофилактика үчүн пайдаланылуучу вакциналар милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш.
3. Иммунопрофилактика үчүн арналган вакциналарды дарыкана уюмдарында сатууга тыюу салынат.
40-берене. Вакциналарды сактоо жана ташып келүү
1. Вакциналарды сактоо жана ташып келүү санитардык эрежелердин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Вакциналарды сактоону жана ташып келүүнү контролдоо коомдун саламаттыгын сактоонун мамлекеттик уюмдары тарабынан жүргүзүлөт.
41-берене. Вакциналарды мамлекеттик контролдоо
Иммунопрофилактика үчүн пайдаланылуучу вакциналардын сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун мамлекеттик контролдоону Министрлер Кабинети тарабынан вакциналарды контролдоого ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
42-берене. Вакциналар менен камсыз кылуу
1. Пландуу алдын ала эмдөөлөрдүн календарына киргизилген алдын ала эмдөөлөрдү жана эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарын вакциналар менен камсыз кылуу коомдун саламаттыгын сактоонун мамлекеттик уюму аркылуу саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
2. Вакциналар менен өз убагында камсыз кылуу жана Пландуу алдын ала эмдөөлөрдүн календарына киргизилген алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жылдык керектөөдөн 6 айдан кем эмес көлөмдө вакциналардын мамлекеттик резервдик запасы түзүлөт.
3. Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча эмдөөлөрдү жүргүзүүгө каражаттарды түзүү жана чыгымдоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
43-берене. Иммунопрофилактика чөйрөсүндөгү мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүү
1. Алдын ала эмдөөлөр, ИККТ, алдын ала эмдөөлөрдөн баш тартуу учурлары жөнүндө маалыматтар мамлекеттик статистикалык эсепке алынууга тийиш.
2. Алдын ала эмдөөлөр, ИККТ, алдын ала эмдөөдөн баш тартуу учурлары жөнүндө маалыматтар медициналык документтерде жана алдын ала эмдөөлөрдүн сертификаттарында катталууга тийиш.
§ 3. Жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу
44-берене. Жугуштуу эмес оорулардын жана жаракаттардын алдын алуу
Калк арасында жугуштуу эмес оорулардын жана жаракаттардын алдын алууну төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:
1) ден соолук үчүн жана оорулардын келип чыгышы үчүн тобокелдиктин жүрүм-турумдук факторлорунун алдын алуу жана сергек жашоо мүнөзүн, туура тамактанууну пропагандалоо жолу аркылуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле оорулардын алдын алуу маселелери боюнча окутуу программаларын киргизүү менен жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калкка маалымат берүү;
2) алгачкы медициналык-санитардык жардамдын жана коомдун саламаттыгын сактоонун адистери тарабынан калк арасында жугуштуу эмес оорулар менен оорунун, жаракат алуунун абалына, ден соолук үчүн тобокелдик факторлоруна жана ооруларды азайтуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу менен алардын келип чыгышына мониторинг жүргүзүү жана талдоо;
3) калктын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо боюнча координацияланган көп секторлуу иш-чараларды жүргүзүү;
4) жугуштуу эмес ооруларды, кокустан болгон кырсыктарды жана жаракаттарды профилактикалоо боюнча мамлекеттик, улуттук, максаттуу жана башка программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
5) скринингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү, калктын эрте кайрылуусуна дем берүү, калкты профилактикалык, анын ичинде милдеттүү, медициналык кароодон өткөрүү аркылуу жугуштуу эмес өнөкөт оорулары бар адамдарды аныктоо;
6) өнөкөт оорулары бар адамдарга динамикалык байкоо жүргүзүү жана өз убагында дарылоо, анын ичинде МКПга ылайык Кыргыз Республикасынын айрым категориядагы жарандарын амбулатордук дарылык камсыз кылуу;
7) Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу эмес оорулардын таралышына эпидемиологиялык көзөмөлдү жана ооруга чалдыгуунун, майыптуулуктун жана өлүмгө учуроонун көрсөткүчтөрүнүн өсүшүнө таасир этүү системасын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашыруу.
45-берене. Психикалык активдүү заттарга көз карандылыктын алдын алуу
1. Психикалык активдүү заттарды колдонуу менен пайда болгон психиканын бузулушун кесепеттеринин алдын алуу өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ден соолукту сактоого жана аны чыңдоого, социалдык бейпилдикке болгон далалатка өбөлгө түзүүчү турмуштук көндүмдөрдү калыптандыруу;
2) психикалык активдүү заттарды колдонуунун кесепеттери жөнүндө маалымдоого илимий-негизделген методдорду жана ыкмаларды түзүү;
3) кризистик кырдаалдарда жаштарды колдоо системасын уюштуруу;
4) психикалык активдүү заттарды колдонуу менен пайда болгон бузулуулары бар адамдардын арасында кесепеттерди азайтууга багытталган зыянды төмөндөтүү боюнча программаларды кошуп алганда алдын алуучу программаларга жетүүнү камсыз кылуу;
5) психикалык активдүү заттардын зыяны, ошондой эле аларды колдонуунун медициналык-социалдык-укуктук аспекттери жөнүндө маалымдуулукту арттыруу жана билимдерди сиңдирүү берүү калыптандыруу;
6) баңги каражаттарын, психикалык активдүү заттарды жана алардын аналогдорун жарнамалоого, анын ичинде иштеп чыгуу, даярдоо жана пайдалануу ыкмалары, методдору, аларды сатып алуу, өндүрүү жана таратуу жайлары жөнүндө маалыматтарга тыюу салуу;
7) жарандарга Министрлер Кабинети аныктаган тартипте кан аркылуу берилүүчү вирустук гепатиттерге каршы эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөрдү жасоо;
8) АИВнин, кан аркылуу берилүүчү вирустук гепатиттердин алдын алуу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу.
2. Психикалык активдүү заттарды колдонуу менен психикасы бузулган жана алардын кесепеттери тийген адамдарга алдын алуу жана психикалык-социалдык жардам берүү төмөнкүлөр тарабынан камсыз кылынат:
1) менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары;
2) жаза аткаруу системасынын медициналык-санитардык кызматтары;
3) коммерциялык эмес уюмдар.
46-берене. Онкологиялык шишиктердин алдын алуу
Онкологиялык шишиктердин алдын алуу төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:
1) ден соолук үчүн тобокелдүү жумушка кирүүдө милдеттүү профилактикалык медициналык текшерүүлөрдү жүргүзүү;
2) онкологиялык патологияга шектенүүнү (онкологиялык этияттануу) жараткан симптомдорду болтурбоо үчүн балдарга жана чоң курактагы калктын максаттуу топторундагы адамдарга өз убагында динамикалык байкоо жүргүзүү;
3) онкологиялык оорулардын келип чыгуу тобокелдиги факторлору жөнүндө калк арасында санитардык-агартуу иштерин жүргүзүү;
4) онкологиялык шишиктердин өөрчүшү менен күчөп кетүүсү мүмкүн болгон ооруларды өз убагында дарылоо;
5) рактын таркап кеткен түрлөрүн эрте диагностикалоо жана скринингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү;
6) профилактикалык вакцинациялоо жүргүзүү.
47-берене. Кант диабетин алдын алуу
1. Кант диабетинин алдын алуунун баштапкы объекттери болуп кант диабети тобокелдиги факторлору бар Кыргыз Республикасынын бардык жарандары эсептелет.
2. Калк арасында кант диабетин алдын алуу төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:
1) Министрлер Кабинети аныктаган тартипте эрте диагностикалоо жана скринингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү;
2) калктын максаттуу топторунун арасында милдеттүү профилактикалык медициналык текшерүүлөрдү жүргүзүү;
3) кант диабетине шектенүүнү жараткан симптомдорду болтурбоо үчүн балдарга жана чоң курактагы калктын максаттуу топторундагы адамдарга өз убагында динамикалык байкоо жүргүзүү;
4) калк арасында кант диабети тобокелдиги факторлору жана анын алдын алуу, туура тамактануу, ден соолукту чыңдоо жөнүндө санитардык-агартуу, маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
48-берене. Жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу
1. Жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу жүрөк-кан тамыр ооруларынын келип чыгышынын жана таркап кетүүсүнын алдын алуу жана аларды эрте аныктоону камсыз кылуу, сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу жана айлана-чөйрөнүн терс таасирлеринен коргоо үчүн шарттарды түзүү, сергек жашоо мүнөзүнө шыктандыруу, жүрөк-кан тамыр ооруларынын келип чыгуу тобокелдиги факторлорунун таасирин азайтуу максатында ишке ашырылат.
2. Жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу төмөнкү жолдор менен жүзөгө ашырылат:
1) тобокелдик факторлору жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу жөнүндө, сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу жана айлана-чөйрөнүн терс таасиринен коргоо, жүрөк-кан тамыр ооруларынын келип чыгышына тобокелдик факторлорунун таасирин азайтуу боюнча чаралар жөнүндө калк арасында санитардык-агартуу, маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
2) сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, калктын саламаттыгын чыңдоо жана айлана-чөйрөнүн терс таасиринен коргоо, калк арасында жүрөк-кан тамыр ооруларынын келип чыгышына тобокелдик факторлорунун таасирин азайтуу үчүн инженердик, коммуналдык жана телекоммуникациялык инфратүзүмдү түзүү жана өнүктүрүү;
3) МКПнын алкагында баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптарга саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте динамикалык байкоо жүргүзүү;
4) эрте диагностикалоону жана скринингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү;
5) калктын максаттуу топторунун арасында милдеттүү профилактикалык медициналык кароолорду жүргүзүү;
6) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саламаттык сактоо уюмдарынын, билим берүү уюмдарынын жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жеке жактардын (жеке ишкерлердин), жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосунда сергек жашоо мүнөзүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана калк арасында жүрөк-кан тамыр ооруларынын тобокелдик факторлорун минималдаштыруу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү.
§ 4. Кургак учуктун алдын алуу
49-берене. Кургак учукка каршы иш-чаралар жана аларды жүргүзүү принциптери
1. Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы иш-чаралар (санитардык-ден соолукту чыңдоо, эпидемияга каршы, алдын алуу, диагностикалык) ушул Мыйзамда, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде жана аларда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
2. Кургак учуктун алдын алуу Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган бардык жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн акысыз, жалпыга жеткиликтүүлүк жана бирдей мүмкүнчүлүктөр принциптеринде жүзөгө ашырылат.
3. Кургак учуктун алдын алуу төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жаңы төрөлгөндөрдү кургак учукка каршы вакцинациялоону - ал милдеттүү болуп саналат жана ушул Мыйзамга ылайык Алдын ала эмдөөлөрдүн календарында белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүлөт;
2) МКПга ылайык жүргүзүлүүчү профилактикалык дарылоо;
3) кургак учук менен ооругандар менен байланышта болгон адамдарды медициналык текшерүү;
4) тобокелдик тобундагы адамдарга жүргүзүлүүчү кургак учукту диагностикалоо.
4. Кургак учуктун таркап кетүү коркунучун жараткан адамдарга тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жумуштарда иштөөгө жол берилбейт. Көрсөтүлгөн тизмекке кирүүчү жумушта медициналык текшерүүдөн өтпөгөн адамдардын иштөөсүнө тыюу салынат.
5. Кургак учук менен ооругандар менен байланышта болгон адамдар жана/же тобокелдик тобундагы адамдар кургак учукту диагностикалоо максатында саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтөт.
6. Айланасындагыларга кургак учукту жугузуу тобокелдигин жараткан адамдарды аныктоо үчүн акысыз милдеттүү лабораториялык изилдөөлөр, ошондой эле саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу мезгилдүүлүк менен кургак учуктун микобактерияларынын болушуна медициналык текшерүү жүргүзүлөт.
7. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарына медициналык кызмат көрсөтүү үчүн кайрылган чет өлкөлүк жарандарга кургак учукту диагностикалоо максатында медициналык текшерүү саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.
50-берене. Каттоо жана эсепке алуу
1. Кургак учуктун бардык индекстик учурлары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте санариптик технологиялардын негизинде милдеттүү мамлекеттик катталууга жана эсепке алынууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана жаза аткаруу системасынын медициналык кызматтарынын кызматкерлери тергөө изоляторлорунда кармалган же эркиндигинен ажыратуу жайларында жүргөн адамдардын иш жүзүндө жашаган жери боюнча саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдарына жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарына төмөнкүлөр тууралуу маалымдоого милдеттүү:
1) кургак учук менен ооруп калган ар бир алгачкы табылган учур жөнүндө;
2) жазык-түзөтүү системасынан бошотулуп жаткан, кургак учук менен ооруп калган адамдар жөнүндө;
3) кургак учуктан каза болгон адамдар жөнүндө.
3. Жаза аткаруу системасынын администрациясы бошотуу жөнүндө маалымкаттарда жазасын өтөп бүткөн адамдардын кургак учук менен ооруй тургандыгы жөнүндө белги коюуга милдеттүү.
§ 5. АИВнин алдын алуу
51-берене. АИВ боюнча, кан аркылуу берилүүчү вирустук гепатиттерге медициналык текшерүүнүн жана күбөлөндүрүүнүн түрлөрү жана аларды жүргүзүү тартиби
1. Кыргыз Республикасында ыктыярдуу, милдеттүү медициналык текшерүү каралат, аларды жүргүзүү тартиби саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
2. Ыктыярдуу медициналык текшерүү маалымдалган, баамдап түшүнгөн, текшерилүүчү адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн оозеки макулдугунун негизинде анонимдүү жана купуя жүргүзүлөт.
3. Милдеттүү медициналык текшерүү купуя жүргүзүлөт. Төмөнкүлөр АИВ боюнча милдеттүү түрдөгү медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш:
1) кандын, биологиялык суюктуктардын, органдардын жана ткандардын донорлору;
2) кесиптик иши АИВ боюнча милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүүнү караган адамдар. Милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш болгон адистиктердин жана кызмат орундардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
3) чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Министрлер Кабинети аныктаган тартипте.
4. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаса, иш берүүчүлөр кызматкерлерден АИВ боюнча текшерүүдөн өткөндүгү жөнүндө расмий медициналык корутундуну берүүнү талап кылууга укуксуз.
5. Министрлер Кабинети тарабынан табылган учурларды кошпогондо, АИВ боюнча купуя медициналык текшерүүдөн өтүү фактысы жана анын жыйынтыктары ачыкка чыгарылбайт жана текшерилип жаткан адамдын жазуу жүзүндөгү алдын ала макулдугусуз үчүнчү тарапка берилбейт.
6. Мажбурлап медициналык күбөлөндүрүүнү кошпогондо, текшерилип жаткан адам медициналык текшерүүнүн каалаган стадиясында андан өтүүдөн баш тартууга укуктуу.
7. 14 жашка чейинки курактагы балдарды жана мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарды медициналык текшерүү алардын ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча же жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлүшү мүмкүн, алар медициналык текшерүүнү жүргүзүүгө катышат.
8. 18 жашка чейинки курактагы балдарга психикалык-социалдык кеңеш берүү ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрдүн катышуусунда жүргүзүлөт, алар баланын макулдугу менен чакырылат, зарыл болгондо психолог катышат.
9. Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын талаптары боюнча аларда АИВнин бар же жок экендиги жөнүндө АИВ боюнча медициналык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча расмий медициналык корутундуну берүү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдары тарабынан жүргүзүлөт.
10. Кыргыз Республикасынын аймагында дипломатиялык кол тийбестиктен жана артыкчылыктардан пайдалануучу дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлери кайрылганда АИВ боюнча текшериле алат.
11. АИВ боюнча медициналык текшерүү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте, ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, коомдун саламаттыгын сактоо кызматынын уюмдарында жүргүзүлөт.
12. Оору же АЖАны медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу дарыгерлик сырды түзөт.
13. Төмөнкүлөр кан аркылуу берилүүчү вирустук гепатиттерге милдеттүү медициналык текшерилүүгө тийиш:
1) кандын, биологиялык суюктуктардын, органдардын жана ткандардын донорлору;
2) кесиптик иши кан аркылуу берилүүчү вирустук гепатиттерге милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүүнү караган адамдар. Милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш болгон адистиктердин жана кызматтардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
3) чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар.
52-берене. АИВни мажбурлап күбөлөндүрүү
1. АИВни мажбурлап күбөлөндүрүү жашыруун, адамдын макулдугусуз, кылмыш иши боюнча тергөөчүнүн өтүнүчүнүн негизинде, соттун чечими менен жүргүзүлөт.
2. АИВни мажбурлап күбөлөндүрүү мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүргүзүлөт.
3. Мажбурлап күбөлөндүрүүдөн өтүү фактысы жана анын жыйынтыктары мыйзамдарга ылайык корголуучу купуя мүнөзгө ээ.
53-берене. Каттоо жана эсепке алуу
1. АИВнин бардык учурлары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте санариптик технологиялардын негизинде милдеттүү түрдө мамлекеттик катталууга жана эсепке алынууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана жаза аткаруу системасынын медициналык кызматтарынын кызматкерлери тергөө изоляторлорунда кармалган же эркиндигинен ажыратуу жерлеринде жүргөн адамдардын иш жүзүндө жашаган жери боюнча мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарына төмөнкүлөр жөнүндө маалымдоого милдеттүү:
1) АИВнин ар бир табылган учуру;
2) кылмыш-түзөтүү системасынан бошотулуучу АЖА;
3) АЖАнын каза болгон учурлары.
§ 6. Ветеринардык-санитардык жана эпизоотияга каршы иш-чараларды өткөрүү
54-берене. адамдарга жаныбарлардан жугуучу ооруларга каршы ветеринардык-санитардык жана эпизоотияга каршы иш-чаралар
1. Адамдарга жаныбарлардан жугуучу ооруларга каршы ветеринардык-санитардык чаралар жана эпизоотияга каршы иш-чаралар ветеринария жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Калктуу конушта ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык өзгөчө кооптуу оорулардан өлгөн жаныбарлардын тарптарын, ошондой эле алардын этин жана башка продуктуларды жок кылуу/утилдештирүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан атайын орун жабдылат.
3. Ветеринардык-санитардык талаптарды, ченемдерди жана эрежелерди бузгандыгы үчүн жаныбарлардын жана ветеринардык көзөмөлдөө жана контролдоо объекттеринин ээлери Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
6-глава. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөл
55-берене. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөл
Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөл өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин, минималдуу санитардык талаптардын, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын жазма буйруктарынын жана токтомдорунун аткарылышын контролдоо;
2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында санитардык-карантиндик контролдоо;
3) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди, минималдуу санитардык талаптарды бузууларга бөгөт коюу чаралары, бузуу фактылары жөнүндө жазма буйруктарды берүү жана токтом чыгаруу, ошондой эле аларды жасаган адамдарды жоопкерчиликке тартуу;
4) калктын саламаттыгынын, жашоо чөйрөсүнүн абалын, санитардык-эпидемиологиялык жагдайды контролдоо;
5) жугуштуу оорулардын жана массалык жугуштуу оорулардын (уулануулардын) келип чыгышынын жана таркап кетүүсүнын себептерин аныктоого жана шарттарын табууга багытталган санитардык-эпидемиологиялык иликтөөлөрдү жүргүзүү;
6) санитардык-эпидемияга каршы (алдын алуу) иш-чараларды өткөрүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу;
7) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин мамлекеттик деңгээлде камсыз кылуу чөйрөсүндө статистикалык байкоо жүргүзүү, мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүү максатында жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун зыяндуу таасирине байланыштуу жугуштуу ооруларды, кесиптик ооруларды, жугуштуу эмес ооруларды, массалык ууланууларды мамлекеттик эсепке алуу.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
56-берене. Өнөр жай жана турмуш-тиричилик багытындагы продукциянын жана аны өндүрүү технологиясынын коопсуздугу
Өндүрүүдө, ташууда, сактоодо, колдонууда жана утилдештирүүдө өнөр жай жана турмуш-тиричилик багытындагы продукция адамга жана жашоо чөйрөсүнө зыяндуу таасир тийгизбеши керек. Калкка өнөр жай жана турмуш-тиричилик багытындагы продукцияларды сатууга техникалык регламенттерге, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык адамдын ден соолугу үчүн анын коопсуздугун ырастоочу документтер болгондо жол берилет.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
57-берене. Тамак-аш азыктарынын жана калктын тамактануусунун коопсуздугу
1. Кыргыз Республикасынын аймагында тамак-аш азыктарын, тамак-аш кошулмаларын, азык-түлүк чийки заттарын жана алар менен байланышта болгон материалдарды жана буюмдарды өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана алып келүү адамдын ден соолугуна зыяндуу таасир тийгизбеши керек жана техникалык регламенттерге, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.
2. Менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактардын коомдук тамактанууну уюштуруусу адамдардын ден соолугу үчүн коопсуз болууга жана техникалык регламенттерге, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.
3. Мектепке чейинки жана башка билим берүү уюмдарында, дарылоо-профилактикалык уюмдарында, ден соолукту чыңдоо уюмдарында жана социалдык коргоо уюмдарында тамактанууну уюштурууда, аскер кызматчылары үчүн тамак-аш менен камсыздаманын ченемдерин белгилөөдө, ошондой эле тергөө изоляторлорунда жүргөн же түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдар үчүн тамак-аштын ченемдерин белгилөөдө адамдын ушул контингент үчүн иштелип чыккан жана бекитилген тамактануусунун илимий негизделген, сунушталган физиологиялык ченемдери сакталууга тийиш.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
58-берене. Ичүүчү суунун жана суу объекттеринин коопсуздугу
1. Ичүүчү суу коопсуз болууга жана техникалык регламенттерге, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.
2. Суу объекттери эпидемиологиялык, радиациялык жана физикалык-химиялык жагынан коопсуз болууга жана техникалык регламенттерге, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
59-берене. Адамдын ден соолугу үчүн потенциалдуу кооптуу заттарга жана факторлорго карата талаптар
1. Адамдын ден соолугу үчүн потенциалдуу кооптуу физикалык, химиялык, биологиялык заттарды, радиоактивдүү заттарды камтыган чийки заттарды жана материалдарды, ошондой эле иондоштуруучу нурлануу булактарын өндүрүүгө, ташууга, сатып алууга, сактоого, сатууга жана пайдаланууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жол берилет.
2. Сымап камтылган медициналык буюмдар менен иштөө жана колдонуу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
60-берене. Аба чөйрөсүнүн коопсуздугу
1. Өндүрүштүк орун жайлардын жана өнөр жай аянттарынын, турак жай жана коомдук имараттардын жумушчу зоналарынын, адам туруктуу же убактылуу болгон жерлердеги аба чөйрөсү адамга зыяндуу таасир тийгизбөөгө жана техникалык регламенттерге, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.
2. Калктуу конуштардагы атмосфералык абанын, адам туруктуу же убактылуу болуучу жерлердеги абанын булганышын болтурбоо жана азайтуу боюнча чаралар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген ыйгарым укуктарга ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
61-берене. Жер кыртышынын коопсуздугу, калдыктарды чогултуу жана утилдештирүү
1. Калктуу конуштардын, өнөр жай аянттарынын жана айыл чарба жерлеринин жер кыртышы адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө жагымсыз таасир тийгизбөөгө жана техникалык регламенттерге, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.
2. Калктуу конуштардын, курорттордун жана рекреациялык зоналардын аймактарын карап-күтүү, ошондой эле өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын чогултуу, ташуу жана утилдештирүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен жөнгө салынат.
3. Медициналык калдыктарды колдонуу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
62-берене. Өндүрүштүк, коомдук, турак жайларды, имараттарды, курулмаларды, жабдууларды жана транспортту эксплуатациялоо коопсуздугу
Өндүрүштүк, коомдук, турак жайларды, имараттарды, курулмаларды, жабдууларды жана транспортту эксплуатациялоодо техникалык регламенттерге, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык адам үчүн коопсуз эмгек, тиричилик жана эс алуу шарттары камсыз кылынууга тийиш.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
63-берене. Эмгек шарттарынын коопсуздугу
1. Өндүрүштүк жайлардын санитардык-техникалык жана гигиеналык абалы, жумуш орундарын жабдуу, эмгек процессин уюштуруу адамдын ден соолугуна зыяндуу таасирин тийгизбөөгө жана эмгек мыйзамдарына, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге, минималдуу санитардык талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
2. Иондоштуруучу нурлануу булактары, физикалык, химиялык жана биологиялык факторлор менен иштөөдө эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан уюмдардагы жумуш берүүчүгө жүктөлөт.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
64-берене. Билим берүү уюмдарындагы шарттардын коопсуздугу
1. Уюштуруу-укуктук формаларына карабастан билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү мектепке чейинки жана башка билим берүү уюмдары балдардын болуусу, окуусу үчүн коопсуз шарттарды, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарына ылайык алардын тамактануусун уюштурууну камсыз кылууга тийиш.
Жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуусу, окуусу үчүн коопсуз шарттар, ошондой эле минималдуу санитардык талаптарга ылайык алардын тамактануусун уюштуруу камсыз кылынууга тийиш.
2. Балдардын болуусуна, окуусуна коопсуз шарттарды камсыз кылуу жана тамактануусунун уюштуруу жоопкерчилиги билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
65-берене. Милдеттүү профилактикалык медициналык кароолор
1. Жугуштуу жана кесиптик оорулардын келип чыгышынын жана таркап кетүүсүнын алдын алуу максатында жумушу тамак-аш азыктарын жана ичүүчү сууну өндүрүү, сактоо, ташуу жана сатуу, балдарды тарбиялоо жана окутуу, калкты коммуналдык жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө менен байланышкан жана ден соолугу үчүн зыяндуу эмгек шарттары бар жумуштарда иштеген кызматкерлер (ишке кирүүдө) алдын ала жана мезгил-мезгили менен профилактикалык милдеттүү медициналык кароодон Министрлер Кабинети бекиткен тартипке ылайык өтүүгө милдеттүү.
2. Милдеттүү профилактикалык медициналык кароодон өтүүгө тийиш болгон кесиптердин тизмеги, текшерүүлөрдүн көлөмү жана милдеттүү медициналык кароодон өткөрүү, эсепке алуу, отчет берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Кызматкерлердин милдеттүү медициналык кароодон өз убагында өтүүсү жана алардын ишке кирүүсү үчүн жоопкерчилик жумуш берүүчүлөргө жүктөлөт. Милдеттүү медициналык кароолор жумуш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен же тараптардын макулдашуусу боюнча жүргүзүлөт. Жумуш берүүчүлөр кызматкерлердин медициналык кароодон өтүүсү үчүн шарттарды түзөт, ошондой эле жумуш убактысынын мезгилинде жумуш ордун (кызмат ордун), эмгек акысын сактоо менен кызматкерлерди тоскоолдуксуз коё берүүгө милдеттүү.
4. Балдарды жана эрезеге жеткен калктын максаттуу топторун үзгүлтүксүз милдеттүү түрдө профилактикалык медициналык кароодон өткөрүү, динамикалык байкоо жүргүзүү жана ден соолугун чыңдоо менен, оорулардын келип чыгышынын алдын алууга жана аларды эртелеп диагностикалоого багытталган медициналык жана башка иш-чаралардын комплексин камтыйт. Балдарды жана эрезеге жеткен калктын негизги, максаттуу топторун үзгүлтүксүз милдеттүү түрдө профилактикалык медициналык кароодон өткөрүү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Милдеттүү профилактикалык медициналык кароодон өтүүгө тийиш болгон эрезеге жеткен калктын максаттуу жана негизги топтору, ошондой эле аларды жүргүзүү тартиби жана мезгилдүүлүгү, лабораториялык жана функциялык изилдөөлөрдүн көлөмү, медициналык каршы көрсөтүүлөр Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Милдеттүү профилактикалык медициналык кароолордун өз убагында болушу, өткөрүү жана өтүү сапаты Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы тарабынан контролдонот.
66-берене. Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди эске алуу менен калктын саламаттыгынын коопсуздугун камсыз кылуу
1. ЭМСЭни колдонуу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ЭМСЭни колдонуу маселелери боюнча ишин координациялоо Министрлер Кабинети аныктаган тартипте Улуттук координатор тарабынан жүзөгө ашырылат.
67-берене. Эпидемияга каршы иш-чараларды уюштуруу
Жугуштуу оорулардын келип чыгышынын алдын алуу жана анын таркап кетүүсүна жол бербөө төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагын жугуштуу оорулардын киришинен жана таркап кетүүсүнан санитардык коргоо боюнча иш-чаралар;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу оорулардын таркап кетүүсүна эпидемиологиялык көзөмөлдү жана эпидемиологиялык кырдаалдын татаалдануусуна жооп кайтаруу системасынын ишин Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашыруу;
3) жугуштуу оорулар менен ооругандарга карата көрүлүүчү чаралар;
4) эмдөөлөрдүн календары боюнча милдеттүү алдын ала эмдөөлөрдү жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча эпидемиологиялык кырдаал болжолдонгондой начарлап кеткенде эмдөөлөрдү жүргүзүү;
5) менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында инфекциялык контролдоо чараларын уюштуруу жана жүргүзүү;
6) жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик же региондук максаттуу программаларды жана илимий, илимий-техникалык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
7) адам жана жаныбарлар үчүн жалпы ооруларга каршы күрөшүүнүн профилактикалык чараларын жана бирдиктүү көзөмөлдү жүргүзүүдө саламаттык сактоо жана ветеринардык кызматтардын өз ара аракеттенүүсү;
8) табигый-очоктук жана өзгөчө кооптуу оорулардын таркап кетүүсүн болтурбоого багытталган иш-чаралар: туруктуу зоологиялык-эпидемиологиялык мейкиндиктик мониторинг жүргүзүү, жугуштуу оорулардын табигый очокторунун сыртка чыгуусунун алдын алуу, өзгөчө кырдаалдарды жаратууга жөндөмдүү өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулардын очокторун чектөө жана жоюу - боюнча чараларды көрүү;
9) жугуштуу оорулардын таркап кетүүсүн токтотууну, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин чектөөнү жана жоюуну камсыз кылуучу зарыл болгон чектөө-карантиндик чараларды көрүү;
10) жугуштуу оорулардын алдын алууга жарандарды социалдык мобилизациялоо.
68-берене. Аймакты жугуштуу оорулардын киришинен жана таркап кетүүсүнан санитардык коргоо
1. Аймакты санитардык коргоо калктын саламаттыгы үчүн коркунуч келтирүүчү жугуштуу оорулардын киришинин жана таркап кетүүсүнүн алдын алууга багытталат жана Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жана шарттарда калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана ЭМСЭге ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылган жугуштуу (өзгөчө кооптуу) оорулардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында санитардык-карантиндик контролдоо киргизилет.
4. Кооптуу жүктөрдү жана товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу атайын жабдылган жана ушул максаттар үчүн арналган өткөрүү пункттарында ишке ашырылат. Мындай өткөрүү пункттарынын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
69-берене. Санитардык-эпидемиологиялык экспертизалар, иликтөөлөр, текшерүүлөр, изилдөөлөр, сыноолор, инфекциялык контролдоо
1. Санитардык-эпидемиологиялык экспертизалар, иликтөөлөр, текшерүүлөр, изилдөөлөр, сыноолор мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү (контролду) жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары тарабынан төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
1) адамга жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун зыяндуу таасирин белгилөө жана болтурбоо;
2) жугуштуу оорулардын жана массалык жугуштуу эмес оорулардын (уулануулардын) келип чыгышынын жана таркап кетүүсүнын себептерин жана шарттарын белгилөө жана мындай оорулардын (уулануулардын) келип чыгышынын жана таркап кетүүсүнын кесепеттерине баа берүү.
2. Санитардык-эпидемиологиялык экспертизаларды, иликтөөлөрдү, текшерүүлөрдү, изилдөөлөрдү, сыноолорду өткөрүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында инфекциялык контролдоо чараларын өткөрүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
70-берене. Жугуштуу оорулар менен ооруган адамдарга карата чаралар
1. Жугуштуу оорулардын жана массалык уулануулардын бардык учурлары аныкталган жери боюнча менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан милдеттүү түрдө катталууга, Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипке ылайык санариптик технологиялардын негизинде мамлекеттик эсепке алынууга жана алар боюнча отчет берилүүгө тийиш.
2. Эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүүчү жугуштуу оорулардын тизмеги, иликтөө жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Жугуштуу оорулар менен ооругандар, мындай ооруларга шектүү адамдар жана алар менен байланышта болгон адамдар, ошондой эле жугуштуу оорулардын козгогучтарын алып жүрүүчү болуп саналган адамдар, эгерде алар айланасындагылар үчүн өзгөчө кооптуулукту жаратса, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык милдеттүү түрдө ооруканага жаткырылууга жана/же обочолонууга тийиш.
4. Кургак учуктун микобактериясы биринчи жолу табылган адамдарга карата, аларды кургак учукка каршы уюмда каттоодон тышкары, жугуштуу оору менен ооругандар катары санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарына Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте чукул билдирүү берилет. Ар бир өлүм учуру болгондо да, каза болгон адам тирүүсүндө кургак учук менен ооругандыгы, бирок каттоодо турбагандыгы өлүктү союуда аныкталганда, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарына чукул билдирүү берилет.
5. Коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, чек ара кызматы органдарынын медициналык кызматтарынын кызматкерлери, аларда кургак учук табылган учурда, жугуштуу оору жуккан адамдын жашаган жери боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарына маалымдоого милдеттүү.
71-берене. Чектөө иш-чаралары (карантин)
1. Жугуштуу оорулардын келип чыгуу жана таркап кетүү коркунучу болгондо, убактылуу чектөө иш-чаралары (карантин) киргизилет.
2. Чектөө иш-чараларын (карантинди) киргизүү жана жүзөгө ашыруу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Убактылуу чектөө иш-чараларын (карантинди) киргизүүдө төмөнкүлөр каралат:
1) куралдуу коргоону (курчоону) белгилөө менен эпидемиялык очокту, калктуу конуштарды жана карантиндин бардык зоналарын толук обочолоо;
2) калктын кирип-чыгышын жана карантин зонасынан мүлктү алып чыгууну катуу контролдоо;
3) автомобиль транспортунун жугуштуу очок аркылуу өтүүсүнө жана темир жол транспортунун транзиттик өтүүсүндө белгиленген жерлерден тышкары токтотулушуна тыюу салуу;
4) обсерваторлорду түзүү жана очокто болгон жана карантиндик зонанын чегинен чыгып жаткан адамдарды обсервациялоо боюнча иш-чараларды өткөрүү;
5) жугуштуу оору менен ооругандарды эрте аныктоо, аларды обочолоо жана атайын бөлүнгөн саламаттык сактоо уюмдарына жаткыруу;
6) калктын айрым топторунун ортосундагы байланышты чектөө жана жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу тартиби;
7) калк үчүн чектөө иш-чараларынын (карантиндин) мезгилинде иш-аракеттердин, шаардык транспорттун, соода тармагынын жана коомдук тамактануу ишканаларынын, экономикалык жана өндүрүштүк иш объекттеринин иштөө режимин алардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуучу түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга жараша белгилөө;
8) мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн (контролдун) карамагындагы, эпидемия очогунда турган саламаттык сактоо уюмдарынын эпидемияга каршы иш режимин белгилөө;
9) тышкы чөйрөнүн объекттерин, чыгарылуучу өнөр жай продукциясын зыянсыздандыруу жана калкты санитардык тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
10) тамак-аш өнөр жайынын бардык объекттерин чыгарылуучу продукциянын зыянсыздыгына кепилдик берүүчү иштин атайын технологиялык режимине өткөрүү;
11) чукул жана өзгөчө профилактиканы жүргүзүү;
12) калктын, ишканалардын, министрликтердин жана ведомстволордун карантиндин белгиленген эрежелерин так аткарышын контролдоо;
13) калк арасында санитардык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
14) адамдардын жана транспорттун жүргөн негизги жолдорунда оору жуккан очоктун периметри боюнча күзөт постторун коюу, күзөт постторунун ортосунда күнү-түнү кайгуулга чыгуу, карантин киргизилген айрым калктуу конуштардын ортосунда калктын кыймылын катуу контролдоону жүзөгө ашыруу, чектөөчү белгилерди, көрсөткүчтөрдү орнотуу жана айыл ичиндеги жолдорго, чыйыр жолдорго ж.б. постторду коюу жолу менен карантиндик аймакты күнү-түнү куралдуу кайтаруу (курчоо);
15) тамак-аш өнөр жайынын, саламаттык сактоо системасынын ж.б. иштөөсүн камсыз кылуучу адамдарды жана транспорт каражаттарын кошпогондо, карантиндик зонадагы карантинге алынган калктуу конуштардын ортосунда жана ичинде калктын жана транспорттун жүрүшүнө тыюу салуу;
16) массалык иш-чараларды (митингдерди, чогулуштарды ж.б.) өткөрүүгө тыюу салуу;
17) базарларды жабуу;
18) чарбалык же башка иштин өзгөчө режимин, калктын, транспорт каражаттарынын, жүктөрдүн, товарлардын жана азык-түлүк чийки заттарынын кыймылын чектөөнү караган башка чектөө иш-чаралары.
72-берене. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алууну мамлекеттик контролдоо
1. Калктын йоддун жетишсиздигинен болуучу ооруларга чалдыгуусунун абалын мамлекеттик контролдоо, Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун коргоо жана интеллектуалдык потенциалын сактоо максатында йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жана жоюу, ошондой эле йоддолгон тузду колдонууда калктын ооруга чалдыгуу тобокелдигинин даражасына баа берүү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагына тамак-аш тузун ташып келүүгө мамлекеттик контролду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүзөгө ашырат.
3. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлүүчү иш-чаралар төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында йоддолгон тузду өндүрүүгө, ташып келүүгө, сатууга жана керектөөгө карата талаптарды камсыз кылуу, сактоо үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жактардын, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан юридикалык жактардын жоопкерчилиги;
2) йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардан жапа чеккен адамдардын менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында квалификациялуу медициналык жардам алуусунун жалпы жеткиликтүүлүгү;
3) республиканын бүткүл аймагында 5 жылда бир жолудан кем эмес йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын оордугуна баа берүүгө үзгүлтүксүз биологиялык мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу;
4) туздун зыяндуу таасиринен ден соолугун жоготкон учурда жарандардын укуктарын коргоо жана тузду өндүрүүчүлөр жана таратуучулар тарабынан ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу;
5) йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын келип чыгуу тобокелдиги жогору болгон ыңгайсыз региондогу адамдарды топтук алдын алуу максатында органикалык эмес йод камтылган препараттарды жана республикалык бюджеттин каражаттарынан тузда йоддун болушун аныктоо үчүн экспресс-тесттерди сатып алууну максаттуу каржылоону камсыз кылуу.
4. Тамак-аш жана тоют муктаждыктары үчүн арналган туз йоддолууга тийиш. Тамак-аш жана тоют тузундагы эркин йоддун сапаты, коопсуздугу, камтылышы, йоддоо методдору жана эркин йоддун камтылышын контролдоо белгиленген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.
5. Йоддолгон тузду өндүрүү, йод менен байытуу, йоддон ажыратуу, сактоо жана сатуу белгиленген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.
6. Кыргыз Республикасынын аймагында коопсуздугу жана йоддолгону бышыкталбаган тамак-аш жана тоют тузун ташып келүүгө, өндүрүүгө жана жүгүртүүгө жол берилбейт.
7. Йоддолгон тузду жарнамалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
8. Йоддолгон тузду өндүрүүнү, берүүнү, сатууну жана жарнамалоону жүзөгө ашыруучу жеке жактар, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан юридикалык жактар керектөөчүлөргө йоддолгон туздун сапатын жана коопсуздугун, анын санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайыктуулугун кепилдөөгө тийиш. Сактоо мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш тузун сатууга жол берилбейт.
9. Мамлекеттик бийлик органдарынын кызмат адамдары өз компетенциясынын чегинде йоддолгон туздун сапатына жана коопсуздугуна мамлекеттик контроль жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын жарандары жана коомдук бирикмелер йоддолгон туздун сапатына жана коопсуздугуна коомдук контроль жүргүзүүгө укуктуу.
73-берене. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү чаралар
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал киргизилгенде Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачы өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын аймагында бардык жеке жана юридикалык жактар милдеттүү түрдө сактоого жана аткарууга тийиш болгон актыларды чыгарууга, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана контролдоо чараларын көрүүгө укуктуу.
2. Оорулардын эл аралык таркап кетүүсүнын алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү, коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө ыкчам чараларды көрүү максатында ЭМСЭ Министрлер Кабинети тарабынан регламенттелген тартипте жана шарттарда колдонулат.
74-берене. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги
Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:
1) санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга жана анын өзгөрүү болжолуна ылайык оорулардын алдын алуу;
2) санитардык-эпидемияларга каршы (профилактикалык) иш-чараларды аткаруу;
3) жеке, юридикалык жактар жана кызмат адамдары тарабынан техникалык регламенттердин, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин, минималдуу санитардык талаптардын сакталышын контролдоо;
4) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылууга мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл;
5) документтердин, имараттардын, курулмалардын, орун жайлардын, жабдуулардын, транспорт каражаттарынын, курчап турган жана өндүрүштүк чөйрө объекттеринин белгиленген тартипте кабыл алынган техникалык регламенттерге, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) алынууга тийиш болгон товарларга карата санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарга шайкештиги же шайкеш эместиги боюнча санитардык-эпидемиологиялык экспертиза;
6) адам үчүн потенциалдуу кооптуу химиялык жана биологиялык заттарды, продукциянын айрым түрлөрүн, радиоактивдүү заттарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына биринчи жолу ташып келинген продукциянын айрым түрлөрүн мамлекеттик каттоо;
7) санитардык-гигиеналык мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу;
8) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу чөйрөсүндө илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
9) жугуштуу оорулардын, массалык уулануулардын жана жугуштуу эмес оорулардын келип чыгышы, жашоо чөйрөсүнүн абалы жана жүргүзүлүп жаткан профилактикалык, санитардык-эпидемияга каршы иш-чаралар жөнүндө калкка өз убагында маалымдоо;
10) адам өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу жугуштуу оорулардын, эпидемиялардын, авариялардын кесепеттеринин, табигый кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдардын, катастрофалардын чыгышын жоюу үчүн эпидфонддун резервдерин түзүү;
11) калкты гигиеналык окутуу, тарбиялоо жана сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоо боюнча иштерди жүргүзүү;
12) техникалык регламенттердин, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарын, минималдуу санитардык талаптарды талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартуу.