Редакцияот 16.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги ХII сессиясы

 

2024-жылдын 16-февралы  № 12-4

 

2023-жыл ичиндеги  айыл өкмөт башчысынын жана айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын аткарган иштери тууралуу

отчетун угуу жөнүндө

 

  2023-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы  Р.Докоевдин  жана Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору К. Кулуевдин берген отчетторун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

                          

1.           Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин 2023-жылдагы аткарган  иштери боюнча айрым аткарылбай калган жумуштарын эске алып, кемчиликтерди белгилөө менен  «канааттандырарлык» деп табылсын;

 

2. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору К.Кулуевдин 2023-жыл ичинде аткарган  иштери «канааттандырарлык» деп табылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

Төрага

 

 

 

 

Э. Толубаев