Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2023-жылдын 19-декабры № 109
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Өзгөн, Ноокат, Кара-Суу, Жалал-Абад, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул, Нарын шаардык, Ак-Талаа, Жумгал, Нарын, Жайыл, Панфилов, Чүй, Сокулук, Ысык-Ата, Ысык-Көл, Айтматов, Баткен шаардык, Баткен жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын (16.11.2023-ж. № 43, № 44; 29.11.2023-ж. № 45, № 46) - Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк, Кызыл-Тоо, Салам-Алик, Дөң-Булак жана Ийри-Суу айылдык кеңештери боюнча;
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын (01.12.2023-ж. № 14, № 14/1) - Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Зулпуев жана Көк-Жар айылдык кеңештери боюнча;
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын (23.11.2023-ж. № 22; 06.12.2023-ж. № 23) - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айылдык кеңеши жана Кара-Суу шаардык кеңеши боюнча;
- Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын (07.12.2023-ж. № 11) - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңеши боюнча;
- Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын (15.11.2023-ж. № 14, № 15) - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айылдык кеңеши боюнча;
- Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын (05.12.2023-ж. № 5) - Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чаткал айылдык кеңеши боюнча;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын (06.12.2023-ж. № 21, 22) - Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңеши боюнча;
- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын (01.12.2023-ж. № 16; 06.12.2023-ж. № 17) - Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча;
- Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын (20.11.2023-ж. № 95) - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Тал айылдык кеңеши боюнча;
- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын (20.11.2023-ж. № 23, 24) - Нарын облусунун Жумгал районундагы Жумгал айылдык кеңеши боюнча;
- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын (28.11.2023-ж. № 11) - Нарын облусунун Нарын районундагы Дөбөлү айылдык кеңеши боюнча;
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын (20.11.2023-ж. № 25, 26; 29.11.2023-ж. № 30; 01.12.2023-ж. № 31, № 32) - Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаардык кеңеши, Полтавка жана Кара-Суу айылдык кеңештери боюнча;
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын (30.11.2023-ж. № 8, № 9) - Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаардык кеңеши боюнча;
- Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын (12.12.2023-ж. № 116, № 117) - Чүй облусунун Чүй районундагы Ак-Бешим айылдык кеңеши боюнча;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын (12.12.2023-ж. № 15) - Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын (12.12.2023-ж. № 7) - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Интернационал айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын (23.11.2023-ж. № 16, № 17) - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айылдык кеңеши боюнча;
- Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын (21.11.2023-ж. № 18) - Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылдык кеңеши боюнча;
- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын (12.12.2023-ж. № 40) - Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын (29.11.2023-ж. № 21; 11.12.2023-ж. № 22) - Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай, Суу-Башы жана Ак-Татыр айылдык кеңештери боюнча;
- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын (20.11.2023-ж. № 19, 30.11.2023-ж. № 20; 05.12.2023-ж. № 21, № 22) - Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаардык кеңеши жана Үчкоргон айылдык кеңеши боюнча.
Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын (29.11.2023-ж. № 46) - Ош облусунун Өзгөн районундагы Ийри-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын (01.12.2023-ж. № 14, № 14/1) - Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Зулпуев жана Көк-Жар айылдык кеңештери боюнча;
- Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын (15.11.2023-ж. № 15) - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айылдык кеңеши боюнча;
- Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын (20.11.2023-ж. № 95) - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Тал айылдык кеңеши боюнча;
- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын (20.11.2023-ж. № 24) - Нарын облусунун Жумгал районундагы Жумгал айылдык кеңеши боюнча;
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын (01.12.2023-ж. № 32) - Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын (12.12.2023-ж. № 15) - Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңеши боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын (29.11.2023-ж. № 21) - Баткен облусунун Баткен районундагы Суу-Башы айылдык кеңеши боюнча;
- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын (05.12.20230ж. № 22) - Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үчкоргон айылдык кеңеши боюнча.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн, Ноокат, Кара-Суу, Жалал-Абад, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул, Нарын шаардык, Ак-Талаа, Жумгал, Нарын, Жайыл, Панфилов, Чүй, Сокулук, Ысык-Ата, Ысык-Көл, Баткен шаардык, Баткен жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Өзгөн, Ноокат, Ала-Бука, Ак-Талаа, Жумгал, Жайыл, Сокулук, Баткен жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Өзгөн, Ноокат, Кара-Суу, Жалал-Абад, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул, Нарын шаардык, Ак-Талаа, Жумгал, Нарын, Жайыл, Панфилов, Чүй, Сокулук, Ысык-Ата, Ысык-Көл, Айтматов, Баткен шаардык, Баткен жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Өзгөн, Ноокат, Кара-Суу, Жалал-Абад, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул, Нарын шаардык, Ак-Талаа, Жумгал, Нарын, Жайыл, Панфилов, Чүй, Сокулук, Ысык-Ата, Ысык-Көл, Айтматов, Баткен шаардык, Баткен жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 19-декабрындагы № 109 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Ош облусу | |||
Өзгөн району | |||
1 | Көлдүк айылдык (№ 2 Алай-Булак шайлоо округу) | Ысакбаева Айтбу Акуновна | Өзгөн АШК, № 43, 16.11.2023-ж. (12.09.2023-ж. - өз арызы) |
2 | Көлдүк айылдык (№ 3 Ничке шайлоо округу) | Абакиров Нуржигит Абдиматович | Өзгөн АШК, № 43, 16.11.2023-ж. (09.11.2023-ж. - өз арызы) |
3 | Мамажусупов Иляз Рахматиллаевич | Өзгөн АШК, № 43, 16.11.2023-ж. (03.10.2023-ж.- өз арызы) | |
4 | Кызыл-Тоо айылдык (№ 2 Кызыл-Тоо- Доңуз-Тоо шайлоо округу) | Эшимбетов Жылдызбек Рахманжанович | Өзгөн АШК, № 43, 16.11.2023-ж. (01.10.2023-ж.- өз арызы) |
5 | Салам-Алик айылдык (№ 4 Кызыл-Чарба шайлоо округу) | Каипов Эрмек Айтбаевич | Өзгөн АШК, № 43, 16.11.2023-ж. (28.09.2023-ж.- өз арызы) |
6 | Дөң-Булак айылдык (№ 1 Өзгөрүш шайлоо округу) | Абдусалам уулу Мырза | Өзгөн АШК, № 43, 16.11.2023-ж. (14.11.2023-ж.- өз арызы) |
7 | Ийри-Суу айылдык (№ 1 Кыргызстан шайлоо округу) | Жолдошев Алмазбек Маматибраимович | Өзгөн АШК, № 45, 29.11.2023-ж. (28.11.2023-ж.- өз арызы) |
Ноокат району | |||
8 | Т.Зулпуев айылдык (№ 6 Калдай шайлоо округу) | Маматов Турат Зайнудинович | Ноокат АШК, № 14, 01.12.2023-ж. (28.11.2023-ж. - өз арызы) |
9 | Көк-Жар айылдык (№ 6 Каранай шайлоо округу) | Жолдошев Кошназар Шермаматович | Ноокат АШК, № 14/1, 01.12.2023-ж. (28.11.2023-ж. - өз арызы) |
Кара-Суу району | |||
10 | Кара-Суу шаардык | Назаров Абдырахман Осмоналиевич (8) "Биздин Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Кара-Суу АШК, № 23, 06.12.2023-ж. (27.11.2023-ж. - өз арызы) |
11 | Катта-Талдык айылдык (№ 1 Баш-Булак шайлоо округу) | Тагаев Мурат Джанышович | Кара-Суу АШК, № 22, 23.11.2023-ж. (10.11.2023-ж. - өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Жалал-Абад шаары | |||
12 | Жалал-Абад шаардык | Апатаев Марс Кубанычбекович (5) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 11, 07.12.2023-ж. (04.12.2023-ж. - өз арызы) |
13 | Жусупбеков Максатбек Жаныбекович (14) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 11, 07.12.2023-ж. (04.12.2023-ж. - өз арызы) | |
14 | Мамадалиева Буниса Сайдиллаевна (21) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 11, 07.12.2023-ж. (04.12.2023-ж. - өз арызы) | |
Ала-Бука району | |||
15 | Ак-Коргон айылдык (№ 5 Маданият шайлоо округу) | Абдукодиров Абдугани Жорабаевич | Ала-Бука АШК, № 14, 15.11.2023-ж. (10.11.2023-ж. - өз арызы) |
Чаткал району | |||
16 | Чаткал айылдык (№ 2 Курулуш шайлоо округу) | Мазирбаев Калыбай Кадыркулович | Чаткал АШК, № 5, 05.12.2023-ж. (28.11.2023-ж. - өз арызы) |
Токтогул району | |||
17 | Кызыл-Өзгөрүш айылдык (№ 1 Кызыл-Өзгөрүш шайлоо округу) | Өскөнбаев Жакыпбек Маленкулович | Токтогул АШК, № 21, 06.12.2023-ж. (30.11.2023-ж. - өз арызы) |
Нарын облусу | |||
Нарын шаары | |||
18 | Нарын шаардык | Дүйшөналиев Азамат Акылбекович (7) "Ордо" депутаттык фракциясы | Нарын шаардык АШК, № 16, 01.12.2023-ж. (28.11.2023-ж. - өз арызы) |
Ак-Талаа району | |||
19 | Ак-Тал айылдык (№ 1 Ак-Тал шайлоо округу) | Алыбаев Дастан Иманбекович | Ак-Талаа АШК, № 95, 20.11.2023-ж. (15.11.2023-ж.- өз арызы) |
Жумгал району | |||
20 | Жумгал айылдык (№ 1 Жумгал-Лама шайлоо округу) | Касымбеков Узакбек Аскарович | Жумгал АШК, № 23, 20.11.2023-ж. (08.11.2023-ж. - өз арызы.) |
Нарын району | |||
21 | Дөбөлү айылдык (№ 1 Дөбөлү шайлоо округу) | Абдыкадыров Адилет Абдыкадырович | Нарын АШК, № 11, 28.11.2023-ж. (28.11.2023-ж. - өз арызы.) |
Чүй облусу | |||
Жайыл району | |||
22 | Полтавка айылдык (№ 1 Молтавар шайлоо округу) | Омуров Адилет Медетович | Жайыл АШК, № 25, 20.11.2023-ж. (01.11.2023-ж. - өз арызы) |
23 | Кара-Суу айылдык (№ 1 Ставраполовка шайлоо округу) | Кадыркулов Роберт Джумабекович | Жайыл АШК, № 31, 01.12.2023-ж. (11.11.2023-ж. - өз арызы) |
Панфилов району | |||
24 | Кайыңды шаардык | Тилекеева Назгуль Бердигожоевна (2) "Күчтүү-коом" депутаттык фракциясы | Панфилов АШК, № 8, 30.11.2023-ж. (17.11.2023-ж. - өз арызы) |
Чүй району | |||
25 | Ак-Бешим айылдык (№ 1 Калыгул шайлоо округу) | Алысултанов Эрлан Зарылканович | Чүй АШК, № 116, 12.12.2023-ж. (01.12.2023-ж. - өз арызы) |
Сокулук району | |||
26 | Кызыл-Туу айылдык (№ 2 шайлоо округу) | Абденов Нурланбек Бейшебекович | Сокулук АШК, № 15, 12.12.2023-ж. (01.12.2023-ж. - өз арызы) |
Ысык-Ата району | |||
27 | Интернационал айылдык (№ 1 шайлоо округу) | Исраилова Инфра Мелисовна | Ысык-Ата АШК, № 7, 12.12.2023-ж. (08.12.2023-ж. - өз арызы) |
Ысык-Көл облусу | |||
Ысык-Көл району | |||
28 | Ананьево айылдык (№ 1 Ананьево шайлоо округу) | Айипов Кадырбек Абдылаевич | Ысык-Көл АШК, № 16, 23.11.2023-ж. (ЖААКтын 09-04 региондор аралык бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 3-октябрындагы берилген каза болгондугу тууралуу № KGZ07 0242596 күбөлүгү) |
Баткен облусу | |||
Баткен шаары | |||
29 | Баткен шаардык | Амиров Мунарбек Камчиевич (4) "Ынтымак" депутаттык фракциясы | Баткен шаардык АШК, № 40, 12.12.2023-ж. (07.12.2023-ж. - өз арызы) |
Баткен району | |||
30 | Ак-Сай айылдык (№ 1 Ак-Сай шайлоо округу) | Марданаев Кадыр Шайдуллаевич | Баткен АШК, № 21, 29.11.2023-ж. (24.11.2023-ж. - өз арызы) |
31 | Суу-Башы айылдык (№ 3 Апкан шайлоо округу) | Ажибаев Дооранбек Тиллаевич | Баткен АШК, № 21, 29.11.2023-ж. (25.11.2023-ж. - өз арызы) |
32 | Ак-Татыр айылдык (№ 1 Ак-Татыр шайлоо округу) | Бектемиров Эламан Джангирович | Баткен АШК, № 22, 11.12.2023-ж. (04.12.2023-ж. - өз арызы) |
Кадамжай району | |||
33 | Айдаркен шаардык | Тиллабаев Омурбек Имарович (2) "Бүтүн Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Кадамжай АШК, № 19, 20.11.2023-ж. (20.11.2023-ж. - өз арызы) |
34 | Үчкоргон айылдык (№ 3 Үчкоргон шайлоо округу) | Абдурахманов Алижон Турсунбаевич | Кадамжай АШК, № 21, 05.12.2023-ж. (01.12.2023-ж. - өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 19-декабрындагы № 109 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Ош облусу | |||
Өзгөн району | |||
1 | Ийри-Суу айылдык (№ 1 Кыргызстан шайлоо округу) | Акбалаев Турсунали Мисиралиевич | Өзгөн АШК, № 46, 29.11.2023-ж. (24.11.2023-ж. - өз арызы) |
Ноокат району | |||
2 | Т.Зулпуев айылдык (№ 6 Калдай шайлоо округу) | Качыбеков Абдыкалык | Ноокат АШК, № 14, 01.12.2023-ж. (Ноокат райондук ЖААКтын 2022-жылдын 8-февралындагы каза болгондугу тууралуу № KGZ07 0180428 күбөлүгү) |
3 | Көк-Жар айылдык (№ 6 Каранай шайлоо округу) | Муктарали кызы Бегимай | Ноокат АШК, № 14/1, 01.12.2023-ж. (30.11.2023-ж. - өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Ала-Бука району | |||
4 | Ак-Коргон айылдык (№ 5 Маданият шайлоо округу) | Бурибаев Абдуназар Токтобаевич | Ала-Бука АШК, № 15, 15.11.2023-ж. (13.11.2023-ж. - өз арызы) |
Нарын облусу | |||
Ак-Талаа району | |||
5 | Ак-Тал айылдык (№ 1 Ак-Тал шайлоо округу) | Сатаров Нурланбек Токтогазиевич | Ак-Талаа АШК, № 95, 20.11.2023-ж. (16.11.2023-ж. - өз арызы) |
Жумгал району | |||
6 | Жумгал айылдык (№ 1 Жумгал-Лама шайлоо округу) | Азискан уулу Эрланбек | Жумгал АШК, № 24, 20.11.2023-ж. (08.11.2023-ж. - өз арызы) |
Чүй облусу | |||
Жайыл району | |||
7 | Кара-Суу айылдык (№ 1 Ставраполовка шайлоо округу) | Молдокулов Эрбол Джадигереевич | Жайыл АШК, № 32, 01.12.2023-ж. (28.11.2023-ж. - өз арызы |
Сокулук району | |||
8 | Кызыл-Туу айылдык (№ 2 шайлоо округу) | Аргынбаев Нурдин Сагынбекович | Сокулук АШК, № 15, 12.12.2023-ж. (08.12.2023-ж. - өз арызы) |
Баткен облусу | |||
Баткен району | |||
9 | Суу-Башы айылдык (№ 3 Апкан шайлоо округу) | Жоробаева Жаркынай Имамалиевна | Баткен АШК, № 21, 29.11.2023-ж. (27.11.2023-ж. - өз арызы) |
Кадамжай району | |||
10 | Үчкоргон айылдык (№ 3 Үчкоргон шайлоо округу) | Таджибаев Шухрат Каримович | Кадамжай АШК, № 22, 05.12.2023-ж. (01.12.2023-ж. - өз арызы) |
11 | Абдурахмонов Отахон Закирович | Кадамжай АШК, № 22, 05.12.2023-ж. (01.12.2023-ж. - өз арызы) | |
12 | Азимов Нематжон Файзуллоевич | Кадамжай АШК, № 22, 05.12.2023-ж. (01.12.2023-ж. - өз арызы) | |
13 | Махмуджанова Зулайхо Боронбаевна | Кадамжай АШК, № 22, 05.12.2023-ж. (01.12.2023-ж. - өз арызы) | |
14 | Махсудов Рахмаджон Раимжонович | Кадамжай АШК, № 22, 05.12.2023-ж. (01.12.2023-ж. - өз арызы) | |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 19-декабрындагы № 109 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
1 | Дөң-Булак айылдык (№ 1 Өзгөрүш шайлоо округу) | Сайипов Шарабиддин Саидович | Жеке чарба | Өзгөн АШК, № 44, 16.11.2023-ж. |
2 | Ийри-Суу айылдык (№ 1 Кыргызстан шайлоо округу) | Джамалов Джумабай Кыргызбаевич | Жеке чарба | Өзгөн АШК, № 46, 29.11.2023-ж. |
Ноокат району | ||||
3 | Т.Зулпуев айылдык (№ 6 Калдай шайлоо округу) | Орозов Исматилла Базарбаевич | Дыйкан чарбанын мүчөсү | Ноокат АШК, № 14, 01.12.2023-ж. |
4 | Көк-Жар айылдык (№ 6 Каранай шайлоо округу) | Жээнтаев Бакытбек Абдиманнапович | Социалдык фонддун Ош шаардык башкармалыгы, адис | Ноокат АШК, № 14/1, 01.12.2023-ж. |
Кара-Суу району | ||||
5 | Кара-Суу шаардык | Рамашов Тахир Юсупович (25) "Биздин Кыргызстан" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Кара-Суу АШК, № 23, 06.12.2023-ж. |
6 | Катта-Талдык айылдык (№ 1 Баш-Булак шайлоо округу) | Машрапов Тилек Кубанычбекович | Убактылуу иштебейт | Кара-Суу АШК, № 22, 23.11.2023-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Жалал-Абад шаары | ||||
7 | Жалал-Абад шаардык | Келдибеков Исламбек Урсамбекович (41) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | Жеке ишкер | Жалал-Абад АШК, № 11, 07.12.2023-ж. |
8 | Болотов Нуртилек Болотович (47) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | Жеке ишкер | Жалал-Абад АШК, № 11, 07.12.2023-ж. | |
9 | Айтиева Чолпон Кубанычбековна (33) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | "Бай-Строй" ЖЧКсы, юрист | Жалал-Абад АШК, № 11, 07.12.2023-ж. | |
Ала-Бука району | ||||
10 | Ак-Коргон айылдык (№ 5 Маданият шайлоо округу) | Парпиев Кадырбек Мамашарипович | ОсОО "Фул Голд Майнинг", инженер | Ала-Бука АШК, № 15, 15.11.2023-ж. |
Чаткал району | ||||
11 | Чаткал айылдык (№ 2 Курулуш шайлоо округу) | Сейталиев Урал Мелисбаевич | "Чаарат ЗААВ" ЖАК, адис | Чаткал АШК, № 5, 05.12.2023-ж. |
Токтогул району | ||||
12 | Кызыл-Өзгөрүш айылдык (№ 1 Кызыл-Өзгөрүш шайлоо округу) | Кадыржанов Алманбет Искендерович | Дыйкан чарбанын мүчөсү | Токтогул АШК, № 22, 06.12.2023-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
13 | Нарын шаардык | Мамытов Урмат Кубанычбекович (9) "Ордо" саясий партиясы | Нарын районунун мамлекеттик администрациясы, жетектөөчү адис | Нарын шаардык АШК, № 17, 06.12.2023-ж. |
Ак-Талаа району | ||||
14 | Ак-Тал айылдык (№ 1 Ак-Тал шайлоо округу) | Мамыркулова Гульнура Аманатовна | А.Турдакунов атындагы орто мектеп, мугалим | Ак-Талаа АШК, № 95, 20.11.2023-ж. |
Жумгал району | ||||
15 | Жумгал айылдык (№ 1 Жумгал-Лама шайлоо округу) | Абдырасулов Султан Турарбекович | Дыйкан чарбанын мүчөсү | Жумгал АШК, № 24, 20.11.2023-ж. |
Нарын району | ||||
16 | Дөбөлү айылдык (№ 1 Дөбөлү шайлоо округу) | Муталип уулу Бакытбек | № 30 Б.Жакыпов атындагы лицей, директор | Нарын АШК, № 11, 28.11.2023-ж. |
Чүй облусу | ||||
Жайыл району | ||||
17 | Кара-Балта шаардык | Острожнова Елена Геннадьевна (6) "Социал-демократтар" саясий партиясы | "Весть" газетасы, башкы редактор | Жайыл АШК, № 30, 29.11.2023-ж. |
18 | Полтавка айылдык (№ 1 Молтавар шайлоо округу) | Талантбеков Тагай Талантбекович | Убактылуу иштебейт | Жайыл АШК, № 26, 20.11.2023-ж. |
19 | Кара-Суу айылдык (№ 1 Ставраполовка шайлоо округу) | Поважный Сергей Ильич | Ставрополовка айылынын орто мектеби, жумушчу | Жайыл АШК, № 32, 01.12.2023-ж. |
Панфилов району | ||||
20 | Кайыңды шаарды | Каюн Светлана Ивановна (5) "Күчтүү-коом" саясий партиясы | К.Сулайманова атындагы орто мектеп-гимназия, мугалим | Панфилов АШК, № 9, 30.11.2023-ж. |
Чүй району | ||||
21 | Ак-Бешим айылдык (№ 1 Калыгул шайлоо округу) | Джеентаев Муратбек Аблабекович | Жеке ишкер | Чүй АШК, № 117, 12.12.2023-ж. |
Сокулук району | ||||
22 | Кызыл-Туу айылдык (№ 2 шайлоо округу) | Маматов Марат Джоробекович | Убактылуу иштебейт | Сокулук АШК, № 15, 12.12.2023-ж. |
Ысык-Ата району | ||||
23 | Интернационал айылдык (№ 1 шайлоо округу) | Солпуева Таажыкан | Пенсионер | Ысык-Ата АШК, № 7, 12.12.2023-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
24 | Ананьево айылдык (№ 1 Ананьево шайлоо округу) | Субанов Кенжебек Джапарович | Убактылуу иштебейт | Ысык-Көл АШК, № 17, 23.11.2023-ж. |
Талас облусу | ||||
Айтматов району | ||||
25 | Шекер айылдык (№ 2 Шекер шайлоо округу) | Эшенкулов Рустамбек Бекманбетович | Суу чарба башкармалыгы, гидротехник | Айтматов АШК, № 18, 21.11.2023-ж. |
Баткен облусу | ||||
Баткен шаары | ||||
26 | Баткен шаардык | Пинназаров Асан Дубанаевич (14) "Ынтымак" саясий партиясы | Т.Садыков атындагы көркөм мектеп интернат, чарба башчысы | Баткен шаардык АШК, № 40, 12.12.2023-ж. |
Баткен району | ||||
27 | Ак-Сай айылдык (№ 1 Ак-Сай шайлоо округу) | Абдисаттар уулу Бекжан | Убактылуу иштебейт | Баткен АШК, № 21, 29.11.2023-ж. |
28 | Ак-Татыр айылдык (№ 1 Ак-Татыр шайлоо округу) | Абдибакир уулу Мунарбек | Убактылуу иштебейт | Баткен АШК, № 22, 11.12.2023-ж. |
Кадамжай району | ||||
29 | Айдаркен шаардык | Гапаров Улан Толубаевич (4) "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Кадамжай АШК, № 20, 30.11.2023-ж. |
30 | Үчкоргон айылдык (№ 3 Үчкоргон шайлоо округу) | Халилов Муроджон Абдунабиевич | Убактылуу иштебейт | Кадамжай АШК, № 22, 05.12.2023-ж. |