ТОГУЗ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Булак айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы
2024-жылдын 20-январы № 1
Айыл өкмөтүндө жашаган жарандардан жана мекеме уюмдардан түшкөн ар түрдүү арыз даттанууларды,сунуштарды кароо боюнча
Тогуз-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Булак айылынын Катта Суу көчөсүнүн жашоочуларынын арызы Кара-Булак айылынын элдик чогулушунда каралып,ынтымак жолу менен добуш берүү аркылуу чечилсин.
2.Шор Көл айылынын жашоочуларынын арызы айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджетинен каралсын.
3.Жигердүү жарандар долбоорунун алкагында түзүлгөн Тазалык ишканасына акча каражаты 2024-жылдын бюджетинен каралсын.
4.К.Сабыров айылынын жашоочусу Ырысова Эркинайдын турак үй салууга жер берүү боюнча арызы канаттандырылып К.Сабыров айылынын чегинен жер ажыратылып берилсин.
5.Тогуз-Булак айылынын тургуну жалгыз бой эне Кенжебаева Самара, айылдык Кеңештин атына жазган арызынын негизинде, турмуш шартына жана ден соолугун чыңдоого социалдык жардам катары, айыл өкмөтүнүн 2024-жылга кабыл алынган бюджетинин эсебинен 10 000 (он миң) сом ажыратылып берилсин
6.Ветеринардык башкармалыктын катынын негизинде ар бир айылда атылган итерди таштоочу чункуруна берилүүчү акча каражаты бюджеттен каралсын.
7.Айыл аймагындагы ар кандай иш чараларды өткөрүү үчүн 2024-жылдын бекитилген бюжетинен акча каражаты ажыратылып берилсин.
8.Таза Суу ИСКАКБнын ремонтуна 2024-жылдын бюджетинен акча каражаты ажыратылып берилсин.
9.Айылдагы ички арыктар УОСтун карамагына өткөрүлүп берилсин.
10.Алтын-Бешик балдардын эс алуу лагерине
11.Айбике айылынын жашоочусу Кудайбердиева Раяна Медербековнага , турмуш шартына байланыштуу, жалгыз бой энеси Иметова Гүлзатай жана башка бир туугандары менен ар кимдин үйүндө батирде тургандыгына байланыштуу, турак жай салууга Айбике айылынын чегинен жер тилкесин ажыратып берүү боюнча арызы канаттандырылсын.
12.Тогуз-Булак айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы карап жана талкуулап чыгып,айыл аймагындагы базалык станциялардын ижара акысын айсайын төлөө боюнча баасы төмөнкүдөй болуп бекитилсин:
1.ЖЧК “Нур Телеком” -5000 сом
2.ЖЧК “Альфа Телеком”- 5000 сом
3.ЖЧК “Скай Мобайл”-5000 сом .
2. Жогорудагы токтомдо жазылган маселелер боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | К.Ражапов |