Редакцияот 20.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тогуз-Булак айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы

 

2024-жылдын 20-январы № 2

Тогуз-Булак  айыл өкмөтүнүн  Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин  2023- жылга  бюджеттин киреше чыгаша бөлүмүнүн  аткарылышы жана   2024-жылга бюджетин  бекитүү жөнүндө 

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Тогуз-Булак айыл аймагынын жайыт комитетинин  2023-жыл ичиндеги жүргүзгөн иштери канаатандырарлык  деп  табылсын.

2.Тогуз-Булак айыл аймагынын жайыт комитетинин 2024-жыл учун тузулгон бюджетти 418,5 м.сомго бекитилсин жана анын 3/2 бөлүгү 279 000 м.сому ЖПБ нин эсебине которулуп берилип, калган 3/1 бөлүгү 139,5 м.сом айыл өкмөтүнүн эсебинде калтырылсын.

ЖПБ нин башка кирешелери 150 000 сом  (техникалардан ж.б тармактардан) түшкөн  кирешелер толук бойдон которулуп берилет.

Жайыт пайдалануучулардын жамааттык планы жана инвестициялык планы бекитилсин.

3.Тогуз-Булак Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин 2024-жылга  ар бир мал башына жайыт акысы үчүн  төмөнкүдөй тарифтер бекитилсин.

-  Ири мүйүздүү малга  80 сом

- Жылкыга    500 сом

-  Майда малдарга      20 сом.

 

4.Айыл өкмөтүнөн сырттан келген малдарга жайыт акысы үчүн эки эсе тариф коюлсун.

 

5.Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн бардык айыл башчылары,вет сервистер,Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинен болгон жумушчу топ айыл өкмөтүнүн аймагына  сырттан кирген малдарды,ал малдардын жугуштуу оорууларга болгон эмделүүсүн , жайыт акысынын төлөнүүсүн  көзөмөлдөсүн.

 

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтʏнʏн башчысына жана ЖПБ нин башчысына тапшырылсын

 

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы

К.Ражапов