Редакцияот 20.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тогуз-Булак айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы

 

2024-жылдын 20-январы № 7

Тогуз-Булак  айыл аймагынын эсептик балансында турган бетон каналдар жана   Л-60 лотокторду Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө

 

 

Тогуз-Булак айылдык кенешинин 7-чакырылышынын  кезектеги 1-сессиясы жогорудагы маселе боюнча билдирүүнү   угуп жана талкуулап чыгып

 

                                             ТОКТОМ    КЫЛАТ:

 

1. Тогуз-Булак айыл аймагынын эсептик балансында турган бетон каналдар жана Л-60 лотоктор төмөнкү тизме боюнча Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилсин.

1) Бетон каналдар:

-Таш-кыя участкасы- 5 000 метр

-Кичик-суу участкасы-1 000 метр

-Шор-көл участкасы-1 161 метр

-Катта суу участкасы-2 000 метр

-Шоаз участкасы-39 метр

-Миң-Жыгач а. Л-60- 6 000 метр

-Шоаз- Карагатты Л-60- 13 600 метр

-Актам участкасы Л-40- 1 055 метр

Баланстагы эсеби-16 186 500 сом

2) Жер асты менен тартылган сугат суу түтүктөрү П/Э 450 мм:

-Танги-оозу Айбике- 5450 метр

Баланстагы эсеби -31 500 000 сом

Жалпы эсеп балансында көрсөтүлгөн баасы-47 686 500 сом

 

2.Токтомдун аткарылышын  камсыздоо Тогуз-Булак айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Темирбаевге ,Саркент-суу СПА нын башчысы А.Жапаровго тапшырылсын.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы

К.Ражапов