Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 14-декабры № 207
«Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 453-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуланын экинчи сүйлөмүндө «каржы» деген сөз «банк» деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 1-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу Депозиттерди коргоо боюнча агенттик тарабынан депозит боюнча компенсацияларды төлөө функцияларын аткаруу бөлүгүндө банктарга, микрофинансылык жана турак жай-сактык кредиттик компанияларга жайылтылат. Ушул Мыйзамдын жоболору ушул Мыйзамда каралган учурларда гана башка финансылык-кредиттик уюмдарга жайылтылат.
Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык иштерин жүзөгө ашыруучу банктарга жана микрофинансылык компанияларга карата ушул Мыйзамдын ченемдери банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган спецификаны жана өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.»;
3) 2-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери - банктык операцияларды жана бүтүмдөрдү Шариат стандарттарына ылайык жүзөгө ашыруу принциптери жана эрежелери.»;
б) жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Микрофинансылык компания - акционердик коом формасында түзүлгөн, Улуттук банктын лицензиясын алган, юридикалык жана жеке жактарды микрокредиттөөнү жана операциялардын башка түрлөрүн, анын ичинде жеке жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартууну жүзөгө ашыруучу адистештирилген финансылык-кредиттик уюм.»;
в) онунчу абзац төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: «Банк тарабынан эмиссияланган, кармоочулары болуп жеке жактар жана жеке ишкерлер саналган электрондук акчалар да аманат деп түшүнүлөт.»;
г) он экинчи абзац төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: «Банк тарабынан эмиссияланган, кармоочулары болуп жеке жактар жана жеке ишкерлер саналган электрондук акчалар да депозиттик базага кирет.»;
д) төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
«Банк тарабынан эмиссияланган электрондук акчалардын кармоочулары болуп саналган жеке жактар жана жеке ишкерлер да аманатчы деп түшүнүлөт.»;
е) жыйырма экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Жаңыдан түзүлгөн микрофинансылык компания - Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, депозиттерди тартуучу микрофинансылык компания.»;
ж) төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма бешинчи абзац менен толукталсын:
«Банк тарабынан эмиссияланган, кармоочулары болуп жеке жактар жана жеке ишкерлер саналган электрондук акчалар да кепилденген депозитке кирет.»;
з) жыйырма сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кепилденген учур – «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Улуттук банк тарабынан банктын, микрофинансылык компаниянын же турак жай-сактык кредиттик компаниянын лицензияларынын кайтарып алынышы.»;
и) жыйырма тогузунчу абзацта «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөр «Банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын;
к) отуз экинчи абзацта «мыйзам боюнча» деген сөздөр алып салынсын;
л) төмөнкүдөй мазмундагы отуз бешинчи-отуз жетинчи абзацтар менен толукталсын:
«Финансылык-кредиттик уюм - депозиттерди тартуучу микрофинансылык компания, кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуучу кредиттик союз жана турак жай-сактык кредиттик компания. Ушул түшүнүк Депозиттерди коргоо боюнча агенттик ушул Мыйзамдын ченемдерине ылайык жоюучу катары чыга ала турган юридикалык жактардын чөйрөсүн аныктоо максатында берилген.
Корпоративдик катчы - Директорлор кеңешинин протоколдорун даярдоону, алардын чечимдеринин аткарылышын контролдоону, башкаруу органдарынын ортосунда талаптагыдай деңгээлде корпоративдик өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга көмөктөшүүнү жана Директорлор кеңеши тарабынан аныкталуучу башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин кызматкери. Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктеги башка милдеттерди аткаруу менен корпоративдик катчынын өз алдынча кызмат ордун айкалыштырууга Директорлор кеңешинин макулдугу болгондо гана жол берилет.
Тобокелдик-менеджменти кызматы/тобокелдик-менеджери - Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин түзүмдүк бөлүмү/кызматкери, ал тобокелдиктерди башкаруу боюнча ар күндүк иши үчүн жоопкерчилик алат.»;
4) 3-беренеде:
а) 1-бөлүктө «Өкмөт» деген сөз «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети)» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Агенттиктин негизги милдеттери болуп Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоонун натыйжалуу системасын камсыз кылуу, банктарды жана финансылык-кредиттик уюмдарды жоюучунун функцияларын аткаруу, ошондой эле көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо саналат.»;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
«9. Агенттик жоюу жол-жобосун жүргүзүүдө жоюучу катары анын түздөн-түз функцияларына кирбеген банктардын жана финансылык-кредиттик уюмдардын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик албайт.»;
5) 4-беренеде:
а) 4-бөлүктө:
- «жоюучу» деген сөз «убактылуу администратор/жоюучу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Агенттик банктын жана/же финансылык-кредиттик уюмдун жоюучусу болгон учурда, ал аманатчынын болгон депозиттеринин жалпы суммасын өз алдынча аныктайт.»;
б) 8-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8. Банк тарабынан «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 107-беренесинин 2-бөлүгүн аткаруу процессинде банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу башталган учурда, эгерде банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу башталганга чейин банктын акционерлеринин жалпы чогулушу тарабынан ыктыярдуу жоюу (өзүн-өзү жоюу) жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып төлөнгөн сумма ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген суммадан ашып кетсе, компенсация төлөнбөйт. Ушул бөлүктүн колдонулушу депозиттерди тартуучу микрофинансылык компанияларга жана турак жай-сактык кредиттик компанияларга да жайылтылат.
Эгерде лицензияны кайтарып алган күндөн тартып мажбурлап жоюу жол-жобосу башталганга чейинки мезгилде аманатчыга банктын же депозиттерди тартуучу микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын каражаттарынан төлөнгөн акча каражаттарынын суммасы ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген суммадан ашып кетсе, компенсация төлөнбөйт.»;
6) 5-берененин 4-пунктунда «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөр «Банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 6-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Кепилденген учур келгенден кийин 10 календардык күндүн ичинде убактылуу администратор/жоюучу Агенттик тарабынан белгиленген форма боюнча Агенттикке ушул Мыйзам жайылтылган аманатчылар жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.
Убактылуу администратор/жоюучу Агенттикке депозиттер жөнүндө маалыматтын өз убагында берилбегендиги үчүн мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартат.
Агенттик банктын жана/же финансылык-кредиттик уюмдун жоюучусу болгон учурда, ал кепилденген учур келгенден кийин 10 календардык күндүн ичинде Агенттик тарабынан белгиленген форма боюнча ушул Мыйзам жайылтылган аманатчылар жөнүндө маалыматты түзөт.»;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
«Агенттик банктын жана/же финансылык-кредиттик уюмдун жоюучусу болгон учурда, ал кеминде бир айда 2 жолу отчеттуулук үчүн төлөнгөн компенсациялык суммалар жөнүндө маалыматты өз алдынча түзөт.
Төлөнгөн компенсациялык суммалар жөнүндө маалымат кеминде айына бир жолу Директорлор кеңешинин кароосуна берилет.»;
8) 7-беренеде:
а) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Улуттук банк Агенттиктин арызы боюнча соттун чечими менен лицензиясы кайтарып берилген банктын акча каражаттарын төлөнгөн компенсациялардын өлчөмүндө Агенттиктин пайдасына акцептсиз тартипте эсептен чыгарууга укуктуу.
Банк Агенттиктин арызы боюнча соттун чечими менен лицензиясы кайтарып берилген микрофинансылык компаниянын же турак жай-сактык кредиттик компаниянын акча каражаттарын төлөнгөн компенсациялардын өлчөмүндө Агенттиктин пайдасына акцептсиз тартипте эсептен чыгарууга укуктуу.»;
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Компенсацияны төлөө жол-жобосу башталган күнгө чейин 7 календардык күндөн кечиктирбестен, Агенттик банк-агенттин юридикалык дареги, жайгашкан жери, компенсациялык төлөөлөрдү жүргүзүү күнү, убактысы, ошондой эле формасы жана тартиби жөнүндө маалыматтарды Агенттиктин расмий веб-сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялоого милдеттүү. Бул маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде банк-агенттин жана банкрот банктын, банкрот микрофинансылык компаниянын, банкрот турак жай-сактык кредиттик компаниянын борбордук (башкы) кеңсесинин имаратынын, анын ичинде алардын филиалдарынын, сактык кассаларынын, өкүлчүлүктөрүнүн жана банкоматтарынын кире беришинде да жайгаштырылууга тийиш.»;
в) 6-бөлүктүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) жазма буйруктарды эске албаганда, кепилденген учур келген күнгө чейинки акыркы 6 ай ичинде ага карата "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган таасир этүү чаралары колдонулбаган болушу керек;»;
г) 9-11-бөлүктөрдө «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) төмөнкүдөй мазмундагы 17-бөлүк менен толукталсын:
«17. Агенттик депозиттерди коргоо системасынын катышуучуларынын кепилденген учур келгенге карата даярдыгын тестирлөөнү үзгүлтүксүз негизде өткөрүп турат.»;
9) 8-беренеде «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөр «Банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 9-беренеде:
а) 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«12) мыйзамдарда белгиленген тартипте банктардын жана финансылык-кредиттик уюмдардын жоюучусу катары чыгат;»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 13 жана 14-пункттар менен толукталсын:
«13) Улуттук банктан лицензия алган банктардын жана башка финансылык-кредиттик уюмдардын көйгөйлүү зайымчыларынын кайрылууларын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте карайт;
14) депозиттерди милдеттүү коргоо системасынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон, банктарды жана финансылык-кредиттик уюмдарды жоюу боюнча, ошондой эле Министрлер Кабинети бекиткен жободо каралган көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо боюнча башка функцияларды, ыйгарым укуктарды жана укуктарды жүзөгө ашырат.”;
11) 10-беренеде:
а) 1-бөлүктө «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктө:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) банктарга, микрофинансылык компанияларга жана турак жай-сактык кредиттик компанияларга карата "Банктар жана банк иштери жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тиешелүү таасир этүү чараларын колдонуу сунушу менен Улуттук банкка кайрылууга;»;
төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
«41) көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароого көмөк көрсөтүү жөнүндө Улуттук банкка кайрылууга;»;
төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
«6) «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банкты жоюучунун функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн талапкерлерди тандап алууда талапкер катары жалпы негиздерде катышууга.»;
12) 11-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11-берене. Кредиттөөгө жана финансылык же финансылык эмес жардам көрсөтүүгө тыюу салуу
Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, Агенттик Министрлер Кабинетине, башка мамлекеттик органдарга, юридикалык жана коомдук уюмдарга, ошондой эле жеке жактарга кредиттөөнү жүзөгө ашырууга, кандай формада болбосун финансылык жана финансылык эмес жардам көрсөтүүгө укуксуз.»;
13) 12-беренеде «Аткаруучу директору» деген сөздөр «Агенттиктин аткаруу органы (Башкармасы)» деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 13-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу Министрлер Кабинетинин 3 өкүлүнөн, анын ичинде Экономика жана коммерция министрлигинин бир өкүлүнөн жана Финансы министрлигинин эки өкүлүнөн (коллегия мүчөсүнүн деңгээлинде);»;
- 3-пунктта «Өкмөттүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсүн кошпогондо, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү өз ишин акысыз негизде жүзөгө ашырат. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсүнүн эмгек акысы Директорлор кеңешинин чечими менен аныкталат.»;
в) 8-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8. Агенттиктин Директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Агенттиктин аткаруучу директорунун сунушу боюнча Депозиттерди коргоо фондуна багытталган календардык жана чукул мүчөлүк акылардын өлчөмүн бекитүү;
2) ушул Мыйзамдын жоболорун аткаруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жактыруу жана аларды Министрлер Кабинетине бекитүүгө берүү;
3) Агенттиктин уюштуруу түзүмүн бекитүү;
4) аткаруу органынын (Башкарманын) регламентин бекитүү;
5) ички аудит кызматынын/ички аудитордун, тобокелдик-менеджментинин кызматынын/тобокелдик-менеджеринин жетекчилерин, Агенттиктин корпоративдик катчысын дайындоого/бошотууга талапкерлерди жактыруу, алардын отчетторун угуу;
6) аткаруу органынын (Башкарманын) мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатуу боюнча кошумча талаптарды белгилөө;
7) Агенттиктин аткаруучу директорунун сунушу боюнча кепилденген учур келгенде, аманатчыларга компенсацияларды төлөө жөнүндө чечим кабыл алуу;
8) Агенттиктин аткаруучу директорунун сунушу боюнча инвестициялык саясатты аныктоо, Агенттиктин контрагенттери боюнча чектөөлөрдү белгилөө;
9) Агенттиктин бюджетин жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү;
10) Агенттиктин жылдык отчетун бекитүү;
11) Агенттиктин аткаруучу директорунун отчетун жыл сайын угуу;
12) кызыкчылыктардын кагылышы боюнча Агенттиктин комплекстүү саясатын бекитүү;
13) тышкы аудитти жүргүзүү үчүн көз карандысыз аудитордук уюмду жыл сайын аныктоо, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте Агенттиктин жүргүзгөн аудитинин натыйжаларын алуу;
14) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык милдеттенмелерди жабуу үчүн Агенттик тарабынан каражаттарды карызга алууга макулдук берүү;
15) депозиттерди коргоо системасы жөнүндө коомчулуктун кабардар болуусун жогорулатуу боюнча Агенттиктин программасын бекитүү;
16) Агенттикти жана депозиттерди коргоо системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.»;
15) 14-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «14-берене. Агенттиктин аткаруу органы (Башкармасы)»;
б) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Агенттиктин аткаруучу директору жана анын эки орун басары Агенттиктин Директорлор кеңешинин сунушу боюнча Президент тарабынан дайындалат. Аткаруучу директор жана анын орун басарлары беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Аткаруучу директор жана анын орун басарлары кызмат ордуна эки мөөнөттөн ашык дайындалышы мүмкүн эмес.»;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
«11. Аткаруу органынын (Башкарманын) мүчөлөрү төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгына;
2) жогорку экономикалык, финансылык же юридикалык билимге жана банк чөйрөсүндөгү же депозиттерди коргоо системасы чөйрөсүндөгү 3 жылдан кем эмес эмгек стажына;
3) банк жана/же финансы системаларында жетекчилик кызмат орундарындагы же экономикалык (финансылык) ишке байланышкан кызмат орундарындагы иш тажрыйбасына;
4) «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кынтыксыз ишкердик абройго.»;
г) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
«4. Аткаруучу директор жок болгон учурда, анын милдеттери анын орун басарларынын бирине жүктөлөт.»;
16) 17-берененин 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9) өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын бузганда жана Агенттиктин кызыкчылыктарына доо кетирген аракеттерди жүзөгө ашырганда, же болбосо ушул Мыйзамды, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жана «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузганда, аларды дайындаган адамга карата Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн сунушу боюнча.»;
17) 18-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгына;
2) жогорку билимге;
3) банк, экономика, финансы, юридика чөйрөсүндөгү 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасына;
4) банк жана/же финансы системаларында жетекчилик кызмат орундарындагы же экономикалык (финансылык) ишке байланышкан кызмат орундарындагы иш тажрыйбасына.»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
«11. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү кошумча төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш:
1) банк мыйзамдары жана корпоративдик башкаруу жаатындагы билимге;
2) «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кынтыксыз ишкердик абройго.»;
в) 4-бөлүктүн 3-пунктунда «каржы-кредит мекемесинин» деген сөздөр «банктын же финансылык-кредиттик уюмдун» деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 20-беренеде «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөр «Банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын;
19) 25-берененин 3-бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөр «Банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын;
20) 30-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 3-пунктта «Өкмөттүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5) Министрлер Кабинетинен Улуттук банктын эсептик ставкасынан ашпаган ставка боюнча зайым суроого жана алууга. Министрлер Кабинети суроо-талапты алган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде суралган каражаттарды берүүгө тийиш. Эгерде бул суроо-талаптын натыйжасында Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылга республикалык бюджети жөнүндө мыйзам бузулса, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджеттик мыйзамдар маселелери карамагында болгон тармактык комитети менен макулдашуу боюнча, Министрлер Кабинети суроо-талап жөнөтүлгөн күндөн тартып 20 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга тийиштүү түзөтүүлөрдү караганга жана кабыл алганга чейин республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен бекитилген бюджеттик параметрлерге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет;»;
в) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
«6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан акчалай каражаттарды суроого.»;
21) 31-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Эгерде банк, микрофинансылык компания же турак жай-сактык кредиттик компания акыркы 6 ай ичинде «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген таасир этүү чараларына дуушар болгон учурларды кошпогондо, Агенттик максаттуу көрсөткүчкө жеткенден кийин Депозиттерди коргоо фондуна мүчөлүк акылардын өлчөмүн азайта алат.»;
22) 32-берененин 1-бөлүгүндө ар түрдүү жөндөмө формаларындагы «Өкмөт» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
23) 33-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөрдө ар түрдүү жөндөмө формаларындагы «Өкмөт» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Агенттикке жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланышкан, аны карап-күтүү үчүн операциялык чыгашалар жана башка сарптоолор ар бир финансылык жылга төмөнкүлөрдүн эсебинен жабылат:
1) жыл башына эсептелген Фонддун топтолгон каражаттарынан жана Фондго кайтарылууга тийиш болгон компенсациялык төлөмдөрдүн жалпы суммасынан - жылына 2 пайыздан көп эмес;
2) Фонддун бош каражаттарын жайгаштыруудан алынган кирешенин 25 пайызынан көп эмес;
3) Депозиттерди коргоо фондунун өлчөмү 15 000 000 000 (он беш миллиард) сомго жеткенден кийин жыл башына эсептелген Фонддун топтолгон каражаттарынан жана Фондго кайтарылууга тийиш болгон компенсациялык төлөмдөрдүн жалпы суммасынан - жылына 1 пайыздан көп эмес.»;
24) 34-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«34-берене. Депозиттерди коргоо фондунун каражаттарын пайдалануу
1. Депозиттерди коргоо фондунун каражаттары төмөнкүдөй төлөмдөрдү жана чыгашаларды жүзөгө ашыруу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн:
1) ушул Мыйзамда каралган тартипте жана суммада аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүүгө;
2) Агенттиктин операциялык чыгашаларын жана Агенттиктин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга кеткен сарптоолорун жабууга;
3) ушул Мыйзамга ылайык Агенттик тарабынан алынган зайымдардын жана кредиттердин негизги суммасы жана пайыздары боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүгө;
4) ушул Мыйзамдын 33-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык бош финансылык каражаттарды инвестициялоого.
2. Банктардын мүчөлүк акыларынын эсебинен топтолгон каражаттар микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын мүчөлүк акыларынын эсебинен түшкөн каражаттардан өзүнчө эсепке алынат.
Банктардын мүчөлүк акыларынын эсебинен топтолгон каражаттар депозиттер боюнча компенсацияларды төлөөнү жүргүзүү максатында банктардын аманатчыларына компенсацияларды төлөө үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн.
Микрофинансылык компаниялардын мүчөлүк акыларынын эсебинен топтолгон каражаттар депозиттер боюнча компенсацияларды төлөөнү жүзөгө ашыруу максатында микрофинансылык компаниялардын аманатчыларына компенсацияларды төлөө үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн.
Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын мүчөлүк акыларынын эсебинен топтолгон каражаттар депозиттер боюнча компенсацияларды төлөөнү жүзөгө ашыруу максатында турак жай-сактык кредиттик компаниялардын аманатчыларына компенсацияларды төлөө үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн.
3. Ушул Мыйзамга ылайык кепилденген учур келгенде, аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүү боюнча Агенттиктин финансылык милдеттенмелерин кошпогондо, Депозиттерди коргоо фондуна жана анын каражаттарына Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, банктардын, финансылык-кредиттик уюмдардын, башка үчүнчү жактардын, ошондой эле Агенттиктин милдеттенмелери боюнча өндүрүп алуу мүмкүн эмес. Аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүү боюнча Депозиттерди коргоо фондунун жана Агенттиктин финансылык милдеттенмелери боюнча анын каражаттарынын эсебинен өндүрүп алуу сот актысынын негизинде гана жүзөгө ашырылат.
Депозиттерди коргоо фондунун каражаттары ушул Мыйзамга ылайык гана пайдаланылышы мүмкүн жана милдеттенмелерди аткарууга, активдерди, талап кылуу укуктарын, банктардын, финансылык-кредиттик уюмдардын жана башка үчүнчү жактардын акцияларын жана капиталындагы катышуу үлүштөрүн сатып алууга пайдаланылышы мүмкүн эмес, ошондой эле Агенттик тарабынан банктарды жана финансылык-кредиттик уюмдарды жоюу боюнча функцияларды аткарууга байланышкан сот актыларын аткарууга пайдаланылышы мүмкүн эмес.»;
25) 36-берененин 1-бөлүгүндө «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
26) 38-берененин 1-бөлүгүндө «тендердик негизде» деген сөздөр «мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте» деген сөздөргө алмаштырылсын;
27) 40-берененин 2-бөлүгүндө «Өкмөткө» деген сөз «Министрлер Кабинетине» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып эки жылдын ичинде Депозиттерди коргоо фондунун өлчөмүн рыноктук шарттарда мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 15 000 000 000 (он беш миллиард) сомго чейин жеткирсин.
3-берене
1. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин башталган банктарды жоюу жол-жобосу ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин мыйзамдарда белгиленген тартипте Банктарды жоюу боюнча агенттик тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин ушул Мыйзам күчүнө кирген учурга карата мажбурлап жоюу процессинде турган жана Банктарды жоюу боюнча агенттик жоюучу болуп саналган банкрот банктарды жоюучу катары чыгат.
4-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 19-декабрындагы № 100 (3549) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамга кол коюлган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 26-октябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |