Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-ноябры № 613
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 "Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражаттарынын катышуусу менен оор кесепеттерге алып келген жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринде:
- 1.2-пунктта:
мамлекеттик тилде төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Жол шарттары" - кыймыл багытында көрүнүүнү жолдун жүрүү бөлүгүнүн абалын (тазалыгын, тегиздигин, бүдүрлүүлүгүн, кармашын), ошондой эле анын кеңдигин, түшүүлөрдөгү жана көтөрүлүүлөрдөгү эңкейиштердин чоңдугун, бурулуштарды жана тегеректөөлөрдү, тротуарлардын жана жолдун четинин, жол кыймылын уюштуруучу каражаттардын болушун жана алардын абалын мүнөздөгөн (жыл мезгилин, сутканын мезгилин, атмосфералык кубулуштарды, жолдун жарыктандыруусун эске алуу менен) факторлордун жыйындысы.";
мамлекеттик тилде элүү биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жөө адам" - транспорт каражатында болбогон жолдо же жөө адам өткөөлүндө же веложөө жүрүү жолунда болгон жана анда иш жүргүзбөгөн адам. Майыптардын коляскасында бараткан, велосипедди, мопедди, мотоциклди жетелеген, чананы, арабаны, балдардын же майыптардын коляскасын сүйрөгөн адамдар жөө адамдарга теңештирилет.";
расмий тилде элүү экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Пешеход" - лицо, находящееся вне транспортного средства на дороге либо на пешеходной или велопешеходной дорожке и не производящее на них работу. К пешеходам приравниваются лица, передвигающиеся в инвалидных колясках, ведущие велосипед, мопед, мотоцикл, везущие санки, тележку, детскую или инвалидную коляску.";
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Велосипед жолу" - велосипедчендердин кыймылына арналган жана 4.4.1 белгиси менен белгиленген, жүрүүчү бөлүктөн жана тротуардан конструкциялык жактан бөлүнгөн жолдун элементи (же өзүнчө жол).
"Велосипед зонасы" - башталышы жана аягы тиешелүү түрдө 5.33.1 жана 5.34.1 белгилери менен белгиленген, велосипедчендердин кыймылына арналган аймак.
"Кайра жабдуу (транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү)" - транспорт каражаты жүгүртүүгө чыгарылгандан кийин аткарылган жана жол кыймылынын коопсуздугуна таасирин тийгизген конкреттүү транспорт каражатынын конструкциясында каралбаган курамдык бөлүктөрдү жана жабдуулардын предметтерин алып салуу же орнотуу.
"Жөө адам жана велосипед жолу (веложөө жүрүүчү жол)" - велосипедчендердин жөө жүргүнчүлөр менен өз-өзүнчө же биргелешкен кыймылына арналган жана 4.5.2-4.5.7 белгилери менен белгиленген жолдун жүрүүчү бөлүгүнөн конструктивдүү бөлүнгөн элементи (же өзүнчө жол).";
- 2.1.1-пунктунун сегизинчи абзацы "контролдоо" деген сөздөн кийин "жана (же) жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 2.3.5-пункт менен толукталсын:
"2.3.5. Калктуу конуштардан тышкары жерлерде сутканын караңгы мезгилинде же көрүү чектелген шартта транспорт каражаты токтоого мажбур болгон же жол-транспорт кырсыгына кабылган учурда жолдун жүрүүчү бөлүгүндө же жол четинде турганда жарыкты чагылдыруучу материалдын тилкелери бар куртка, жилет же жеңил жилет кийип жүрүүгө.";
- 4.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.1. Жөө адамдар тротуар же жөө басуучу жолдор, веложөө жүрүүчү жолдор менен, ал эми булар жок болгон учурда жолдун чети менен басууга тийиш. Көлөмдүү буюмдарды ташып же көтөрүп бараткан жөө адамдар, ошондой эле майыптар коляскасында бараткан адамдар, эгерде алардын тротуар же жолдун чети боюнча кыймылы башка жөө адамдар үчүн тоскоолдук жаратса, анда алар жолдун жүрүүчү бөлүгүн бойлой жүрө алат.
Тротуарлар, жөө басуучу жолдор, веложөө жүрүүчү жолдору же жол чети жок болсо, ошондой эле алар менен жүрүүгө мүмкүн болбосо, анда жөө адамдар велосипед жолдору боюнча же жолдун жүрүүчү бөлүгүн бойлой (ажыратуучу тилкеси бар жолдордо - жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн тышкы чети боюнча) бир катар баса алат. Мындай учурда велосипед жолдору менен баратканда, ошондой эле мындай жолдорду кесип өткөндө жөө адамдар велосипедчендерге жол берүүгө тийиш.
Жолдун жүрүүчү бөлүгүн бойлой баратканда жөө адамдар транспорт каражаттарынын кыймылына утурлап басууга тийиш. Майыптар коляскасында бараткандар, мотоцикл, мопед айдап, велосипед тээп бараткандар, мындай учурда транспорт каражаттарынын кыймылынын жүрүшү боюнча жылууга тийиш.
Сутканын караңгы мезгилинде же көрүү чектелген шарттарда жөө адамдарга жолду кесип өтүүдө жана жолдун чети же жолдун жүрүүчү бөлүгүн бойлой басууда сунуш кылынат, ал эми калктуу конуштардан тышкары жерлерде жөө адамдар жарыкты чагылдыруучу элементтери бар предметтерди алып жүрүүгө жана транспорт каражаттарынын айдоочуларынын бул предметтерди көрүүсүн камсыз кылууга милдеттүү.";
- жогоруда аталган Эрежелердин 1, 2-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 28-ноябрындагы № 94 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын эрежелерине 1-тиркеме |
ЖОЛ БЕЛГИЛЕРИ
1. Эскертүүчү белгилер
Эскертүүчү белгилерди айдоочуларга коркунучтун мүнөзү жана жолдун кооптуу бөлүгүнө жакындагандыгы, аны менен жүрүү тийиштүү жагдайда чараларды көрүү керектиги жөнүндө маалымдоо үчүн колдонушат.
1.1 "Шлагбаум коюлган темир жол өткөөлү" жана 1.2 "Шлагбаум коюлбаган темир жол өткөөлү" белгилерин шлагбаумдар менен тиешелүү түрдө жабдылган же жабдылбаган бардык темир жол өткөөлдөрүнүн алдында орнотушат.
1.3.1 "Бир нуктуу темир жол" жана 1.3.2 "Көп нуктуу темир жол" белгилерин тиешелүүлүгүнө жараша бир же эки жана андан ашык нуктуу темир жолу аркылуу шлагбаум коюлбаган бардык темир жол өткөөлдөрүнүн алдында орнотушат.
1.4.1-1.4.6 "Темир жол өткөөлүнө жакындоо" белгилери. Калктуу конуштардан тышкары жайгашкан темир жол өткөөлүнө жакындап калуу жөнүндө кошумча эскертүү.
1.5 "Трамвай линиясы менен кесилишүү" белгиси.
1.6 "Теңдеш жолдор менен кесилишүү" белгиси.
1.7 "Айлампа кыймыл менен кесилишүү" белгиси.
1.8 "Сфетофор менен жөнгө салуу" белгиси. Светофор менен жөнгө салынуучу кесилиш, жөө адам өткөөлү же жол бөлүгү.
1.9 "Экиге ажыратылуучу көпүрө" белгиси. Экиге ажыратылуучу көпүрө же паром өткөөлү.
1.10 "Жээкке чыгуучу жол" белгиси. Жээк көчөсүнө же жээкке чыгуу.
1.11.1 жана 1.11.2 "Кооптуу бурулуш" белгилери. Чакан радиустагы же көрүнүүсү чектелген жолдун бурулушу: 1.11.1 - оңго, 1.11.2 - солго.
1.12.1 жана 1.12.2 "Кооптуу бурулуштар" белгилери. Кооптуу бурулуштары бар жол участогу: 1.12.1 - оңго биринчи бурулушу менен, 1.12.2 - солго биринчи бурулушу менен.
1.13 "Тик ылдый түшүү" белгиси.
1.14 "Тик өйдө чыгуу" белгиси.
1.15 "Тайгалак жол" белгиси. Жүрүүчү бөлүгү өтө тайгалак жол участогу.
1.16 "Тегиз эмес жол" белгиси. Жүрүүчү бөлүгүндө текши эместиктери бар (толкундар, чуңкурлар, көпүрө менен жай кошулбай турган жана ушуларга окшош) жол участогу.
1.17 "Жасалма тегиз эмес жол" белгиси. Ылдамдыкты мажбурлап төмөндөтүү үчүн жасалма тегиз эмес жол участогу.
1.18 "Шагылдын ыргышы" белгиси. Шагыл, таштар жана ушуга окшош нерселер транспорт каражатынын дөңгөлөгүнүн астынан ыргуусу мүмкүн болгон жол участогу.
1.19 "Жолдун кооптуу чети" белгиси. Жолдун четине чыгуу кооптуу болгон жол участогу.
1.20.1-1.20.3 "Жолдордун тарышы" белгилери. Жолдун эки жагынан тарышы - 1.20.1, оң жагынан - 1.20.2, сол жагынан - 1.20.3.
1.21 "Эки тараптуу кыймыл" белгиси. Каршы кыймылы бар жол (жүрүү бөлүгү) участогунун башталышы.
1.22 "Жөө жүргүнчү өткөөлү" белгиси. 5.19.1, 5.19.2 жол белгилери жана (же) 1.14.1 жана 1.14.2 жол чийиндери менен белгиленген жөө жүргүнчү өткөөлү.
1.23 "Балдар" белгиси. Балдар мекемелерине (мектептер, ден соолук чыңдоо лагерлери жана башка ушундай) жакын, анын жүрүүчү бөлүгүндө балдар чыга калышы мүмкүн болгон жол участогу.
1.24 "Велосипед жолу менен кесилишүү" белгиси.
1.25 "Жол иштери" белгиси.
1.26 "Мал айдоо" белгиси.
1.27 "Жапайы жаныбарлар" белгиси.
1.28 "Таштын кулашы" белгиси. Кулоолор, көчкүлөр, таш уроолор мүмкүн болгон жол участогу.
1.29 "Капталдан соккон шамал" белгиси.
1.30 "Жапыз учкан самолет" белгиси.
1.31 "Тоннель" белгиси. Жасалма жарык берүүсү жок болгон тоннель же кирүү порталынын көрүнүп туруусу чектелген тоннель.
1.32 "Тыгын" белгиси. Тыгын пайда болгон жол участогу.
1.33 "Башка коркунучтар" белгиси. Башка эскертүүчү белгилер менен каралбаган коркунучтар бар жол участогу.
1.34.1 жана 1.34.2 "Бурулуштун багыты" белгилери. Көрүнүүсү чектелген чакан радиустагы жолдун бурулушундагы кыймылдын багыты. Жолдун оңдолуучу участогун айланып өтүүнүн багыты.
1.34.3 "Бурулуштун багыты" белгиси. Т-сымал кесилиштеги же жолдордун айрылышындагы кыймылдын багыты. Жолдун оңдолуп жаткан участогун айланып өтүүнүн багыты.
1.35 "Кесилиш участогу" белгиси. 1.26 жол чийини менен белгиленген участогу бар кесилишке жана эгерде жолдо алды жакта, айдоочуну кесилиш багыттагы транспорт каражаттарынын кыймылы үчүн тоскоолдук жарата турган токтоого аргасыз кылуучу тыгын пайда болсо, ушул Эрежелер менен белгиленген учурларда оңго же солго бурулуудан башка учурларда ага чыгууга тыюу салынган кесилишке жакындоону белгилөө.
Эскертүүчү 1.1, 1.2, 1.5-1.33 белгилери калктуу конуштардан тышкары 150-300 м аралыкта, ал эми калктуу конуштарда - кооптуу участок башталганга чейинки 50-100 м аралыкта орнотулат. Зарыл болгон учурда белгилер башка аралыкта орнотулушу мүмкүн, бул учурда алар 8.1.1 табличкасында көрсөтүлөт.
1.13 жана 1.14 белгилери 8.1.1 табличкасы жок төмөн түшүү же көтөрүлүү башталаардын алдында түздөн-түз орнотулушу мүмкүн, эгерде төмөн түшүүлөр жана көтөрүлүүлөр биринин артынан бири жайгашкан болсо.
1.25 белгиси жүрүүчү бөлүктө кыска мөөнөттүү иштерди жүргүзүү учурунда 8.1.1 табличкасы жок иштерди жүргүзүү жерине 10-15 м чейинки аралыгында орнотулушу мүмкүн.
1.32 белгиси тыгын пайда болгон жол участогун айланып өтүү мүмкүн болгон убактылуу катары же кесилиштин алдында өзгөрүлмөлүү сүрөтү бар белгилерде колдонулат.
1.35 белгиси кесилиштин чегинде орнотулат. Эгерде татаал кесилиштерде жол белгисин кесилиштин чегинде орнотуу мүмкүн болбосо, ал кесилиштин чегине чейинки 30 метрден алыс эмес аралыкка орнотулат.
Калктуу конуштардан тышкары жерлерде 1.1, 1.2, 1.9, 1.10, 1.23 жана 1.25 белгилери кайталанат. Экинчи белги кооптуу участок башталганга чейинки 50 м ден кем эмес аралыкка орнотулат. 1.23 жана 1.25 белгилери кайталанат жана калктуу конуштарда кооптуу участок түздөн-түз башталганда орнотулат.
2. Артыкчылык белгилери
Артыкчылык белгилери кесилиштерден өтүүнүн кезегин, жүрүүчү бөлүктү кесип өтүүнү же жолдун тар участокторунан өтүү кезегин белгилешет.
2.1 "Башкы жол" белгиси. Жөнгө салынбай турган кесилиштерден артыкчылыктуу укук менен өтүүчү жол.
2.2 "Башкы жолдун бүтүшү" белгиси.
2.3.1 "Экинчи даражадагы жол менен кесилишүү" белгиси.
2.3.2-2.3.7 "Экинчи даражадагы жолго кошулуу" белгилери. Оң жактан кошулуу - 2.3.2, 2.3.4, 2.3.6, сол жактан - 2.3.3, 2.3.5, 2.3.7.
2.4 "Жол бер" белгиси. Айдоочу кесилиш жолдо транспорт каражаттарына жолду бошотууга тийиш, ал эми 8.13 табличкасы бар учурда - башкы жол боюнча кыймылдаган транспорт каражаттарына жолду бошотууга тийиш.
2.5 "Токтобой өтүүгө тыюу салынат" белгиси. Стоп-сызыктын алдында токтобостон кыймылдоого тыюу салынат, эгерде ал жок болсо - жүрүүчү бөлүктүн кесип өтүүчү четинин алдында. Айдоочу жолду кесип өтүүчү, ал эми 8.13 табличкасы бар учурда - башкы жол боюнча кыймылдаган транспорт каражаттарына жол берүүгө тийиш болот.
2.5 белгиси темир жол өткөөлүнүн же карантин постунун алдында орнотулушу мүмкүн. Бул учурларда айдоочу стоп-сызыктын алдына, ал эми ал жок учурда - белгинин алдына токтоого тийиш.
2.6 "Каршы кыймылдын артыкчылыгы бар" белгиси. Эгерде бул алдыдагы кыймылды татаалдаштырышы мүмкүн болсо, жолдун тар участогуна кирүүгө тыюу салынат. Айдоочу тар участокто турган же ага карата карама-каршы кире бериштеги бет маңдайындагы транспорт каражаттарына жолду бошотуп берүүгө тийиш.
2.7 "Каршы кыймылдын алдында артыкчылыгы бар" белгиси. Кыймылдоо учурунда айдоочу бет маңдайындагы транспорт каражаттарына карата артыкчылыктан колдонуучу жолдун тар участогу.
3. Тыюу салуучу белгилер
Тыюу салуучу белгилер кыймылдын белгилүү чектөөлөрүн киргизишет же алып салышат.
3.1 "Кирүүгө тыюу салынат" белгиси. Бул багытта бардык транспорт каражаттарынын кирүүсүнө тыюу салынат.
3.2 "Кыймылга тыюу салынат" белгиси. Бардык транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат.
3.3 "Механикалык транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө тыюу салынат" белгиси.
3.4 "Жүк ташуучу автомобилдердин жүрүүсүнө тыюу салынат" белгиси. Жүк ташуучу автомобилдердин жана уруксат берилген максималдуу салмагы 3,5 тоннадан жогору болгон транспорт каражаттарынын курамдарынын (эгерде белгиде салмагы көрсөтүлбөгөн болсо) же уруксат берилген максималдуу салмагы белгиде көрсөтүлгөндөн жогору болгон транспорт каражаттарынын, ошондой эле тракторлордун жана өзү жүрүүчү машиналардын кыймылдарына тыюу салынат.
3.4 белгиси адамдарды ташууга арналган жүк ташуучу автомобилдердин кыймылына, ошондой эле белгиленген зонада турган уруксат берилген максималдуу салмагы 26 тоннадан жогору эмес чиркегичсиз жүк ташуучу автомобилдердин кыймылына тыюу салбайт. Бул учурларда транспорт каражаттары белгиленген зонага кирүүгө жана андан чыгууга көздөлгөн жерден жакынкы кесилиште чыгууга тийиш.
3.5 "Мотоциклдин жүрүүсүнө тыюу салынат" белгиси.
3.6 "Трактордун жүрүүсүнө тыюу салынат" белгиси. Тракторлордун жана өзү жүрүүчү машиналардын кыймылына тыюу салынат.
3.7 "Чиркегич менен жүрүүгө тыюу салынат" белгиси. Каалагандай типтеги чиркегичи бар жүк ташуучу автомобилдердин жана тракторлордун кыймылына, ошондой эле механикалык транспорт каражаттарын буксировкалоого тыюу салынат.
3.8 "Арабалардын жүрүшүнө тыюу салынат" белгиси. Көлүк арабаларынын (чаналардын), жүктөлгөн жана мине турган жаныбарлардын кыймылына, ошондой эле мал-жандыктарды айдап өтүүгө тыюу салынат.
3.9 "Велосипеддин жүрүшүнө тыюу салынат" белгиси. Велосипеддердин жана мопеддердин кыймылына тыюу салынат.
3.10 "Жөө басууга тыюу салынат" белгиси.
3.11 "Массага чек коюу" белгиси. Иш жүзүндөгү жалпы салмагы белгиде көрсөтүлгөндөн жогору транспорт каражаттарынын, анын ичинде транспорт каражаттарынын курамдарынын кыймылына тыюу салынат.
3.12 "Транспорт каражатынын огуна туура келген массага чек коюу" белгиси. Кайсы бир огуна туура келген иш жүзүндөгү салмагы белгиде көрсөтүлгөндөн жогору болгон транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат.
3.13 "Бийиктикке чек коюу" белгиси. Габариттик бийиктиги (жүгү менен же жүксүз) белгиде көрсөтүлгөндөн жогору болгон транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат.
3.14 "Жазылыгына чек коюу" белгиси. Габариттик туурасы (жүгү менен же жүксүз) белгиде көрсөтүлгөндөн ашык болгон транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат.
3.15 "Узундугуна чек коюу" белгиси. Габариттик узундугу (жүгү менен же жүксүз) белгиде көрсөтүлгөндөн ашык болгон транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат.
3.16 "Минималдуу аралыкка чек коюу" белгиси. Транспорт каражаттарынын ортосундагы аралыкты белгиде көрсөтүлгөндөн төмөн кармап кыймылдоого тыюу салынат.
3.17.1 "Бажы" белгиси. Бажынын (контролдук пункттун) алдында токтоосуз өтүүгө тыюу салынат.
3.17.2 "Коркунуч" белгиси. Жол-транспорт кырсыгына, аварияга, өрткө же башка коркунучка байланыштуу бардык транспорт каражаттарынын андан ары кыймылдоосуна тыюу салынат.
3.17.3 "Контроль" белгиси. Контролдоо пункттары аркылуу токтоосуз өтүүгө тыюу салынат.
3.18.1 "Оңго бурулууга тыюу салынат" белгиси.
3.18.2 "Солго бурулууга тыюу салынат" белгиси.
3.19 "Артка бурулууга тыюу салынат" белгиси.
3.20 "Озуп өтүүгө тыюу салынат" белгиси. Жай жүрүүчү транспорт каражаттарынан, көлүк арабаларынан, велосипеддерден, мопеддерден жана капталдагы чиркегичсиз эки дөңгөлөктүү мотоциклдерден тышкары бардык транспорт каражаттарынан озуп өтүүгө тыюу салынат.
3.21 "Озуп өтүүгө тыюу салуунун бүтүшү" белгиси.
3.22 "Жүк ташуучу автомобилдерге озуп өтүүгө тыюу салынат" белгиси. Уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 т жогору болгон жүк ташуучу автомобилдерге бардык транспорт каражаттарынан озуп өтүүгө тыюу салынат.
3.23 "Жүк ташуучу автомобилдерге озуп өтүүгө тыюу салуунун бүтүшү" белгиси.
3.24 "Максималдуу ылдамдыкты чектөө" белгиси. Белгиде көрсөтүлгөн ылдамдыктан жогорку ылдамдык (км/саат) менен кыймылга тыюу салынат.
3.25 "Максималдуу ылдамдыкты чектөөнүн бүтүшү" белгиси.
3.26 "Үн сигналын берүүгө тыюу салынат" белгиси. Сигнал жол-транспорт кырсыгынын алдын алуу үчүн берилген учурларды кошпогондо, үн сигналдарын колдонууга тыюу салынат.
3.27 "Токтоого тыюу салынат" белгиси. Транспорт каражаттарынын токтоосуна жана токтоп туруусуна тыюу салынат.
3.28 "Токтоп турууга тыюу салынат" белгиси. Транспорт каражаттарынын токтоп туруусуна тыюу салынат.
3.29 "Айдын так сандагы күндөрүндө токтоп турууга тыюу салынат" белгиси.
3.30 "Айдын жуп сандагы күндөрүндө токтоп турууга тыюу салынат" белгиси.
Өтүүчү бөлүктүн карама-каршы тараптарында 3.29 жана 3.30 белгилерин бир убакта колдонууда өтүүчү бөлүктүн эки тарабында тең саат 19дан тартып саат 21ге чейин (алмашуу убактысы) токтоп турууга уруксат берилет.
3.31 "Бардык чектөөлөрдүн бүтүшү" белгиси. Төмөнкүлөрдүн ичинен бир убакта бир нече белгиси колдонулган зонанын бүтүшүн белгилөө: 3.16, 3.20, 3.22, 3.24, 3.26-3.30.
3.32 "Кооптуу жүктөрү бар транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат" белгиси. "Кооптуу жүк" таанытуу белгилери (маалымат табличкалары) менен жабдылган транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат.
3.33 "Жарылуучу жана тез күйүүчү жүктөрү бар транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат" белгиси. Жарылуучу заттарды жана буюмдарды, ошондой эле тез күйүүчү катары маркаланууга тийиш болгон башка кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттарынын кыймылына көрсөтүлгөн кооптуу заттарды жана буюмдарды ташуунун атайын эрежелери менен белгиленген тартипте аныкталган чектелген санда ташуу учурларын кошпогондо тыюу салынат.
3.34 "Автобустардын кыймылына тыюу салынат" белгиси. Жүргүнчүлөрдү шаардык, шаар четиндеги, шаарлар аралык жана эл аралык маршруттар боюнча үзгүлтүксүз ташууну жүзөгө ашырган автобустардан башка автобустардын кыймылына тыюу салынат.
3.2-3.9, 3.32-3.34 белгилери эки багыттагы транспорт каражаттарынын тиешелүү түрлөрүнүн кыймылына тыюу салат.
Белгилер төмөнкүлөргө колдонулбайт:
3.1-3.3, 3.18.1, 3.18.2, 3.19 - маршруттук транспорт каражаттарына;
3.2, 3.3, 3.5-3.8 - белгиленген зонада жайгашкан ишкананы тейлеген, ошондой эле белгиленген зонада жашаган же иштеген жарандарды тейлеген же жарандарга таандык болгон транспорт каражаттарына. Бул учурларда транспорт каражаттары белгиленген зонага кирүүгө жана андан дайындалган жерге жакын кесилишке чыгууга тийиш;
3.28-3.30 - майыптар тарабынан башкарылуучу, майыптарды, анын ичинде майып-балдарды ташуучу транспорт каражаттарына, эгерде көрсөтүлгөн транспорт каражаттарында "Майып" таанытуучу белгиси орнотулган болсо.
3.18.1, 3.18.2 белгилери анын алдында белги орнотулган жүрүүчү бөлүктөрдүн кесилишине карата колдонулат.
3.16, 3.20, 3.22, 3.24, 3.26-3.30 белгилери колдонулган зона белги орнотулган жерден андан кийинки жакынкы кесилишке чейин, ал эми калктуу конуштарда кесилиш жок болгон учурда - калктуу конуш бүткөнгө чейин жайылтылат. Белгилердин аракети жолдорго жакын аймактардан чыккан жерлерде жана талаа, токой жана алардын алдында тиешелүү белгилер орнотулбаган башка экинчи даражадагы жолдор менен кесилишкен (кошулуу) жерлерде үзүлбөйт.
5.23.1 же 5.23.2 белгиси менен белгиленген калктуу конуштун алдында орнотулган 3.24 белгисинин аракети ушул белгиге чейин жайылтылат.
Белгилер колдонулган зона төмөнкүлөр үчүн азайтылышы мүмкүн:
3.16 жана 3.26 белгилери үчүн 8.2.1 табличкасын колдонуу менен;
3.20, 3.22, 3.24 белгилери үчүн алар колдонулган зонанын аягында тиешелүү түрдө 3.21, 3.23, 3.25 белгилерин орнотуу же 8.2.1 табличкасын колдонуу менен. 3.24 белгиси колдонулган зона 3.24 белгисин кыймылдын максималдуу ылдамдыгынын башка мааниси менен орнотуу менен азайтылышы мүмкүн;
3.27-3.30 белгилери үчүн аларды колдонуу зонасынын аягында кайталануучу 3.27-3.30 белгилерин 8.2.3 табличкасы менен орнотуу же 8.2.2 табличкасын колдонуу менен. 3.27 белгиси 1.4 чийини менен, ал эми 3.28 белгиси - 1.10 чийини менен чогуу колдонулушу мүмкүн, ошол эле учурда белгилер колдонулган зона чийин сызыгынын узактыгы менен аныкталат.
3.10, 3.27-3.30 белгилери жолдун алар орнотулган тарабына гана колдонулат.
4. Буйруу белгилери
Буйруу белгилери кыймылдын зарыл болгон багыттарын, шарттарын жана режимдерин белгилөө үчүн колдонулат.
4.1.1 "Түз кетүү", 4.1.2 "Оңго кетүү", 4.1.3 "Солго кетүү", 4.1.4 "Түз же оңго кетүү", 4.1.5 "Түз же солго кетүү", 4.1.6 "Оңго же солго кетүү" белгилери. Белгилерде жебелер менен көрсөтүлгөн багыттарда гана кыймылга уруксат берилет. Солго бурулууга уруксат берүүчү белгилер артка бурулууга да уруксат берет.
Конкреттүү кесилиште кыймылдын белгиленген багыттарына ылайык келген жебелердин өзгөргөн конфигурациясы менен белгилер колдонулушу мүмкүн.
4.1.1-4.1.6 белгилери маршруттук транспорт каражаттарына карата колдонулбайт.
4.1.1-4.1.6 белгилери анын алдында белги орнотулган жүрүүчү бөлүктөрдүн кесилишине колдонулат.
Жолдун участогунун башталышында орнотулган 4.1.1 белгиси жакынкы кесилишке чейин колдонулат. Белги оңго короолорго жана жолго жакын жайгашкан башка аймактарга бурулууга тыюу салбайт.
4.1.1 "Түз кетүү" белгиси.
4.1.2 "Оңго кетүү" белгиси.
4.1.3 "Солго кетүү" белгиси.
4.1.4 "Түз же оңго кетүү" белгиси.
4.1.5 "Түз же солго кетүү" белгиси.
4.1.6 "Оңго же солго кетүү" белгиси.
4.2.1 "Тоскоолдукту оң жагынан айланып өтүү", 4.2.2 "Тоскоолдукту сол жагынан айланып өтүү" белгилери. Айланып өтүүгө жебе менен көрсөтүлгөн тараптан гана уруксат берилет.
4.2.3 "Тоскоолдукту оң же сол жагынан айланып өтүү" белгиси. Кайсы тараптан болбосун айланып өтүүгө уруксат берилет.
4.3 "Айланма кыймыл" белгиси. Жебелер менен көрсөтүлгөн багытта кыймылга уруксат берилет.
4.4.1 "Велосипед жолу" белгиси.
4.4.2 "Велосипед жолунун бүтүшү" белгиси.
4.5.1 "Жөө адамдар өтүүчү жол" белгиси. Жөө адамдарга гана өтүүгө уруксат берилет.
4.5.2 "Айкалышкан кыймыл менен жөө адамдар өтүүчү жана велосипед жолу (айкалышкан кыймыл менен веложөө адамдар өтүүчү жол)" белгиси.
4.5.3 "Айкалышкан кыймыл менен жөө адамдар өтүүчү жана велосипед жолунун бүтүшү (айкалышкан кыймыл менен веложөө адамдар өтүүчү жолдун бүтүшү)" белгиси.
4.5.4, 4.5.5 "Кыймылды бөлүү менен жөө адамдар өтүүчү жана велосипед жолу" белгилери. Жолду жөө адамдар өтүүчү жана велосипед өтүүчү тарапка бөлүү менен конструктивдүү бөлүнгөн жана (же) 1.2.1, 1.23.2 жана 1.23.3 горизонталдуу чийини же башка ыкма менен белгиленген веложөө адамдар өтүүчү жол.
4.5.6, 4.5.7 "Кыймылды бөлүү менен жөө адамдар өтүүчү жана велосипед жолунун бүтүшү (Кыймылды бөлүү менен веложөө адамдар өтүүчү жолдун бүтүшү)" белгилери.
4.6 "Минималдуу ылдамдыкты чектөө" белгиси. Көрсөтүлгөн же андан жогору ылдамдык менен (км/саат) гана кыймылга уруксат берилет.
4.7 "Минималдуу ылдамдыкты чектөөнүн бүтүшү" белгиси.
4.8.1-4.8.3 "Кооптуу жүктөрү бар транспорт каражаттарынын кыймылынын багыты" белгилери. "Кооптуу жүк" таанытуучу белгилери (маалыматтык таблицалары) менен жабдылган транспорт каражаттарынын кыймылына белгиде көрсөтүлгөн багытта гана уруксат берилет: 4.8.1 - оңго, 4.8.2 - түз, 4.8.3 - солго.
5. Өзгөчө буйруу белгилери
Өзгөчө буйруу белгилери кыймылдын белгилүү режимдерин киргизет же алып салат.
5.1 "Автомагистраль" белгиси. Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелеринин автомагистралдар боюнча кыймылдын тартибин белгилөөчү талаптары колдонулуучу жол.
5.2 "Автомагистралдын бүтүшү" белгиси.
5.3 "Автомобилдер үчүн жол" белгиси. Автомобилдердин, автобустардын жана мотоциклдердин гана кыймылы үчүн багытталган жол.
5.4 "Автомобилдер үчүн жолдун бүтүшү" белгиси.
5.5 "Бир тараптуу кыймылдагы жол" белгиси. Бүткүл туурасы боюнча механикалык транспорт каражаттарынын кыймылы бир багытта жүзөгө ашырыла турган жол же өтүүчү бөлүк.
5.6 "Бир тараптуу кыймылдагы жолдун бүтүшү" белгиси.
5.7.1 жана 5.7.2 "Бир тараптуу кыймылдагы жолго чыгуу" белгилери. Бир тараптуу кыймылдагы жолго же өтүүчү бөлүккө чыгуу.
5.8 "Реверсивдүү кыймыл" белгиси. Бир же бир нече тилкеде кыймылдын багыты карама-каршыга өзгөрүшү мүмкүн болгон жол участогунун башталышы.
5.9 "Реверсивдүү кыймылдын бүтүшү" белгиси.
5.10 "Реверсивдүү кыймылдагы жолго чыгуу" белгиси.
5.11.1 "Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкеси бар жол" белгиси. Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилке боюнча кыймылга уруксат берилген транспорт каражаттары атайын бөлүнгөн тилке боюнча транспорт каражаттарынын жалпы агымына каршы жүргөн жол.
5.11.2 "Велосипедчендер үчүн тилкеси бар жол" белгиси. Велосипедчендердин жана мопед айдоочуларынын кыймылы атайын бөлүнгөн тилке боюнча транспорт каражаттарынын жалпы агымына каршы жүзөгө ашырылуучу жол.
5.12.1 "Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкеси бар жолдун бүтүшү" белгиси.
5.12.2 "Велосипедчендер үчүн тилкеси бар жолдун бүтүшү" белгиси.
5.13.1, 5.13.2 "Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкеси бар жолго чыгуу" белгилери.
5.13.3, 5.13.4 "Велосипедчендер үчүн тилкеси бар жолго чыгуу" белгиси.
5.14 "Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилке" белгиси. Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилке боюнча кыймылга уруксат берилген транспорт каражаттары транспорт каражаттарынын жалпы агымы менен кошо жүргөн атайын бөлүнгөн тилке.
5.14.1 "Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкенин бүтүшү" белгиси.
5.14.2 "Велосипедчендер үчүн тилке" белгиси.
5.14.3 "Велосипедчендер үчүн тилкенин бүтүшү" белгиси.
5.14-5.14.3 белгилери үстүндө белгилер жайгашкан тилкеге колдонулат. Жолдун оң тарабында орнотулган белгилер оң тилкеге колдонулат.
5.15.1 "Тилкелер боюнча кыймылдын багыттары" белгиси. Тилкелердин саны жана алардын ар бири боюнча кыймылдын уруксат берилген багыттары.
5.15.2 "Тилке боюнча кыймылдын багыттары" белгиси. Тилке боюнча кыймылдын уруксат берилген багыттары.
Кыймылдын четки сол тилкесинен солго бурулууга уруксат берген 5.15.1 жана 5.15.2 белгилери ушул эле тилкеден артка бурулууга да уруксат берет. Жебелердин конфигурациясы конкреттүү кесилиштин конфигурациясына ылайык өзгөрүшү мүмкүн.
5.15.1 жана 5.15.2 белгилери маршруттук транспорт каражаттарына колдонулбайт.
Кесилиштин алдында орнотулган 5.15.1 жана 5.15.2 белгилери эгерде анда орнотулган башка 5.15.1 жана 5.15.2 белгилери башкача көрсөтмөлөрдү бербей турган болсо, бүткүл кесилишке колдонулат.
5.15.3 "Тилкенин башталышы" белгиси. Өрүүдөгү кошумча тилкенин же токтотуу тилкесинин башталышы.
Эгерде кошумча тилкенин алдында орнотулган белгиде, 4.6 "Минималдуу ылдамдыкты чектөө" белгиси (белгилери) тартылса, анда көрсөтүлгөн же андан жогорку ылдамдык менен негизги тилке боюнча кыймылын уланта албай турган транспорт каражатынын айдоочусу анын оң жагында жайгашкан тилкеге которулушу керек.
5.15.4 "Тилкенин башталышы" белгиси. Ушул багыттагы кыймыл үчүн арналган үч тилкелүү жолдун ортонку тилкесинин участогунун башталышы. Эгерде 5.15.4 белгисинде кайсы бир транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салуучу белги тартылса, анда ушул транспорт каражаттарынын тиешелүү тилке боюнча кыймылына тыюу салынат.
5.15.5 "Тилкенин бүтүшү" белгиси. Өрүүдөгү кошумча тилкенин же ылдамдоо тилкесинин бүтүшү.
5.15.6 "Тилкенин бүтүшү" белгиси. Бул багыттагы кыймыл үчүн арналган үч тилкелүү жолдогу ортонку тилкенин участогунун бүтүшү.
5.15.7 "Тилкелер боюнча кыймылдын багыты" белгиси. Эгерде 5.15.7 белгисинде кайсы бир транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салуучу белги тартылса, анда ушул транспорт каражаттарынын тиешелүү тилке боюнча кыймылына тыюу салынат.
5.15.7 белгилери жебелердин тийиштүү саны менен төрт же андан ашык тилкелүү жолдордо колдонулушу мүмкүн.
Алмаштырылуучу сүрөтү бар 5.15.7 белгилеринин жардамы реверсивдүү кыймыл уюштурулушу мүмкүн.
5.15.8 "Тилкелердин саны" белгиси. Кыймылдын тилкелеринин санын жана тилкелер боюнча кыймылдын режимдерин көрсөтөт. Айдоочу жебелерге тартылган белгилердин талаптарын аткарууга милдеттүү.
5.16 "Автобус жана (же) троллейбус токтоочу жер" белгиси.
5.17 "Трамвай токтоочу жер" белгиси.
5.18 "Жеңил таксилер токтоочу жер" белгиси.
5.19.1 жана 5.19.2 "Жөө адам өтүүчү өтмөк" белгилери. Өтмөктө 1.14.1 же 1.14.2 чийини жок болсо, 5.19.1 белгиси жолдун оң тарабында өтмөктүн жакынкы чегинде жакындап келе жаткан транспорт каражаттарына карата, ал эми 5.19.2 белгиси - жолдун сол тарабында өтмөктүн алыскы чегинде орнотулат.
5.19.3д жана 5.19.4д "Жөө адамдар өтүүчү диагоналдуу өтмөк" белгилери. Жөө адамдардын диагонал боюнча өтүүсүнө уруксат берилген кесилиштерди белгилөө үчүн колдонулат.
5.20 "Жасалма тегиз эместик" белгиси. Жасалма тегиз эместиктин чектерин белгилейт. Белги жакындап келе жаткан транспорт каражаттарына карата жасалма тегиз эместиктин жакынкы чегине орнотулат.
5.21 "Турак жай зонасы" белгиси. Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелеринин турак жай зонасындагы кыймылдын тартибин белгилөөчү талаптары колдонулган аймак.
5.22 "Турак жай зонасынын бүтүшү" белгиси.
5.23.1 жана 5.23.2 "Калктуу конуштун башталышы" белгилери. Калктуу конуштардагы кыймылдын тартибин белгилөөчү Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелеринин талаптары колдонулган калктуу конуштун башталышы.
5.24.1 жана 5.24.2 "Калктуу конуштун бүтүшү" белгилери. Бул жолдо ошол жерден тартып калктуу конуштардагы кыймылдын тартибин белгилөөчү Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелеринин талаптары күчүн жоготкон жер.
5.25 "Калктуу конуштун башталышы" белгиси. Бул жолдо калктуу конуштардагы кыймылдын тартибин белгилөөчү Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелеринин талаптары колдонулбаган калктуу конуштун башталышы.
5.26 "Калктуу конуштун бүтүшү" белгиси. 5.25 белгиси менен белгиленген калктуу конуштун бүтүшү.
5.27 "Токтоп туруу чектелген зона" белгиси. Токтоп турууга тыюу салынган аймак (жол участогу) башталган жер.
5.28 "Токтоп турууну чектөө зонасынын аякташы" белгиси.
5.29 "Жөнгө салынуучу токтоп туруу зонасы" белгиси. Токтоп турууга уруксат берилген жана табличкалардын жана чийиндин жардамы менен жөнгө салынган аймак (жол участогу) башталган жер.
5.30 "Жөнгө салынуучу токтоп туруу зонасынын аякташы" белгиси.
5.31 "Максималдуу ылдамдыкты чектөө зонасы" белгиси. Кыймылдын максималдуу ылдамдыгы чектелген аймак (жол участогу) башталган жер.
5.32 "Максималдуу ылдамдыкты чектөө зонасынын аякташы" белгиси.
5.33 "Жөө жүрүү зонасы" белгиси. Жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылына уруксат берилген аймак (жол участогу) башталган жер.
5.33.1 "Велосипедде жүрүү зонасы" белгиси. Велосипедде жүрүү зонасы башталган жер.
5.34 "Жөө жүрүү зонасынын аякташы" белгиси.
5.34.1 "Велосипедде жүрүү зонасынын аякташы" белгиси.
5.35 "Механикалык транспорт каражаттарынын экологиялык классын чектөө зонасы" белгиси. Төмөнкүдөй механикалык транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынган аймак (жол участогу) башталган жер:
- бул транспорт каражаттарынын каттоо документтеринде көрсөтүлгөн экологиялык классы белгиде көрсөтүлгөн экологиялык класстан төмөн болсо;
- бул транспорт каражаттарынын каттоо документтеринде экологиялык классы көрсөтүлбөсө.
5.36 "Жүк ташуучу автомобилдердин экологиялык классын чектөө зонасы" белгиси. Төмөнкүдөй жүк ташуучу автомобилдердин, тракторлордун жана өзү жүрүүчү машиналардын кыймылына тыюу салынган аймак (жол участогу) башталган жер:
- бул транспорт каражаттарынын каттоо документтеринде көрсөтүлгөн экологиялык классы белгиде көрсөтүлгөн экологиялык класстан төмөн болсо;
- бул транспорт каражаттарынын каттоо документтеринде экологиялык классы көрсөтүлбөсө.
5.35 жана 5.36 белгилеринин колдонулушу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, ички иштер органдарынын, авариялык-куткаруу кызматтарынын, өрткө каршы кызматынын, медициналык тез жардамдын механикалык транспорт каражаттарына жайылтылбайт.
5.37 "Механикалык транспорт каражаттарынын экологиялык классын чектөө зонасынын аякташы" белгиси.
5.38 "Жүк ташуучу автомобилдердин экологиялык классын чектөө зонасынын аякташы" белгиси.
6. Маалымат берүүчү белгилер
Маалымат берүүчү белгилер калктуу конуштардын жана башка объекттердин жайгашуусу жөнүндө, ошондой эле кыймылдын белгиленген же сунушталган режимдери тууралуу маалымат берет.
6.1 "Максималдуу ылдамдыкты жалпы чектөөлөр" белгиси. Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелеринде белгиленген ылдамдыкты жалпы чектөөлөр.
6.2 "Сунушталуучу ылдамдык" белгиси. Жолдун ушул участогунда сунушталган кыймылдын ылдамдыгы. Белгини колдонуу зонасы жакынкы кесилишке чейин жайылтылат, ал эми эскертүүчү белги менен бирге 6.2 белгисин колдонууда кооптуу участоктун узундугу менен аныкталат.
6.3.1 "Кайрылуу үчүн жер" белгиси. Солго бурулууга тыюу салынат.
6.3.2 "Кайрылуу үчүн зона" белгиси. Артка кайрылуу үчүн зонанын узундугу. Солго бурулууга тыюу салынат.
6.4 "Токтоп туруучу жер" белгиси. Белги транспорт каражаттарынын токтоп туруусу үчүн бөлүнгөн атайын аянтты, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү же тротуардагы зонаны билдирет. Кыймыл багытын, атайын аянтка чейинки аралыкты жана анда токтоп туруунун уруксат берилген шарттарын тактоо үчүн 6.4 белгиси менен табличкалар колдонулушу мүмкүн.
6.5 "Авариялык токтоо үчүн тилке" белгиси. Тик түшүүдө авариялык токтоо тилкеси.
6.6 "Жер алдындагы жөө адамдар өтмөгү" белгиси.
6.7 "Жер үстүндөгү жөө адамдар өтмөгү" белгиси.
6.8.1-6.8.3 "Туюк жол" белгилери. Өтмө жолу болбогон жол.
6.9.1 "Багыттарды алдын ала көрсөткүч" жана 6.9.2 "Багытты алдын ала көрсөткүч" белгилери. Белгиде белгиленген калктуу конуштарга жана башка объекттерге кыймылдын багыттары. Белгилерде 6.14.1 белгисинин сүрөтү, автомагистралдын, аэропорттун символдору жана башка пиктограммалар тартылышы мүмкүн. 6.9.1 белгисинде кыймылдын өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат берген башка белгилер тартылышы мүмкүн. 6.9.1 белгисинин төмөнкү бөлүгүндө белгинин орнотулган жеринен тартып кесилишке чейинки жана тормоздоо тилкесинин башталышына чейинки аралык көрсөтүлөт.
6.9.1 белгиси ошондой эле тыюу салуучу 3.11-3.15 белгилеринин бири орнотулган жол участокторун айланып өтүүнү көрсөтүү үчүн колдонулат.
6.9.3 "Кыймылдын схемасы" белгиси. Кесилиште айрым маневрларга тыюу салынган учурдагы кыймылдын маршруту же татаал кесилиште кыймылдын уруксат берилген багыттары.
6.10.1 "Багыттардын көрсөткүчү" жана 6.10.2 "Багыттын көрсөткүчү" белгилери. Маршрут пункттарына кыймылдын багыттары. Белгилерде аларда белгиленген объекттерге чейинки аралык (км) көрсөтүлгөн болушу, автомагистралдын, аэропорттун символдору жана башка пиктограммалар тартылышы мүмкүн.
6.11 "Объекттин аталышы" белгиси. Калктуу конуштан башка объекттин аталышы (дарыя, көл, ашуу, көрүнүктүү жерлер жана ушуга окшош).
6.12 "Аралыктардын көрсөткүчү" белгиси. Маршрутта жайгашкан калктуу конуштарга чейинки аралык (км).
6.13 "Километр белгиси" белгиси. Жолдун башталышына же аягына чейинки аралык (км).
6.14.1 жана 6.14.2 "Маршруттун номери" белгилери. 6.14.1 - жолго (маршрутка) ыйгарылган номер; 6.14.2 - жолдун (маршруттун) номери жана багыты.
6.15.1 - 6.15.3 "Жүк ташуучу автомобилдер үчүн кыймылдын багыты" белгилери. Эгерде кесилиште багыттардын биринде алардын кыймылына тыюу салынган болсо, жүк ташуучу автомобилдер, тракторлор жана өзү жүрүүчү машиналар үчүн кыймылдын сунушталуучу багыты.
6.16 "Стоп-линия" белгиси. Транспорт каражаттары светофордун (жөнгө салуучунун) тыюу салуучу сигналында токтоочу жер.
6.17 "Айланып өтүү схемасы" белгиси. Кыймыл үчүн убактылуу жабык болгон жол участогун айланып өтүү маршруту.
6.18.1 - 6.18.3 "Айланып өтүүнүн багыты" белгилери. Кыймыл үчүн убактылуу жабык болгон жол участогун айланып өтүү багыты.
6.19.1 жана 6.19.2 "Жолдо жүрүүнүн башка бөлүгүнө өтүүнү алдын ала көрсөткүч" белгилери. Бөлүү тилкеси бар жолдун жүрүү бөлүгүнүн кыймыл үчүн жабык участогун айланып өтүүнүн багыты же жолдун оң жактагы жүрүү бөлүгүнө кайтуу үчүн кыймылдын багыты.
6.20.1 жана 6.20.2 "Авариялык чыгуу" белгилери. Тоннелде авариялык чыгуучу жер кайда экендигин көрсөтөт.
6.21.1 жана 6.21.2 "Авариялык чыгууга кыймылдын багыты" белгилери. Авариялык чыгууга багытты жана ага чейинки аралыкты көрсөтөт.
6.22 "Видеоконтроль" белгиси жол белгиси колдонулган зонада же болбосо жолдун ушул участогунда автоматтык режимде иштеген, фото- жана кинотартуу, видеого жазуу функциялары бар атайын техникалык каражаттар же фото- жана кинотартуу, видеого жазуу каражаттары менен укук бузууларды каттоо жүзөгө ашырылып жаткандыгы жөнүндө маалымдайт.
6.22 белгиси калктуу конуштун сыртында - жол кыймылынын эрежелерин бузууларды каттоо үчүн автоматтык режимде иштеген фото- жана кинотартуу, видеого жазуу функциялары бар стационардык же көчмө атайын техникалык каражаттардын контролундагы зонага чейин 150-300 м аралыкта, калктуу конуштарда 5.23.1, 5.23.2 жана 5.25 белгилери менен орнотулат. Зарыл болгон учурда 6.22 белгиси 8.1.1 жана 8.1.3, 8.1.4 табличкалары менен колдонулат.
Калктуу конуштун сыртында орнотулган 6.9.1, 6.9.2, 6.10.1 жана 6.10.2 белгилеринде жашыл же көк фон көрсөтүлгөн калктуу конушка же объектке карата кыймыл тиешелүүлүгүнө жараша автомагистралда же башка жолдо жүзөгө ашырыла тургандыгын билдирет. Калктуу конуштарда орнотулган 6.9.1, 6.9.2, 6.10.1 жана 6.10.2 белгилеринде жашыл же көк түстөгү фон менен коюмдар көрсөтүлгөн калктуу конушка же объектке кыймыл ушул калктуу конуштан чыккандан кийин тиешелүүлүгүнө жараша автомагистраль же башка жол менен жүзөгө ашырыларын билдирет; белгинин ак фону көрсөтүлгөн объект ушул калктуу конушта тургандыгын билдирет.
7. Сервис белгилери
Сервис белгилери тиешелүү объекттердин жайгашкандыгы жөнүндө маалымат берет.
7.1 "Медициналык алгачкы жардам пункту" белгиси.
7.2 "Оорукана" белгиси.
7.3 "Автомай куюучу станция" белгиси.
7.4 "Автомобилдерди техникалык тейлөө" белгиси.
7.5 "Автомобилдерди жуучу жай" белгиси.
7.6 "Телефон" белгиси.
7.7 "Тамактануучу жай" белгиси.
7.8 "Ичүүчү суу" белгиси.
7.9 "Мейманкана же мотель" белгиси.
7.10 "Кемпинг" белгиси.
7.11 "Эс алуучу жай" белгиси.
7.12 "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын посту" белгиси.
7.13 "Милиция" белгиси.
7.14 "Транспорт контролу пункту" белгиси.
7.14.1 "Бажы контролу пункту" белгиси.
7.15 "Жол кыймылы жөнүндө маалымат берүүчү радиостанцияны кабыл алуу зонасы" белгиси. Белгиде көрсөтүлгөн жыштыкта радиостанциянын берүүлөрүн кабыл алуу жүзөгө ашырылуучу жол участогу.
7.16 "Авариялык кызматтар менен радио байланыш зонасы" белгиси. Авариялык кызматтар менен 27 МГц жарандык диапазондо радио байланыш системасы колдонулган жол участогу.
7.17 "Бассейн же пляж" белгиси.
7.18 "Даараткана" белгиси.
7.19 "Шашылыш байланыш телефону" белгиси. Оперативдүү кызматтарды чакыруу үчүн телефон турган жерди көрсөтөт.
7.20 "Өрт өчүргүч" белгиси. Өрт өчүргүч турган жерди көрсөтөт.
7.21 "Электромобилдерди заряддоо мүмкүндүгү бар автомай куюучу станция" белгиси.
8. Кошумча маалымат берүүчү белгилер (табличкалар)
Кошумча маалымат берүүчү белгилер (табличкалар) алар менен бирге колдонулган белгилердин колдонулушун тактайт же чектейт, же болбосо жол кыймылынын катышуучулары үчүн башка маалыматты камтыйт.
8.1.1 "Объектке чейинки аралык" табличкасы. Белгиден кооптуу участок башталганга чейинки, тиешелүү чектөө киргизилген жерге чейинки же кыймылдын жүрүшү боюнча алдыда болгон объектке (жерге) чейинки аралык көрсөтүлөт.
8.1.2 "Объектке чейинки аралык" табличкасы. Эгерде кесилиштин түздөн-түз алдында 2.5 белгиси орнотулса, 2.4 белгисинен тартып кесилишке чейинки аралыкты көрсөтөт.
8.1.3 жана 8.1.4 "Объектке чейинки аралык" табличкалары. Жолдон башка тарапта жайгашкан объектке чейинки аралыкты көрсөтөт.
8.2.1 "Колдонуу зонасы" табличкасы. Эскертүүчү белгилер менен белгиленген кооптуу жол участогунун узундугун же тыюу салуучу белгилерди, ошондой эле 5.16, 6.2 жана 6.4 белгилерди колдонуу зонасын көрсөтөт.
8.2.2-8.2.6 "Колдонуу зонасы" табличкалары:
8.2.2 табличкасы - 3.27-3.30 тыюу салуучу белгилерди колдонуу зонасын көрсөтөт;
8.2.3 табличкасы - 3.27-3.30 белгилерин колдонуу зонасынын аякташын көрсөтөт;
8.2.4 табличкасы - айдоочуларга 3.27-3.30 белгилерин колдонуу зонасында тургандыгы жөнүндө маалымдайт.
8.2.5 жана 8.2.6 табличкалары - аянттын, имараттын фасадынын жана ушуга окшогондордун бир тарабын бойлото токтоого же токтоп турууга тыюу салуу учурунда 3.27-3.30 белгилеринин багытын жана колдонуу зонасын көрсөтөт.
8.3.1-8.3.3 "Колдонуу багыттары" табличкалары. Кесилиштин алдында орнотулган белгилерди колдонуу багыттарын же түздөн-түз жолдо турган белгиленген объекттерге кыймылдын багыттарын көрсөтөт.
8.4.1-8.4.8 "Транспорт каражатынын түрү" табличкалары. Белгинин колдонулушу жайылтылган транспорт каражатынын түрүн көрсөтөт.
Табличкалар белгинин колдонушун төмөнкүлөргө жайылтат:
8.4.1 - уруксат берилген максималдуу салмагы 3,5 т көп жүк ташуучу автомобилдерге, анын ичинде чиркегичи менен;
8.4.2 - кандай болбосун типтеги чиркегичи же жарым чиркегичи менен жүк ташуучу автомобилдерге же тракторлорго, ошондой эле механикалык транспорт каражаттарын буксирлөөчү транспорт каражаттарына;
8.4.3 - жеңил автомобилдерге, ошондой эле уруксат берилген максималдуу салмагы 3,5 т көп эмес жүк ташуучу автомобилдерге;
8.4.3.1 - тышкы булактан кубаттоо мүмкүнчүлүгү бар электромобилдерге жана гибрид автомобилдерге;
8.4.4 - маршруттук транспорт каражаттарына;
8.4.5 - тракторлорго, башка айыл чарба жана жол техникасына;
8.4.6 - каптал чиркегичи бар же жок мотоциклдерге, кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 50 см3 көп же максималдуу конструктивдүү ылдамдыгы (кандай гана болбосун кыймылдаткычтагы) 50 км/сааттан ашкан скутерлерге, ошондой трициклдерге жана квадроциклдерге;
8.4.7 - велосипеддерге, электровелосипеддерге жана велогибриддерге;
8.4.8 - "Кооптуу жүк" таанытуу белгилери (маалыматтык таблицалар) менен белгиленген транспорт каражаттарына.
8.4.9-8.4.15 "Транспорт каражатынын түрүнөн башка" табличкалары. Белгинин колдонулушу жайылтылбаган транспорт каражатынын түрүн көрсөтөт.
8.4.14 табличкасы жеңил такси катары колдонулуучу транспорт каражаттарына белгинин колдонулушун жайылтпайт.
8.4.15 табличкасы тышкы булактан заряддоо мүмкүндүгү бар электромобилдерге жана гибрид автомобилдерине белгинин колдонулушун жайылтпайт.
8.5.1 "Ишемби, жекшемби жана майрам күндөрү", 8.5.2 "Жумуш күндөрү", 8.5.3 "Апта күндөрү" табличкалары. Белги колдонулган апта күндөрүн көрсөтөт.
8.5.4 "Колдонуу убактысы" табличкасы. Белги колдонулган сутка убактысын көрсөтөт.
8.5.5-8.5.7 "Колдонуу убактысы" табличкалары. Белги жарактуу болгон жуманын күндөрүн жана күндүн убактысын көрсөтөт.
8.6.1-8.6.9 "Транспорт каражатын токтоп турууга коюу ыкмасы" табличкалары. 8.6.1 табличкасы бардык транспорт каражаттары жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн четине параллель токтоп турууга коюлушу керектигин көрсөтөт; 8.6.2-8.6.9 табличкалары жеңил автомобилдерди жана мотоциклдерди тротуарга жакын токтоп турууга коюу ыкмасын көрсөтөт.
8.7 "Кыймылдаткычты иштетпестен токтоп туруу" табличкасы. 6.4 белгиси менен белгиленген токтоп турууда транспорт каражаттарын кыймылдаткычты иштетпестен гана токтоп турууга уруксат бериле тургандыгы көрсөтүлөт.
8.8 "Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр" табличкасы. Кызматтар акы төлөө менен гана көрсөтүлө тургандыгын көрсөтөт.
8.9.1 "Токтоп туруунун узактыгын чектөө" табличкасы. 6.4 белгиси менен белгиленген токтоп турууда транспорт каражатынын туруусунун максималдуу узактыгы көрсөтүлөт.
8.9.2 "Парковкалоого уруксаттын ээлери үчүн гана токтоп туруу" табличкасы. 6.4 белгиси менен белгиленген токтоп турууда Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген тартипте алынган жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин тиешелүү органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген аймактын чегинде колдонулган парковкага алардын ээлеринин уруксаты бар транспорт каражаттары гана жайгаштырылышы мүмкүн экендигин көрсөтөт.
8.9.3 "Дипломатиялык корпустун транспорт каражаттары үчүн гана токтоп туруу" табличкасы. 6.4 белгиси менен белгиленген парковкада (парковкалык орунда) аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин, эл аралык (мамлекеттер аралык) уюмдардын жана мындай уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн мындай транспорт каражаттарын белгилөө үчүн колдонулуучу мамлекеттик каттоочу номердик белгилери бар транспорт каражаттары гана жайгаштырыла тургандыгын көрсөтөт.
8.10 "Автомобилдерди карап чыгуу үчүн жай" табличкасы. 6.4 же 7.11 белгиси менен белгиленген аянтта эстакада же кароо үчүн чуңкур бар экендигин көрсөтөт.
8.11 "Уруксат берилген максималдуу салмакты чектөө" табличкасы. Белгинин колдонулушу уруксат берилген максималдуу салмагы табличкада көрсөтүлгөндөн жогору болгон транспорт каражаттарына гана жайылтыла тургандыгын көрсөтөт.
8.12 "Коркунучтуу жол жээги" табличкасы. Жол жээгинде оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу, ага чыгып кетүү кооптуу экендигин эскертет. 1.25 белгиси менен колдонулат.
8.13 "Башкы жолдун багыты" табличкасы. Кесилиштеги башкы жолдун багытын көрсөтөт.
8.14 "Кыймыл тилкеси" табличкасы. Белгинин же светофордун колдонулушу таасир эткен кыймыл тилкесин көрсөтөт.
8.15 "Азиз жөө адамдар" табличкасы. Жөө адамдар өтмөгүн азиз жөө адамдар колдонуп жаткандыгын көрсөтөт. 1.22, 5.19.1, 5.19.2, 5.19.3д, 5.19.4д белгилери жана светофорлор менен колдонулат.
8.16 "Нымдуу жол" табличкасы. Белгинин колдонулушу жүрүүчү бөлүктүн каптоосу нымдуу мезгилге жайылтыла тургандыгын көрсөтөт.
8.17 "Майыптар" табличкасы. 6.4 белгисинин колдонулушу "Майып" деген таанытуучу белгилер орнотулган мотоколяскаларга жана автомобилдерге гана жайылтыла тургандыгын көрсөтөт.
8.18 "Майыптардан башкалар" табличкасы. Белгилердин колдонулушу "Майып" деген таанытуучу белгилер орнотулган мотоколяскаларга жана автомобилдерге жайылтылбай тургандыгын көрсөтөт.
8.19 "Кооптуу жүктүн классы" табличкасы. Кооптуу жүктөрдүн классынын (класстарынын) номерин көрсөтөт.
8.20.1 жана 8.20.2 "Транспорт каражатынын арабасынын тиби" табличкалары. 3.12 белгиси менен колдонулат. Транспорт каражатынын жакындатылган окторунун саны көрсөтүлөт, алардын ар бири үчүн белгиде көрсөтүлгөн масса чектүү жол берилген болуп саналат.
8.21.1-8.21.3 "Маршруттук транспорт каражатынын түрү" табличкалары. 6.4 белгиси менен колдонулат. Метро станцияларында, автобус (троллейбус) же трамвай аялдамаларында транспорт каражаттары токтоп турган жайды билдирет, анда транспорттун тиешелүү түрүнө кайра отурууга болот.
8.22.1-8.22.3 "Тоскоолдук" табличкалары. Тоскоолдукту жана айланып өтүү багытын белгилейт. 4.2.1-4.2.3 белгилери менен колдонулат.
8.23 "Фотовидеофиксация" табличкасы. Жол белгиси колдонулган зонада же жолдун ошол участогунда иштеп жаткандардын укук бузууларын фото, кино тартуу жана видео жазуу функциялары бар атайын техникалык каражаттар же фото, кино тартуу жана видео жазуу каражаттары менен автоматтык режимде фиксациялоо мүмкүн экендигин көрсөтөт.
8.24 "Эвакуатор иштеп жатат" табличкасы. Жол белгилери колдонулган зонада транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жүргүзүлүп жаткандыгын көрсөтөт.
8.25 "Транспорт каражатынын экологиялык классы" табличкасы. 3.3-3.5, 3.18.1, 3.18.2 жана 4.1.1-4.1.6 белгилерин колдонуу төмөнкүдөй механикалык транспорт каражаттарына жайылтыла тургандыгын көрсөтөт:
- бул транспорт каражаттарын каттоо документтеринде көрсөтүлгөн экологиялык класс табличкада көрсөтүлгөн экологиялык класстан төмөн болгон;
- бул транспорт каражаттарын каттоо документтеринде экологиялык классы көрсөтүлбөгөн.
5.29 жана 6.4 белгилерин колдонуу төмөнкүдөй механикалык транспорт каражаттарына жайылтыла тургандыгын көрсөтөт:
- бул транспорт каражаттарын каттоо документтеринде көрсөтүлгөн экологиялык класс табличкада көрсөтүлгөн экологиялык класска туура келген же табличкада көрсөтүлгөн экологиялык класстан жогору болгон;
- бул транспорт каражаттарын каттоо документтеринде экологиялык классы көрсөтүлбөгөн.
8.26 "Электромобилдерди заряддоо" табличкасы. Электромобилдерди заряддоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат берүү үчүн колдонулат.
Табличкалар алар менен колдонулган белгинин тике алдына орнотулат. 8.2.2-8.2.4, 8.13 табличкалары белгилер жүрүүчү бөлүктүн үстүндө, жээкте же тротуардын үстүндө жайгашкан учурда белгинин капталына орнотулат.
Жол иштери жасалган жерлерде орнотулган 1.8, 1.15, 1.16, 1.18-1.21, 1.33, 2.6, 3.11-3.16, 3.18.1-3.25 белгилериндеги сары фон бул белгилер убактылуу экендигин билдирет.
Эгерде убактылуу жол белгилеринин жана стационардык жол белгилеринин маанилери бири бирине каршы келсе, айдоочулар убактылуу белгилерди жетекчиликке алууга тийиш.
Эскертүү. Пайдаланууда турган МАМСТ Р 52289-2004 боюнча белгилер аларды белгиленген тартипте МАМСТ Р 52289-2019 боюнча белгилерге алмаштырганга чейин күчүндө болот.
Төмөнкү сандык белгилөөлөргө ээ болгон жол белгилери: 1.13, 1.14, 3.11-3.16, 3.24, 3.25, 4.6, 4.7, 5.15.3, 5.15.8, 5.31, 5.32, 6.2, 6.3.2, 6.9.1, 6.10.1, 6.12, 6.13, 6.14.1, 6.14.2, 7.3, 7.4, 7.21, 8.1.1-8.1.4, 8.2.1-8.2.6, 8.5.4-8.5.7, 8.9, аларда көрсөтүлгөн цифралар реалдуу маанилерден (шарттардан, маалыматтардан ж.б.у.с.) жана ушул участоктогу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо зарылдыгынан улам өзгөрүшү мүмкүн.".
|
| 2-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелерине 2-тиркеме |
ЖОЛ ЧИЙИНДЕРИ
1. Горизонталдык чийиндер
Горизонталдык чийиндер (сызыктар, жебелер, жазуулар жана жүрүүчү бөлүктөгү башка белгилер) кыймылдын белгилүү режимдерин жана тартибин белгилейт же жол кыймылынын катышуучулары үчүн башка маалыматты камтыйт.
Горизонталдык чийин туруктуу же убактылуу болушу мүмкүн. Туруктуу горизонталдык чийиндер үчүн (анын ичинде жол белгилеринин сүрөттөлүшүн кайталоо) төмөнкүдөй түстөр менен белгиленген: ак, сары, кызыл, көк, кара, жашыл. Убактылуу жол чийиндери үчүн (1.4, 1.10, 1.17.1, 1.17.2 жана 1.26 чийиндеринен тышкары) кызгылт сары түс белгиленген.
Горизонталдык чийиндер:
1.1 - карама-каршы багыттагы транспорт агымдарын бөлөт жана жолдун кооптуу жерлериндеги кыймыл тилкелеринин чектерин белгилейт; транспорт каражаттарынын токтоочу жайларынын чектерин белгилейт.
1.2 - жүрүүчү бөлүктүн четин же жүрүүчү бөлүктүн кирүүгө тыюу салынган участокторунун чектерин белгилейт.
1.3 - эки багытта жүрүү үчүн төрт же андан көп тилкеси бар жолдордо карама-каршы багыттагы, эки же үч тилкелүү жолдордо -тилкелердин туурасы 3,75 м ашкан транспорт агымдарын бөлөт.
1.4 (түсү - сары) - транспорт каражаттарынын токтоосуна тыюу салынган жерлерди белгилейт.
1.5 - эки же үч тилкеге ээ жолдордогу карама-каршы багыттардагы транспорт агымдарын бөлөт; бир багытта жүрүүгө арналган эки жана андан ашык тилкелери болгондо кыймыл тилкелеринин чектерин белгилейт.
1.6 - карама-каршы же катарлаш багыттардагы транспорт агымдарын бөлүп турган 1.1 же 1.11 чийинине жакындоо жөнүндө эскертет.
1.7 - кесилиштин же парковка зонасынын чектериндеги тилкелерди белгилейт. Көк түстөгү белгилер парковка зонасы акы төлөнүүчү негизде колдонулгандыгын билдирет.
1.8 - күүлөнүү же тормоздоо тилкесинин жана жүрүүчү бөлүктүн негизги тилкесинин ортосундагы чекти белгилейт.
1.9 - реверсивдүү жөнгө салуу жүзөгө ашырылуучу кыймыл тилкелеринин чектерин белгилейт; реверсивдүү жөнгө салуу жүзөгө ашырылып жаткан жолдордо карама-каршы багыттагы транспорт агымдарын (реверсивдүү светофорлор өчүрүлгөн учурда) бөлөт.
1.10 (түсү - сары) - транспорт каражаттарынын токтоп туруусуна тыюу салынган жерлерди белгилейт.
1.11 - бир тилкеден гана башкасына өтүүгө уруксат берилген жол тилкелеринде карама-каршы же катарлаш багыттагы транспорт агымдарын бөлөт; үзгүлтүктүү сызык тараптан гана кыймылга уруксат берилиши керек болгон жерлерди белгилейт (бурулуш, жанаша аймакка кирүү жана чыгуу жерлеринде).
1.12-2.5 белгиси болгондо же светофордун (жөнгө салуучунун) тыюу салган сигналы болгондо айдоочу токтой турган жерди көрсөтөт.
1.13 - кесилишкен жолдо бара жаткан транспорт каражаттарына жол берүү менен айдоочу зарыл болгон учурда токтой турган жерди көрсөтөт.
1.14.1 жана 1.14.2 - жөө адамдар өтмөгүн белгилейт; 1.14.2 чийининин жебелери жөө адамдардын кыймылынын багытын көрсөтөт.
1.14.3 - жөө адамдардын диагоналдык өтмөгүн белгилейт.
1.15 - велосипеддик жол жүрүүчү бөлүк менен кесилишкен жерди белгилейт.
1.16.1 - карама-каршы багыттардагы транспорт агымдарын, транспорт каражаттарынын токтоп туруу жерлерин велосипеддик тилкелерден бөлүп турган аралчаларды белгилейт.
1.16.2 - бир багыттагы транспорт агымдарын бөлүп турган аралчаларды белгилейт.
1.16.3 - транспорт агымдарынын биригүү жерлериндеги аралчаларды белгилейт.
1.17.1 (түсү - сары) - маршруттук транспорт каражаттарынын токтогон жерлерин жана жеңил такси катары пайдаланылуучу транспорт каражаттарынын токтоп туруу жерлерин белгилейт.
1.17.2 (түсү - сары) - эгерде отургузуу жана түшүрүү жүрүүчү бөлүктөн же анда жайгашкан конуучу аянтчадан жүргүзүлсө, трамвайлар токтой турган жерлерди белгилейт.
1.18 - кесилиште уруксат берилген тилкелер боюнча жүрүү багыттарын көрсөтөт. Туюк жолдун сүрөтү бар чийин жакынкы жүрүүчү бөлүккө бурулууга тыюу салынгандыгын көрсөтүү үчүн тартылат; эң сол тилкеден солго бурулууга уруксат берген чийин артка кайрылууга да уруксат берет.
1.19 - жүрүүчү бөлүктүн (бул багыттагы кыймыл тилкелеринин саны азайып бараткан участокко) же карама-каршы багыттагы транспорт агымдарын бөлүп турган 1.1 же 1.11 чийиндеринин сызыктарына жакындоо жөнүндө эскертет.
1.20-1.13 чийинине жакындоо жөнүндө эскертет.
1.21-1.12 белгиси 2.5 белгиси менен айкалышта колдонулганда жакындоо жөнүндө эскертет.
1.22 - жолдун номерин белгилейт.
1.23.1 - маршруттук транспорт каражаттары үчүн атайын тилкени белгилейт.
1.23.2 - жөө адамдар жолу же жөө адамдардын жана велосипедчендердин чогуу жүрүүсүнө арналган жолдун жөө адамдар жүрүүчү бөлүгүн белгилөө.
1.23.3 - велосипеддик жолду (жолдун бөлүгүн) же тилкесин белгилейт.
1.24.1 - эскертүүчү жол белгилерин кайталоо.
1.24.2 - тыюу салуучу жол белгилерин кайталоо.
1.24.3 - "Майыптар" жол белгисин кайталоо.
1.24.4 - "Фотовидеофиксация" жол белгисин кайталоо жана (же) аларда фотовидеофиксация жүзөгө ашырылышы мүмкүн болгон жол участокторун белгилөө; 1.24.4 чийини өз алдынча колдонулушу мүмкүн.
1.24.5-8.4.3.1 табличкасын кайталоо; 1.24.5 чийини өз алдынча колдонулушу мүмкүн.
1.24.6-5.33.1 "Велосипеддик зона" жол белгисин кайталоо.
1.24.7-8.9.3 "Дипломатиялык корпустун транспорт каражаттары үчүн гана токтоп туруу" белгисин кайталоо.
1.25 - жасалма текши эместиктерди белгилөө.
1.26 (түсү сары) - ушул Эрежелерде белгиленген учурларда оңго же солго бурулууну кошпогондо, алдыда бара жаткан жолдо тыгын пайда болсо, ал айдоочуну токтотууга мажбур кылган транспорт каражаттарынын туурасынан багытта жүрүүсүнө тоскоолдук жараткан, чыгууга тыюу салынган кесилиштин участогун белгилейт. Чийин өз алдынча же болбосо 1.35 жол белгиси менен бирге колдонулат.
1.1, 1.2 жана 1.3 сызыктарын кесип өтүүгө тыюу салынат.
1.2 сызыгын транспорт каражатын жол жээгине токтотуу үчүн жана ага токтоого же токтоочу жайга турууга уруксат берилген жерлерден кесип өтүүгө жол берилет.
1.2 сызыктан өтүүгө транспорт каражатын жолдун четинде токтотуу үчүн жана андан чыгып баратканда токтоого же токтотууга уруксат берилген жерлерде жол берилет.
1.5-1.8 сызыктарын каалаган тараптан кесип өтүүгө уруксат берилет.
1.9 сызыгын, эгерде ал айдоочунун оң жагында жайгашкан болсо, реверсивдүү светофорлор жок болгондо же алар өчүрүлгөндө кесип өтүүгө уруксат берилет; реверсивдүү светофорлор күйүп турганда - эгерде ал бир багытта жүрүүгө уруксат берилген тилкелерди бөлсө, эки тараптан тең. Реверсивдүү светофорлорду өчүрүүдө айдоочу дароо 1.9 чийининин сызыгынан оңго которулушу керек.
Карама-каршы багыттагы транспорт агымдарын бөлүп турган 1.9 сызыктан реверсивдүү светофорлор өчүрүлгөн учурда өтүүгө тыюу салынат.
1.11 сызыгын үзгүлтүктүү сызык тарабынан, ошондой эле үзгүлтүксүз сызык тарабынан, бирок озуп өтүү же айланып өтүү аяктаганда гана кесип өтүүгө уруксат берилет.
Эгерде жол белгилеринин, анын ичинде убактылуу белгилердин жана горизонталдык чийиндердин сызыктарынын маанилери бири-бирине карама-каршы келсе же чийиндер жетиштүү айырмаланбаса, айдоочулар жол белгилерин жетекчиликке алууга тийиш. Эгерде убактылуу чийин сызыктары жана туруктуу чийин сызыктары бири-бирине карама-каршы келсе, айдоочулар убактылуу чийин сызыктарын жетекчиликке алышы керек.
2. Вертикалдык чийиндер
Жол курулуштарындагы жана жол жабдууларынын элементтериндеги кара жана ак тилкелердин айкалышы катары тик чийин алардын көлөмүн көрсөтөт жана визуалдык багыт берүүчү каражат катары кызмат кылат.
Вертикалдык чийиндер:
2.1.1-2.1.3 - бул элементтер жүрүп бараткан транспорт каражаттары үчүн коркунуч туудурганда жол курулмаларынын элементтерин (көпүрөлөрдүн таянычтарын, жол өткөөлдөрүн, парапеттердин акыркы бөлүктөрүн жана ушул сыяктууларды) белгилейт.
2.2 - туннелдердин, көпүрөлөрдүн жана өтмөктөрдүн төмөнкү четтерин белгилейт.
2.3 - бөлүштүрүү тилкелеринде же коопсуздук аралчаларында орнотулган тегерек тумбаларды белгилейт.
2.4 - багыттоочу мамыларды, оюктарды, тосмо мамыларды жана башкаларды белгилейт.
2.5 - чакан радиустагы тегеректерде, тик түшүүлөрдө жана башка кооптуу участоктордо жол тосмолорунун каптал беттерин белгилейт.
2.6 - башка участоктордогу жол тосмолорунун каптал беттерин белгилейт.
2.7 - кооптуу участоктордогу бордюрларды жана бийик коопсуздук аралчаларын белгилейт.".