Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 25-январы № 3

 

Акназаров айыл өкмөтүнүн муниципалдык

менчигине каттап, баланска алуу жөнүндө

 

Акназаров айылдык аймактык кеңешинин 2024-жылдын 25-январындагы кезексиз 18-сессиясы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси С.Исмаиловдун кайрылуусун карап чыгып талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас облусунун прокуратурасынын 2024-жылдын 23-январындагы № 11/7-24 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө талабынын негизинде Кызыл-Октябрь айылындагы Соорбек көчөсүндөгү М.Асылбековго мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен калктуу конуш категориясындагы 0,9 га 2 340 000 сомго бааланган жер тилкеси Акназаров айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине катталып, баланска алынсын.

2. Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Бакай-Ата райондук филиалынан мамлекеттик актысын алуу жана токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси С.Исмаиловго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Жакшымбетовго жүктөлсүн.

4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

К.Жорготаев