КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясынын
2024-жылдын 30-январынын №3
“Кеңеш айыл аймагынын жер ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө”
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 30.01.2024-жылдагы № 01-17/102 сандуу катындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасына, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү күчөтүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 жарлыгына, “Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө” 2021-жылдын 8-февралындагы № 27 жана “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 жарлыктарына ылайык Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XХXIII-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
- Кеңеш айыл аймагынын жер ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын колдонуу эрежелери жактырылсын.
- Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана жер адисине милдеттендирилсин
- Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.
- Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Азимбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Ш.М. Канполотов |