Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясынын

 

2024-жылдын 30-январынын №4

 

“Совет айылынын тургуну Тажимаматов Махамаджандын жер үлүшү жөнүндө”

       

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 29.01.2024-жылдагы № 01-17/99 сандуу катына негиз 2017-жылы Совет айылынын Достук көчөсүнүн № 10 үйүнүн тургуну Тажимаматов Махамаджандын 7 (жети) жанга 0,79 сотых үлүш жери мазарга берилип кеткендигине байланыштуу Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XХXIII-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1.     Совет айылынын Достук көчөсүнүн № 10 үйүнүн тургуну Тажимаматов Махамаджанга айыл өкмөттүн эсебинде турган жерлердин эсебинен 0,79 сотых жер аянтын бөлүп берүү жагы жактырылсын.

 

2.     Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана жер адисине милдеттендирилсин

 

3.     Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.

 

4.     Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.

 

5.     Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Азимбаевага жүктөлсүн.

 

Төрага

Ш.М. Канполотов