Загрузка документа…
КӨК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз №17 сессиясы
2023-жылдын 27-сентябры №01-3/1
Айтматов районунда административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында Талас облусунун Айтматов районунун Көк-Сай айылдык аймактык кеңеши токтом кылат:
1. Айтматов районундагы административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу боюнча жумушчу тобунун 2023-жылдын 22-августундагы №3 чечими колдоого алынсын.
2. Шекер айыл аймагына Көк-Сай жана Шекер айыл аймагын бириктирүү менен Шекер айыл аймагы болуп аталсын.
3. Бириккен Шекер айыл аймагынын борбору Көк-Сай айылында жайгашсын.
4. Бириктирилип жаткан айыл аймактын картасын, чек араларын, жайыт жер аянттарын, калкынын санын тактоо иштери райондук мамлекеттик администрациясында түзүлгөн жумушчу тобу менен иш алып баруу жагы Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чомотоевге жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Мискенбаевге жүктөлсүн.
6. Токтом Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин Koksai.org.kg веб сайтына жайгаштырылган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т.Салыбеков |