КӨК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз №17 сессиясы
2023-жылдын 27-сентябры №01-3/3
Жер участокторун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө жана 2022-жылдын 9-ноябрындагы Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектүү №12 сессиясынын №01-3/54 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы жерлерди бир категориянын ичинен бир түрүнөн башка түрүнө которуу боюнча комиссиясынын “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясындагы жакынкы жайыт жерлери түрүнөн өнөр жай,транспорт,байланыш коргоо жана башка багыттагы жерлери түрүнө которуу(трансформациялоо) боюнча 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу” (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)тартиби жөнүндө” убактылуу жобону бекитүү тууралуу токтомун жетекчиликке алып Көк-Сай айылдык аймактык кеңеши токтом кылат.
1. 2022-жылдын 9-ноябрындагы Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин VII - чакырылышындагы депутаттарынын кезектүү №12 сессиясынын №01-3/54 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Көк-Сай айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан К-2881,К-2882 чөйрө сызыгынан 0,5 га жер аянты «Айыл чарба багытындагы жерлер»категориясындагы жакынкы жайыт жерлери түрүнөн өнөр жай,транспорт, байланыш коргоо жана башка багыттагы жерлери түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №415 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)” жөнүндө мыйзамынын негизинде бул токтом Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Сай айылынын жер,турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адисинин милдетин аткаруучу Усекеев Нурдөөлөт Айткуловичке тапшырылсын.
Төрага | Т.Салыбеков. |