Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 18-чакырылышынын
1-кезектүү сессиясы
2023-жылдын 22-сентябры № 1/4
Калинин жана Терек-Суу айылдарынын ичүүчү суу системаларынын маселесин кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калинин айылынын «Чоң-Камыш» жана Терек-Суу айылынын «Беш-Конуш» ичүүчү суу колдонуучуларынын айылдык коомдук бирикмелерин жоюуга макулдук берилсин.
2. Калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүү максатында резервуар, суу өткөргүч курулмаларын, суу чорголорун жана башка тиешелүү чарбалык каражаттарын «Кара-Суу өнүгүү» муниципалдык ишканасынын тейлөөсүнө жана башкаруусуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Ж Иманкулов |