Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 31-январы № 40
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин, ошондой эле санариптик өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 3, 4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
3 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | 4909 | 969 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 239 | 48 |
| аймактык бөлүмдөрү | 544 | 145 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 4126 | 776 |
1) 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып | |||
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | 5209 | 969 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 239 | 48 |
| аймактык бөлүмдөрү | 544 | 145 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 4426 | 776 |
2) 2023-жылдын 1-октябрынан тартып | |||
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | 5216 | 971 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 239 | 48 |
| аймактык бөлүмдөрү | 544 | 145 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 4433 | 778 |
3) 2024-жылдын 1-январынан тартып | |||
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | 5505 | 971 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 243 | 48 |
| аймактык бөлүмдөрү | 540 | 145 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 4722 | 778 |
4 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | 736 | 261 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 105 | 27 |
| аймактык бөлүмдөрү | 124 | 189 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 507 | 45 |
2) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
- 3-пункттун "Орун басарларынын саны" графасындагы "4" деген цифра "6" деген цифрага алмаштырылсын;
- 4-пункттун "Орун басарларынын саны" графасындагы "4" деген цифра "5" деген цифрага алмаштырылсын;
- 18-пункттун "Орун басарларынын саны" графасындагы "2" деген цифра "3" деген цифрага алмаштырылсын;
- 23-пункттун "Мамлекеттик органдын (мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн) аталышы" графасындагы ", Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 23-1-пункт менен толукталсын:
"
23-1 | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети | 3 |
";
- эскертүүнүн 1-пунктунда:
1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басарларынын бири Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору болуп саналат;";
2-пунктчанын сегизинчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде" деген сөздөр менен толукталсын;
3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы онунчу-он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети.".
2. Бул токтом 2023-жылдын 5-ноябрынан тартып күчүнө кирүүчү ушул токтомдун 1-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи абзацын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |